Эс тутум
И.Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, КРнын инженердик академиясынын академиги КАЛДЫБАЕВ Кадырбек Абдылда уулунун дүйнөдөн мезгилсиз өткөнү кабыргабызды кайыштырды.
Куранда жаркын мүнөздүү адам деген түшүнүк бар. Ал эми көркөм мүнөздүү адам деп өмүрүн үй-бүлөсүнө, элине, мамлекетине мүмкүн болушунча жагымдуу пайдалуу иш жасоого арнаган кишини айтат. Ошондой азамат эле деп айтууга ылайыктуулардын катарында бүгүн мына өмүрдөн өткөнүнө кырк күн болгон Абдылда уулу Кадырбек Калдыбаев да бар болчу. Узак жылдар бою Касым Тыныстанов атындагы Каракол мамлекеттик университетинде окуу иштери боюнча проректор, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти (2001-2008), соңку жылдары (2008-2012) И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору кызматында болуп, өмүрдөн өткөн Кадырбек Абдылда уулу тирүү кезинде "бүткүл жаркын өмүрүмдү билим жана илим жолуна, кыргыз элинин жаркын келечегине арнадым",- деп айтуусуна толук акысы бар болчу. Бирок, анын карапайымдуулук касиети андай сөздөрдү айткызмак эмес. Жөнөкөй, улук болсо да кичик жан эле, кимге болсо да жакшылык жасоого даяр турчу. Казак элинде ушуга ылайык бир орундуу айтылган сөз бар: "Жакшылар жакшымын деп айта албайт, жамандар жакшымын деп айгай салат, жүргөн соң этегинде күндө көрүп, тоолордун бийиктиги түк байкалбайт".
Кадыкем менен 1996-жылы жолуктум. Алматыда Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетине Караколдогу К.Тыныстанов атындагы университеттен, анын ошол кездеги ректору Жолдошбек Жусаев баштаган делегация келип, Алматыда бир нече күн болуп, биздин университеттин турмуш-тиричилиги менен таанышты. Эки окуу жайдын ортосунда өз ара байланыш жөнүндө келишимге кол коюлду. Келишим өз ара байланышка, пайдалуу карым-катнашка жол ачты. Биздин университеттин профессор-окутуучулары тажрыйба алмашуу үчүн Каракол университетине, өз убагында К.Тыныстанов атындагы университеттин устат аалымдары Алматыга бат-бат келип турду. Жыл сайын Ысык-Көл облусунан беш-алты кыргыз жаштары Казак улуттук университетине окууга кабыл алынып, билим алуу укугуна ээ болду. Каракол университетинин устаттары Алматыга келип, ээн-эркин өз билимдерин өнүктүрүп, диссертациялык кеңештерде илимий иштерин коргой ала турган болду.
Мына ушундай ийгиликтүү иштин башында бир тууган ага-инидей болгон ректор Жолдошбек Жусаев менен анын биринчи проректору Кадырбек Калдыбаев жүрдү.
Кадырбек Абдылда уулу кыргыз тилинде окуу куралдарын жазуу ишине өз үлүшүн кошкон аалым. Маселен, "Механика менен молекулярдуу физика" боюнча жогорку окуу жайларында окуган кыргыз тилдүү студенттер үчүн даярдалган эмгеги, ошондой эле кыргыз мектептеринин 7-8-класстары үчүн жазган "Физика" окуу китеби бүгүнкү күндө колдонулуп жатат. Окумуштуунун физика боюнча усулдук куралдары арбын. Анын илим жаатында көп максаттары бар эле, тилекке каршы, ишке ашырып үлгүрө албады.
Эсимде мындан жети-сегиз жыл мурда Кадырбек Абдылда уулу өзүнүн досу, белгилүү азамат Жангороз Каниметов экөө Алматыга атайы келип, Ысык-Көл өрөөнүнүн тарыхына тийиштүү ойлорун ортого салды. ХIХ-ХХ кылымдардагы кыргыз тарыхына байланыштуу материалдардын Казакстандын мамлекеттик борбордук архивдеринин фондунда бар экендигин айтып, ага байланыштуу өз сунуштарын да билдирди. Ошонун натыйжасында Казакстан тарыхчылары коому "Ысык-Көл касырети" жана "Байзак Мамбет уулу" аттуу китептерди даярдап басмадан чыгарды.
Кадырбек Абдылда уулу Бакыт жана Таалайбектей уулдарды, Наргизадай кызды өстүргөн ата. Улуу баласы Бакыт Ысык-Көл облусунун экологиялык жагдайына байланыштуу докторлук диссертация даярдап, эми аны коргогону жүрөт. Таалайбек болсо Бишкектеги ири банктардын биринде маалыматтык технология бөлүмүн башкарат. Кызы Наргиза Түштүк Корея университетинин магистратурасында окуйт. Кудайга шүгүрчүлүк, артында жакшы өсүп келе жаткан жеткинчектери бар.
Жүрөгү элим деп соккон айкөл азаматтын арабыздан эрте кеткени өтө өкүнүчтүү.
Мамбет КОЙГЕЛДИЕВ,
Казакстан тарыхчылар коомунун төрагасы, профессор
Алматы шаары
Кыргызстандын коомчулугу оор жоготууга учурады. 2012-жылдын 12-мартында Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинин биринчи төрайымы, белгилүү коомдук ишмер Рабия Менсейитова 91 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Рабия Менсейитова 1921-жылы Аламүдүн районунун Чала-Казак айылында туулган. 1936-жылы Кызыл-Аскер толук эмес орто мектебин бүтүрүп, Мамлекеттик банктын Баткен кыштагындагы бөлүмүндө бухгалтер, Баткен районунун Зардалы айылында мугалим болуп эмгек жолун баштаган. 1943-жылы коммунисттик партиянын Фрунзе шаарындагы Пролетарский райондук комитетине инструктор (азыркы Ленин району) болуп кирип, көп жылдар бою партиялык жооптуу жумуштарда иштеген.
1950-жылы Талас облустук КП БКнын катчысы, 1951-жылы Москвадагы Жогорку партиялык мектепте окуп, 1954-жылы партиянын Ош облустук комитетинин пропаганда бөлүмүнүн башчысы кызматтарын аркалаган. 1957-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер Советине караштуу телерадиоберүү боюнча Мамлекеттик комитеттин биринчи төрайымы болуп дайындалып, 1958-жылы републикабызда алгачкы телеберүүнү эфирге чыгарат. Рабия Менсейитова Кыргызстандын телекөрсөтүүсүн өнүктүрүүнүн башатында турган адам. Азыркы Жаш гвардия бульварындагы телерадио компаниясынын имаратын куруу ишинин башында турган.
1961-жылы Рабия Менсейитова партиянын Ош шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп дайындалган.
Рабия Менсейитова өмүр бою партиялык жооптуу кызматтарда эмгектенип, мамлекет алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн персоналдык пенсияга чыккан. Көзү өткүчө коомдук иштерге активдүү катышып келди.
Рабия Менсейитованын эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, "Ардак белгиси" ордени, "Эмгектеги каармандыгы" жана "Эмгектеги артыкчылыгы" медалдары, "Кыргыз телерадиосунун отличниги" төш белгиси жана бир нече Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Кыргыз аялдарынан чыккан көрүнүктүү коомдук жана партиялык ишмер Рабия Менсейитованын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө жашай бермекчи.
А.Ш.Атамбаев, А.Ш. Жээнбеков,
Ө.Т.Бабанов, К.О.Осмоналиев, К.К.Иманалиев, А.А.Карашев,
Г.У.Асымбекова, И.К.Жунусов, И.Ш.Өмүркулов, Ф.А.Ниязов, А.К.Сегизбаев, С.Т.Каназаров, К.Т.Оторбаев, М.Ж.Мамбеталиев, К.О.Иманалиев, К.Ө.Өмүркулов, М.М.Мамбетакунов, А.М.Матисаков, С.Ж.Мусаев, Т.Т.Казаков К.С.Молдокасымов, С.А.Абдракманов,
Т.Х. Жаманбаева, Ш.К. Керимбаев, Т.У.Уралиев, Г.С.Базаров, Э.К.Сариева.
Кыргызстандыктардын сүйүктүү досу Абдулатиф Аль-Хажрий күтүүсүздөн каза болду деген суук кабарды 2012-жылы 9-мартта уктук. Алгач селдее түшүп, көз алдыбызга жаркын элеси тартылды.
Аль-Хажрий дүйнөгө бир келген асыл адам эле. Анын нур төгүлгөн жүзү, мээримдүү жылмаюусу, кимди болбосун кунт коюп уга, телмирип ойго батышы, окуучулар менен студенттерди көргөндө кабагы Күн сымал жадырашы, адамгерчилиги менен боорукерлиги төгүлүп-чачылган ак пейил мамилеси баары, баары көз алдыбызга тартылып, жан дүйнөбүзгө бүлүк түшүрдү.
Кувейттеги эл аралык Соопчулук коомунун президенти Абдулатиф Аль-Хажрий 15 жылдан бери Кыргызстандагы социалдык маселелерди чечүү багытында омоктуу иштерди жүргүзүп келген. Өзгөчө ата-энеси жок балдар үчүн Бишкекте жана Сокулукта атайын мектеп-интернат салдырып, анда окуган балдардын жашоосун жана билим алуусун толук Соопчулук коому аркылуу каржылаганын белгилөөгө татыктуу. Аль-Хажрий Кыргызстандагы жаштарга терең билим жана татыктуу тарбия берүүдө зор эмгек сиңирген. Анын түздөн-түз колдоосу менен 1999-жылы Бишкек шаарында Кыргыз-Кувейт, азыркы Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети ачылып, бүгүнкү күндө да ийгиликтүү иштеп жатат. Бул жогорку окуу жайды бүтүргөн улан-кыздардын кыргыз-араб достугун бекемдөөгө өз салымдарын кошушуп, республикабыздын тышкы иштер министрлигинде, элчиликтерде жана араб өлкөлөрүндө ар кыл кесипте үзүрлүү эмгектенип жатышын Аль-Хажрийдин талбаган эмгегинин эң мыкты жетишкендиги катары баалоого болот. Бүгүнкү күндө бир нече Эл аралык сыйлыктарга татыктуу болгон Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети билим берүү багытында өз орду бар окуу жайга айланды.
Абдулатиф Аль-Хажрий республикадагы мүмкүнчүлүгү жок жакыр жашаган 550 түтүн үй-бүлөгө турак-жай жана 750 саан уй сатып берген. Ал бөлгөн каражаттын эсебинен 40 айылга таза суу чыгарылып, Ивановкада жаңы оорукананын имараты салынган жана жаңы медициналык аппараттар сатылып алынган. Баткен аймагындагы террористтик күчтөргө каршы согушта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөсүнө гуманитардык жардам берген. Андан сырткары 3000ге жакын адамга көмүр, тамак-аш жана дары-дармек сатып алууга, ар кандай оор операцияларды жасатууга соопчулук иретинде ырааттуу көмөк көрсөткөн.
Ажалга айла жок, ал баарынан улук, эмне дейли, кош бол Аль-Хажирий, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун!
Аллах Таала сизге бейиштен орун берсин.
Адам баласынын тукуму уланып, жер жүзүндө боорукердик менен кайрымдуулук өкүм сүрүп турганда Аль-Хажрий Алланын ар пендесинин жүрөгүндө түбөлүк жашай берет.
А.Жээнбеков, К.Осмоналиев, А.Бөрүбаев, А.Эркебаев, Б.Орузбаева, Ж.Жунушалиев, К.Садыков, Р.Сабыров, А.Алымкулов, С.Жээнбеков, Ж.Каныметов, А.Акматалиев, Т.Абдырахманов, Х.Ясин, А.Ормушев, А.Ибраев, Али Абду, М.Нуралиев, К.Абласов, А.Таввап, Б.Усубалиев, Махмуд Исмаил, К.Чекиров, Кайс Мансур, Н.Бопоев,
Мухаммед Айде, Ассейид Иззат,
Санад Аль-Хадж, З.Макешов.
Жаркын мүнөз азамат болчу

Рабия Менсейитова

Кыргыз-Кувейт мамлекеттеринин
достугунун данакери эле