![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Жергиликтүү бюджет күчтөндүрүлдү Өкмөттө 2012-жылга карата республиканын бюджетинин долбоору жана 2012-2014-жылдарга бюджеттин божомолу талкууланып жатканда Премьер-министр Өмүрбек Бабанов каржы полициясы менен салык кызматы жакшы иштесе, көмүскөдөн 30-40 миллиард сом алууга болорун билдирди. Быйыл бюджеттин тартыштыгы 6 млрд. сомду түзүүдө. Киреше 88 млрд. 451 млн. сом болсо, чыгаша 94 млрд. 768 млн. сомго барууда. "Быйылкы жылдын бюджетинин долбооруна ылайык гранттардан түшкөн пайданын көлөмү 8 млрд. сомду түзөт. Ал эми салык боюнча алсак, бул жылы 36 млрд. 806 млн. сом чогултулуп, салык эмес кирешеден 28 млрд. 330 млн. сом түшөт. Кошумча булактардан 2 млрд. 430 млн. сом каралууда. Салыштырып карай турган болсок, былтыр кирешенин көлөмү 74%га жакын болсо, быйыл 83%ды түзгөнү турат", - деди бюджеттин долбоорун баяндаган каржы министри Акылбек Жапаров. Мамлекеттик кызматкерлерди кыскартуудан өлкө казынасына 804 млн. сом түшөрү каралган. Ошондой эле бюджеттин долбоору каралып жатканда улутташтырылган объектилерди сатуудан түшө турган пайдалар жана ЕвроАзЭШтин грант түрүндө келе турган 100 млн. сом ашык акча каралган эмес. Быйыл бюджеттин киреше бөлүгүн 2010-жылга салыштырмалуу 14,4%га жогорулатуу болжолдонууда. Бюджеттин чыгаша бөлүгү 16 миллиардга көп. 2014-жылга карата аны 2%дык деңгээлге жеткирүү пландаштырылган. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов бюджеттин долбоорунда түшкөн кирешенин чегинде гана чыгымдарды каржылоо принциптери камтылганын белгиледи. Өкмөт башчы эки баскычтуу бюджетке өтүүгө, аймактарды өнүктүрүү жана жергиликтүү бюджеттердин каржылык өз алдынчалыгын жогорулатуу керектигине, ошондой эле социалдык секторду реформалоонун зарылдыгына токтолду. "Быйыл Өкмөт жергиликтүү бюджеттерге каражат чегерүү ченемдерин кайра карап чыкты. Натыйжада жергиликтүү бюджеттердин жалпы кирешеси 1 млрд. сомго көбөйөт. Жергиликтүү бюджеттерге милдеттүү патенттен түшкөн салыктар 100% калат. Эгер, мурун республикалык маанидеги шаарларда кирешеден түшчү салыктардын 35%ы калса, азыр 50%ы калат. Райондук маанидеги шаарларга 30%ы гана калып келсе, эми 40%ы чегерилет. Эч нерсе албай келген айыл өкмөттөрүнө 10%ы которулат. Жергиликтүү бюджеттерге кендерди иштетүүдөн түшкөн салыктын 50%ы да калат. Бюджеттеги мындай жаңы мамиле жергиликтүү бюджеттерди колдоого багытталды", - дейт Өкмөт башчы. Быйылкы жана 2014-жылга чейинки бюджеттин долбоорунда эки баскычтуу бюджетке өтүү, ушул жылдын апрель айынан баштап мамлекеттик сатып алууларды электрондук соода кылуу аркылуу өткөрүү, бюджеттин тартыштыгын олуттуу түрдө кыскартуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулган. Негизинен бюджет Өкмөт бекиткен "Туруктуулук жана татыктуу жашоо" программасына ылайык иштелип чыккандыгын каржы министри билдирди. "2013-жылдан баштап түшкөн кирешелердин негизинде гана чыгымдар каржыланат, 2014-жылдын бюджети өнүгүүнүн бюджети болот", - деди Акылбек Жапаров. Мамлекеттик түзүмдөрдү ыраатташтыруунун негизинде 1 млрд. 253 млн. сом үнөмдөлгөнү жаткандыгын айткан Премьер-министр Өмүрбек Бабанов: "2010-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясы 220 млрд. сомду түзсө, ага салыштырмалуу 2012-жылы ички дүң продукция 50%га көбөйөт, 2014-жылы болсо эки эсеге жогорулайт. Эгер, 2009-жылы республикалык бюджет 45 млрд. сомду түзсө, 2012-жылы 80%га көбөйөт. Бул көмүскөдө жаткан каражаттардын ачыкка чыгышынын жыйынтыгы", - деди. Талкууга чыгышкан министрликтердин, мекемелердин жетекчилери бюджеттен каралган каражаттардын жетишпестигин, аз жазылып калгандыгын, көбөйтүү сунуштарын айтып чыгышты. Айрым гана оң- доолор киргизилбесе, каржы ми-нистрлиги сунушталган долбоор өкмөт мүчөлөрү тарабынан жактырылып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлмөк болду. Өкмөт башчы сөзсүз чечүүгө туура келе турган айрым маселелерди каржылоону, бюджет кабыл алынгандан кийин кошумча кирешелер табылса өзгөртүү, толуктоолор менен ишке аша тургандыгын айтты. Өкмөт мүчөлөрүнөн, Жогорку Кеңештин депутаттарынан аны, муну көбөйтүп койгула деп чуркай тургандары болсо, жекече чара колдоноорун маалымдады. Марип ТАЙЧАБАРОВ, "Кыргыз Туусу" Фермерлер 7 пайыздык насыя алышат (Башталышы 1-бетте) Түштүктө жаз эрте келгендиктен, насыяны февраль айында эле "Айыл банкы", РСК банктары бере турган болду. Бюджетке май айында да өзгөртүүлөр киргизилип, чакан насыялоого дагы 1 млрд. сом берүү белгиленди. Кеңешмени ачкан Премьер-министр Өмүрбек Бабанов элдин жашоосун жакшыртууда экономикалык реформалардын керектигине токтолуп, айыл чарбасын көтөрүүгө басым жасап: "7%дык кредиттерди беребиз" дегенде айрымдар айыл чарбасында ишке ашпайт деп айтышкан. Бардыгыңыздар күбө болдуңуздар өткөн жылы Кыргызстандын тарыхында 9%дык насыя бердик. 2012-жылга 1 млрд. сом бюджетте каралып жатат. Ал акча 7%дан айыл чарбасында иштеп жатышкандарга берилет. 500 млн. сому өсүмдүк өстүрүүчүлөргө 200 миң сомго чейин бир жылга, 500 млн. сом мал баккандарга эки жылга 300 миң сомго чейин каржыланат. Мындан тышкары бюджетибизди бекитип алгандан кийин май айына карата дагы бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизебиз. Кошумча кирешелердин булактарын карап жатабыз. Каржы министрине тапшырма берет элем. Дагы 1 млрд. сом ошол айыл чарбасына чакан кредиттер катары, ар бир айыл өкмөткө орто эсеп менен 2 млн. сомдон болот экен. Ошону карап, дагы 1 млрд. сом бөлүп беришибиз керек", - деди. Каржы министри Акылбек Жапаров фермерлерге арзан насыя берүү 2011-жылы сынамык негизде болуп, жакшы натыйжага жетишкендигин айтты. Министр бул жылы дагы ийгиликтүү болоруна ишенет. "Кредиттин экинчи фазасы болот десек, Өкмөт туура көрсө, колдоп берсе, анда "Айыл банкы", РСК банктары ушул схема менен иштей берүүсүн каржы министри туура көрүп жатат", - дейт. Өткөн жылы 100 миң гектар күзгү буудай айдалбай калган. Быйыл кант кызылчасы, тамеки, арпа, жүгөрүнүн айдоо аянттары көбөйөрүн билдирген айыл чарба жана мелиорация министри Сапарбек Тынаев дыйкандарды жазгы талаа иштеринде күйүүчү май менен камсыз кылуу максатында нефтетрейдерлер менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн билдирди. Министрдин айтымында быйыл дыйкандар күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыз болушат. Өз кезегинде вице-премьер-министр Аалы Карашев күйүүчү май тартыш болуп жатканда, аны аткезчилик жол менен коңшу өлкөлөргө ташуу күчөөрүнө, аны көзөмөлгө алуу керектигине токтолду. "Биз баарына тең бир тапшырма берсек. Быйылкы жылы биздин республикадан сыртка чыгып кеткен көрүнүштөргө жол бербесек", - деген сунушун айтты. Үрөн сатып алуу үчүн кошумча 50 млн. сом керектигин Сапарбек Тынаев кошумчалады. Учурда өлкөдө айыл чарба техникасы да жазгы талаа иштерине толук даяр эмес. Трактор, комбайндардын көбү жарактан чыгып, 80%ы колдонуу мөөнөтүнөн өтүп кеткен. Өкмөт башчы айыл чарба жана мелиорация министрлигине жазгы талаа иштерин аба-ырайына карата иш алып барууну, ар бир аймактын өзгөчөлүгүнө жараша иш-план түзүүнү, кайсыл жерге кандай колдоо керектигин билүүнү, үрөн, жер семирткич, күйүүчү май менен камсыздоону тапшырып: "Өткөн жылда 5 миң тонна солярка даярдаганбыз. Андан азыр Өкмөттө 3,5 миң тонна солярка турат. Айыл чарба министри кандай бөлүштүрүүнү сунуштаса, элге баасын арзандатып беришибиз керек", - деди. Марип ТАЙЧАБАРОВ, "Кыргыз Туусу"
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||