"Кыргыз туусу", 31.01.12 "Кыргыз клубу" кызыктуу иш баштады
Италияда кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүүнү көздөгөн жаңы - "Кыргыз клубу" уюму өткөн жылдын март айында уюшулгандан бери бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзүп келе жатат.

Жалпы эле Италия эмгекчилеринин жана мигранттарынын укугун коргооучу CGL уюму б.а. Италиянын жалпы эмгекчилер конфе-дерациясы Италиянын бириккен күнүнүн 150 жылдык (1861-2011) майрамын белгилөө максатында Неополь шаарында өткөрүлгөн салтанаттуу аземге "Кыргыз клубу" катышып, улуттук кийимдерин, тамак-ашын, ыр-күүлөрүн көрсөтүү менен алыстагы Кыргыз мекенинин маданиятын тааныштырды.
Ушул иш-чарадан кийин башка уюмдардын өкүлдөрү менен бирге бул кыргыз уюму да Италиянын Демократиялык партиясынын Рим
шаарында өткөрүлгөн миграция боюнча 1-улуттук конференциясына чакыруу алган эле.
"Италия жергесинде жашап жана иштеп жатышкан мекендештерибиздин жалпы укуктарын коргоо, легалдаштыруу боюнча документтерди жасоодо көйгөйлөрү болсо көмөк көрсөтүү, Италияда төрөлгөн кыргыз балдарына мыйзамдуу түрдө жашоого, аларды бала бакчаларга орноштурууга жардам берүү сыяктуу иш-максаттарыбыз жөнүндө конференцияда айттык. Биздин уюмга колдоо көрсөткөнгө даярдыгын билдирген партиянын айрым өкүлдөрү жана башка уюмдардын жетекчилери менен таанышып, достоштук", - деди клубдун жетекчиси Жанатбек Шаршеев.
"Биз бир кызыктуу долбоор менен иштөөнү ойлоп жатабыз, - деди сөзүн андан ары улаган Жанатбек, -Кыргызстандагы жүрөк оорулуу балдарды Италиядан дарылоо боюнча... Бирок, бул көп түйшүктү, күчтөрдү, сүйлөшүүлөрдү, убакытты талап кылат жана абдан жоопкерчиликтүү. Кантсе да аракет кылсак, болгудай..."
Бул максатта кандайдыр бир иш-чараларды уюштуруу менен андан түшкөн каражатты Кыргызстандагы республикалык балдар ооруканасына жиберүүдөн баштоону чечишип, клубдун мүчөлөрү биринчи кадамын кыргыз эстрада ырчыларынын катышуусу менен концерт өткөрүүнү чечишти. Ошентип, Неополдун чет жагындагы "Ic Picclo" театрында Кыргызстандан чакырылган республиканын эмгек сиңирген артискасы Д.Кангелдиева менен белгилүү ырчы Омардын концерти өттү.
Комуздун коңур күүлөрү, көңүлдүү ырлар алыстагы эл-журтун сагынып кусада жүргөн жердештерибиздин жүрөгүнө сагыныч менен сыймыктануу кошулган өзгөчө маанайды түзүп, деңиз жээгинде өткөн кыргыз концерти жагымдуу да, көңүлдүү да, эсте каларлык да болду.
Ошентип, бул концерт Италиядагы "Кыргыз клубунун" эң алгачкы чоң иштеринен болуп калды. Бул клубду түзүп, мүчөлөрү менен бирге иш алып барууга аракеттенип жаткан Ж.Шаршеевге ыраазы болдук.
АРЫКБАЕВА
Гүлнара Сыргак кызы,
"Кыргыз Туусунун"
Италиядагы кабарчысы




Мугалимдердин ичинен мыктылар аныкталды
Жалпы спорт жана ден соолукту чыңдоо боюнча республикалык "Жаштык" борбору Бишкек шаарындагы университеттер арасында "Ден соолук" деген аталыштагы спартакиада өткөрдү. Спартакиаданын башкы максаты - алдыңкы 3 орунду ээлеген командалар жайында Ысык-Көлдүн жээгинде боло турган облустар арасындагы чоң спартакиадага катышууга уруксат алуу.
Оюндун жыйынтыгы боюнча шахматтан кыз-келиндер арасында 1-орунду Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети (КУУ), 2-орунду Кыргыз-Түрк "Манас" университети (КТМУ), 3-орунду И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети (КМУ), эркектер арасында 1-орунду КУУ, 2-орунду Ички иштер министрлигинин академиясы, 3-орунду КМУ ээледи.
Үстөл тенниси боюнча кыз-келиндер арасынан 9 команда ойноп, 1-орунду Дене тарбия жана спорт академиясы, 2-орунду КУУ, 3-орунду Славян университети ээлесе, эркектер арасынан 14 команда катышып, 1-орунга КУУ, 2-орунга КТМУ, 3-орунга Славян университети татыктуу болду.
Ошондой эле улуттук тогуз коргоол оюну, ордо, волейбол, футбол ж.б. спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлдү.
Үстөл тенниси боюнча башкы калыстын милдетин аткарган Гүлзат Токонова: "Бул спартакиаданын үстөл тенниси боюнча оюну быйыл биринчи жолу Кыргыз улуттук университетинде өтүп жатат. Мурун Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде өткөзүлүп келчү. Байкашымча быйыл командалардын даярдыгы мыкты экен. Абдан тажрыйбалуу мугалимдер келишиптир. Командалардын таймашы менин купулума толду", - деп кубанганын билгизди.

Жоон билек мушкерлер эл аралык турнирде
25-29-январь күндөрү Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда бокс боюнча эл аралык турнир болуп өттү. Турнир Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналып, ага Кыргызстан, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кытай мамлекеттери катышты. Бул турнир 1974-жылдан бери өткөзүлүп келет. Таймаштын жыйынтыгы боюнча мекендештерибиз Альбина Мамбетова, Талантбек кызы Жаннат, Асылбек Назаралиев, Азат Усеналиев, Өмүрбек Малабеков, Медер Мамакеев, Эрмек Сакенов 1- жана 2- орундарды багынтышты.
Бокс федерациясынын президенти Абдибакыт Халмурзаев: "Сырт-
тан келген спортчуларды эске албаганда Кыргызстандын ар бир аймагынан мыкты мушкерлер келди. Алыскы Баткен облусунан келген спортчулардын ичинен оор салмактагы мушкерлер абдан мыктылыгын көрсөттү. Мындай көрсөткүч менен жүрүп олтурсак, биздин деңгээлибиз жогорулайт. Биз ушундай максатты көздөп, мушкерлердин чеберчилигин арттыруу үчүн, бул турнирди өткөзүп жатабыз. Спорт күйөрмандарын дагы спортко чакырып, аларды кызыктырып, бокска үндөө жана үгүттөө десем да болот. Себеби, биз башка өлкөнүн мыкты деген курама командаларын чакырдык, аларды көрүшүп, кызыгышат дегендей. Эң күчтүү, тажрыйбалуу мушкерлер келишти. Биз мыкты мушкерлерибизди ушул мелдештен сынап, апрель айында Астанада өтө турган жолдомо турнирине даярдап жатабыз. Эми бул турнирдин деңгээлин жогорулатып, кийинки жылы Европа, Африка, Азия мамлекеттерин дагы чакырабыз", - деди.
"Башка өлкөлөрдөн келген мушкерлердин саны 208ге жетти. Анын ичинен 69 мушкер спорттун чебери болсо, 8 мушкер эл аралык спорттун чебери. Мындан тышкары дүйнөнүн, Азиянын чемпиондору келип, ринг ичинде мыкты чеберчиликтерин көргөзүштү. Курама команданын алдыңкы балдары аларга тең келгени менен аймактарыбыздан келген мушкерлердин кыймыл, техника жагы начар болууда. Астанада өтө турган жолдомо турнирине 13 баланы даярдап жатабыз. Бирок, аларды алдын-ала ушул турнирден сыноодон өткөзүп жатам. Жыйынтыгы мен күткөндөй эле болду", - деди мелдештин башкы калысы, курама команданын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов.




Ш.Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резервдик окуу жайынын директору Төлөсүн ЫСЫРАИЛОВ:
"Чоң спортко пайдубал биздин окуу жайдан башталат"
- Өткөн жылга сереп салсаңыз, окуу жайдын жетишкени, жетишпеген жактары деген-
дей?
- 2011-жыл биздин окуу жай үчүн жакшы жыл болду. Окуу жайдын материалдык базасын чыңдап, баштан аяк оңоп-түзөө иштерин жүргүздүк. Балдарга ыңгайлуу шарттарды түзүп, уктоочу бөлмөлөрдүн эмеректерин, залдарды спорттук жабдыктар менен жаңыладык. Каржы маселесине бир топ депутаттар жардам көрсөтүп, окуу жайга келип, абалыбызды көргөндөн кийин каражат бөлүп беришти. Себеби, чоң спортко пайдубал ушул окуу жайдан башталат. Кыргызстандын курама командаларында жүргөн балдардын көпчүлүгү ушул жерден тарбияланган. Ошондуктан балдарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүнү көздөп, экс-президентибиз Роза Отунбаева балдардын тамак-ашын жогорулатып берди. Мурун ар бир балага 71 сом болсо, азыр 213 сомго көбөйдү.
- Башка спорт мектептеринен өзгөчөлүгү кандай?
- Бизде эң мыкты, тажрыйбасы мол машыктыруучулар иштейт.
Балдар күнүнө эки маал машыгып, мектеп программасындай эле бардык сабактарды окушат. Бирок, бизде башка мектептерден айырмаланып, тыным болбойт. Эртең менен саат 8ден баштап 2 саат сабак окугандан кийин 2 саат машыгып, түштөнүп алып кайрадан сабак окушат. Кечинде сөзсүз машыгууну улантышат. Балдарды бош тургузбайбыз. Болгону ишемби күнү түшкө
чейин окуп, каалоочулар үйлөрүнө кетет. Бирок жекшемби күнү кечинде келишет. Биз олимпиадалык оюндардын программасына кирген спорттун 9 түрү боюнча иш алып барабыз. Мыкты спортчуларды чыгаруу үчүн спортко көбүрөөк басым жасалганы менен билимин төмөндөтпөй, алыс жактарга мелдешке барса да үй тапшырмаларын аткарып, келгенден кийин тапшырышат. Бул окуу жайды бүткөндөн кийин балдар өздөрү каалаган чоң окуу жайына кетишет. Кааласа ушул жердин 3 жылдык курсун улантат. Быйылтан баштап бул курсту 1 жылга кыскартабыз.
- Кандай шартта кабыл аласыздар?
- Жыл сайын 60 бала бүтүп кетет. Кеткен балдардын ордун толуктап, жайында сынак өткөзүп турабыз. Бул окуу жайга 325 балага орун берилген. Өлкө ичиндеги бардык аймактардан келишкендиктен атаандаштар абдан көп. Сынакта көптөгөн балдарга орун жетпей калып, арманда кеткендердин саны арбын. Биздин максатыбыз спортко балдарды тартып, дагы да алардын санын көбөйтүү. Сынактын биринчи кезектеги шарттары бала медициналык кароодон өтүүсү абзел. Ден соолугу чың, кайраттуу болсо өзү каалаган спорттун түрүнөн мелдешке катышат. Сынак мелдешинен өтсө, анан сабактардан экзамен тапшырат. Ушул сыноолордон өтсө гана окуу жайга кабыл алынат.
- Генетикага көңүл бурасыздарбы?
- Албетте, генетикага сөзсүз түрдө көңүл бурабыз. Ата-энеси спортчу болсо баласы да спортко дилгир болот. Анткени ата-энеси спорт тармагында жүрүп, бир топ тажрыйба топтоп алат да баласын ымыркай кезинен үйрөтөт. Бүгүнкү күндө бизде андай балдар абдан көп. Туура, ар бир бала ата-энени тарта бербейт. Бирок, көпчүлүгү мыкты, абдан талантуу, тарбиялуу балдар.
- Балдардын тартип-тарбиясы катуу көзөмөлдө болсо керек?
- Биздин окуу жайдын тарбиясы абдан күчтүү. Балдар менен иштеген өзүнчө тарбиячыбыз бар. Мектепке келгенде мугалимдер, машыгуу учурунда машыктыруучулар көзөмөлдөйт. Ар бир бала менен кылдат иш алып барышат. Ар кимдин ар кандай кыял-жоругу болот. Мүнөзү өтө жоош, жөнөкөй балдар жакшы жыйынтык чыгара албайт. Андыктан, спортчу өзүнө тың, аракетчил, тайманбай алдыга гана умтулуп турушу керек.
- Көчөдөгү уруш-жаңжал, тоноочулук жүрөктүүлөрдүн колунан гана келет, мындай жоруктарды спорт мектептеринин балдары жасайт, деген пикирлер бар.
- Ырас, бүгүнкү күндө талап-тоноолор күч алды. Шаар ичинде көптөгөн мектептер бар. Айрым тарбиясы жетишпеген, өтө тентек балдардан андай көрүнүштү күтүүгө болот. Ошондуктан көчөдөгү чыр-чатак менен тоноочулукту спортчуларга шылтап коюу туура эмес. Ооба, кээ бир балдар бирөөдөн келтек жеп, ызаланып калгандан кийин өч алуу үчүн машыкканы спорт мектебине келет. Бирок машыгып, мыкты спортчулардын катарына киргенден
кийин көчө урушун каалабай калат. Ар кандай мелдештерге катышып, жеңишке жетүүнү гана көздөп калат.
- Көпчүлүк ата-энелер балдарын спорт мектептерине бергилери келишпейт. Себеби ал жакта балдардан таяк жеп күнү өтөт, дешет.
- Коркпой эле коюшсун. Эң биринчи кезекте күчтүү тартип болгондуктан, ар бир бала көзөмөлдө турат. Биздин окуу жай өтө тентек, сөз укпаган, тарбиясыз балдарды окутууга укугу жок. Андай балдардын үстүнөн арыз түшөөрү менен ата-энесине байланышып, өздөрүнө тапшырабыз.
- Балдардын ден соолугуна кандай камылга көрөсүздөр?
- Балдар жылына эки жолу медкароодон өтүп турат. Балага оорчулук келгенде организм начарлап, ар кандай оорулар келип чыгат да. Чоң мелдештерде жаракатка учурашы мүмкүн. Андайда бала калыбына келгиче, ден соолугун чыңап, дарыланууга өтөт. Мындан тышкары ар бир бала витаминдер менен азыктанат.
- Кирип келген жылдан үмүттүңүздөр чоң болсо керек?
- 2012-жыл чоң олимпиаданын жылы болгондуктан, абдан жоопкерчиликтүү жыл. Алдыда жолдомо
алууга үч эл аралык турнир болот. Окуу жайыбызда үмүтүбүздү жандырган алдыңкы 5 окуучу бар. Грек-рим күрөшүнөн Калыбек Жолчубеков, дзюдочу Болот Токтогонов, оор атлетикадан Улан Жакишов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова жана Нестан Кыязова. Азыр бул балбандар олимпиадага баруу үчүн жолдомо алууга даярданып жатышат.