Ирилешкенден


утушка гана ээ болдук


Болотбек Майканаев 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун ийгиликтүү аяктап, дарыгер-врач кесибине ээ болгондон кийин алгачкы эмгек жолун
Жайыл райондук ооруканасында хирург болуп иштөөдөн баштаган.
Ал 20 жылдык эмгек жолунда жүздөгөн татаал операция­ларды жасап, миңдеген оорулуулардын урмат-сыйына, ошондой эле зор тажрыйбага ээ болуп, өзүн
уюштургуч жетекчи катары да көрсөтө алган.Ошонун натыйжасында 2005-жылы Жайыл районунун ооруканасында директор, ал эми 2007-жылдан бери Жайыл районунун бириккен аймактык ооруканасын
жетектеп келет. Болотбек
Бекташович жалаң гана дасыккан хирург-жетекчи болбостон, илимий эмгектин үстүндө да иштеп,
2006-жылы медицина илимдеринин кандидаты болгон. Учурда доктордук диссертациясын жак­тоонун
алдында турат.
Ал оорукананы жетектөөдө көптөгөн ийгиликтерге жетишүүнүн натыйжасында оорукана 2009-жылы райондун Ардак
грамотасы менен сыйланып,
Саламаттык сактоо министрлигинин жамааттар арасында республикалык кароо-конкурстун жеңүүчүсү болгон "Шаардык жана аймактык эң мыкты жамааты" 2010-жылы Сары Өзөн телерадио компаниясынын АУРдик жоопкерчилиги чектелген коомунун "Жылдын мыкты дарыгери" сыйлыгына татып, 2010-жылы райондук диплому менен сыйланган. 2011-жылдын 28-декабрында саламаттык сактоо уюмдарынын аккредиттөө боюнча бай­коочу кеңештин чечимине ылайык
райондук аймактык ооруканасына аккредиттөөнүн жогорку даражасы ыйгарылган.
Б.Майканаевдин жогоркудай эмгеги Өкмөт тарабынан да жогору
бааланып, ага 1999-жылы жылдын "мыкты врачы", 2009-жылы
Саламаттык сактоонун
"ардактуу кызматкери" деген
наамы ыйгарылган.


- Болотбек Бекташович, Жайыл ра­йондук оорукана менен шаардык оорукананын кошулганына 5 жылдын жүзү болсо да эл арасында нааразылыктар туулуп келет. Бул эмнеден деп ойлойсуз?
- Албетте, түшүнбөстүктөн. Айылдыктар жана райондун тургундары жакын ооруканага дарыланып көнүп калгандыктан деп ойлоймун.
- Эки оорукананы кошуудан эмне өзгөрдү, эмнелерге жетише алдыңыз­дар?
- Ооруканаларды кошууда жергиликтүү ке­ңеш, акимчилик аркылуу комиссия түзү­лүп, ошонун негизинде төмөнкү маселелер каралган.
1. Эки жамааттын ортосундагы ич ара келишпестикти жоюу. Бардык адистердин иш жөндөмдүүлүгүнө, адистигине, тажрыйбасына карап иш аткаруу. 2. Ооруканаларды ремонттоодо кайсы ооруканага каржы көп кетерин аныктоо. 3. Райондук оорукана автотрассага жана темир жол магистралына жакын жайгашкандыктан ызы-чуу көп болуп оорулуулардын тынч дарылануусуна терс таасирин тийгизет. 4. Төмөнкү оору­кананын бир да карызы жок, ал эми жогорку оорукананын жыл сайын 4 млн. сом карызынын өсүшү. 5. Жогорку оорукана ТЭЦ аркылуу жылытылса, төмөнкү ооруканада борбордоштурулган жылытуу системасы жок болгондуктан электр жарыгы тез-тез өчүрүлүп, оор көйгөйдү жаратышы. Албетте, ооруканаларды кошуу финансылык каражаттын жетишсиздигинен пайда болду. Бирок биз мында экономикалык үнөмдөөгө жетиштик. Ошондуктан жогоруда көрсөтүлгөндөй комиссиянын чечиминин жана Саламаттык сактоо министрлигинин 2007-жыл 20-августтагы буйругунун негизинде ишке ашкан.
Бул кошулуудан биз эмнелерге жетиштик? Ушуга бир аз токтолоюн. 1. Жогорку аймактагы оорукана парк тибиндеги бак-шактуу, ызы-чуудан алыс, жылуулук тармагы борборлоштурулган, бардык шарттары бар оорукана. 2. Мурда эки ооруканада дарылангандар азыр бир эле ооруканага кең-кесири жайгашып, сапаттуу дарыланып жатышат. Азыр бул ооруканага ар бир 10 мүнөттө маршруттук каттамдар каттап турушат. 3. Учурда ооруканабыздын жылуулукка, электр энергияга, дары-дармекке, тамак-ашка ж.б.га бир да карызы жок. 4. Эки жамааттын адистеринин ортосунда өз ара ынтымакта, тажрыйба алмашып, биргеликте иштөөсүнө жетиштик. Жылына 18-19 миңге чейин оорулууларды дарылап айыктырып келебиз. Андан тышкары ушул эле жогорку аймакта 10 жылдан бери иштебей турган балдар оору­канасы Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу киришип, 7 млн. сомго грант жазып, ага грант аркылуу өзүбүздүн баланска алып, капиталдык оңдоодон өткөрүп, 3 кабаттуу төрөт бөлүмүн ачтык. Ооруканаларды кошуудан утулушка эмес, утушка гана ээ болдук. Демек, иш жыйынтыгы жаман деп ойлобойм.
Бирок төмөнкү оорукананы таптакыр эле көчүп кетти дегенден алысмын. Ал жерде терапия бөлүмү калтырылган. Анда УЗИ, физкабинет, гастроскопия аппараттары бар. Районго жакынкы аймактарда жашагандарды тейлөөчү үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, рентген, лаборатория бөлүмдөрү иштейт. Жакында администрациянын мурдагы имаратына неврология бөлүмүн ачтык. Эгерде мүмкүнчүлүк болсо дагы бөлүмдөр­дү ачабыз. Ошондой эле райондук кеңештин, акимчиликтин, саламаттык сактоо министрлигинин комиссия мүчөлөрүнүн катышуусунда оорукананын аймагындагы 3 имаратыбызды медколледжге өткөрүп бердик. Бирок бир да имарат, буюм сатылган жок. Калган 1-2 имараттар толугу менен сакталуу.
- Медициналык аппараттар менен толукталуу жагы кандай чечилип жатат?
- Кислороддук, операциялык лампаларды алдык. Оорукананын акчасын үнөмдөө менен салмагы жетпеген балдар үчүн 700 миң сомго Кувез инкубаторун алдык. Инфекция бөлүмүнө 35, травматология бөлүмүнө 25 керебет алдык.
- Дарылоонун жа­­­­­­­­­ңы ыкмасы боюн­ча эмнелерди айта аласыз?
- Үстүбүздөгү жылы каражат маселеси үнөмдөлсө эндоскопиялык бөлүмдөрдү ачуу жана бөлүмдөрдү жаңы эмеректер менен жабдуу маселеси турат.
- Кадр маселесине да токтоло кет­сеңиз.
- Бул жагында көйгөй жок. Жогорку билимдүү атайын адистер 90%, ал эми орто билимдүү медициналык персоналдар 100% менен толукталган. Жаш адистерди иштөө шарттары боюнча профсоюздук уюму аркылуу медколледждин (келишим бар) жатаканасы менен камсыздап, жыл аягында акча жагынан да колдоого алмакпыз.
- Ооруканада эң башкы проблема кайсы?
- Оорулууларды сапаттуу дарылоо, адистердин билим деңгээлин жогорулатуу. Оорукананы карыз кылбоо. Оорукананы дары-дармек менен камсыздоо. Ушул жерден дагы бир белгилеп кетүүчү нерсе, өткөн жылы 10 млн. сомго дары сатып алсак, үстүбүздөгү жылы 11 млн. сомго дары-дармек сатып алып, оорулуулардын дары сатып алуусун азайтууну белгиледик.
Болот ЖУМАГУЛОВ,
"Кыргыз Туусу"




Дартка даба дарыгерлер


Быйылкы кыштын эрте келип, өзгөчө суук болушу, узакка созулушу ооругандарды да көбөйтөт эмеспи. Ысытмалары, кан басымдары көтөрүлүп кайрылгандарга кандай медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын билели деп Бишкектеги № 1 шаардык клиникалык оорукананын шашылыш терапия бөлүмүнө баш бактык.

Коридорго киргенде эле керебеттерде жатышкан оорулууларды көрдүк. Бөлүмдүн жетекчиси Бегайым Исабековна: "Быйыл кыш мезгилинде ооругандар көп келишкендиктен, отуз орунга ыла­йыкташкан палаталарыбыз толуп калгандыктан, медициналык шашылыш жардам берүү үчүн кээде коридорго жаткырган учурларыбыз да болууда. Сиз дарыгерлер эрте мененки кароодон өткөрө электе келдиңиз. Бу­лар түндө тез жардам менен келишкендер. Саат ондорго жетпей айы­гып чыккандардын ордуларына которулушат.
Тез жардам кызматы терапия бөлү­мүнө тиешелүү оору­­­­­лууларды шаар боюнча алып келишет. Борборубузда миллиондон ашык эл жашап жатканын билесиз. Күчөгөн ички миграция да кошумча болуу­­да. Андан сырткары шаардыктардын айыл­­­­­дан келишкен туугандары ооруп калышса, тез жардам чакырышып алып келишет. Баш калаабызда бери дегенде жыйырма жылдан бери бир да оорукана курулбады. Отуз-кырк жыл мурда фрунзеликтерге ылайыкталган оору­­­­­каналардагы орундар жетишпей калды.
№1 клиникалык бейтапкананын башкы врачы, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Бош­коев Жусуп Бейшекадырович төрт жүз орундуу оорукананы куруу боюн­­ча маселе көтөрүп, ал колдоого алынып, пайдубалынын (фундаментинин) чуңкуру казылып, үч жылдан бери токтоп турат. Эгерде, экономикалык, каржылык тартыштык болбогондо эмдигиче тургузулуп, дарыгерлер, ооруп келгендер да кыйналышмак эмес. Биз айына 140тан ашык оорулууну кабыл алабыз. Дарыланууга кезек күткөн учурлар болуп калууда", - дейт.
Кандай медициналык тей­лөө­­лөр, мамилелер жасалып жаткандыгын билүү үчүн бө­лүм­дө дарыланып жатышкандарды сөз­­гө тарттык.

Сүймүналы ТОКТОМАМБЕТОВ: - Нарындын Чаегинен болом, туугандарга мейманчылап келген элем. 3-мартта кан басымым, ысытмам көтөрүлүп, бейтапканага кайрылып, ушул жерде дарыланып жатамын. Бөлүм башчы өзү баш болуп элпек, сылык мамиле жасашып, колдорунан келген кызматтарын көрсөтүшүүдө. Тартип, тазалык катуу кармалат экен. Дарыларды убагында беришет. Ийнелерди кыйнабай са­йышкан чеберчиликтери жакты.

Азиза ИСАБЕКОВА: - Бишкектин сыртындагы Кашка-Баш айы­лынан болом. Кан басымым жогорулап, бөйрөгүм ооруп, чыдабай Ак-Өргөдөгү байкемдикине келсем, тез жардам чакырышып, бул бөлүмгө алып келишти. Ошол замат дарыларды берип, укол сайышты. Эки жолу анализ жүргүзүшүп дарылашты. Кан басымым ордуна келип, ысытма токтоп, жакшы болуп калдым. Төрт балам чыдамсыздык менен күтүүдө. Буюрса, эртең чыгам. Кагып-силкпей колдорунан келген жардамдарын беришкен бул оорукананын дарыгерлерине ыраазымын. Түйшүктүү иштерине ийгилик каалаймын.
Бөлүмдө төрт врач, жети улуу медайым, алты кичи медайым иштейт экен. Бөлүм башчы Исакова Бегайым Исабековна ушул оору­канадан интернатурадан, ординатурадан өтүп, иштеп калыптыр. Отуз үч жылдан бери бөлүмдүү жетектеп келет. Жогорку категория­­дагы врач, "Саламаттыкты сак­тоонун отличниги". "Бизде өз кесибин сүйүшкөн, тажрыйбалуу дарыгерлер жетиштүү. Алсак жогорку категориядагы врач, "Саламаттыкты сактоонун отличниги" Элмира Асаналиева, врач ординатор Камил Салахов, медайымдар Гүлсара Райымкулова, Роза Осмонова бөлүмүбүздүн ишин алга жылдырышкан, сыймыктана турган кызматкерлерибиз", - дейт Бегайым Исабековна.
Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу",
cүрөттөрү автордуку






Кыргыз Туусу
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!