"Кыргыз туусу", 30.10.12 Жогорку сот чечим чыгарат,
арызгөйлөр кайра арыз жазышат,
а Маммүлк аткара албай келет...
Ал ортодо акционерлердин укуктары тебеленүүдө
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, "Кыргыз Туусу"
"Биз, республикалык "Кыргызтамакашхолдинг" компаниясынын Бишкектеги 3-автотранспорттук ишкана эмгек жамааты кайрадан "Кыргыз Туусуна" кайрылууга мажбур болуп отурабыз. Себеби мурда сиздердин гезиттин жардамы менен биз үчүнчү ирет Жогорку сотто мыйзамсыз ээлеп алган мүлкүбүздү кайтарып алууга жетишкенбиз. Бирок, алигүнчө Жогорку соттун үчүнчү ирет калыс чечими аткарыла элек" (редакцияга кайрылуудан).



Редакцияга көпчүлүк адамдар өздөрүнүн проблемаларын аларды чечүүгө милдеттүү болушкан аткаруу бийлик органдары, укук коргоо органдары жана акырында сот органдары тарабынан чечилбегенден кийин, айлалары кетип, эч болбосо коомчулукка жарыяланса натыйжа болоор бекен дешип жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылышат. "Кыргыз Туусуна" да үстүбүздөгү жылдын 3-февралында жарыяланган "Эрматовдун "эрендери" Жогорку соттун чечимин "эшек өлгөнчө" деп аткарбай жатышат" аттуу макаламда 1995-жылы тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы боюнча республикалык "Кыргызтамакашхолдинг" компаниясын кайра уюштуруу боюнча Өкмөттүн №191 токтомун аткаруу­дагы мыйзамсыздыктардан улам аталган холдингдин ишканасы - АТП-3 мыйзамдуу приватташтырылуунун ордуна ошол кездеги модалуу термин менен айтканда "прихватташтырылып" кеткендиги, андан кийин укуктары бузулган акционерлер сот органдарына кайрылышып, мыйзамдуу чече алышпай келишкендиги жөнүндө жазганмын.
Бул иш боюнча КРнын Жогорку сотунун Административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы 10-апрелдеги токтому менен мыйзамга ылайык, эмгек жамаатынын пайдасына акыркы чекитти койгондон кийин да ал аткарылбай жатканына улам, теманы улантып, гезитибиздин 11-майдагы санына "Эрендер" эми кандай жагдайга ишенишет?А Маммүлк фондусунун жетекчилиги дагы эмнеден коркуп отура берет болду экен?" аттуу макаланы жазганбыз. Аларда мыйзамдуу бардык жүйөөлөр келтирилген. Ошондуктан биз аларды толук кайталап
отурбай, айрымдарын гана эске сала кетели.
Кеп төркүнү мындай. Мурдагы мамлекеттик "Кыргызтамак-аштын" жалпы приватташтыруу башталган кезде бийликтин эки тизгин бир чылбыры колунда болуп калган үлкөн жетекчилери ишкананын обьектилерин менчиктештиришкени аз келгенсип, мыйзамды бузуу менен аталган автобазаны
кошо "ап" этип жутуп койгусу келүүдө. Ачыгын айтканда, убагында алар баш аламандыктан пайдаланышып, тамак-аш тармагына эч тиешеси жок автобазаны кошо менчиктештирип алууга жетишкен.
Ошол жасалма документтерди төгүндөп, Жогорку сот алгачкы ирет 2009-жылдын 23-декабрында калыс чечим чыгарган. Анын негизинде АТП-3 эмгек жамаатына өтмөк. Тилекке каршы, капчыктуу адамдарга айла жок экен, алар Жогорку соттун чечимин аткарбастан, улам улак тартышка салып келишет. Анын мыйзамдуудай көрүнгөн жолун таап алышып, Жогорку сотко кайра жаңыртып арыз жаза салышат.
Жогорку сот алардын арызын карап, экинчи ирет 2011-жылдын 11-январында, үчүнчү ирет 2012-жылдын 12-апрелинде кайрадан калыс чечимин чыгарган. Бирок ошондон бери Жогорку соттун чечими аткарылбай, Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлк фонду кошумча аткарбай келет.
Үч ирет Жогорку сот калыс чечим чыгарса, эмне себептен аткарылбайт? Эмне себептен Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлк фонду Жогорку соттун чечимин аткарбай, түрдүү шылтоолор менен создуктуруп келет. Анын себебин, балким эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Коррупцияга каршы кызмат кызыгып, таап чыгаар?
Мына эми капчыктуу "Кыргызтамак аштын" эрлери кайрадан Жогорку сотко кайрылып, сот ал ишти судья Э.Нурманбетовдун төрагалыгы алдында жакынкы арада караганы турат. Эмне, акчалуулардын иши ушинтип эле кайра-кайра карала береби? А Мамлекеттик мүлк фонду, биз биринчи макалада жазгандай, "же эшек өлөт, же падыша өлөт" дешип жылдап Жогорку соттун үч жолку чечимин аткарбай моюн толгоп жүрө бере-
би?
Бул "Чубактын кунунан да аша чубалган" чуулгандуу ишти "Кыргыз Туусу" гезити кайрадан коомдук көзөмөлгө алып, анын жүрүшү тууралуу окурмандарга жеткирмек-
чи.