"Кыргыз туусу", 31.01.12 Абалың кандай, элет?
Ат-Башы: жайыт жагдайы,
суу көйгөйлөрү
Борбор калаада мамлекетти ийкемдүү башкаруу үчүн добулбастар кагылып, артыкбаш чиновниктерди кыскартуу жараяны жүрүп жаткан чакта, айылдарда болсо өткөн жыл жыйынтыгынын күңгөй-тескейлери чыгарылууда.

Ырайымбектин анык "реформасы"
Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылында айыл өкмөт башчысы Орозобек Абдылдаевдин берген маалыматы боюнча 925 түтүндө 3802 адам тиричилик кылышууда. Алардын 155 түтүнү жөлөк каражат алышса, 63 түтүнү социалдык каражат алганга кириптер экен. Айылда 49 Баатыр эне бар. Айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен балдарды коргоо, карылар, майыптар, Жеңиш күндөрүнө жана Нооруз, Жаңы жыл майрамдарына карата акчалар бөлүнгөн. Айтор, аста секин иштер аткарылыптыр. Бирок чыныгы ишти жайыт комитети жүзөгө ашыргандыгы айгинеленди. Райондун акими Жаныбек Дүйшеев 2010-жылы район боюнча жайыт жыйымдарын чогултуу 27 пайызга аткарылса, өткөн жылы көрсөткүч 94 пайызга жеткендигин кеп кылды. Көрсө, каражат чогултуу жана аны кайра жайытка жумшоодон утушту ошол эле жердин эли алаарлыгын аталган айыл өкмөттүн жайыт комитетинин төрагасы Ырайымбек Керимкулов мырза иш жүзүндө далилдеген экен.
- Биз 2010-жылдын 26-март күнү түзүлдүк. Ошондо келишим менен 59 миң гектар жайытты өткөрүп алдык. Анын 52618 гектары Ак-Сайда болсо, 5760 гектары ички жайыт. Калгандары ортоңку же болбосо Каманды деген жерде 851 гектар бар. Эң биринчиси, биз жайыттардын картасын жаңыртып чийип, чек араларын тактадык. Ишти Бишкектен Гипроземден адистер келип жүргүзүштү. Ички жайыттарды пайдаланып чөп чаап жүргөндөр менен келишимдер түзүлүп, жайыт билеттер берилди. Жайыттан 198 миң сом чогултуу планы белгиленсе, биз 200 миң сом жыйнадык, - дейт Ырайымбек мырза.
Көрсө, өткөн жылы жайыт комитет аяк башын жыйнагыча мал жайлоолорго чыгып, убакыттан уттуруп жиберишет. Бирок Ырайымбек башында турган комитет мүчөлөрү аттын ээр токумдарын албай күнү-түнү жайлоолордо болушуп, мал багуучулар менен сүйлөшүүгө жетишишет.
- Бизде бадачылар бодо малдын ар бир башын 150, кой-эчкилерди 30 сомдон багышты. Биз алардын 4 ай баккан эмгектерине тийбей, бир айлыктарынан гана 21 жана 4 сомдон бердирткенге сүйлөшүп, планды аткардык. Кудайдын кулагы сүйүнсүн мал баккандар кымыз, айран, сүзмө сатышат. Колунан келгендер көң чаап камдап келишет. Отундарды даярдашат. Ошон үчүн алар ушундай шартка ынанышты. Эми быйыл болсо февраль айында малдарды толук санап, мал ээлерине жайыт үчүн акы алганга мүмкүнчүлүгүбүз болот, - деген реформатор жайыт комитет башчысы мал багуучуларды атактуу Ак-Сайга көчүп барууга чакырык салды. Анткени изилдөө көрсөткөндөй ачакайыңдылыктардын малынын 95 пайызы Каманды жайлоосуна шыкалышат экен.
- Былтыр болгону 12 малчы Ак-Сайга барып келишти. Алардын жандары да тынч. Малдары семиз. Ал эми Камандыга болсо 5 эсе шарттуу мал көп багылып жатат. Күзүндө малдар арык келүүдө. Ошондуктан быйыл уй баккандар Көк-Артка, кой-эчкилерди алгандар Ак-Сайга кетсеңер демекчимин. Жайытка төлөнгөн акчалар өзүбүз үчүн пайдаланылат. Мисалы, быйыл биз жакада калган уйлар үчүн 40 миң сомго жасалма уруктандыруучу аппаратты жана уруктарды алып берели деп жатабыз. Бузулган көпүрөлөрдү калыбына келтиребиз, Жолдубай сарайдын алдындагы кудуктан суу чыгарабыз, - деди Ы.Керимкулов мырза.
Ушундай эле чоң аракет Ат-Башы районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинде аткарылып жаткандыгына жеринен күбө болдук. Жайыт комитеттин төрагасы Бейшенбек Мамбеталиев 85794 гектар жайыт үчүн 100 пайыз жыйым чогултулгандыгын белгилеп, 253 миң сомго аткарылган иштерди ыраттуу илип да койгон экен. Малды күтүп, бирок жайыт үчүн акча бербеген 22 адамдын аты-жөнү жазылып турат. Акжарлык жайытчылар болсо Төө-Кыя, Кум-Бел деген жайлоолорго баруучу жолдордогу көпүрөлөр үчүн А/Ц 50 үлгүсүндөгү түтүктөрдү жана бир лотокту тиешелүү жерге орнотушуптур. 4380 сомдук жумуштарды кол күчү менен аткарышкан.

Сууга бай өрөөн сууга чаңкап
Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды жана Ак-Жар айыл өкмөттөрүндө суу көйгөйлөрү орун алып келгендиги жергиликтүү эл тарабынан дагы бир жолу көтөрүлдү. Ачакайыңдылыктар таза сууга таңсык болушса, акжарлыктар агын сууга зар экен.
Ача-Кайыңды айылындагы "Аккорум-Булак" ИСКАКБсынын (ичүүчү сууну колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмеси) башчысы Муканбек Султанакуновдун айтымында суу чоргодон суу ичкен жердештеринин арасында беш жылдан бери бир тыйын төлөбөгөндөрү бар. Натыйжада өткөн жылы суу үчүн төлөм 56,6 пайызга чогултулган. Айылдагы 54 суу чоргонун учурда 35и гана иштейт. Маселен, эки суу чоргону кайсы бир унаалар сүзүп кетип жараксыз абалга кириптер кылган. Бирок эң кызыгы аны ким сүзгөнүн эч ким көрбөгөн, эч ким билбеген. Айыл тургуну Акбар Үмөтов аттуу жаран сууну чоргодон эмес, сайдан ичип жаткандыктарын, суунун баш жагында өлүктөр жаткандыгын кыйкыра кеп кылды. Ал эми Турдумамбет Абдразаков аттуу улгайган атуул мындай кинени четке какты.
- Биз сууда иштегендерди айта бергенден пайда жок. Эң башкысы, долбоор шашылыш, анан туура эмес салынган. Толук өлчөмдө басым жок, ошондуктан баш жактарга суу жетпей жатат. Биз болсо ичкен сууга акчаны бербеске аракет кылабыз. Сайы жок эле баарыбыз чорголордон суу ичип жатабыз. Ниетибизди оңдойлу, ырас суу ичип жатабызбы, акчасын төлөйлү, туугандар. Ошондо суу чыгат толук, болбосо чыкпайт, - деди Т.Абдразаков аксакал. Ошентип айрым ачакайыңдылыктар өздөрү айтмакчы агып жаткан сууда өлүк жаткандыгын көрүп, бирок ошол суудан суу ичип жатышса, акжарлыктар аккан сууга зар болуп чыгышты.
- Жылда эле мына, ана деп жашап келе жатабыз. Үлүш жерлерди айтпаганда да огороддон картошка сугара албай калдык. Качан тартип болуп, качан иш аткарылат. Деги качан бизге түз келген каналга суу салынат. Андай болсо сууну силер алгыла, бизге картошка бергиле деп күзүндө мүшөктөрдү көтөрүп алып Ат-Башыга баралы. Башка эмне арга кылабыз, - деп ачууланды Ак-Жар айылынан ардагер Келдике Төөбаев. Көрсө, Ат-Башы айылынан төмөн жакта орун алган Ак-Жар айылына агын суу ашпай, жыйынтыгында акжарлыктар жайкысын суусуз калышат экен.
Жыйындарга катышкан губернатордун биринчи орун басары Эмилбек Алымкулов мырза мындай ички маселелерди чечүүгө элдин ынтымагы гана керектигин жана биргелешип иштөө зарылдыгын белгиледи.
- Сиздерге белгилүү болгондой, негизи бардык маселе үч бөлүктөн туруп, анан чечилет. Биринчиси, айыл өкмөт деңгээлинде аткарылуучу жумуштар. Экинчиси, район менен облустук, үчүнчүсү, мамлекеттик деңгээлдерде. Эми менимче элдин огороддору үчүн суу маселеси болбош керек, - деди Э.Алымкулов мырза.

Күмөндөр УСУПТЕГИН,
"Кыргыз Туусу"