Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_5.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_5.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_5.htm on line 2


п»ї

Каржы, кредит кырдаалыбыз кандай?
Учурда инфляция кандай деңгээлде? Банк системасына кардарлардын ишеними сакталып турабы? Микрофинансылык уюмдардагы абал кандай? Консервация режими киргизилген банктар эмне болуп жатышат? Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу зарылчылыгы барбы? Сомдун абалы кандай болмокчу? Журналисттердин мына ушул сыяктуу суроолоруна Улуттук банктын
төрайымы Зина АСАНКОЖОЕВА жооп берди.
Төмөндө биз окурмандарга ал жооптордун
кыскача вариантын сунуш
кылмакпыз.


Даярдаган
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"

Инфляция боюнча
Биздеги ири алтын өндүрүүчү "Кумтөр°ишканасындагы абалдан улам өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 4,6%га төмөн болду. Ошого карабастан сентябрдын жыйынтыгы боюнча жылдык инфляция 4,4% деңгээлинде болду. Жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөт-күч 9% болот деп болжолдонуу-
да.
Банк системасынын абалы кандай?
Бул сектордо өсүш бар. Жыл башынан бери банк системасынын активдери 16,5%га көбөйүп, 77 миллиард 776 миллион сомду түздү. Ошол эле учурда кредиттик портфелдин өсүшү 14,2%ды түзүп, ал 35 миллиард 566 миллион сомго жеткен. Банк системасынын милдеттенмелери 20%га, депозиттик базасы 26,5%га өстү. Бул банк системасына ишенич бар экендигин билди-
рет.
Микрофинансылык
уюмдар (МФУ) системасы
боюнча
Кредиттик союздарды жана алмаштыруу бюролорун кошо алганда, 2012-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына карата 893 банктык эмес финасы-кредиттик уюм болгон. Алардын кредиттик портфели 11,5%га өсүп, 17,5 миллиард сомго жеткен. Насыя алгандардын саны 480 миң адам болгон. Бул микрофинансылык сектордун кызматына суроо-талаптын өскөндүгүн көрсөтүп турат. Кредиттердин орточо бааланган үстөк пайызы жыл башындагы 38,3%дан 1-июлга карата 36,9%га азайган.
Негизи МФУлар ашыкча үстөк пайыздарды коюшкан, айрымдарында 120-200%га жеткен. Ошондуктан УБ үстөк пайыздар боюнча
маалыматты ачуу, аларды төмөндөтүү боюнча иш алып барууда.
Консервация режиминдеги банктар
Учурда 3 банк: "Ысык-Көл инвестбанк", "Кыргызкредитбанк" жана "Манас банк" консервация режиминде турушат. Алардан "Ысык-Көл инвестбанк", "Кыргызкредитбанк" оң финансылык натыйжа менен иштеп жатышат. Мисалы 1-январга карата "Ысык-Көл инвестбанктын" чыгашалары 11,8 миллион сом болсо, 1-октябрга карата 9,9 миллион пайда алган, а "Кыргызкредитбанк" 1-январга карата 10,8 миллион сом чыгаша менен чыкса, 1-октябрга карата 16,4 миллион сом суммада пайда алган.
Айрым банктарда кредиттер үчүн күрөөгө коюлган улутташтырылган мүлктөр боюнча маселе чечилбеген бойдон калууда. Мында улутташтырылган мүлктөрдүн негизги бөлүгү "Манас банкка" туура келет. Ал банктын ишмердүүлүгү чыгашалуу бойдон калууда. Консервация режиминдеги банктар боюнча маселелердин чечилиши сот процесстеринин, анын ичинен "Манас банкы" боюнча эл аралык соттук процесстин натыйжасына жараша болмокчу.
"Акылинвестбанкта", "БТА-банкта" жана "Финансыкредитбанкта" түз банктык көзөмөл улантылууда. Бул банктар айрым операциялары (500 миң сомдон ашкан суммадагы) контролго алынуу менен кадимки тартипте иштеп жатышат.
Жабыр тартышкан
карызгерлер боюнча
Өкмөт, коммерциялык банктар жана МФУлар менен биргелешкен иштин натыйжасында 7 миңден ашуун арыздар каралып, жапа чеккен карызгерлердин маселелери чечилген. 19 кредити бар (жалпы карыз 7,4 миллион сом) 18 карызгер боюнча маселе чечиле элек. Карызгерлердин айрымдары кредиттерди жабуунун МФУлар тарабынан сунуш кылынган жаңы шарттарына макул болушпай, төлөөдөн баш тартып жатышат, толук жоюп салууну талап кылышууда, айрымдары өлкөнүн чектеринен тышкары жүрүшүү-
дө.
Алар мамлекеттик башкаруу органдарына кайрылууларын улантышууда. Бардык арыздар каралганы менен, алардагы талап - кредиттерди толук кечип салуу мыйзамга туура келбейт. Финансы-кредиттик уюмдар - ортомчулар, алар кредиттерди инвесторлордун жана аманатчылардын каражаттарынын эсебинен беришет. Ошондуктан мындай талаптар менен митингдерди уюштуруу финансы рыногун туруксуздаштырат жана анын өнүгүүсүнө тоскоолдук
кылат.
Финансылык сабаттуулук жөнүндө
Мында комплекстүү мамиле зарыл. Бала кезден баштап адамдарды акчаны туура кармоого үйрөтүү, мектепте базалык билим берүү, алынган финансылык милдеттенмелери үчүн жоопкерчиликке тарбиялоо, ЖОЖдордо үй-бүлөлүк бюджетти эсептөөгө үйрөтүү зарыл. Биз калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун жана финансы кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун мамлекеттик программасын даярдоону баштадык. Бул ишке донорлорду тартууну пландаштыруу-
да.
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча
Мыйзамда белгиленген ыйгарымдардын алкактарында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында, мыйзамдарды жана Улуттук банктын ченемдик актыларын талаптагыдай аткарбагандык үчүн бир катар МФУлардын күбөлүктөрү кайра чакыртылып алынган же убактылуу токтотулган. Бул уюмдар тарабынан алардын ишмердүүлүгүндө "Микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзам менен аныкталган максаттардын аткарылышына көзөмөл улантылмакчы. Аталган мыйзамга МФУлардын операцияларын кеңейтүүгө жана финансы кызматтарынын керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоого багытталган толуктоолорду киргизүү, ошондой эле кредиттик маалыматты алмашуу жөнүндө мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча иш улантылмакчы.
Сомдун курсу жана эл аралык резервдер
Быйыл 1-январдан баштап УБ евронун, россия рублинин жана казак теңгесинин сомго карата курсун мурдагыдай жумасына эмес, күн сайын аныктоого өттү. Бул валюталык рыноктогу кырдаалды реалдуу чагылдырууга өбөлгө түзмөкчү, чет элдик валютада эсептешүү-төлөө мамилелерин жакшыртып жана жалпысынан банктар аралык валюта рыногун өнүктүрүүгө багытталган.
Эл аралык резервдер 2012-жылдын 1-январына карата 1 966,3 миллиард АКШ долларын түздү. Ал 2011-жылдын июнуна салыштырмалуу 67 миллион долларга көбөйгөн.
Быйыл активдерди диверсификациялоо үчүн резервдердеги валюталарга кытай
юаны жана сингапур доллары кошулган. Учурда алар: АКШ долларынан, евродон, швейцария франкынан, англия фунт стерлингинен, австралиялык жана канадалык доллардан, япон иенинен, россия рублинен, ошондой эле кытай юанынан жана сингапур долларынан турат.
2011-жылга чейин УБнын балансында турган алтын 1997-жылдан бери өзгөрбөстөн 2,58 тоннаны түзгөн. 2011-жылдын аягында ички рыноктон алтын сатып алуу кайра жаңыртылып, алтындын үлүшү 8,6 пайызга чейин көбөйтүлгөн.








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
30-октябрь, 2012-ж.:










??.??