Коррупцияны ооздуктоо, экономиканын
өр тартышы үчүн
"Финансы полициясын жоюу тууралуу жана экономикалык кылмыштуулукту иликтеген жаңы уюмду түзүү тууралуу чечим чыгардым", - деди Премьер-министр Өмүрбек Бабанов кечээги Өкмөттүн кеңешмесинде.
Анын билдирүүсү боюнча жаңы кызматка алынуучуларга бир ай аралыгында конкурс жарыяланып тандалат. "Негизги талап - кынтыксыз иштегендиги, чынчылдык, кесипкөйлүк. Учурда финансы полициясында иштеп жатышкандар да конкурска катыша алышат. Бардык кабыл алуу жогорку деңгээлде ачык өткөрүлөт. Тестирлөө телекөрсөтүү аркылуу көрсөтүлөт. Бардык кылмыш иштеринин бетин ачуу уланат", - деди Өкмөт башчы.
Ал эми тоо-кен тармагы маселеси каралганда Кыргызстанда жер-кен иштетүү тармагы ИДПнын 10%ын гана түзөрүн экономика жана антимонополия саясаты министри Темир Сариев билдирди. Анын айтымында Кыргызстанда жаратылыш байлыктары, жер иштетүү боюнча жаңы мыйзам иштелип чыгууда. "Бизге жаңы мыйзам керек. Буга чейин тоо-кен тармагындагы кирешелер жең ичинен бөлүнүп, өлкөгө пайда алып келген эмес," - деди ал.
Т.Сариев Кыргызстанда "Кумтөр" кени гана ишке киргизилгенин, бирок анын тегерегинде дагы да болсо талаш-тартыштар токтобой келгендигин айтты. "Жаратылыш байлыктарын бекер пайдалануу массалык мыйзам бузууларга алып келип, саналуу адамдардын гана пайдасына иштеп келген. Инвесторлор менен жергиликтүү эл ортосунда түшүнбөстүктөр пайда болуп, жергиликтүү калк алтын кендерди иштетүүгө мүмкүндүк берген эмес", - деди ал.
Кыргызстан кен тармагын иштетүүдө Монголия жана Чили мамлекетинин тажрыйбасын колдонот. Анын айтымында, бул мамлекеттер жаратылыш байлыктарын туура пайдалануу менен экономикасын, элдин жашоо-шартын жогорулаткан.
"Кен байлыктар тууралуу" мыйзам долбоорунда жогорудагы мамлекеттердин тажрыйбасы эске алынган. "Мыйзам долбоору инвесторлорго шарт түзүү менен кен иштете турган жердеги калктын кызыкчылыгы эске алынган. Компаниялар кен иштеткен айылдын калкына социалдык жактан жардам көрсөтөт.
Жергиликтүү элдин социалдык турмушун жакшыртууга эл арасында терс пикир түзүлүп, алар кен иштетүүгө каршы болуп келишкен. Эл менен инвесторлор ортосундагы түшүнбөстүк жоюлуп, жагымдуу шарттар түзүлүшү керек", - деди ал.
Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу маселеси каралганда транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Шералы Абдылдаев курулуш иштерине 20 миң киши тартылаарын, ишке киргизилиши менен 3 миң адам туруктуу иштеп калаарын, курулушка 2 млрд. доллар сарпталаарын, жумшалган чыгым 10-12 жылдан кийин актала тургандыгын маалымдады.
Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу"
БШКнын чечими… нааразылык
14-мартта Оштогу борбордук аянтта "Улуттар биримдиги" партиясынын жактоочулары Борбордук шайлоо комиссиясынын Ош шаарындагы 5273, 5283, 5288 шайлоо тилкелериндеги шайлоону жокко чыгарган чечимине нааразылык билдирген митинг өткөрүштү.
Митингдин катышуучуларынын пикирине караганда БШКнын чечими "Улуттар биримдиги" партиясы үчүн берилген 3692 добушту (башкалардыкынан көбүрөөк болгон) кемитүү жана мандаттарды борбордук бийликтин камчысын чабуучу партияларга берүү үчүн жасалган аракет.
Алардын айтуусунда бийликтин көзүн караган соттор адилет чечим чыгарышы күмөн, ошондуктан мөөнөтсүз акциялар улантыла бермекчи.
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ, "Кыргыз Туусу"
"Жүрөккө жеткен тартуу"
КРнын Улуттук китепканасында КРнын экс-президенти Роза
Отунбаеванын катышуусу менен "Тартуу берүүчүлөр күнү" деп аталган иш-чара жана "Жүрөккө жеткен тартуу" деп аталган китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды.
Мында мурунку өлкө башчысы Роза Отунбаева өзүнүн жеке китепканасындагы 500гө жакын баалуу, полиграфиялык сапаты жана көркөмдүк жасалгасы мыкты китептердин коллекцияларын, журналдарды Улуттук китепкананын фондуна өткөрүп берди. Кыргызстандын экс-президенти китепкананын көрүнүктүү меценаттарынын бири. Ал китепти жана китеп окууну колдоо жана кеңири
жайылтуу, республиканын маданий-тарыхый мурастарын сактоо жана өнүктүрүү ишине чоң салым кошуп келет. Улуттук китепкана Р.Отунбаеванын баалуу китеп-теринен "Жүрөккө жеткен тартуу" аттуу китеп-сүрөт көргөзмө даярдады.
Бул иш-чарада Маданият жана туризм министринин орун басары Кожогелди Кулуев, КРнын Баатырлары Сооронбай Жусуев, Бексултан Жакиев билимди өнүктүрүп туруучу бирден-бир демилге китептерди сактап калуу экендигине токтолушуп, китепканалардын көйгөйлүү маселелери боюнча өз ойлорун ортого салышты. Улуттук китепкананын директору, профессор Жылдыз Бакашова өздүк китепканасын белекке берген экс-президент Роза Отунбаевага "КРнын Улуттук китепканасынын ардактуу окурманы" деген наам ыйгаруу менен төш белгисин тагып, окурмандык китепчесин салтанаттуу тапшырды.
Үмүтай ЭРАЛИЕВА,
Улуттук китепкананын жетектөөчү адиси
Ким келди, ким кетти?
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов кадр маселелери боюнча бир катар чечимдерге кол койду. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов КРнын энергетика жана өнөр жай министри Шадиев Аскарбек Алимбаевичтин КРнын Башкы прокуратурасы козгогон №150-12-11 кылмыш иши боюнча тергөө мезгилинде ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө арызын канааттандырды. Министрдин милдетин убактылуу аткаруу КРнын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Калмамбетов Автандил Исмаиловичке жүктөлдү. КРнын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Жумалиев Кайрат Насерович берген арызына ылайык кызматынан бошотулду.
Раев Султан Акимович КРнын Премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды.
Аширов Бактыбек Асанбекович КРнын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын) төрагасы болуп дайындалды.
Пирназаров Марат Түгөлбаевич КРнын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Примов Алмазбек Абдыакимович КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун директорунун орун басары болуп дайындалды.
Иманбаев Алмаз Сулайманович КРнын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директорунун биринчи орун басары болуп дайындалды.
Усеналиева Назира Сагындыковна КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун директорунун орун басары болуп дайындалды.
Айтматов Куштарбек Суюнбаевич КРнын тышкы иштер министрлигинин алдындагы тышкы миграция департаментинин директору болуп дайындалды.
Мусабеков Алмазбек Обосбекович КРнын Өкмөтүнө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды.
Исаев Талантбек Кедейканович КРнын ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.
Поляк Леонид Борисович берген арызына ылайык КРнын ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын начальниги кызматынан бошотулду.
Айдаралиева Расым Шаршекеевна КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Сопоков Эркин Мамасалиевич КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин жетекчиликке алып, Премьер-министр Ө.Бабанов республикабыздын айрым райондорунун мамлекеттик администрация башчыларын - акимдерин дайындоо жөнүндө буйруктарга кол койду.
Тиешелүү буйруктар менен Максүтов Иличбек Курманбекович Нарын облусунун Ат-Башы районунун акими, Имангазиев Раимбек Акматтурсунович Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун акими, Жан-боев Түгөлбай Кадыкеевич Нарын облусунун Нарын районунун акими, Акимов Абдиталип Паттаевич Баткен облусунун Кадамжай районунун акими, Идирисов Тилек Казыбекович Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акими болуп дайындалышты.
А. ЭСЕНОВ
