Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_11.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_11.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_11.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_11.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_11.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_11.htm on line 2

"Аттила -
кыргыздардын бабасы"
2011-жылы 27-сентябрда Бишкек шаарында, Кыргыз-Россиялык Славян университетинде өткөн окумуштуулардын жыйынында герман тили боюнча илимдин доктору Амангелди Бекбалаевдин "Аттила - предок кыргызов" деген китебинин бет ачары болду. Залга В.М.Плоских баштаган тарых илимпоздору, жалпы эле тарыхка кызыккан илимпоздор чогулган экен. Жогорудагы китепти жазыш үчүн пайдаланылган Батыш өлкөлөрүнөн алынып келген 20дан ашуун тарыхый жана адабий китептер атайын столдун үстүндө жыйылып турду. Ал китептердеги иллюстрациялык сүрөттөр проектор аркылуу көрсөтүлүп жатты.


Амангелди Бекбалаевдин баяндоосу жогорку деңгээлде ишеним туудуруу менен угулду. Ошол Аттила заманында (V к.) Батышта (Германияда) жазылган адабияттардын негизинде XVI - XVIII к. тартылган иллюстрациялык сүрөттөр биздин бүгүнкү боз үйлөрдөн турган айылды, жайылган керегелерди, төөлөргө жүктөлгөн көчүбүздү жана тебетей менен чапандарыбызды чагылдырганын көргөндө Батыш гунндары кыргыз экендигине ишенбей коюуга болбос эле.
Бирок трибунага чыгып сүйлөгөн В. М. Плоских баштаган окумуштуулар: "Батыш гунндары кыргыз экендигине ишенүүгө болбойт жана бул гипотезаны теореяга айландырыш үчүн дагы көптөгөн изденүүлөр, далилдер керек", - деп Аттиланын кыргыз экендигине шек келтиришти. Эмесе, Аттила кыргыздардын бабасы экендигин далилдей турган фактыларды келтирип көрөлү.
Мисалы, кытай тарыхчысы Сыма Цяндын жазган даректеринде биздин доорго чейинки III кылымда "Ге гун" деген мамлекеттик аталыш катталгандыгына байланыштуу Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө 2200 жыл болгондугун БУУ кабыл алып, 2003-жылы мааракебизди өткөрдүк. Демек "Гун" деген аталыш кыргыз калкына гана таандык экендиги чын. Аны танган айрым казак илимпоздору Аттиланы казак калкынын бабасы деп тастыктоого аракет кылып жаткандыгы айтылды.
Кытай тарых даректерин колунда кармап турган Үрүмчү багытындагы казак тарыхчылары даярдаган "Казактың көне тарихы", (с) Шинжаң халык баспасы. 1978. (Алматы. "Жалын", 1993.) деген көлөмдүү китепте казак калкынын байыркы аталышы кытай тарых даректеринде "Гун" эмес, "Усун" болуп жазылганы таасын тастыкталган.
Ал эми Л. Гумилев баштаган тарых илимпоздору чогулткан биздин доорго чейинки байыркы кытай тарых даректери кыргыздардын Энесай боюндагы бөлүгүн "Гянь гун" деп, Орхон дарыясынын боюндагы бөлүгүн "Ге гун" деп атайт. Биздин доорго чейинки 130-жылы Кытай падышасы У Ди Памир тарапка чалгынга жиберген тыңчысы Чжан Цян Орто Азияга келип көргөн таластык кыргыздарды "Цян гун" деп атаган.
Ал үчөөнөн башка кыргыз калкынын Мете Шаңүй баштаган негизги бөлүгү биздин доорго чейинки кытай тарых даректерине "хун" болуп жазылган. (Орусча "Моде Шанюй" деген туюнтманы кытайлык окумуштуу Койшыкара Салкара улы түп нускадан "Мете Шаңүй" деп так көчүргөн жана тарыхчы Безертдинов дагы "Мете хан" деп туюнтат). Себеби, Чыңгызхан заманына чейинки кыргыздар XI кылымдагы ирандык тарыхчы Гардизи жазгандай, көздөрү көгүлтүр, чач-сакалы кызгылтым жээрде болгон. Албетте, кымыз, айран менен тамактангандыктан бетибиз дагы кызыл болгон. Ошон үчүн Мете Шаңүй баштаган кыргыздарды берки гун тайпаларынан айырмалаш үчүн кытай жылнаамачылары "Хун" (Hong - Кызыл) деп туюнтушкан.
Бизди "Кыргыз" деп жазбаган себеби, ал заманда кытайда "р" тыбышын пайдаланчу эмес экен. Анын үстүнө аталарыбыздан калган уламышта мындан 7 000 жыл мурдагы Өгүзхан (Угузхан) падышанын улуу баласы Гүн атабыздын падышалыгын анын неберелеринин улуусу Кыргыз атабыз ээлеген экен. Ошол падышалыгыбыздын атынан улам кыргыздарды бөлөк калктар "Гүн" деп аташкан. Ага далил, академик Андрей Дмитриев баштаган орус окумуштуулары 2007-жылы "Алтайская царица" деген андроновдук маанайдагы кыргыз көрүстөнүн казып алып, Сибирде андай жүздөгөн падышалык көрүстөндөрүнүн курулган мөөнөтү 7 000 жылдан ары экендигин, ал көрүстөндөрдүн курулуш тартиби Египет пирамидалары менен шайкеш экендигин тастыкташты.
Демек, Кыргыз калкын мындан 6000 жыл мурда Шумер деген атабыз Египетке баштап кеткен үчүн Египет пирамидалары сибирдеги көрүстөндөргө окшош курулган экен. Египет тарапта "Теңир" деген сөзүбүздөн баштап көптөгөн тилдик, археологиялык белгилерибиз сакталган. Б.э.ч. 2600 жыл мурда ал тараптан кайта сүрүлүп келген кыргыздардын курган падышалыгын кытай жылнаамачылары "Хун үй" деп атаган. Демек, египеттиктер бизди "Шумер" деп атаса, Кытай жергесине келгенде "Хун" (Кызыл) деген атка конгонбуз.
Б
издин доорго чейинки IX-III кылымдарда Чжоулардан сүрүлүп Орто Азияга келип турактаган хундар бөрүнү тотем туткан үчүн ирандык тарыхчылар бизди "Сак" (бөрү же ит) деп туюнтушкан. Ал эми атактуу акын Низаминин "Искандернаме" поэмасында Александр Македонскийдин жол китебинен алынган төмөндөгүдөй маалымат бар:
"...И увидел он город прекрасного края,
Изобильный, красивый - подобие рая!
О, звериный мой нрав!
Был я пламени весь.
Научусь ли тому, что увидел я здесь?
На берегу Яксарта (Сыр дарыя)
Благословенная страна Хиргиз".
Албетте, биз деле Александрды "Искендер" деп атайбыз. Сырдарыянын боюндагы кыргыз калкын мындан 3,5 миң жыл мурда даңктаган ушул тарых кабарын танууга мүмкүн эмес. Александр Македонскийдин заманында Рим тараптагы тарыхчылар Сырдарыяны "Яксарт" деп атаган. Жалал-Абад чөлкөмүндөгү өтө бийик асканы Александрдын башкы кеңешчиси Арис­тотел өз устаты Платондун урматына "Платун" деп атаган экен. Ал тоо бүгүн бизге түшүнүксүз "Афлатун" деп бир аз өзгөрүп айтылса да ошол болмуштун бүгүнкүгө чейин сакталган күбөсү болуп турат.
Тарых кабарларында "Сак" болуп катталган ошол кыргыздарды ирандыктар "Сак тиграхауд" (бийик калпак) деп атаган. Ал тайпа III кылымда кайтып кытай жергесине барганда аларды "хун" деп аташкан. Ошол замандарда Сыма Цян "Ге гүн" деген атагыбызды тактап жазгандан баштап "Гүн" атагыбыз калыбына келди. Орусча "ү" тамгасы жок болгондуктан бизди "гун" деп туюнтушат.
7000 жыл бою көрүстөндөрүбүздү Египет пирамидаларына шайкеш бийик дөбө түрүндө курмай адатыбыз ислам динине өткөнгө (ХI к.) чейин сакталды. Демек, жогорудагы Шумер, Хун, Гун, Сак деген этнонимдер Кыргыз калкына гана тийиштүү аталыштар экендигин түшүнсөк болот.
Биздин доорго чейинки 170-жылдары Алтайда башталган Улуу кургакчылык 100 жылга созулгандыгын Л. Гумилев чогулткан кытай тарых даректери ырастайт. Ошол кургакчылыктан качкан элдердин Улуу көчүүсү баш-талган. Согушчандык адатынын азабынан Кытай тараптагы өз туугандарынан ажырап, Урал дарыясы тарапка ооп барган хундардын
"коён" уруусу ошол тарапта турган угрларды кошуп алып, азыркы Волга, Дон дарыяларынын бойлорун, Азов деңизинин жээктерин басып алган экен. Периегед, Марцелин, Дионский баштаган Батыш жылнаамачылары "чыгыш тараптан миллион чамалуу гундар келди" деп жазышкан. (Алар угрларды дагы гундарга кошуп эсептесе керек).
Ал гундар жөнүндө Анвар Байтур агабыздын эмгегинде V кылымдагы кытайлык тарыхчы Ли Хуи Шиаңдын жазган кабары камтылган. Анда " II кылымда түндүк-батышка сүрүлгөн хундар Батыш жергесине чабуул жасап, Арал көлүн, Волга өрөөнүн өзүнө каратып, бул жерлерде бир канча кылымдар өкүм сүрдү. Жаңы доордун 435-жылы хундар Европага кирип, Дунай өзөнүнүн бойлорундагы жерлерди ээлеп, өз падышасы Аттила деген адамдын жетекчилигинде Батыш элдерин көп жыл баскындап турду" (Ли Хуи Шиаң. "Жуңго улуттар тарыхы". I т. 239-бет.), - деп жазган. Бул тарых кабары Батышка гундардын баштоочу тайпасы болгон хундардын бир бөлүгү баргандыгын таасын чагылдырган. Бекбалаевдин жогорудагы китебинде камтылган айрым булактарда дагы "гун" деген аталыш "хун" боюнча туюнтулган. Аны "Батыш гундары менен Хуанке боюндагы хундардын көрүстөн табылгалары өтө окшош" деген археологдордун аныктамалары тандырбайт.
А
дилхан (Аттила) 453-жылы кайтыш болгондон кийин анын ыркы жок уулдары империяны бырчалап бөлүп алышканын Батыш жылнаамачылары жазат. Эл бөлүнүп, ынтымагы кеткенде душман тайпалар немец гепиттердин башчылыгында 468-жылы гундарды кууп тараткан. Ошон үчүн Орто Азияга сүрүлүп келгенде мурда тарыхта катталбаган: Башкорт, Жедигер, Каракалпак, Катаган, Калча, Коңурат, Маңгыт, Найман, Керей, Тайчык, Түргөш ж.б. тайпалар пайда болгон. Албетте, кыргыздын негизги уюткусун Орозду хан, анын атактуу урпактары Оторхан, кийин Баласагын каган (Баласагын шаарын курган) баштаган биздин аталар кармаган. Ошон үчүн жердин бейиши Ала-Тоодон орун алганбыз. Ошон үчүн ирандыктар бизди "евталиттер" (ырксыздар) деп атаган.
Орус-совет идеологиялык саясаты көп жылдар бою кыргыз калкын басмырлап, тарыхын бурмалап, танып келгендигине байланыштуу ындыны өчүп бүткөн бүгүнкү тарыхчыларыбыз дагы эле ошол багыттан бери бурулбаган үчүн Амангелди Бекбалаевдин эмгегине өз деңгээлинде баа бере алышпады. Аларды ишендириш үчүн Амангелди Бебалаевдин жанына жаңыча ой жүгүрткөн тарых илимпоздорунан, археологдордон экини же үчтү кошуп, документалдуу фильм тартаар жагдайын түзүп берип, Германияга жиберсе эле гипотезаны теореяга айланта турган татыктуу далилдер табылары шексиз.
А
нткени, 1993-жылы жайында, Германиянын Кёльн шаарында "Кыргызстандын күндөрү" болду. Ошол жыйынга катышкан Чыңгыз Айтматовдун котормочусу, досу, тарых илимдеринин доктору, академик Фридрих Швецке сөз бергенде "Биз Батышка мада-
ният Орто Азиядан келген деп окуйбуз тарыхыбызды. Орто Азия элдеринин ичинде аныгы Кыргыздан келген деп окуйбуз. Анткени Аттилахан кыргыз инсаны болгон", - деген сөзүн жазуучулар, сүрөтчүлөр, артисттер, кино ишмерлери (Чыңгыз ага өзү катышкан 120 адам) угуп олтурганбыз. Германия жергесин концерт менен кыдырган учурда деле бийик дөбө кылып курулган кыргыз көрүстөндөрүн көрдүк. Ал көрүстөндөрдөн табылган кыргыздын бүгүнкүдөн эч айырмасыз буюм-тайымдары Саксониядагы тарых музейлеринде тургандыгын көрүп келгендер айтышат. Арийне, жогорудагы иллюстрациялык сүрөттөр ошол архео­логиялык табылгалардын негизинде тартылганы чын.
Демек, Фридрих Швец аркылуу аракет кылсак эле казактар ээлегиси келип жаткан Аттила атабыз өзүбүзгө ооп, дымагыбыз көтөрүлүүсүнө өбөлгө болот эле. Өтө таңгалыштуусу гундарга эч тиешеси жок казактар ээлеп алгысы келип жаткан Аттила атабызды Батышта "кыргыз" деп даңазалап жатса, аны кыргыздар "гипотеза" деп танып жаткандыгыбыз маңкурттук.
Үч жыл мурда "тарыхты кайрадан оңдоп жазып чыгабыз" деп 150 миллион сом бөлдүрүп алган илимпоздор тобу бар. Мурдагылардын эмгектерин пайдаланып, эптеп көлөмүн көбөйтүп будамайлап жазып, бөлүнгөн каражатты талоонго алууну көздөгөндөрдүн жолуна түшпөй, анык тарыхыбызды тактап, ордуна коюу ошолордун түздөн-түз милдети эле. Эгерде мамлекетибиз киришпесе ошол Германияда окуп, иштеп жүргөн жаштарыбыз деле жогорудагы даректерди теорияга айланта турган тарыхый фактыларды таап, видео далилдерди интернетке киргизип койсо жакшы болмок.

ткөнүн билбеген - келечегин издеп таба албайт", "Ким тарыхты билбесе, ал тарыхтын каталарын кайталайт" деген сыяктуу ойлордун негизинен алып караганда тарых илими элдин эл болуп турушу үчүн идеологиялык багытын аныктап, өркөөдөндүк дымагын негиздей турган өтө зор маанидеги илим экендиги анык. "Тот, кто, обращаясь к старому, способен открывать новое", - деп Конфуций айткандай, келечек жолубузду табыш үчүн өткөн тарыхыбызды эстешибиз керек. Бүгүнкү саясатчыларыбыздын эң башкы милдети кыргыздын идеология жолун табуу же элдин өздүк дымагын ойготуу экендиги талашсыз. Элдин идеологиялык дымагы көтөрүлгөндө гана адамдардын жакшы жактарга умтулуусу, коомубуз алгалап өсүшү шартталат.
P.S. Жогорудагы тарых бол­муштарынан кененирээк түшүнүк алгысы келгендер тарых фактылары чогултулган, тарых илимпоздору тастыктоочу пикир жазып берген, 2007-жылы жарык көргөн "Улуу баян" деген китебимди китепканалардан таап окуса болот.
Арсланхантегин
Нурак АБДЫРАХМАН уулу






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
30-октябрь, 2012-ж.:



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_11.htm on line 59

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_11.htm on line 59

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_11.htm on line 59


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_11.htm on line 59

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_11.htm on line 59

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_11.htm on line 59


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_11.htm on line 59

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_11.htm on line 59

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/12/1030_11.htm on line 59