кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
30-октябрь, 2012-ж.:


п»ї


Бишкекке 1-ноябрдан тартып жылуулук берилет

Борборубузда 1-ноябрдан баштап жылуулук берилет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиргенине караганда, жылуулук алгач мектептерге, балдар бакчаларына, ооруканаларга жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан соң өткөн жылдар үчүн карыздары жок турак жайлар менен өнөр жай ишканаларына коё берилет. Шаар башчы Иса Өмүркулов райондук администрация­ларга жана шаар кызматтарына калктын жана өнөр жай объектилердин электр энергияга болгон карыздарын жабуу боюн­ча иш-чараларды уюштуруу тапшырмасын берди.

Мыйзамсыз менчик-тештирилгендер мамлекетке кайтарылат

2012- жылдын 21-июнунда КР Башкы прокуратурасында социалдык инфратүзүмдөгү объектилердин, анын ичинде 1995-2012-жылдары курулган мектепке чейинки мекемелердин имаратын менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында 2 талап канааттандырылып, 15 мыйзамды бузуу боюнча көрсөтмө берилип, эки кылмыш иши козголгон жана башка бир топ иш- чаралар жүргүзүлүүдө.

Мурдагы жетекчиликке кылмыш иши козголду

КР МУКК Коррупцияга каршы күрө­шүү кызматы тарабынан Жа­ра­ты­лыш ресурстар министрлигинин мурдагы жетекчилигинин жана башка кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө "Көк-Жаңгак" көмүр кенин иштетүүгө лицензия берүү­дө мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу аталган ведомствонун коом­чулук менен байланыш кызматы билдирди. 9-октябрда Коррупцияга каршы кү­­­рөшүү кызматы тарабынан КР КЖКнын 304, 307-беренелерине ылайык менчиктештирүү, салык, бажы жана лицензиялык ишмердүүлүктөрдү жүргүзүүдө тие­шелүү кызматтык жетекчилер тарабынан мыйзам бузуу фактылары аныкталып, кылмыш иши козголду. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






"Кыргыз Туусу", 18-сентябрь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 21-сентябрь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 25-сентябрь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 28-сентябрь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 7-сентябрь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 31-август, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 28-август, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 22-август, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 17-август, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 14-август, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 7-август, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 29-июль, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 22-июль, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 15-июнь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 8-июнь, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 25-май, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 18-май, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 3-апрель, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 30-март, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 8-март, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 21-февраль, 2012-ж.

"Кыргыз Туусу", 10-февраль, 2012-ж.









??.??