Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_12.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_12.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_12.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_12.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_12.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_12.htm on line 2

Мөңгүлөрдүн 30 пайызы
эрип кетти
- Кыргызстанда чоң-кичинеси биригип, 8000ге жакын мөңгү бар. Жалпы аянты да 8000ден ашык квадрат километрди түзүп, Кыргызстандын аймагынын 3,5-4 пайы-зын ээлейт. Мөңгүлөрдүн эриши глобалдык жылуулуктун жүрүшү менен байланыштуу. Бул дүйнөлүк кырдаал. Акыркы 50 жылдан бери эригендин, кыскаргандын гана үстүндө. Жыл сайын ар бир мөңгү орточо эсеп менен алганда 7-11 метрге чейин кыскарып турат, - дейт, география илиминин кандидаты, белгилүү гляциолог, Борбордук Азия жерди изилдөө институтунун улук илимий кызматкери Рыскул Усубалиев.
"Катмарланган мөңгүлөр - кадимки
лаборатория..."
Биз гана эмес, Атлантида жана Арктикада да абал кыйын. Өндүрүштөн чыккан уулуу заттардын абага тарашы ааламдын экосистемасын кайтарылгыс кылып бузууда.
Киото келишимине кирген кээ бир мамлекеттер анын талаптарын аткарбай жатышат. Америка экономикалык кызыкчылыкты жогору коюп, абага терс таасирин тийгизе турган ири өнөр жай тармагын кыскартпоону чечкен. Кытай мамлекети да ошол эле жолго түштү. Киото келишиминде ар бир мамлекеттин абага уулуу заттарды ыргытпоосу боюнча атайын чектөөлөр киргизил-
ген.
Кыргызстандын өнөр жайы оожалып иштеп жатпаган соң, өзүнө бөлүнгөн ошол квотаны башка мамлекеттерге берүү боюнча да маселе козголо калып жүрөт. А чынында биз дем алып жаткан абанын булгануу чен-өлчөмүн өнүккөн мамлекеттерден үлгү алып, күн алыс маалымдап турсак кана?.. Айталы, Бишкек шаарында абаны булгай турган негизги үч фактор бар. Биринчиси, Европа өлкөлөрүнөн, Япониядан ташылган экологиялык полиция тыюу салган эски, арзан авто унаалардан чыккан газ. Бир жылда орто эсеп менен 20 миңден автоунаа өлкөгө кирип жатканын эске алсак, бул тенденция жакынкы жылдары токточудай эмес. Экинчиси, борбордун түндүк тарабындагы таштанды төгүлгөн жайлар. Ондогон жылдар үстү-үстүнө төгүлө берген таштандылардан чыккан уулуу газ ал жердеги калдыктарды өрттөп, түтөтүп туруучу касиетке ээ. Ал эми аны тегеректей конгон жаңы конуштардын элин башка жакка көчүрүүгө же шаар мэриясы таштандыны кайра иштетүүчү ишкананы куруп берүүгө учурда өлкө экономикасынын чамасы чарк. Бул маселе жакшы тилек катары гана айтылганы болбосо, андан өйдө көтөрүлө албай келе жатат. Үчүнчүсү, ТЭЦтен чыккан түтүн. Биз макалабызда курчап турган чөйрөнүн көптөгөн көйгөйлөрүнүн четин гана айтып жата-
быз.
"Кумтөр" ишканасы алтын алуу үчүн "Давыдов" мөңгүсүн ортосунан талкалап, эки-үчкө бөлүп жиберди. "Петров" мөңгүсү небак көлгө айланып, кенди иштетүүгө суу катары пайдаланылып жатат. Аны убагы менен бөксөртүп турбаса, табият "ачууланса" өз жээгинен ашып, калдыктар сакталуучу жайды жууп кетүү коркунучу бар экенин эч ким тана элек.
Борбордук Азияны суу менен камсыз кылып, андан бүтүндөй фауна менен флорасы өз жашоосун улап, өмүр кечирүүсүнө Кыргызстан менен Тажикстандын мөңгүлөрү өбөлгө түзүп келүүдө. "Мөңгүлөргө Жер шарынан чыккан уулуу заттардын, газдардын баары барып конот. Мисалы, Ирак менен Америка согушундагы эбегейсиз көп өрттөлгөн мунайзаттан учкан уулуу заттарды биздин ак калпактуу аска-зоолорубуздан тапканбыз. Бул сыяктуу глобалдык процесс абанын циркуляциясына байланыштуу.
Мисалы, ааламдын кайсы бурчунда сыналган бомбанын түрү болбосун, анын да радиациясынын өлчөмүн мөңгүлөрдөн билсе болот. Анткени, радиациянын калдыктары мөңгүлөрдүн тереңинде катмарланып жата берет. Көп жылдык мөңгүлөр табияттын өзгөрүлүү чен-өлчөмүн "айтып" турган индикатор болуп эсептелет. Айталы, 1960-жылдары СССР державасынын учурунда сыналган бомбанын радиациясы ушул азыр да сакталып калган. Айтор, ак калпактуу мөңгүлөрүбүз бизди курчап турган табияттын "лабораториясынын" кызматын аткарып, аба мурда кандай эле, азыр кандай" деген суроолорго так жооп берип турат. Мөңгүлөрдүн тереңдиги ар түрдүү. Чакандары 100-200 метрден болсо, өтө чоңдору 500-800 метр тереңдикке кетет", - дейт гляциолог Р.Усубалиев.
"Дүйнөлүк форум өткөрүшүбүз керек"
- Мөңгүлөрдү эрүүдөн сактап калуу үчүн БУУга кат жиберип, эксперт чакырталы деп жатабыз. Кыргыз мөңгүлөрүн коргоо Кыргызстандын гана эмес, жалпы дүйнө коомчулугунун милдет.
Анткени, мөңгүлөр ушул калыбында эрип отурса, суу жетпей калгандан тышкары, эпидемия башталышы ыктымал. Мөңгү - жаратылыштын эч нерсе менен алмаштыргыс санитары. Жер шарынын жакыр, жугуштуу дарттары бар мамлекеттерин каптаган вирустар мөңгүлөргө келип тоңдурулуп жатат.
Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн 30 пайызы эрип жок болгон. Алардын жукаруусунун натыйжасында алпинисттерди өзүнө магниттей тарткан чокуларда 40-70 жылдан берки чет элдиктердин табылбай калган сөөктөрү ушул күндөрү ачыкка чыгып, чачылып жатат. Адегенде биз ошол сөөктөрдү чогултуп, өзүнүн дини, элинин каада-салттары менен жерге берип, туугандары чыкса аларга берүүбүз абзел. Мөңгүлөр Борбордук Азиядагы нымдуулуктун ден-соолуктун, электр кубаттуулуктун саясий туруктуулуктун кепили болуп саналууда - деп тынчсызданат "Мөңгү" коомдук фондусунун президенти Рүстөм Кабылбеков.
Биз Борбордук Азия аймагындагы экологиялык абалды турукташтырууга, жакшыртууга демилгечи болуп, кечиктирилгис чараларды көрүүгө милдеттүүбүз. Региондо Арал деңизин коргоо боюнча атайын фонд түзүлүп, программа кабыл алынганы эле болбосо, ал жарытылуу иштебейт. Арал соо­лугандан калган туздар абага көтөрүлүп, мөңгүлөрдү эбегейсиз эритүүдө.
Рүстөм мырзанын пикири боюнча, Борбордук Азия респуб­ликалары өз ара кызматташуусунун буга чейинки векторун кайра өзгөртүп түзбөсө болбойт. Мурда саясий-экономикалык деп айтылса, мындан ары саясий-экологиялык жана социалдык-экономикалык кызматташуу деп аталышы кажет...
"Мөңгү" фондусу жогорудагыдай экологиялык жоготууларды аз да болсо токтотуу үчүн дүйнө жүзүнө коңгуроо каккан форум өткөрүп, көп жылдык мөңгүлөрдү сактоонун программасын түзүү, жерди жашылдандыруу, Борбордук Азия региону боюнча сугат сугаруу, канализация жана дренаждык системаны эл аралык стандартка жооп бере тургандай деңгээлде куруу, майда
ГЭСтерди куруу сыяктуу иштерди аткаруусу зарыл деп эсептешет.
Чыңгыз Айтматовдун керээзи...
"Бул 1964-жыл болчу. Ал кездеги геолог жаш жубайлар Ильгиз Айтматов менен жубайы Розалия эки-үч айлык мөөнөткө геологиялык чалгындоо иштерине кетмекчи болуп жаткан.
Жеңем Розалия: "Биз тоолордогу кен байлыктарды илимий ыкмалардын жардамы менен изилдеп, көлөмүн, түрлөрүн, тереңдигин геологиялык картага түшүрөбүз", - деди. Ошондо Чыңгыз Төрөкулович геолог жубайларга: "Иликтеп тапкан кендериңерди картага белгилебей эле койгулачы. Заман ар кандай болуп кетет. Москвадан буйрук келип, алтын, уран ж.б. байлыктарга кыргыз бийлигин ээ кылбай ташып түгөтүшөт. Андан келечек муундарга химиялык уулуу калдыктары бар жабыркаган жаратылыш гана калат", - деп тунжурап кейип отуруп айткан болчу, - деп эскерген эки жыл мурдагы экологиялык бир жыйында залкар жазуучунун бир тууган карындашы Роза Айтматова.
Андан бери арадан жарым кылымдык мезгил өттү. Айтматовдун айтканы келди. Бүгүнкү күндө деле Миң-Куш, Ак-Түз, Майлы-Суу ж.б. жерлердин тагдырына күйгөн саясатчы аз. Чынында улуу жазуу­чунун чыгармаларында табияттын баштапкы бүтүндүгүнүн бүлүнүшүн трагедиялуу сүрөттөгөн не деген көркөм сюжеттер камтылган. Ү.Кабылбековдун айтымында, Чыңгыз Айтматовдун мөңгүлөрдү сактоо боюнча дүйнөлүк форум өткөрүү, ал боюнча улуттук программа кабыл алуу боюнча айткан керээзи бар.
2008-жылы алгачкы жолу Сүрөтчүлөр союзу мөңгүлөрдү сактоо боюнча демилгени колдоп, экологиялык темадагы сүрөт көргөзмөсүн элге тартуулашкан. Андан кийинки жылы композиторлор, жазуучулар, архитекторлор, журналисттер союздары биригишип, мамлекеттик органдар менен чогуу жыйынга чогулушуп, "Тур, улуу журт" деген экологиялык кыймылды уюштурушкан болчу. Анда Хан Теңири, Ленин сыяктуу бир нече чокуларды алпинисттердин сөөктөрүнөн тазалоодон, аларды өз зыяраты менен жерге берүүдөн иш башталмак болчу. Ашкере саясатташкан коомубуз аны азырынча колдоп кете алган жок. Ал эми өнүккөн Швейцария өз тоолорундагы мөңгүлөрдүн эрип кетүүсүнөн коргогон "жууркандарды" мөңгүлөргө жабуу ыкмасы менен газдын, чаңдын жана башка уулуу заттардын конушунан сактоого өтүшкөн.






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
30-октябрь, 2012-ж.:



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_12.htm on line 45

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_12.htm on line 45

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_12.htm on line 45


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_12.htm on line 45

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_12.htm on line 45

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_12.htm on line 45


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_12.htm on line 45

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_12.htm on line 45

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_12.htm on line 45