"Кыргыз туусу", 30.10.12 Кыргыз Республикасынын
эл мугалими
Кусеин ИСАЕВ:
"Рухий дөөлөт менен билимдин үстөмдүгү жетишпейт"
Кусеин Исаев Кыргызстанда көп жылдардан бери улуттук маселелер менен алпурушуп келаткан, социология, билим берүү тармактарында ары таанымал, эл аралык деңгээлдеги орду, ары айта турган омоктуу ойлору бар инсан. Андыктан биздин маектешибиздин саясат, улут, мамлекеттик өнүгүү тууралуу пикирлери окурмандарды кайдигер калтырбаса керек.

Маек курган
Азимжан ИБРАИМОВ,
"Кыргыз Туусу"
Көчмөндөр
маданиятынан цивилдер баарлашуусуна чейин
- Кусеин Исаевич, жакында Сиз окумуштуу катары Грецияга барып, "Цивилдердин баарлашуусу" деген дүйнөлүк форумга катышып келдиңиз. Кеп оролуп ушул жыйындын максатынан баштасак...
- XX кылымдын аягында дүйнөдө коркунуч көбөйө баштады. Жарандык согуштар, күчтүүлөр алсыздарды басып алган, байлар кедейлерди кемсинткен учурлар көбөйдү. Америкалык ойчул, философ Самюэль Хантингтон "Цивилдер кагылышуусу" деген китеп жазып, XXI кылым дал ушул цивилдердин кагылышуусу менен айырмаланат, каалайсыңбы, каалабайсыңбы, батыш цивилиза­ция­сынын баалуулуктары жер жүзүндө үстөмдүк кылуу­су керек деп жазган. Ал хрис­тиан менен исламдын кагылышуусу
дайыма болот дейт. Ал эми америкалык социолог окумуштуу Френсис Фукуя­ма "Тарыхтын бүтүшү жана жалгыз адам" деген илимий чыгармасында "Дүйнөгө капитализм жалгыз үстөмдүк кылат. Капитализмдин мыйзамдары менен жашаш керек. Адамдардын жашоосунун негизин дүйнөкорлук, материалдык байлыктар түзүп калат" деген ойду айткан. Ошол эле учурда Сейед Махаммад Хатами БУУнун 53-конгрессинде цивилдердин баарлашуусун жер жүзүнө орнотуу идеясын көтөрдү. Бул зордук-зомбулук, күч колдонуп эмес, ар кандай тарыхый шартта жашаган адамдардын, маданияттардын, цивилдердин баарлашуусун, тең аталык пикир алышуусун, өз ара урматташуу саясатын жүргүзүү дегендик. Натыйжада, БУУ 2001-жылды "Цивилдер баарлашуусу" деп жарыялаган. Ошондон кийин россиялык чоң саясат таануучу, илимдин доктору Владимир Якуниндин демилгеси алдында - Европанын, Азиянын, Американын, Африканын коомдук ишмерлери менен диний кызматкерлери "Цивилдер баарлашуусу" деген дүйнөлүк коомдук форум түзгөн болчу. Анан, 2002-жылдан тартып Жер Ортолук жана Эгей деңиздеринин ортосунда жайгашкан Родос аралында (Греция) дүйнөлүк коомчулуктун форумун өткөрө баштаган. Максаты - тынчтыкты үгүттөө, ар кандай маданияттардын баарлашуусун камсыздоо эле. Жыл сайын Кыргызстан боюнча 2005-2010-жылдардагы ыңкылаптар, салттык жана заманбап башкаруу, миграция, билим, башка маселелер тууралуу док­ладдарды жасап келдим.
Ушинтип, бир канча жылдан бери аракет кылып жүрүп, 2011-жылы биз да Родосто "Көчмөндөр цивили жана анын дүйнө өнүгүүсүнө тийгизген таасири" жөнүндө кереге кеңеш өткөрдүк. Ага цивилдер маселеси менен иштеген дүйнөлүк окумуштуулар, кыргызстандык К.Коңкобаев, Б.Токторалиев, А.Омо­ров, Б.Орунбеков сыяктуу окумуштуу, жазмакерлер катышты. Биз дүйнөгө көчмөндөр цивили жөнүндө чындыкты жарыяладык.
Саясий элитага
саресеп
- Сиз ошентип, "көч­мөндөр маданияты" деп жүргөн учурда, Кыргызстан дүйнө коомчулугунун оозун дагы ачырып, берендерибиз "Ак үйдү алабыз" деп, 3-октябрда дагы бир төңкөрүш жасап жибере жаздады. Ушул окуяга тыш жакта кандайча баа беришти?
- Кыргыз экенимди билип калышкандар мага келишип, бири көңүл айтса, дагы бири "5 киши өлүптүр, 3 киши камалыптыр" деген өңдүү маалыматтарды бере башташты. Менде болсо жарытылуу кабар жок, бир-ар күн кыйналып, уялып да жүрдүм. "Кичинекей мамлекетсиңер, элиңер деле аз, тынч эле жашабайсыңарбы" деп акыл үйрөтүштү. Дүйнөгө шылдың болуп, Кыргызстанга болгон ишеним ушинтип кетип жатат. Октябрь окуясы эч бир маданиятка, демократияга, мамлекеттик тартипке же улуттук салтка сыйбаган жорук. Мени "ОБОНчулардын жаңы отряды пайда болгону, журт бузар катары башынан чуу, оозунан уу кетпеген аялдардын көбөйгөнү өтө капалантат. "Карга карганын көзүн чукубайт" болуп, ЖК депутаттары да ушуга келишүүчүлүк мамиле жасап, принципсиздик көрсөтүшүүдө. Дүйнө коомчулугу ар кыл цивилдердин, маданияттардын баарлашуусу үчүн күрөшүп жатканда, чакан Кырызстандын бийлик топторунун жасаган мындай иштери эч кандай мыйзамга, маданиятка жатпайт.
Ушундай кыргыз саясый элитасы элге тиешелүү мамлекеттин байлыгын талап-тоноп, менчиктештирип алды. Кыргызстандагы бир канча
муундардын күжүрмөн эмгеги менен жаралган материалдык байлык бир ууч адамдардын колуна өткөн. Буларды кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов "Пил" деп жүрсөк бит экен, "Киши" деп жүрсөк ит экен. Делбетап депутаттардын, Адамдайы - жүз эмес эле үч экен, "Демократия" деп койсо, Дем байлап чуркап акактап, иттен жаман иттерге, ишенип жүргөн мен акмак" деп мыкты жазган.
Элдүүлүк жана мамлекеттүүлүк жөнүндө
- Жаш кезиңизде "Айыл­дын социалдык көй-
гөйлөрү" деген моногра-фияңыз бүткүл союздук сынакта мыкты деп табылган. Кийин улуттук идеология боюнча бир катар ойлорду айтканыңыз бар эле. Эми философия илимдеринин докторусуз. Учурдун көзү менен караганда кыргызга "улут", "эл", "мамлекет" деген түшүнүктөр аркылуу баа берип көрсөк кантет?
- Кыргыздар чыгыш эли катары Евразия мейкиндигинде өз тарыхы, орду бар улуу калк. Тилекке каршы, Теңирлик жана "Манас" баш болгон улуу рухий дөөлөттөрүбүз жукарып, кийинки 200 жылдын ичинде колониялык жана батышчыл, европалык, элге сиңбеген идеологиянын алдында, жат баалуулуктардын таасиринде жашап калдык.
Союз кулап, кыргыз эли өз алдынчалыкка, азаттыкка жеткени, өзүбүзчө "мас" болуп, "кыргыз ким болгон, ким болду, ким болуш керек эле?" деген суроонун үстүндө жарытылуу баш оорута элекпиз. Теңирдин буйругу, анан тарыхтын талабы менен ХХ кылымдын аягында азаттык алгандан берки жетекчилердин баары тең Европа билими, Батыштын баалуулуктары менен элге сиңбеген идеологияны жүргүзүп келишти. Бизде кыргыздын жолу, тарыхый орду жөнүндө ойлонгонго, аны издегенге, стратегиялык максаттарыбызды аныктаганга аракет жок. 2005-2010-жылдардагы элдик социалдык ыңкылаптардын негизги, келечектүү максаттары тууралуу жакшылап ой жүгүртө элекпиз.
Бийликке келгендер утурумдук, мамлекеттин деңгээлинен алганда, майда-чүйдө менен алектенишип, жалпы стратегиялык максаттар аныкталган жок. Натыйжада, биздин алигиче сап кармай турган урааныбыз жок. Бул улуттук идеологиядан да чоң нерсе. Менимче, кыргыз мамлекетинин өнүгүү урааны "Улуттук рух, дөөлөт жана дүйнөлүк илим, техниканын, технологиянын жетишкендиктери - биздин келечегибиз" деген болуш керек. Бизде 8 жолу Конституция өзгөртүлдү. Ошонун баары тең Батыштын баалуулуктарынан, либералдык жана монетардык саясатынан көчүрүлүп алынган. Мамлекет Конституциясы улут тарыхынын, философиясынын, рух дөөлөттөрүнүн негизинде, азыркы юридикалык тил менен жазылышы, Жогорку Кеңеш кабылдаган мыйзамдар элдик каада-салтка, үрп-адатка, маданиятка негизделиши кажет. Мына ушулардын негизинде жалпы стратегиялык максаттар, күнүмдүк жашоо, тиричиликтин жана мыйзамдардын өзөгү аныкталганы туура. Ошондо гана Кыргызстан Чыгыштагы Азия мамлекети катары өз өзгөчөлүктөрүнө таянып, бардык жарандарына бакубат турмушту, социалдык өнүгүүнү жана жакынкы, алыскы өлкөлөр менен тең ата, өнөктүк жашоону камсыздай алат.
Бейпайда
социология
- Сиз Кыргызстан социологдор ассоциациясынын президентисиз. Өлкөбүздө социология илимине жол ачкан, өнүктүргөн чоң илимпоз адамсыз. Чындыкка тике багып караганда, биздеги социологиянын учурдагы абалы Сизди канааттандырабы?
- Азыркы абалына ыраазы эмесмин. Социология деген жашоонун бардык жагына кийлигишкен, саясатты, экономиканы, маданиятты, жан дүйнөнү, адамзаттын жүрүм-турумуна чейин иликтеп, изилдеген, көп тармактуу илим. Жогорку окуу жайлардын төртөөндө социлогдор даярдалат, бир топ жылдан бери илимий диссертацияларды коргой турган кеңеш иштеп жатат. Акыйкаттык үчүн айтып коелу, Кыргызстанда социология илими бар экендигин, иштеп жаткандыгын аныктай алдык жана тышка кеңири таанымал болдук, Бүткүл дүйнөлүк социология ассоциациясынын жамааттык мүчөлүгүнө кирдик. Бирок, "Колдо бар алтындын баркы жок" демекчи, мамлекет социология илиминин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланбай жатат. Ошол эле учурда чет элдик ар кандай уюмдар, корлор, соода-сатык мекемелери республикабыздагы социологдордун жардамы менен акчаларына изилдөө жүргүзүп, алардын жыйынтыктарын өз мамлекетинин кызыкчылыктары, кайсы бир фирма же жеке кызыкчылыктар үчүн пайдаланышууда. Ал эми кыргыз жетекчилеринин илим менен иши жок, илимдин жетишкендиктерин мамлекеттин, тармактардын, аймактардын өнүгүүсү үчүн пайдаланышканын кезиктирбейсиң. Дал ушунун айынан өлкөдө ар кандай кокустуктар (экономикалык, социалдык, жаратылыш кырсыктары) көп жүрүп, аларды болтурбай коюунун чаралары, аракеттери көрүлбөйт. Мына, шайлоолор өтүп жатат, аларга саясий технологдорду эмнегедир сырттан, батыштан чакырганды адатка айландырып алдык. А жергиликтүүлөрдүн билим, тажрыйбасы пайдаланылбайт.
- Бирок жергиликтүү­лөр, маселен, сиздер жүр­гүзгөн иликтөөлөрдүн канчалык калыс экендигин кантип аныктайбыз. Алсак, саясий лидерлердин беделин аныктоодо ар качан президенттер биринчи, а премьерлер экинчи орунду ээлеп келишкен учурлар көп кездешчү. Буга кандай дейсиз?
- Мен буга макул эмесмин. Президенттер дайым эле биринчи орунда турушкан жок. Мисалы, алгачкы президент биздин иликтөөнүн баштапкы эки жылында гана 1-орунда болгон, кийин үчүнчү, анан жетинчи, анан он үчүнчү орунга чейин (1994-жылдары) түшкөн. Ушунун айынан социология илими, жеке мен өзүм запкы тартып, саясий куугунтукка алынган кездерим болгон. Айла жоктон 1998-жылдан баштап дүйнөлүк социология менен алектенип
кеттим.
- Бакиевдердин убагындачы?..
- Алардын учурунда иликтөө жүргүзгөн деле жокпуз, анткени бизди ким көрдү кылып өлтүрүп коюшу ыктымал эле.
- Азыр канттиңиз-
дер?
- Азыр иликтөө жүргүзүп жатабыз. Бир жолку жыйынтыгын чыгардык. Анын жыйынтыгы боюнча 14 гана саясатчы оң баа алышты, калгандары дээрлик терс баага татышты. Мына ушул иликтөөнү эмне үчүн кадр саясатында пайдаланганга
болбосун.
Деңгээли төмөн билим тармагы
- Сиз 52 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенесиз, Эл мугалимисиз. Андыктан Кыргызстандын билим берүү саясатына токтолбой кетүү мүмкүн эмес. Айтсаңыз, сиздин оюуңузча, илим­дүү, билимдүү элди жаратуу үчүн эмне кылуу
керек?
- Бизде билим берүүнүн деңгээли өтө төмөн экендиги эч кимге жашыруун эмес. Азыр мектептерде, жогорку окуу жайларында билимдин тереңдиги чөнтөктүн тереңдиги менен чечилип калган. Мектеп мугалиминин биз окуп жүргөндөгү кадыры жок, көбүнчө айылдык мектептер өзүнүн социалдык озуйпасын аткара албай калды. Ал эми ЖОЖдордун саны көп болгон менен сапаты жок. Эң башкысы - мугалимдердин, окутуучулардын билимге жоопкерчилиги жоголду, бир жагынан жогорку билимдүү кесипкөйлөргө зарылчылык да азайды, башкача айтканда, интеллектуалдык эмгек бааланбай турат. Андыктан коомдогу социалдык, маданий-интеллектуалдык абалды өзгөртпөсө болбойт. Бул - рухий дөөлөттүн, маданияттын, билимдин үстөмдүгү өкүм сүрүшү керек дегендик. Анткени, түбү материалдык байлыкка негизделген коом чирийт. Мындай оор жүктү мамлекеттик бийлик көтөрө албайт, аны адамдын абийири, насили, дили, руху көтөрүп чыгат.