Компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таасири


КРнын Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча:
* "Кумтөрдүн" өлкөнүн ИДПсындагы үлүшү 2011-ж. 11,7%ды түздү;
* "Кумтөрдүн" өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 26,1%ды түздү;
* экспорттун жалпы көлөмүндөгү алтындын үлүшү 2011-ж. 51,1%ды түздү.
2012-жылга
перспективалар
o Компания "Кумтөр" кен ишканасында өндүрүштүн көлөмү 2012-жылы 575тен 625 миң унцияга (17,8 - 19,4 тонна) чейинди түзөт деп пландаштырууда.
o Өндүрүштүн планы 2012-жылы өткөн жылдагы продукция чыгаруунун бирдей өлчөмдөгү графигинен олуттуу айырмаланмакчы. I кварталда жылдык пландан 12%, II кварталда - 20%, III кварталда - 25% чыгарылат жана жалпы өндүрүлө турган алтындын көлөмүнөн 43% үстүбүздөгү жылдын IV кварталына туура келмекчи.
o 2012-жылы өндүрүштүк планды аткаруу байыраак рудасы бар участокко жетүүнү камсыз кылуу үчүн жаңы тоо-кен жабдуусун өз убагында жеткирүүгө жана ачуу иштеринин графигин сактоого байланыштуу болмокчу.
o 2012-жылы "Кумтөрдө" жалпы капиталдык чыгымдар 373 млн. доллар өлчөмүндө пландаштырылууда, анын ичинен 328 миллиону өндүрүштү өнүктүрүүгө, а 45 миллион доллар негизги фонддорду модернизациялоого багытталмакчы.
Негизги фонддорду модернизациялоого бөлүнгөн каражаттарды эң көп бөлүгү оор техниканын капиталдык ремонтуна (21 млн. доллар), карьерден сууну качыруу боюнча иштерге (8 млн. доллар), калдыктар чарбасынын дамбасын бекемдөө боюнча иштерге (4 млн. доллар), өнөр жай агындыларын тазалоо станциясын көчүрүүгө (5 млн. доллар), техниканы алмаштырууга жана башка муктаждыктарга (7 млн. доллар) жумшалмакчы.
Өнүктүрүүгө каражаттар негизинен карьерди кеңейтүү боюнча иштерге (128 млн. доллар), 25 САТ 789 жүк ташуучу автомашиналарын, 4 бургулоочу жабдууну жана 4 Hitachi 3600 экскаваторун (126 млн. доллар) жана башка техниканы (11 млн. доллар) сатып алууга жумшалмакчы. Андан тышкары, 63 млн. доллар жабдууларды сатып алууга жана жер астындагы участокторду ыңгайлаштырууга багытталмакчы.
o Жантайыңкы кирүүчү жерлерди жасоо боюнча иштер болжол менен 2012-жылдын үчүнчү кварталында биригүү стадиясына жетет. №1 түшүүчү жердеги биригүү чекитине 125 метр өтүү жана №2 түшүүчү жерде 660 метрдей өтүү керек. Ошондой эле SB зонасына жетүүгө жол ачыш үчүн кошумча 708 метр бургулоо пландаштырылууда. SB зонасынан алгачкы рудага 2013-жылдын экинчи кварталында жетүү болжолдонулууда.
o Геологиялык чалгындоо иштерине 2012-жылы 15 млн. доллар жумшоо пландаштырылууда.
Комментарий
- Биз 2011-жылдын планын аткара жана ишканада коопсуздук техникасы боюнча жакшы көрсөткүчтөргө жетише алдык.
2012-жылы биздин алдыбызда жаңы масштабдуу милдеттер турат. Биз тоо-кен техникасы паркын олуттуу толукташыбыз, жер астына жантайыңкы түшүүчү жерлерди бириктиришибиз жана төртүнчү кварталда карьердин түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү рудалуу жерге жеткенибизде алтынга бай руданы казып алууга көңүл топтошубуз керек. Ушуга байланыштуу, жылдын башталышында, өндүрүштүк планга ылайык, минимум продукция чыгаруу белгиленген, а жалпы өндүрүлүүчү алтындын жалпы көлөмүнүн максимуму жылдын аягына туура келет. Быйылкы жылдын февралындагы кен ишканасынын жумушчуларынын иш таштоосуна карабастан, биз өндүрүштүк милдеттерибизди аткара алабыз деп үмүттөнөбүз, - деп белгиледи "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" президенти Майкл Фишер.
***
"Кумтөр" кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбордук Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылуучу эң ири алтын кен ишканасы болуп саналат. 1997-жылдын майында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан 2011-жылдын 31-декабрына чейин "Кумтөрдө" жалпысынан 8,4 млн. унция же 260,7 тоннадай алтын өндүрүлгөн.
"Кумтөр Оперейтинг Компани" "Кумтөр" долбоорунун оператору болуп саналат жана бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.
Centerra Gold Inc. ("Центерра") Борбордук Азияда, мурдагы Советтер Союзунда жана башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген, өнүгүүгө багытталган алтын өндүрүүчү компания болуп саналат. "Центерра" түндүк америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана ири батыш компаниясы - Борбордук Азиядагы алтын өндүрүүчү болуп саналат. "Центерранын" акциялары Торонтодогу фондулук биржада (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Канаданын Торонто шаарында жайгашкан.
Кыргыз Республикасы, "Кыргызалтын" ААКсы аркылуу "Центерранын" акцияларынын эң ири пакетинин -77 401 766 акциянын - 33%га жакынынын кармоочусу болуп саналат. 2012-жылдын 1-мартына карата Кыргызстандын акцияларынын пакетинин наркы 1 млрд. 546 млн. доллардан ашып кетти.
Азыркы учурда "Центерра" Кыргыз Республикасында жана Монголияда иштеп жаткан эки алтын кен ишканасына ээ. Андан тышкары, Компаниянын Монголиянын, АКШнын, Түркиянын, Кытайдын жана Россия Федерациясынын перспективалуу объектилеринде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө үлүштүк катышы бар.
"Центерра" жөнүндө кошумча маалымат SEDAR сайтында: www.sedar.com
жана компаниянын сайтында:
www.centerragold.com , жеткиликтүү, ошол эле жерден 2011-жылдын жыйынтыктары боюнча пресс-релиздин толук
тексти менен таанышууга болот.
"Кумтөр Оперейтинг Компани" жөнүндө маалымат www.kumtor.kg сайтында
жеткиликтүү.






Кыргыз Туусу
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!