"Кыргыз туусу", 31.01.12 Кыш кылычын көтөрүп...
Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевдин төрагалыгында өткөн республиканы отун, энергетика менен камсыздоо боюнча республикалык штабдын селектордук кеңешмесинде региондордогу жана борбордук мекемелердеги абал талкууланды. Андан белгилүү болгондой, республиканы отун, энергия менен камсыздоо негизинен жаман эмес. Ошондой болсо да, бул жагынан көйгөйлүү маселелер да кыйла.
Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, суук катуу болгондуктан, төмөнкү, ошондой эле жогорку чыңалуудагы электр линияларында олуттуу бузулуулар болууда. "Мындай жагдай, министрликтеги сыяктуу эле, энергетикалык компанияларда да буга олуттуу маани бербегендиктен болуп жатат. Биз бул сыяктуу авариялык кырдаалга жол бербешибиз жана калкты электр энергиясы менен толук камсыз кылышыбыз керек. Анткени, мындай кырдаал калкты кыйынчылыкка дуушар кылып жатат. Энергетиктер от жагуу мезгилине электр системасы толук даяр экендигин билдиришкени менен иш жүзүндө бул тармак толук өлчөмдө даяр эместигин кышкы суук ачык көрсөттү. Ушундай кайдыгерликтин кесепетинен, линияларда, подстанцияларда авария болгондон кийин гана шашылыш түрдө кабелдер алмаштырылып, жаңы жабдуулар орнотулуп, башка дагы кемчиликтер чечиле баштады", - деп баса белгиледи А.Карашев.
Ал ошондой эле, калкты электр энергиясы менен камсыздоо үчүн энергия компанияларынын жетекчилери жекече жоопкерчилик тартышарын эскертти. Биринчи вице-премьер-министр ошону менен бирге, энергетикалык сектордо жоготуулар 19% болуп белгиленсе, иш жүзүндө бул көрсөткүч 22%ды түзгөнүн да эске салды.
Электр энергиясын жоготуу деген деги эле болбошу керек. Ырас, техникалык жоготуу деген бар, бирок ал 3-5%дан ашпоого тийиш. Ал эми калганы жөн эле электр энергиясын уурдап пайдалануу болуп жаткандыгын энергетиктер моюндарына алуулары керек. Анткени, электр энергиясын уурдап пайдаланууда энергетика компанияларынын көзөмөлдөөчүлөрүнүн да үлүшү бар экендиги жашыруун эмес.
А.Карашев электр энергиясын пайдалангандыгы үчүн акча жыйноо ойдогудай болбой жатканына көңүл буруу менен Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарды энергия менен камсыздоо маселесин көтөрдү. Ошону менен бирге "Ак ордо" жаңы конушуна көмөкчордон куруу үчүн жер бөлүп берүү зарылдыгын белгиледи.
"Бийликтин жергиликтүү органдарынын камырабастыгынын кесепетинен улам, таш көмүрдүн баасы көзөмөлгө алынбай, айрым региондордо өтө эле асмандап кеткен. Ар бир регионго таш көмүр жеткирип берүүчү уюм аныкталып, калк үчүн таш көмүрдүн баасынын чеги белгиленген Өкмөттүн чечими чыкканына карабастан, ал аткарылбай жатат", - деди А.Карашев.
Кеңешменин жүрүшүндө белгилүү болгондой, ар бир облуста таш көмүр сатуучу атайын базалар уюштурулган. Мисалы, Нарын облусунда ушундай 69 база бар. Таш көмүрдүн 1 тоннасынын баасы сапатына жараша 1600 сомдон 3500 сомго чейин сатылып жатат. Ал эми, Баткен облусунда 4800-6500 сом, ал түгүл 10 миң сомго чейин көтөрүлүп жатканы айтылды. Бул өтө эле аша чапкандык. Андыктан алып-сатар кызыл кулактарга кандайдыр бир таасир берүүчү аракеттерди колдону керектигин биринчи вице-премьер-министр эскертти.
Ал эми, энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевдин маалыматтарына караганда, электр энергиясын пайдалануу улам көбөйүп бара жатат. Алсак, кийинки күндөрү белгиленген 49 млн. киловатт-саат энергиясынын ордуна 67 млн. кВт. пайдаланылууда. Мындай болгон учурда, албетте, электр тармактарына жана подстанцияларга күч келери анык. Атап айтканда, 25-январга карата 199 жогорку чыңалуудагы подстанциялардын 17си ашыкча жүк көтөрүү менен иштөөдө.
Селектордук кеңешмеде республиканын региондорунун жана энергия компанияларынын жетекчилери алардагы абал тууралуу маалымат беришти. Алардын айтымында бардыгы эле жакшыдай көрүнөт. Бирок, иш жүзүндө андай болбой жаткандыгы өкүнүчтүү. Буга Ошто таш көмүрдүн 1 тоннасы 8-9 миң сомго жетип жатканын айтсак жетиштүү болор.
Кеңешмени жыйынтыктап, А.Карашев энергетика жана өнөр жай министрлигине энергия компаниялары жана жергиликтүү бийликтер менен биргелешип электр энергиясын пайдалануунун белгиленген өлчөмүн аткарууга катуу көзөмөл кылууну жана авариялык кырдаалга жол бербөөнү тапшырды.
Ошондой эле, бийлктин тийиштүү органдарына, анын ичинде облустук мамадминистрацияларга жаңы кошундарды электр энергиясы менен камсыздоо боюнча иш-чараларды кабыл алуу тапшырылды. Ал эми, каржы министрлигине бийик тоолуу райондордун калкына компенсация төлөп берүү боюнча маселени чечүү сунушталды.
Токтомуш ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"




Жаңы кино: тушоо кесүү
"...Жерге арналган өмүр"
Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы өлкөбүздүн айыл чарбасынын көйгөйлөрүн жана анын өнүгүү жолдорун чагылдырган "Жамин Акималиев. Жерге арналган өмүр" аттуу толук метраждуу даректүү кинотасманы жарыкка чыгарды.

Тасманын башкы каарманы - окумуштуу-агроном, өлкөбүздүн парламетинин жети жолу шайланышынын депутаты, Кыргыз Республикасынын илимине эмгеги сиңген ишмер, Манас, Ленин, Октябрь Революциясы, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордендеринин, Илим жана техника тармагындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Бробордук Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн Айыл чарба илим-изилдөө институттарынын ассоциациясынын төрөгасы, Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтунун башкы директору, академик Ж.Акималиев.
2012-жылдын 28-январында саат 14.00дө "Жамин Акималиев. Жерге арналган өмүр" кинотасманын улуттук тушоо кесүү көрсөтүүсү бир убакытта - өлкөбүздүн бардык облустук жана райондук мамле-кеттик администрацияларынын
жыйындар залдарында, ошондой эле, Бишкектеги улуттук китепкананын чоң залында жергиликтүү жетекчилердин, айыл чарба адистеринин, дыйкандардын, фермерлердин жана жалпы коомчулуктун өкүлдөрүнүн, маданият кызматкерлеринин, журналисттердин катышуусунда уюштурулуп, анда чагылдырылган маселелер тууралуу талкуу жүргүзүү менен бул иш-чара жөнүндө басма сөздө, радио, телекөрсөтүүдө кеңири маалымдоо алды.
Мындай иш-чара Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу
коомчулуктун, жалпы дыйкандардын көңүлүн өзүнө буруп жана Кыргыз Өкмөтүнүн агро өнөр жай комплексинин алдына коюп жаткан заманбап маселелерди ийгиликтүү чечүүгө жер-жерлердеги бийликтин бардык деңгээлдерине көмөк көрсөтүү үчүн уюштурулууда.
Даректүү кинотасманын авторлору ар дайым изденген академик Жамин Акималиевдин ички дүйнөсүн ачуу менен бирге, бардык кыргызстандыктарды тынчсыздардырган маселени - дыйкандардын эмгегинин жана жер маселесинин көйгөйлөрүн, майда дыйкан чарбалардын ири агро-
кооперативдерге айлануусунун жана өзүнүн ишинде заманбап техниканы, айыл чарба технологиясынын жетишкендиктерин пайдаланууну көрсөткөн.
Советтер Союзунда алдыңкы орунду ээлеген Кыргызстандын экономикасынын гүлдөгөн агрардык сектору орто кылымдын абалына - натуралдык чарбанын деңгээлине түшүп кетүүсүнө күнөөлүү адамдардын аттары аталган.
Кинотасманы тартуу Айыл чарба министрлигинде, Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде, агрардык университетте, атактуу кызылчачы, Социалистик Эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокованын үйүндө, академиктин кичи мекени Ак-Талаа районунда ушул көйгөйлүү маселени дыйкандар менен талкулоо учурунда жүргүзүлгөн.
Аталган кинотасма сапаты жагынан "Кыргызфильм" киносту-диясынын жана Кыргыз Өкмөтүнө карашту Кинематография мамлекеттик агенттигинин эң жогорку
баасына татыктуу болду.
Тасманын сценарийинин автору жана режиссёру Эдилбек Сарыбаев. Аталган автор Социа-
листтик Эмгектин Баатырлары, атактуу колхоз башкармалары
А.Т Юматова (1984), А.К.Камалов (1987), депутат - чабан Зейне Бейшекеева (1985) тууралуу сценарийлерди жазып, алардын эмгегин бүткүл СССРдин экрандарында даңазалаган. Тасманын оператору Евгений Барышников, үн оператору жана монтажчысы Анатолий Сивоха, редактору Талип Ибраимов.
Токтомуш ӨСКӨНӨВ,
"Кыргыз Туусу"