газета "Кыргыз туусу" на кыргызском языке • №07, 31.01.12. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча... •




"Биз криминал менен коррупцияга согуш ачтык"
Кыргызстан коррупциядан 30 миллиард сом зыян тарткан
"Бийликтин милдети эмнеде? Бийликтин негизги милдети - коомдун бышып жетилген көйгөйлөрүн чечүү, өз жарандарын кылмыштуулуктан жана зомбулуктан коргоо. Маселе ушундай коюлууда. Эгерде кимдир бирөө башкача ойлосо, ал биз менен сапарлаш эмес, анткени биз криминал менен коррупцияга согуш ачтык жана аны акырына чейин чыгарууга милдеттүүбүз. Эл бизди толук колдооруна ишенем". Президент Алмазбек Атамбаев кечээ Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жыйынында мына ушундайча билдирүү жасады.

- Бүгүн Коргоо кеңешинин күн тартибине "Коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө" маселе коюлат. Аны биз бүгүн талкуулап, тийиштүү чечим кабыл алышыбыз керек. Отурумдун башында өз пикиримди айтып коёюн деп чечтим. Каралып жаткан маселе, талашсыз, небак бышып жетилген. Биз өткөн жылы уюшкан кылмыштуулук менен күрөшө баштагандан, эмгек акыны, пенсияны жогорулатууга акча таба баштагандан тартып, Кыргызстан эли адилет мамлекеттин курулушуна ишене баштады. Биз бул ишеничти актоого милдеттүүбүз. Биринчи кезекте, бул жагдайда өлкөнүн өнүгүүсүнө жолтоо болуп, мамлекеттин жана жарандардын бардык күч-аракетин жокко чыгарып жаткан коррупцияны сөзсүз жеңүүбүз керек, - деп сөзүн баштады Президент.
(Уландысы 2-бетте)


Ата Мекенди сүйүү - тарыхый мурастарды таануудан башталат
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев "Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык мекенчилдикти калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүү боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун өз ара айкалышкан иши элдин биримдигин чыңдоого жана мамлекеттүүлүктү өнүктүрүүгө олуттуу салым кошо алат. Ал экономиканы жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүү, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралардын комплексинде заманбап коомду жана гүлдөп-өнүккөн өлкөнү курууга, жарандык атуулдукту жана өлкө үчүн сыймыктануу сезимин калыптандырууга тийиш. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн эки миң жылдан ашык тарыхы дүйнөлүк цивилизациянын кенчи болуп саналган, азыркы учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга татыктуу жоопту калыптандыруу үчүн таалим болоорлук мисалдардан турган барактарды камтыйт. Эң оболу бул орто кылымдарда Улуу кыргыз каганаты түзүлгөн жана кыргыз мамлекеттүүлүгү гүлдөп-өнүккөн мезгил. Аны сыпаттоо үчүн академик В.В.Бартольд жана башка илимпоздордун эмгектеринде "Улуу кыргыз мамлекети" деген термин колдонулган.

(Уландысы 2-бетте)




Кыргыз депутаты 87 миң долларга "Лексуc" минет
Кыргыз парламентинин имаратынын алдында катары менен токтотулган "Лексус" маркасындагы авто унаалар мындай жакыр мамлекет үчүн абдан таң калыштуу көрүнүш.
Бул кымбат баалуу унаага ээ болуш үчүн эң аз дегенде депутат ичпей-жебей, батир акы менен коммуналдык акыны төлөбөй жашаган күндө да 6-7 жылдык эмгек акынын куну талап кыланат. Ал эми Бишкектин орточо жашоочусу "жел ооп", күндөн кубат алып дегендей, үй-жайдан же бала-чака баккандан оолак күн кечирсе жергиликтүү базарда 87 миң АКШ доллары турган бул авто унаа үчүн 33 жыл каруусун казык, жилигин токмок кылып иштеши керек. Чыгарылган жана кураштырылган жылы кандай болгонуна карабай дагы башка ушул өндүү авто унааларга ээ болуш үчүн орточо айлык алган бишкектик 12 жылдан 20 жылга чейин маңдай терин төгүп иштеши зарыл.
(Уландысы 11-бетте)