Президенттин 100 күнү

Мамлекеттин


келечеги, элинин


эртеңи үчүн...


Мезгил деген - учкан куш сымал. Жаңы шайланган Президент Алмазбек Шаршенович кечээ эле президенттик ишине киришкенсип жатты эле, билинбей үч ай арып, 100 күндүн жүзү болуп калыптыр. Президенттин 100 күндүк мээнетин ийне-жибине чейин терип-тепчип жазайын деген нээтим жок. Аны башкалар да жазаар... Мен өз кесибиме жана манкурт, космополит, нигилисттерди жек көргөн мекенчилдик табият-жетеме мүнөздүү өзүмө жакын эки эле маселе боюнча Президент Алмазбек Шаршеновичтин жасаган чечкиндүү кадамдары жөнүндө өз ой-толгоомду билдирип койгум келип жатат.

Улуулуктун улуусу,
ыйыктыктын ыйыгы
Кыргыз үчүн жана кыргыз катары мен үчүн эки улуу ыйык нерсе бар: Бири - эне сүтү менен бүт денеме тараган эне тилим; экинчиси - элим түзгөн өлкөм, мамлекетим.
Өлкөсү жок, мамлекети жок эл, улут болушу, жашашы мүмкүн. Канчалаган элдер, улуттар мамлекети жок жүрүшөт. А бирок эне тилисиз бир да эл, улут жашашы мүмкүн эмес, болушу да мүмкүн эмес. Ошондуктан бардык иш-аракет - ушул эки ыйыкты - кыргыз тилин жана кыргыз мамлекетин сактап калуу, аны өнүктүрүү жана анын кызыкчылгы үчүн башты баталгыга тосуп иш кылуу. Мамлекеттин бардык иши ушуга багытталышы, ушуга багындырылышы зарыл. Ушул эки маселе улуулуктун улуусу, ыйыктыктын ыйыгы экендигин түшүнүшүбүз керек.
Арийне, тил башка кубулуштардан айырмаланып, бир топко чейин катып коюп, анан керек болгондо кайра алып пайдаланам дегендей нерсе эмес. Сүйлөнбөгөн, колдонулбаган, баркталбаган тил "жибекке ороп, алтын сандыкка салып" катсаң да жоголот. Тил сүйлөнгөндө, колдонулганда гана тил катары жашайт, элдин энчи, улуттук аң-сезимдин кенчи боло алат. Тил ушунда гана өлкөнүн эн белгиси - атрибуту, мамлекетти түзгөн элдин духу, ар-намысы боло алат. Ушуну түшүнгөн Президент Алмазбек Атамбаев эл алдында ант берип жатып ыйманына камчы чаппай, мурдагылардай болуп жалтактап жазганбай, келгиндердин көзүн карабай, тигилер эмне деп коет экен деп бүжүрөп-бүгүлбөй гана "Кыргызстанда жашап жаткан ар бир адам кыргыз тилин билиши керек, үйрөнүшү керек". "Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүкүтүрүү зарылчылыгы турат, кыргыз тилин үйрөнүүнү балдар бакчасынан, мектептен башташыбыз керек... Мектептерди мамлекеттик тилдеги сапаттуу окуу китептер менен камсыз кылуу керек", - деди.
Ушул эле сөзүн Президент Алмазбек Шаршенович 29-февралда Кыргыз теле-радио компаниясына жана ЭЛТР коомдук телеканалына берген интервьюсунда кайталады, башка учурларда да ушул оюн ачык билдирип келет. Демек, муну мен Президенттин жөн гана кыргызды тынчытып "алдап" коюу үчүн айтылган куру сөзү эмес, анын жан дүйнөсүндөгү бийик ишеними, өзүнүн максаты катары белгилеген Күчтүү Кыргызстан, Бирдиктүү Кыргызстан, Көзкарандысыз өнүккөн Кыргызстанды түзүүдөгү стратегиялык иши деп түшүнөм.

Кабырга
кайыштырган
үч маселе
Мен А.Атамбаевдин бул сөздө­рүнөн үч маселенин башын көрүп турам:
Биринчи маселе: Эгемендүү Кыргыз мамлекетинде кыргыз тили мамлекеттик тил катары өзүнүн статусуна ылайык деңгээлге көтөрүлө албай жатканын мойнуна алуу менен, аны өнүктүрүү зарылчылыгын, ал үчүн саясий эрк керектигин, жалпы элдин, өзгөчө депутаттардын, ириде өз партиялаштарынын түздөн-түз колдоосу зарыл экендигин айтты. Муну жалпы эл кубаттоо, туура экендигин түшүнүү менен кабыл алдык. Бул маселенин калетсиз экендигин Жогорку Кеңештин эси кеткен эркек депутаттары эстерине келгенче кайраттуу, көйкашка айым депутаттары ачык белгилешип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйындарында чиновниктер, өзгөчө кыргыз чиновниктер, кыргыз депутаттар кыргызча сүйлөшсүн деген туура, элдин талабын, элдин көйгөйүн көрсөткөн сөздөрүн айтышты.
Мындай талаптын логикасы бар, айымдардын талап кылууга моралдык укугу да бар, андан калса алардын милдети деп да түшүнөм. Анткени, биринчиден, республикадагы жалпы калктын 74%га жакынын кыргыздар түзөт, ошол чиновник кыргыз сөрөйлөр сүйлөгөн орус тилинде республикада болгону 7%дан ашпаган орус тилдүү калк калды, экинчиден, орусча сүйлөгөн манкурт чиновник, статс-катчы, депутат ошол 74%га жакын кыргыздын салыгынан түшкөн акчадан маяна алып жашап жатат. Алардын салыгынан түшкөн акчасын алышса, жешсе, үй-бүлөсүн бакса жакшы, а бирок ошол элдин тилинде сүйлөгүлөрү келбейт. Эмне, буларга кыргыздын акчасы адал, тили арамбы? Ошолорду жалпы эл багып жатат го... Мындай депутат, мындай министр, мындай статс-катчы кимге керек.
Мындан дагы жаманы Президенттин партиялаштары Карамушкина сыяктуулар Алмазбек Шаршенович көтөргөн саясий маселеге, саясий багытка каршы болуп, бут тосконун кандай баалоого болот.
Ооба, "депутат катары ар ким оюн айтканга укуктуу", юридикалык укугу бар. Бирок Кыргыз Республикасынын жараны катары, Кыргыз Респуб­ликасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары катары, Президент маселе көтөрүп "Кыргызстандык
атуул" кылам дегендей кыргызстандык катары кыргыз тилине каршы болгонго моралдык, этикалык, деги эле адамдык укугу барбы...? Мамлекеттин укугун, мамлекетти түзгөн жана анын ээси болгон улуттун укугун, анын маданиятынын, тилинин укугун тебелеп-тепсеп кор кылып бүттүк го... Деги ушундайларды "Кыргызстандык атуул" кылуунун тыйынча зарылчылыгы барбы. Баары бир башка жакты карап уңулдап турушат экен го, булар.
Экинчи маселе: Президент мамлекеттик тилди үйрөнүүнү бала бакчадан, мектептен баштоо керек деген талап койду. Мунусу да туура, эчактан бери көтөрүлүп, бирок, тилекке каршы, ишке ашпай келаткан көйгөй. Муну чечиш үчүн да саясий эрк керек: биринчиден, өкмөттүн ушул маселеге тиешелүү чиновниктердин, мекеме жетекчилеринин чечейин, ишке ашырайын деген чечкиндүү, мекенчилдик каалоосу, тынымсыз аракети керек; экинчиден, жалпы коомчулуктун колдоосу, адистердин тынымсыз үзүрлүү талыкпаган эмгеги керек; үчүнчүдөн, каражат, ошол каражаттын максаттуу, багыттуу жумшалышын тескеген катуу көзөмөл керек.
Менин байкашымча бүгүнкү күндөгү кыскартуунун таягы баягы эле мамлекеттик тил борборлорунун, усулдук кабинеттердин кызматкерлеринин баштарына тийүүдө. Бишкек мэриясы, администрация, министрликтер баягы "жаман эмне энесине тап" деген сымал мамлекеттик тил кызматкерлерин кыскартып, кошуп, бириктирүү иштери менен алектенүүдө. Дасыккан кызматкерлерди айдап жиберип, кыргыз тилин бала бакчада ким окутат.
Үчүнчү маселе: Президент мектептерди мамлекеттик тилдеги сапаттуу окуу китептери менен камсыз кылуу керек деген талап койду. Бул эми түбөлүк проблемага айланган маселе эле. Эгемендик алгандан бери мектеп билим берүү системасын реформалап келатышып, системаны талкалап бүтүштү. Чет элдик донорлордон көп акча түшкөн тармак 20 жыл ичинде ушу мектеп билим берүү системасы болду окшойт. Бирок, тилекке каршы, маселе чечилбей кээрине гана кетип келди. Себебин териштирген эч ким жок, акчалар кумга сиңген суудай болуп бир жагынан ошол акча берген донорлор эксперт чакырышып, өздөрүнө олчойгон маяна кылып жеп кетишсе, экинчи жагынан, жергиликтүү чиновниктер мүлжүп, жада калса жаңы китеп чыгарганга каражат жок отурабыз. Бүгүн жалпы билим берүүчү орто мектептерде башка өлкөлөрдүн, башка элдердин китептерин окутуп жатабыз. Бул - өтө чоң күнөө, өтө чоң коркунуч, улуттук, мамлекеттик коопсуздугубузга залал, зыян келтирүүчү көрүнүш. Ошондуктан тажик мектептеринде тажик мамлекетинин, өзбек мектептеринде өзбек мамлекетинин, орус мектептеринде Россиянын китептерин окутууну тезинен кан буугандай токтотуу зарыл. Анткени ал окуу китептеринин биринчи эле бетинде ошол өлкөлөрдүн герби, гимни, президенттеринин сүрөттөрү турат, Менин өлкөм Тажикстан, менин өлкөм Өзбекстан, менин өлкөм Россия деп кашкайып жазылып турбайбы, башкаларын айтпай эле коёлу.
Туура жана чечкиндүү көтөрүп чыкты
Кийинки маселе - Кыргыз өлкөсүн, кыргыз мамлекетин коргоо, коопсуздугун камсыз кылуу, өнүктүрүү, анын кызыкчылыгы үчүн иштөө.
Бул багыт боюнча Президент чоң иштерди белгиледи. Президенттиктин биринчи эле күндөрүнөн тарта "Менин бир гана максатым бар - Кыргызстанды бириктирип, ынтымактуу, күчтүү, бирдиктүү мамлекет кылып кетсем, менин тилегим - Кыргызстандын президенттери эмес, Кыргызстан өзү Борбордук Азиядагы ажыдаар болуп кетсе" деп келет.
Менин түшүнүгүмдө Парламенттик өлкөнүн Президенти экендигине карабай күчтүү саясий эрк менен көйгөйлүү маселелерди туура жана чечкиндүү көтөрүп чыкты. Президенттик айрым бир ыйгарым укуктардын чектелгендигине байланыштуу көп маселелерди Өкмөт чечиш керек, Парламент чечиш керек. Ошондой болсо да мен бүгүнкү күндө кыргыз мамлекетинин
коопсуздугун камсыз кылуу, сактап калуу, өнүктүрүү багыты боюнча жасалып жаткан бир-эки маселе жөнүндө айтсам дейм.
Албетте, Алмазбек Шаршенович - профессионал саясатчы, коомдук-саясий өнүгүүнүн кара казанында шакардай кайнап келе жаткан ишмер, бетке чапма, чечкиндүү, саясий эрки күчтүү инсан. Өлкө жетекчисине тиешелүү мүнөзү жетишээрлик, андан калса топуктуу, ка-
ниетчил, ыймандуулукту туу туткан кудай деген адам.
Тышкы саясат маселесине келсек тартынбай, апкаарыбай, коркуп-үркүп калтаарыбай тең деңгээлдик принцибинин негизинде "Биз, Кыргызстан, эгемендүү мамлекетпиз, биз бирөөнү таарынтып албайлы деп саясат жүргүзбөшүбүз керек, башка чоң мамлекеттер да Кыргызстан эгемендүү мамлекет, эгемендүүлүгүн бербей тургандыгын моюнга алуусу зарыл", - деп так кесе айтты. Ушул ички ишеними анын Россия державасынын Президенти Д.Медведев менен жолугушуу учурунда аны менен эгемен өлкөнүн Президенти катары теңата сүйлөшө алуусу үчүн, алган милдеттемелериңерди аткарбайсыңар, карыз экенсиңер, министрлериңиз буга эмне көңүл бурбайт деген кыязда кичине сес көрсөтө сүйлөшү үчүн негиз болду. Ошону менен эле катар дүйнөлүк эки супер державанын согуштук базаларынын биздин өлкөдө катар жайгашуусунун маселелерин козгоп, бул күнкорсуз эгемен өлкөнүн эгемендүүлүк принцибине кайчы келээрлиги жана аларды республикадан чыгаруу жөнүндөгү маселелерди ачык көтөрдү. Ушундан кийин гана Азербайжан, Тажик мамлекеттеринин президенттери да Россиянын аскер базалары, анын карыздары жөнүндө аздап болсо да ооз ачканга жарашты.

Өз элинин
кызыкчылыгын
сатпай...
Арийне, Алмазбек Шарше-новичтин ушундай чечкиндүү кадамдары, тайсалдабай ачык айткан маселелери өзүбүздүн ичибиздеги эле айрым бир серепчимин дегендердин, Президентти анча жакшы көрө бербеген, ага оппозициядамын деп тоорулгандардын Президент дипломатиялык нуктан чыгып, Кыргызстанды ыңгайсыз абалда калтырып койду, базаларды чыгарабыз, карызыңарды төлөгүлө деген маселелер Президенттин прерогативасы, иши эмес эле, эми Россия, Америка менен болгон мамиле бузулат, шайлоодон кийин Путин көрсөтөт", - деген сымал түкшүмөл сандырактаган ойлорго жетеленишине түрткү болсо да менде жана элдин көпчүлүгүндө маселе ушундай өңүттө айтылышы керек болчу деген жылуу ой пайда болду.
Биз бир нерсени унутпашыбыз керек. Президент чарба ишине кийлигишпейт. Туура, бирок ал башкы командачы, Мамлекеттин кепилдиги катары өлкөнү кор-гоого, Мамлекеттин коопсуздугуна түздөн-түз жооп берет да. Өлкө коопсуздугуна коркунуч туудурган ар бир маселе Президенттин көз жаздымында калбаш керек. Ал ички маселеби, тышкы маселеби, жеке маселеби Президенттин көзөмөлүндө болушу зарыл. Эл аны ошон үчүн шайлаган, ошондуктан ал мамлекеттеги эң жогорку кызмат орун. Президент ушуга жараша маселе көтөрүп, ушуга жараша чечиши, чечим кабыл алышы зарыл.
Мен ойлойм, Алмазбек Атам-баевдин койгон талабын, сүйлөгөн сөзүн Путин да, Медведев да туура эле түшүнүп, туура эле кабыл алат. Анткени алар биздин айрым бир "көзү ачык" саясатчылардай жеңил-желпи адамдар эмес. Алар - чындыкты, позицияны урматташкан профессионал саясатчылар. Өз элинин, өз мамлекетинин кызыкчылыгын сатпай, бүжүрөбөй, ал үчүн күйүп-бышып, ачык, ачуу айткан теңата адамды душман да сыйлайт, аны менен душман да эсептешет.
Андан калса, биз ачык айтышыбыз керек, Кыргызстанда Россиянын стратегиялык кызыкчылыгы өтө жогору. Бизге Россия кандай зарыл керек болсо, Россияга Кыргызстан так ошондой эле керек. Россиянын Борбор Азиядагы стратегиялык кызыкчылыгы Кыргызстан аркылуу аныкталат, Кыргызстан аркылуу ишке ашат, ошондуктан эми Россия­нын бизге мамилеси салкындайт, бизге кыйын болот деген жоромол-божомолдор суу кечпеген сөздөр. Биз муну так түшүнүшүбүз зарыл.
Сыртбай МУСАЕВ,
КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, КРнын ИУАнын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор






Кыргыз Туусу
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!