Ууланган көмүрдүн чыры


же Аман Тентиевдин бул окуядагы мекенчил аракетин ким ойлойт?


2011-2012-жылдагы кыш мезгилине даярдык көрүү өткөн жылдын июль-август айларында шаштыны алган маселе болду. 2011-жылдын 15-август күнү Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде кеңешме болуп ага министр А.Шадиев төрагалык кылды. Кеңешмеге анын орун басарлары А.Калмамбетов, К.Жумалиев, статс-катчы Б.Баетов, министрдин кенешчиси И.А.Давыдов, министрликтеги ТиБ бөлүмүнүн башчысы Т.Садабаев, мамлекеттик "Көмүр" ишканасынын директору А.Молдокеев, "НЭС Кыргызстан" ачык акционердик коомунан башкы директор М.Айткулов, биринчи орун басары А.В.Бородин жана "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору А.Тентиев, биринчи орун басары А.Исраилов жана орун басар Б.Жумалиев, ОиЛ департаментинин директору Б.Токтосунов катышкан жыйналышта министр Шадиев тез арада кышка карата Бишкек шаарына көмүр менен камсыздоо маселесин чечүү зарылдыгын белгилеген.

Аталган жыйналышта Бишкек ЖЭБинин абалы жөнүндө сөз болуп быйыл кайсыл көмүр менен иштөө маселеси талкууланат. Министрдин ай­туу­су боюнча кошуна Казакстандагы Кулан шахта кенинен "Кулан ТБ" жана "Кулан көмүр" компаниялары менен иштөө белгиленет. Министрликтеги бул жыйналыштын чечими менен аталган Казакстандык компаниялар менен иштөө "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна милдеттендирилет. Тагыраак айтканда бул күнкү министрликтеги чечимдин 4-пункту мындай деп жазылат да министрдин колу коюлат.
"Поручить ОАО "Электрические станции" под персо­нальную ответственность А.Тен­­тиева, генерального директора ОАО "Электрические станции":
- в срок до 16 августа 2011 года заключить договор на поставку угля марки К и ГЖ для опытного сжигания на котлоагрегатах ТЭЦ гор. Бишкек;
- в срок до 9 сентября 2011 года завершить опытное сжигание угля марки К и ГЖ;
- при положительном результате и в случае отказа поставщика угля марки ДР ТОО "North Power Trade" заключить договор на поставку угля марки К иГЖ;
- в срок до 18 августа 2011 года проработать вопрос о поставках казахстанского угля Куланского месторождения с компаниями "Кулан ТБ" и "Кулан Комур" методом из одного источника.
Министр А.Шадиев,
Секретарь Н.Давлеталиева


Энергетика министрлигиндеги 2011-жылдын 15-августундагы болуп өткөн кеңешме министр Шадиевдин 03-1/ 43 буйругу менен бекемделет. Ошол эле учурда Шадиевдин бул буйругунун финансылык жагдайлары өлкөбүздөгү финансы министрлиги менен да кошумча макулдашылат. Арадан бир жума өтүп 2011-жылдын 23-августунда Кыргыз Өкмөтүнүн ПКР №361-Р чечими чыгат. Албетте энергетика министрлигиндеги кенешме финансы министрлиги менен макулдашылгандан соң маселе Өкмөттүн чечими менен бекитилип, андан кийин "Электр станциялар" ачык акционердик коому Казакстандын ТОО "Кулан Көмүр" же ТОО "Кулан ТБ" компаниялары менен иш жүргүзө баштайт. ТОО "Кулан Көмүр" компаниясы Кыргызстанга көмүрдүн баасын тоннасына 26 доллардан сунуштаса, ТОО "Кулан ТБ" 23,5 долларга макул болот. Бул мезгилде Кыргызстанда ар бир сомдун кадыры мамлекетке чоң болуп турганда "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору Аман Тентиев ар бир тонна көмүрдөн 2,5 доллардан үнөмдөсө алып келинүүчү 70 миң тоннадан эле өлкөгө 7 миллион сомдон ашуун акча калуусу айкын болду. Натыйжада дал ушундай экономикалык кызыкчылыктын негизинде "Электр станциялар" ААК Казакстандын ТОО "Кулан ТБ" компаниясына Казакстандын айлана чөйрөдөгү радиоактивдүүлүктү изилдөөчү СЭСО РМККнын директорунун орун басары Ж.Сандыкбаевдин 2011-жылдын 20-августундагы №214 тастыктамасына көңүл бурсак, анда бардыгы жайында. Ушундай эле тастыктамага Казак Республикасынын ДСМ СЭККД РБ бөлүмүнүн башчысы К.Турсунбаев жана Казак Республикасындагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин ДКГСЭН директорунун орун басары К.Абдижаббарова мөөрүн басып, Кыргызстанга келчү кө­мүрдүн радиоактивдүүлүгү нормада деген. Мына ушундай тас­тыктамаларга ишенип, көмүргө акча төлөөчү Кыргызстандык Аман Тентиевдин ишенбей коюшка чарасы барбы? Дал ушундай документтер менен Кыргызстан дал ушул "Кулан ТБ" ТООдон алты жылдан бери көмүр алып келген. Эч кандай жаңжал болгон эмес. Бул ишкана Кыргызстан менен 2006-жылдан бери мамиле түзүп кантип эле анан радиоактивдүү көмүрдү жөнөтсүн деген ой жаралат? Ошентсе да келишимде көрсөтүлгөн 70 миң тонна көмүрдүн 8,576 тоннасы келгенде көмүрдүн радиоактивдүүлүгү жөнүндө ызы-чуу башталат.
2011-жылдын 6-октябрында Жо­горку Кеңештин депутатынын талабы боюнча Бишкек шаарынын ЖЭБине келген көмүрдүн алгачкы партиясы атайын лабораториядан текшерилип 2011-жылдын 19-октябрындагы №105-тастыктамада кө­мүр радиациялык белгиси бар 3-класска таандык экендиги аныкталган. Ал эми 22-октябрда кайрадан ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаттары, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана санэпидстанциядан, ӨКМ, Бажы кызматы жана башка тиешелүү тармактардын адистери катышкан текшерүүдө ушул эле көмүр өнөр жай объектилерине, анын катарында Бишкек ЖЭБине колдонууга болот деп белгиленет. Дагы бир аз өткөндөн кийин 2011-жылдын 8-ноябрында экологдор бул көмүрдү ЖЭБине жагууга болбойт аны Казакстандын ТОО "Кулан ТБсына" кайтарып берүү керек деген чечим чыгарышты.
Ушул эле учурда Чүй облусунун губернатору Айбек Азыранкуловдун жетекчилиги менен миң тоннага жакын көмүр ТОО "Кулан ТБдан" тоннасы 50 доллардан көмүр ташылып келип, социалдык мекемелерге таркатылат. Ушул эле көмүр Нижнее Серафимовкадагы карылар үйүнө 481 тоннасы жеткирилсе мындан сырткары 14 со-
циалдык мекемелерге таркатылган. Бирок бул аракетте Аман Тентиевдин кылдай тиешеси жок эле. Айырмасына маани бериңиз. Бир эле жерден көмүр Бишкек ЖЭБ­и­не "Электр станциялар" тарабынан 23,5 доллардан келсе, Чүй облусу 50 доллардан сатып алды. Бир эле көмүрдүн Кыргызстанга болгон эки баасы биринде тазалыкты жана тактыкты көрсөтсө, экинчисинде тойбос коррупциянын челкейген курсагын көрсөтүп турат. Бирок буга карабастан коомчулуктун алдында Чүй облусунун губернатору Азыранкулов же мына ушул көмүрдү кымбат баада ташып келүүгө салым кошкон бир да чиновник телекөрсөтүүдөн же гезиттен түшүндүрмө беришкен жок. Анан да текшерүүчү органдар эмне үчүн бир эле жерден эки баада көмүр келди деп сураган учуру байкалбады. Ушундай көрүнүштөн улам Аман Тентиевди көмүр алып жатып кантип өз кызыкчылыгын ойлоду деп айтууга болот?
Биринчиден ал министр Шадиевдин, экинчиден ошол мезгилдеги Кыргыз Өкмөтүнүн чечимин так жана тез аткара баштаган. Анын аракетинде бир тыйындык пайда көрүүнүн элеси байкалбайт. Ал эми тиешелүү Энергетика министрлигинде атайын токтом менен өткөрүлгөн жыйында чечилген маселени Аман Тентиев бурмалоого укугу да жок эле. Анткени Бишкек шаарынын ЖЭБин көмүр менен кышка карата камсыздоо Энергетика министрлигинин тыянагы, Финансы министрлигинин макулдугу жана Өкмөттүн чечими менен аныкталып жатты.
Тагыраак айтканда, ташып келип кайра ташып кеткен жалпы чыгымдын баасы 220 миң долларга бааланып аны төлөп берүү жагы Казакстандык "Кулан ТБ" компаниясына милдеттендирилди. Албетте, ушул эле мезгилде тоннасы 50 доллардан алынган Чүй облусуна келген көмүрдүн да тагдыры кошо чечилди. Аман Тентиев Бишкек ЖЭБинин гана маселесин эмес Чүй облусунун көйгөйүн чечкен үчүн ага рахмат айтуунун орду турат.
Ошентип Казакстандан келген радиоактивдүү көмүрдүн чыры эки айга чукул ызы-чуу болуп, талаш-тартыштар калыбына келгендей болду. Бул маселе Жогорку Кеңеште, Өкмөттө, Башкы прокуратурада бир нече ирет талкууланып, айрым чечкиндүү чаралар көрүлдү. Натыйжада Энергетика министри Аскарбек Шадиевге Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш жазык кодексинин 303-беренесинин 4-бөлүгү менен 316-берененин 4-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, министрлик кызматынан убактылуу четтетилди. Ал эми көмүрдү Кыргызстанга чек арадан текшерип киргизген бажы кызматкерине жана санэпидстанциянын дарыгерине кылмыш иши козголуп абакка алынган.
Садыр Жапаров,
ЖКнын депутаты
"АтаЖурт" оппозиция
фракциясынан:
- Мен Жогорку Кеңеште радиоактивдүү көмүрлөр жөнүндө өтө катуу айттым. Казакстандан Кыргызстанга ири өлчөмдөгү көмүр радиоактивдүү абалда келип жатса чабак сыяктуу бир бажычы менен санэпидстанциянын кызматкерин жоопко тартышыптыр. Киттер жөнүндө эмне үчүн сөз болбойт? Ушул маселени чечкен министр Шадиев же Кыргыз Өкмөтүнүн жоопкерчилигин ким карайт?
Ал эми Аман Тентиев жөнүңдө мындайча айтат элем. Эгер ал өз кызыкчылыгын ойлосо көмүрдү чүйлүктөргө окшоп 50 доллдардан болбосо да 40 доллардан алса ага деле жарашмак. Мен ойлойм бул маселени териштирген комиссия жана тергөө органдары Аман Тентиевдин мекенчилдигин, тактыгын жана бул маселени өз убагында кайра чечкен аракетине туура баа берет болуш керек. Азыр Аман Тентиев сыяктуу кадрларды табуу оңойго турбайт.
Карыпбек Алымкулов, Энергетика тармагынын ардагери,
техника илимдеринин
доктору, эл аралык
инженердик академиянын академиги, "Электр
станциялар" ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы:
- Аман Тентиев келгенден кийин "Электр станциялар" ААКсында мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр болду. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен баамдасак акционердик коом 2,5 миллиард сомдон киреше менен чыкты. Албетте, бул цифранын артында канчалаган экономикага болгон аяр мамиле, коррупция менен болгон аёосуз күрөш жатат. Аман кыргыз өлкөсүн сүйө билген мекенчил жана баардык мамилелерге так адам. Анын аракети менен акционердик коомдун тармагында иштеген карапайым жумушчуларга бир жылда болуп көрбөгөңдөй камкордуктар көрүлгөн. Ага жамаат ыраазы. Мындай кадрларды оңой менен табуу кыйын.
Валентина Касымова,
КРнын энергетика
министрлигиндеги
коомдук байкоочу кеңештин мүчөсү:
- Мен канча жылдардан бери бул тармакта иштеп келем. Бирок Аман Тентиевдей ишкер, өжөр, так жетекчини көргөн эмесмин. Радиоактивдүү көмүрдүн Кыргызстанга келип калышына ал аябай кейип жүрдү. Чындыгында бул ишке Казакстандык көмүр сатуучулар күнөөлүү деп ойлойм. Анткени алар Кыргызстанга көмүр берип жатып, ал продукциянын радиоактивдүүлүгү жөнүндөгү атайын тастыктамаларды беришкен. Мындай мамиле беш-алты жылдан бери болуп келген. Бул жерде Казакстандыктардын калпыстыгы болуп калды. Ал эми чүйлүктөргө окшоп 50 доллардан эмес, 23,5 доллардан көмүр алып келген Аманды эми жазалаш керекпи? Мен ойлойм тергөө органдары гана эмес бул жөнүндө бийлик да адилет баасын бериш керек.
Соңку сөз
Журналисттик иликтөөнүн жыйынтыктарына келсек бир гана пикирди айтуунун орду бар. Аман Тентиевге рахмат айтып мамлекеттик сыйлык берүү керек. Анын мекенчилдигине аргасыз баш чайкап ыраазы болосуң. 2011-жылы ал жетектеген акционердик коом 14 миллиард 957 миллион килловатт саат электр энергиясын иштеп чыккан. Мындай көрсөткүч акыркы 20 жылда болбоптур. Ал эми акцио­нердик коомдун өткөн жылдагы накталай кирешеси 2,5 миллиард сомдон ашып олтурат. Дал ушул Аман Тентиев Өкмөт менен Энергетика министрлигинин буйругун так аткарам деп, Казакстандык көмүрчүлөрдүн калпыстыгына туш болду. Бирок ага адилет баа берсек анын аракетинде кылдай карасанатайлык жок. Кайра Аман Тентиевдин мекенчил сезими менен радиоактивдүү көмүрлөр өлкөгө бир тыйын чыгым келтирбей туруп Кыргызстандан ташылып кетти.
Радиоактивдүү көмүрдүн айланасындагы ызы-чуудан улам Тентиевдин күнөөсү эмнеде деген суроо жаралат. Айрым саясатчылар, эксперттер жана тажрыйбалуу адистер анын бул жерде эч кандай күнөөсү жок, болгону ал кыргыз өкмөтүнүн саясатын жүргүзгөн чоң рангадагы чиновниктердин буйругун так жана ийкемдүү ошондой эле эң башкысы үнөмдүү талапта аткарган деп баалашат. Эми ушул жерден да кылмыштын аракети изилденсе анда Кыргызстанда ким жетекчи болуп иштейт? Өлкөбүздөгү МЕГАКОМдун айланасындагы чыр, жаңжал али басыла электе "Электр станциялар" ААКнын айланасындагы жасалма ызы-чуу күч алды. Максат эле жаңыдан коомубузда пайда болгон жаш жетекчилерди сындырып, жаманатты кылуу максаты тургансыйт. Эгерде жаш жаңы кадрларды ушундай кыла берсек анда биз Кыргызстандын олигархтары жана коррупция каармандары менен гана жашашка туура келгенсийт.
Ал эми радиоактивдүү көмүр Бишкекке ЖЭБинен бир киллограмы иштетилбей ал жагылган жок. Эң башкысы ал коррупцияланып кымбат болуп Кыргызстанга келген жок. Бул көмүрдүн Кыргызстанга келип кетиши да толугу менен Казакстандык "Кулан ТБ" компаниясынын жоопкерчилигине өттү.
Биз билген маалыматтарга караганда Казакстандагы "Кулан ТБ" ТОО ишканасына карата экономикалык жана кылмыш иштери козголуп, бул талаш-тартыштар чечилгенче анын иштөөсү токтотулган. Аман Тентиевдин дипломатиялык чечкиндүү аракеттери менен эки өлкөнүн ортосундагы талаш-тартыш кошуна менен болгон мамиледен да тез жана так бүткөндүгү анын чыныгы иш билги жетекчи экендигин көрсөтүп турат. Ушундан улам мезгил талабындагы ишкер жана ийкемдүү жетекчи кадрларды сактап, аны келечекте кыргыз элинин намысына күч катары даярдоо бүгүнкү мезгилдин жоопкерчилиги экенин сезүүнүн гана орду бар.
Санжар Андагулов






Кыргыз Туусу
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!