КОК: 2011-жылдын
жыйынтыгы - 18,1 тонна алтын
2011-жылдагы
өндүрүш жана сатып өткөрүү
2011-жылы "Кумтөр" кен ишканасында 583 156 унция1 же 18,1 тонна алтын өндүрүлгөн. Сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 599 494 унцияны же 18,6 тоннаны түздү.
2010-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу тоо-кен иштеринин көлөмү 29%га көбөйгөн, а казылып алынган руданын көлөмү 4%га өскөн. 12 айда алтын ылгоочу фабрикага берилген рудадагы алтындын орточо курамы тоннасына 3,79 граммды түздү, а алтынды бөлүп алуу 80,8%га жеткен.
Жылдын жыйынтыктары боюнча жалпы капиталдык чыгымдар 180,7 млн. долларды2, а геологиялык чалгындоого чыгымдар - 13,4 млн. долларды түздү. Салыктык жана башка милдеттүү төлөмдөр 173,7 млн. доллардан ашып кетти, ал 8 миллиард сомдон ашуун сумманы түзөт.
Башка өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр № 2 жана №3 таблицаларда келтирилген.
"Кумтөр" кен ишканасындагы өндүрүштүн акыркы продуктысы болуп Доре3 уютмасы саналат, ал "Кумтөр Оперейтинг Компани", "Кыргызалтын" ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта шаарындагы аффинаж ишканасында андан ары кайра иштетилүү үчүн "Кыргызалтын" Ачык акционердик коому тарабынан сатылып алынат. Тазаланган алтынды жана күмүштү Кыргыз Республикасында жана анын чектеринен тышкары сатып өткөрүү укугуна "Кыргызалтын" ААКсы гана ээ.
Запастар жана
ресурстар
2011-жылы геологиялык чалгындоо иштери борбордук карьерде, ошондой эле концессиялык аянттын чектеринде улантылды.
Активдүү геологиялык чалгындоо, анын ичинде борбордук карьердеги геологиялык чалгындоо программасынан улам, 2011-жылы 709 миң унция иштетилгенин эске алганда да, запастар 6,3 млн. унциядайды түзөт. Борбордук карьердеги SB зонасынын түштүк-батыш бөлүгүндөгү изилдөөлөр ачык ыкма менен иштетүүгө жарактуу запастардын көбөйүүсүн берди.
Бургулоо иштеринин натыйжаларынын толук тизмеси жана "Кумтөр" кен ишканасынын көмөкчү карталары Маалыматты электрондук издөө жана анализ системасында (SEDAR) жайгаштырылган жана компаниянын сайтында: www.centerragold.com. жеткиликтүү.
Кыргыз
Республикасынын
бюджетине төлөмдөр
жана башка милдеттүү которуулар
2011-жылдын 12 айында компания тарабынан Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, КРнын Социалдык фондуна которуулар түрүндө төлөмдөр, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөр 173,7 млн. доллардан ашып кетти, ал КРнын Улуттук банкынын 2011-жылдын 31-декабрына карата курсу боюнча 8 млрд. 77 млн. сомдойду түздү.
Жылдык дивиденддер
Мурда билдирилгендей, 2011-жылдын майында "Центерра Голд Инк." ("Центерра") компаниянын Торонтодогу биржада катталган бардык акционерлерине дивиденддерди төлөп берди.
"Кыргызалтын" ААКсы, "Центерранын" акцияларынын эң ири - 33%га жакынынын кармоочусу болуу менен өзүнүн баалуу кагаздары боюнча 30 млн. 167миң доллар суммадагы таза киреше алды.
Башка төлөмдөр
2011-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суранычы боюнча, "Центерра" Кыргызстандын мектептеринин курулушуна жана реконструкциялоого 10 миллион доллар бөлдү.
Кыргыз
Республикасынын
территориясындагы төлөмдөр
2011-жылы Кыргыз Республикасынын территориясындагы
төлөмдөр (салыктарды,
аффинаж үчүн акыны,
товарларды жана
кызматтарды бергени үчүн жергиликтүү берүүчүлөргө төлөөлөрдү, инфраструктура, кайрымдуулук ж.б. төлөмдөрдү кошо алганда) 383 млн. доллардан ашып кетти.
Жалпысынан компания иштеген 1994-жылдан 2011-жылга чейинки мезгилде "Кумтөралтын" долбоору боюнча Кыргызстандын территориясындагы төлөмдөр 1 мил-лиард 852 миллион долларга жеткен.
Республиканын территориясындагы жалпы төлөмдөрдүн структурасы №4 таблицада келтирилген.
