Көмүр фабрикасы ишке киргизилет


Бактыбек Кудайбергенов 1962-жылдын 8-декабрында Ысык-Ата районуна караштуу Сын-Таш айылында туулган. 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун, 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн. Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ленин райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн инструктору, экинчи катчысы, Кыргызстан Жаштар Союзунун Борбордук Комитетинин жалпы бөлүмүнүн башчысы, "Мээнет" өндүрүштүк-коммерциялык фирмасынын директорунун орун басары, "Триод" кыргыз-германдык биргелешкен ишканасынын коммерциялык бөлүмүнүн башчысы, "Интер" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болуп эмгектенген. 2012-жылдын 7-февралында Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин кызматына шайланганга чейин "Ысык-Ата" санаторийинин директору болуп иштеп турган. Райондук Кеңештин депутаты жана анын бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болгон. Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын камкор атасы.

Жаздын бир күнү жылды багат
Үстүбүздөгү жылдын түшүмүнө кам көргөн районубуздун дыйкандары күзүндө эле 18510 гектарга кылкандуу дан эгиндерин эгип, 6000 гектар аянтты тоңдурмага айдап коюшкан.

Быйыл жаз кеч келип, Чүй өрөөнүндө жазгы талаачылык иштери жылдагыдан 15-20 күнгө кечигип башталды. Түзүлгөн кырдаалды туура баамдаган
айыл чарба кооперативдери, дыйкан жана фермер чарбалары ачык тийген күндүн ар бир саатын текке кетирбей чамдап аракет кылып жатышат. Жаздык дан эгиндерин себүү ыкчамдатылган ыргак менен жүргүзүлүүдө. Районубузда 7733 гектарга жаздык дан эгиндери, 537 гектарга жашылча, 614 гектарга дандык жүгөрү себилип, 453 гектарга картошка олтургузулду. Бул өнөктүк ийгиликтүү улантылууда. Кант кызылчасын эгүүнү 3-апрелде эле Кочкорбаев айыл аймагы баштаган, бул жагынан Ак-Кудук, Новопокровка, Нурмамбет жана Красная-Речка айыл аймактарындагы иштин ыргагы алымсындырарлык.
Кыргыз Респуб­ликасынын Өкмөтү тарабынан жазгы талаачылык иштерин ийгиликтүү жүргүзүү үчүн районубузга 160 тонна дизель майы бөлүнгөн, дыйкандар аны толугу менен алып, талаачылык иштерине пайдаланып жатышат. Ошондой эле ушул жылдын 1-апрелине карата 164 дыйкан төмөнкү 7 пайыз үстөк менен 15 890 миң сом көлөмүндө насыя алды.

Өнөр жайы - кирешелүү тармак
Ушул жылдын биринчи кварталында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 804,8 млн.сом болуп, өсүү ыргагы өткөн жылдын тийиштүү мезгили менен салыштырганда 94,4 пайызды түздү.

"Кант цемент заводу" ААК менен "Кант труба-шифер ишканасы" ЖЧКсын эсепке албаганда өнөр жай продукциясын өндүрүү ыргагы 103,1 пайызды түздү. Ал эми өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн индекси 107,2 пайызды түздү. Районубуздун бюджетинин негизги бөлүгү "Кант цемент заводу" ААК, "Труба-шифер ишканасы", "Үмүт жана К", "Абдыш-Ата", "Кант-Сүт", "Монтажник", "Үй жана К" жоопкерчилиги чектелген коомдору сыяктуу ишканалардын эсебинен толукталат. Бул ишканалардын дүң продукциясы 502,1 млн. сомду түзөт, бул бүткүл райондун өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 62,4 пайызын түзөт.

"Кант цемент заводу" ачык акционердик коомунда "Отундун атаандаш түрүн пайдаланууга өтүү" долбоору иштөөдө. "Көмүр фабрикасы" деп аталган ишкананы куруу иши аяктап келе жатат. Көмүрдү майдалай турган үч тегирмендин ишке киргизилиши чыгарылуучу цементтин көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет. "Көмүр фабрикасын" куруу аяктагандан кийин убактылуу токтоп турган "Технолин" ЖЧК ишканасы өз ишин жандандырат, "Көмүр фабрикасын" экинчи кварталда ишке киргизүү пландаштырылган.
Чакан жана орто бизнес ишканалары тарабынан жана калктын жеке ишмердүүлүгү менен 265,7 млн. сомдук продукция өндүрүлүп,
өсүү ыргагы өткөн жылдын деңгээлине карата 103,1 пайызды түздү. Биринчи кварталда райондо капиталдык салымы 253468,0 миң сом болгон 18 чарба жүргүзүүчү субъект ишке киргизилип, бул 115 жумуш ордун түзүүгө мүмкүнчүлүк берди. Кочкорбаев айыл аймагында капиталдык салымы 207 млн. сом болгон, бир күндө 6 миң даана шише чыгара турган минералдуу суу куюу цехи пайдаланууга берилип, натыйжада 60 жумуш орду түзүлдү.

Мугалимдер үйлүү болушат
Биринчи кварталда капиталдык курулушка салымдардын көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилиндеги 59 млн. сомдун ордуна 100 млн. сомду түзүп, өсүү ыргагы 170 пайыз болду.

Ал эми турак-жайга капиталдык салымдар 25 млн. сомду, өсүү ыргагы 102 пайызды түзүп, 525 чарчы метр турак-жай пайдаланууга тапшырылды. Жаш мугалимдердин турак-жай жагынан көйгөйүн чечүү жана аларды элет жерине байыр алдырып калуу максатында турак-үйлөр курулууда. Алсак, Красная-Речка айылында "Чүй-Суу Курулуш" ЖЧК курулуш компаниясы мектептин мугалимдери үчүн эки турак-үйдүн курулушун аяктап калды. Ушул муктаждык үчүн райондук бюджеттен 1460 миң сом, Красная-Речка айыл өкмөтүнүн бюджетинен да ушунча эле каражат бөлүнгөн.
Ысык-Ата айыл аймагына караштуу Үч-Эмчек айылында мугалимдер үчүн бир турак үйдүн курулушу соңуна чыгып, Алмалуу айылында мугалимдер үчүн экинчи турак үйдүн курулушу улантылууда. Новопокровка айыл өкмөтү тендер өткөрүп, мугалимдер үчүн эки турак үйдүн курулушу үчүн куруучулар-
ды аныктап койду, курулуш ушул жазда башталат. Ал эми Ивановка айыл өкмөтү Кыргыз экономика жана бизнес университетинин имаратын реконструкциялоо, стадион куруу жана танапташ жайгашкан аймакты көрктөндүрүү үчүн чет элдик инвестициялардын экинчи траншын өздөштүрүү боюнча ишти улантат.

Окуучулар - олимпиадалардын байге ээлери
Районубуздун аймагында 48 жалпы билим берүүчү, 15 мектепке чейинки билим берүүчү мекемелер жана мектептен тышкаркы 2 балдардын билим берүү борбору менен балдар-уландардын спорт мектеби иштеп жатат.

Райондо алар менен катар
з жеке жалпы билим бе­рүүчү, 2 ведомстволук мектепке чейинки билим берүү, мектепке чейинки билим берүүчү 2 жеке жана Ленин атындагы, Курманов атындагы, Актилек орто мектептеринин алдындагы жамааттык мектепке
чейинки 3 билим берүү мекемелери иштөөдө.
Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине карата окуучулардын саны 20848 болуп, жетишүүнүн сапаты 96 пайызды, билимдин сапаты 31 пайызды түздү. Мугалимдердин кесипкөйлүгүн көтөрүү, окуучулардын билиминин сапатын жакшыртуу максатында 5 предметтик семинар уюштурулуп, мектеп окуу­чуларынын райондук олимпиадасы өткөрүлүп, биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген 40 окуучу байге ээлеринен болуп калышты. Д.Мамашева атындагы орто мектеп менен №4 Кант орто мектеп-гимназиясынын жетиден окуучулары өздөрүнүн мыкты даяр­дыктарын көрсөтүп, райондук олимпиаданын байге ээлеринен болуп калышты.
Д.Мамашева атындагы орто мектептин окуучулары Екатерина Гамм менен Кристина Ведель немец тили боюнча, "Ырайым" жалпы билим берүү уюмунун окуучусу Маданбек кызы Тохтохан мамлекеттик тил боюнча аймактык олимпиаданын байге ээлеринен болуп калышты. Ал эми З.Бексултанов жетектеген Д.Мамашева атындагы билим берүү мектеби Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин "Айылдык мыкты билим берүү мекемеси" деген сертификатын
алууга татыктуу болду.

Спортчулардын ийгиликтери кубандырат
Районубуздун аймагында 48 спорт залы, 116 спорт аянтчасы, 49 талаа трибуналары бар 1500 орундуу стадион, дене тарбиялык, ден соолукту жакшыртуучу 2 комплекс жайгашкан.

Жеңил конструкциядагы зал менен жабык теннис корту курулууда. Спорттун 20 түрү боюнча 211 топ машыгууда. Райондук дене тарбия жана спорт бөлүмү бардык спорттук курулмалардын ишин көзөмөлдөп турат.
"Дени сак улут - гүлдөгөн өлкө" мамлекеттик программасын жүзөгө ашыруунун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпы билим берүүчү мектептердин жана элет жериндеги спорттук клубдардын арасында өткөрүлгөн кароо-сынактын
жыйынтыгы чыгарылды. Дене тарбия менен спортту өнүктүрүү жагынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыкты органы" деген аталма боюнча биринчи орун Кант шаар башкармалыгына, "Дене тарбия менен спортту өнүктүрүү жагынан элет жериндеги мыкты спорт клубу" аталмасы боюнча биринчи орун Ивановка айыл аймагынын спорт клубуна, "Дене тарбия менен спортту өнүктүрүү жагынан жалпы билим берүүчү мыкты мектеп" аталмасы боюнча биринчи орун №2 Ивановка орто мектебине ыйгарылып, акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Красная-Речка айылындагы жаштар борборунун алдында кикбоксинг, стол үстүндөгү теннис, атлетикалык гимнастика, эркин күрөш, таэкван-до, волейбол
боюнча спорттук секциялар, тренажёрдук зал иштеп, 90 адам машыгат. Ал эми Ивановка айылындагы жаштар борборунда бокс, стол үстүндөгү теннис, кикбоксинг, дзюдо, ордо, таэкван-до, волейбол боюнча секциялар, тренажёрдук зал иштеп, 100 адам машыгат.
Районубуздун спортчулары облустук, республикалык жана эл аралык турнирлерге да дайыма катышып турушат. Алсак, 24-29-январда Советтер Союзунун Баатыры Д.Шопоковдун жар­кын элесине арналган бокс боюнча Эл аралык тур­нирде мушкер (боксер) Эрмек Сакенов биринчи орунду ээлеп, турнирдин мыкты мушкери деп табылды. 8-9-февралда жеңил атлетика
боюнча КРнын чемпионатында ысыкаталык спортчулар экинчи орунду ээлешти. 23-25-февралда эркин күрөш боюнча М.Кы­лычбековдун жаркын элесине ар­налган эл аралык турнирде биздин балбандар экинчи 2 орунду, үчүнчү 1 орунду ээлешти. 29-марттан 2-апрелге чейин бокс боюнча өткөрүлгөн Кыргызстандын биринчилигинде биздин спортчу биринчи орунду ээлеп, Кыргызстандын мыкты мушкери деп табылды.

Маданият ынтымакты бекемдейт
Районубуздун аймагында 54 маданият мекемеси, анын ичинде 31 клуб, 18 китепкана, бир музыкалык мектеп жана 4 музей иштейт.
2012-жыл "Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жы­лы" деп жарыялангандыгына бай­ланыштуу №2 борбордошту­рулган китепканалар тармагы ата-энелер менен психологиялык-агартуу ишин камсыз кылуу үчүн үй-бүлөдөгү микроклиматты жакшыртууга жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды өнүктүрүүгө көмөктөшө турган китеп көргөзмөлөрүн жасалгалоо үчүн материалдарды топтоодо. Үй-бүлөлүк баалуулуктарды калыбына келтирүү максатында райондук китепкананын филиалдары "Бактылуу үй-бүлө - бактылуу өлкө", "Балдар - биздин келечегибиз", "Аял - үйдүн куту" деген китеп көргөзмөлөрүн уюштурушту.
Райондук маданият бөлүмү тарабынан райондук маданият үйү менен бирдикте бардык даталуу күндөргө карата майрамдык иш-чаралар уюштурулуп турат. Маселен, 3-мартта Кант шаарынын маданият жана эс алуу паркында Мамлекетттик желектин 20 жылдыгына карата майрамдык концерт, 8-мартта Кант шаарынын мэриясы менен бирдикте Тойтоев атындагы маданият үйүндө Аялдардын эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Ушул тапта 20-21-апрелде Нарын шаарында "Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылына" тушташтырылып өткөрүлө турган "Кош жылдыз", "Жаш таланттар" кароо-сынагына кызуу даярдык көрүлүүдө.
Бактыбек КУДАЙБЕРГЕНОВ,
Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким






Кыргыз Туусу
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!