Парламент комитетинде
- Мектептердин директорлору ата-эненин акчасын түгөнбөгөн кенчке айландырып алышкан. Баарыбыз балабыз үчүн акыркы тыйыныбызды бергенге даярбыз. Алар мына ушундан абдан пайдаланышат. Союз учурунда мектептин директору жумасына кеминде 12 саат сабак бербесе дароо кызматтан кетчү. Азыр бир дагы мектептин директору сабак бербейт. Ал бизнес-менеджерге айланып алган. Мектеп директорлорун ротация кылууну көтөрүп жатабыз. Мисалы, Бишкектин мектебинде жакшы иштеген директорду, алыскы Чаткалдын бир мектебин жетектөөгө жибергенибиз оң, - дейт Жогорку Кеңештин билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев "Кыргыз Туусунун" кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып. - Мектептин инфратүзүмүн жакшыртуу жана муктаждыктары үчүн ата-энелерден куралган Камкордук кеңеш (попечительский совет) түзүүгө мыйзам жол берет. Бирок, ата-эне мугалимге же директорго акча бербестен, айталы, бор тартыш болсо беш-алты кг. бор, китеп тартыш болсо класстын окуучуларына китеп сатып берсе эмнеге болбосун? Негизги тартыштыкты мамлекет милдеттүү түрдө каржылашы керек. Бирок, бир топ мектептердеги Камкордук кеңешинин жетекчиси директор менен биргелешип алып, ата-энелерден чогулган акчаны жеке бизнесине салгандары четтен табылууда. Ал түгүл мектепте баласы окубаган адам да Камкордук кеңештин жетекчиси болуп алган фактылар бар. Жакынкы арада мындай фактыларды аталган комитет ачыкка чыгаруу убадасын берди.
Учурда 8 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу боюнча кылмыш иши козголуп жатат. Тилекке каршы, булардын бирөө дагы сотко чейин жеткени жок. К.Осмоналиевдин айтуусунда бул мышык-чычкан оюнундай эле иш болууда. "Ал түгүл бизди Бишкек мэриясына караган чиновниктер мектеп директорлорун иштен алаксытып, сабак берүүсүнө тоскоолдук кылып, парламенттеги коомдук угууга чакырып жатасыңар", - деп күнөөлөшүүдө. Чынында бир да директор сабак бербейт. "Мени сен эл душманысың" - дегенге чейин баргандар чыкты. Чынында Кыргызстандын мектептериндеги абал абдан кыйын. Ата-энелер көтөрүлүш чыгара турган абалга келип жетти. Мугалим окуучудан сабакты сураштын ордуна, классташтарынын көзүнчө тургузуп алып акча сурайт. Акчасы жок болсо чыгарып жиберген учурлар бар. Ата-энесинен мектеп үчүн акча ала берип тажаганда базарга барып араба түртүп жүргөн окуучу кыздын аты, фамилиясы менде жазылып турат. Ошондуктан 8 гана эмес, 80 мектепте акча чогултуудан чыккан талаш тууралуу бизде маалымат бар. Азыркы күндө башкы рэкет - бул жалпы билим берүү мектептеринин директорлору болуп калды. Базардагы 13 жаштагы баладан эмне үчүн окубай жүргөнүн сурасам, "мен иштеп эжемди окутам, анан эжем иштеп мени окутат" - деген жообуна ыйлагым келди, - дейт эл өкүлү К.Осмоналиев.
Быйылкы жылдан баштап, жогорку окуу жайларына өтүү үчүн мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн квота бөлүү, университеттерге Билим, илим министрлиги гана эмес, көзкарандысыз эксперттер тобу да лицензия берүүгө катышуусу керек деген мыйзам долбоорун депуттаттар тобу сунуштап жатышат. Бүгүнкү күндө жогорку аттестациялык комиссиянын ишинде да толгон-токой мүчүлүштүктөр бар. Ушуга байланыштуу илимий даражаларды ыйгаруу укугун ЖОЖдордун өздөрүндөгү илимий кеңештерге берүү демилгеси да депутаттарга тиешелүү. Союз учурунда курулган бала бакчалардын көбү бизнес түзүмдөрүнө берилип же жеке менчикке өткөрүлүп кеткен. Эми аларды кайрадан бала бакчаларга алуу жана жаңыларын куруу маселеси да комитет депутаттары тарабынан көтөрүлүүдө.
Бишкектин мектептеринде 135 мугалим жетишпейт. Окуу китептеринин тартыштыгы да жоюлбай келет. Мектеп рэкетчилиги борбор калаада гана эмес, аймактарда да өрчүп кетти. Жалпысынан өлкө мектептериндеги абал абдан оор. Мына ушундай жыйынтыкка келген парламенттин жогоруда аталган комитети жакынкы апталарда республиканын аймактарын кыдырышып, көчмө жыйындарды уюштурууну көздөшүүдө.
Жогорку окуу жайларынын илимий тармактарына 150 млн. сом бөлүнгөнү менен ал жакта эч кимге пайда алып келбеген иштер жасалып жатыптыр. Кыргызстанда илимдин кандидаттары менен докторлору абдан көп. Бирок, алардын илиминин канчасы өндүрүшкө алынып, практикалык пайдасын тийгизип жатканы менен эч кимдин иши жок. Муну да парламенттин Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин депутаттары көтөрүп чыгышкан. Ушуга байланыштуу илимий-инновациялык фонд түзүү демилгесин эл өкүлдөрү сунуштап жатышат.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"
Аксы окуясына - 10 жыл
АВТОРДОН: 2002-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинде уккан адамдын тула боюн титиреткен кандуу Аксы окуясына байланыштуу маселе каралган. Чынын айтайын, убагында Коопсуздук кеңешинин жүрүшүндө анткорлонгон Ажобузга, анын жанындагы жагынпоздорго аябай ачуум келип, кыжырым кайнаган. Анткени арадан эки айдан ашык убакыт өтсө да караламан элди "Аткыла!" - деп кимдин буйрук бергени так аныкталбай, "Мен сага тийбейм, сен мага тийбе" - дешип бири бирин жоопкерчиликтен ала качышканы калайык-калкыбыздын нааразычылыгын күчөттү.
Эл алдындагы мындай жүзүкаралыкка, бетпактыкка менин адамдык да, акындык да абийирим жаныма тынчтык бербей, эрксизден калем сап кармадым.
I
Ким атты? Кимди атты?
Кимди ким, эмнеге атты?
Кимиси буйрук берди,
Билалбай башым катты.
Ким аттырса боорум, аксылыкты
Эки дүйнө көрбөсүн жакшылыкты!
Көз ачырбай жамгыр жаайт нөшөрлөп
Айтуу кыйын: арты не, жакшылыкпы?..
"Жер саттырган болобу?"
"Эл аттырган оңобу?!"
Селт эттирди калайыкты
Ушул суроо оболу.
Каны башка саттырат
Каны башка аттырат.
Кайгыргандын ордуна
Моокуму кана каткырат.
Кайра элди күнөөлөп:
"Кайраштырган бирөө" - деп
Кара жолтой хан болду,
Өз элин өзү күнүлөп.
Ажо өзү саттырбаса,
Ажо өзү аттырбаса.
Анда шайтан башкарабы?
Айтсын өзү Аскар мырза.
Тартып алган тактысы бар
"Ат!" - дегенге акысы бар.
Азабына эл чыдаган,
Аскар ажо бактысы бар.
Сот колу менен "шайланган",
Эл ишенчинен айланган.
Эл бузар эссиз депутат
Абийирин сатып алданган.
Чачпагын сүйрөп артынан
Мартаба тапкан калпынан.
Май челпек жерге отуруп,
Бөлүшөт жеген "тарпынан".
Кемирген майлуу жиликти,
Ордону тыйпыл чиритти.
Келишкен кемпай жети таз,
"Менчиктеп" алып бийликти.
Өлкөбүздө будуң чаң, башаламан,
Өндүрүшү токтоп тамам...
"Өгүз өлбө"... саясаттан өксүдүк,
Ачкалыктан ыйлайт балам.
Иштегенге жумуш болбой
Кара курсак анча тойбой.
Кыргыз эли тарап кетти
Журт эгеси ээ болбой.
Арылбай элим азаптан
Кордукту көрдү казактан.
Жарылып мина Баткенде
Жантаслим болду көп пенде.
Балтыр эти кателек
Балдар барат базарга.
Көрүп туруп көз менен
Жер таппай калам батарга.
Жылдызын элдин түшүрүп
Жыргатпай калдың түшүндүк.
Тил эмизген убадаңа
Ишенмек түгүл, түкүрдүк!
Баш мыйзам улам-улам балталанып
Бар байлыкты "үй-бүлө" алып.
Баш министр "башы" кетет
Өкмөт бат-бат "талкаланып".
Каратып туруп калп айткан
Жадыбалдай шарт айткан.
Камчыга сап болорду
Жалаа жаап каматкан.
Кылгылыкты кылып коюп
Кыл жип менен бууп коюп.
Каалаганын жасайт дале
Кытмырлана күлүп коюп.
Чыдоонун да чеги болоор
Кан төгүлсө кеги болоор.
Сот, милийса, прокурору
Желдет экен талап, тоноор.
Кыңыры ишиң билинер
Кылтакка башың илинер.
Казына уурдап салдырган
Өрттөнүп кетсин үйүңөр!
II ЭЛ ДЕМИ
Азаматсың Азимбек, кебелбеген
Мыш болушту аксымдар жеңем деген
Алтын казык Аксынын эли колдоп
Ажо баштап сүрүңдөн элеңдеген.
Камап салып канатын кайрыйбыз деп,
Караан туткан элинен айрыйбыз деп.
Катын байпак чүмкөнгөн каракчылар
Чап салышты түрмөдө жайлайбыз деп.
Көзү өтүп эли берген мандатынан
Кайра тартпай көркоолук адатынан.
"Тазалагын көзүн" деп Ажо өзү
Буйрук берген тымызын жең учунан.
Жок кылышса жан тынч алып тынаарын
Таң эртелеп жолго калбай чыгаарын.
"Жолун таап бураманы бошот" - деп
Кара катын кылып койду кылаарын.
... Төө-Ашууга жетип-жетпей куламак
Кыргыздын бир кырааны да суламак.
"Каш-кабактын ортосунда кырсык" - деп
Каракүчкө көңүл айтып кутулмак.
Башка иш түшпөй унутулат Кудайың
Сактайм десе сактайт тура Кудайым.
Миң мертебе тооба этем Теңирге
Ишиң актан Теңир кылды ырайым.
Сындырам деп сындыралбай коюшту,
Тындырам деп тындыралбай коюшту.
Айла-амалын табалышпай көркоолор
Алты ай бою соттой албай чоюшту.
Соттотом деп союл кармап эрдемсип,
Жерден эмес, көктөн түшүп келгенсип.
Сотун соттоп жинин какты мыш кылып
Азимбекти элдин деми шердентип.
Эл толкуду Азимбекти колдогон
Үмүт үзүп адилетсиз борбордон.
Эл алдына келалган жок бирөө да
Элге каршы бети кара чоңдордон.
Айланайын, аксылыктар боорум
Ким тартса да анткор Ажо чоорун.
Күнү бүтөт Күн баткандай кадиксиз
Берет анан эл алдында жообун.
Элдин соту кечиримсиз, акталгыс
Эл астында жоопкерсиң жапжалгыз.
Жети кабат жерге кирип кетсең да
Жети кылым кыңыр ишиң жаппайбыз.
Эл алдына жарабаган
келгенге
Эл алдында ачык болду
шерменде.
Андай эле ак, түздүгү чын
болсо
Жок дегенде келбейт беле
Кербенге.
Тынчтыкбек Нурманбетов,
Бозпиек айылы,
25-май, 2002-жыл
Акча доолаган мектеп,
араба сүйрөгөн кыз...

АКСЫ АЛААМАТЫ