![]() |
![]() |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Бийден бакыт тапкан Зарылбек Кыймылдын гармониялуусу, адамга эстетикалык ырахат тартуулаганы - бий. Бийден бакытын тапкан Зарылбек МОЛДОБАКИРОВ бий-өмүрү жөнүндө айтып берип жатат. Жылдыздуу жүзүнөн өнөрүнө дагы да суктануусу, дагы да чоң үмүтү, жаркын маанайы, өзүнүн айтып жаткан күү ыргагын коштоп жандана, кайкып уча калган эки колу жанындагы адамды да арбай калат. Учурда улуттук консерваториянын режиссер-балетмейстер кафедрасынын жетекчиси Зарылбек Молдобакиров эмгек жолунда көп ийгиликтерге жетип, искусство чөйрөсүнүн көрүнүктүү өкүлү болуп турган чагы. Бийчи бала чагын, эмгекке кадам таштоо учурун, бүгүнкү күнүн, келечегин көз алдынан өткөрүп отурду. Бир азга болсо да кошо сапарлаш болдук. Мекениме сыймыктануум Окууну бүткөндө мени элдик бийлер-ди: кавказдыктар-дын лезгинкасын, гопакты, белорус, украин бийлерин бийлеш үчүн бөлүп кетишти. Анда Кыргызстандын бий ансамблин атагы элге таанымал Нурдин Түгөлов жетектөөчү. Атайын машыкчу жайыбыз да жок эле. Эптеп машыккан жерибиз - цирктин артындагы короо болчу. Кийин филармонияда иштеп калдым. Иштегенден баштап көп мамлекеттерге бардым. Ошол учурда Японияга баруу деген менин кол жеткис үмүтүм бар эле. Ал жакка барчу ар бир кишини текшерип, эмне тамакты жакшы көрөт, кандай адаты бар, ошого чейин текшеришет экен. Эли, жери үчүн жанын берген калк. Ошол жерде сумо күрөшү боюнча бүткүл дүйнөлүк чемпионат башталмак. Биз болсо ал маалда Киото, Саппоро шаарла- рында гастроль коюп жүрөбүз. Мен "Күрөш" аттуу бийимди бийлеп жүргөм. Аны бүт Япониянын телеберүүлөрүндө беришкени үчүн баарына кызык көрүнүптүр. Бир күнү эле Ита-сан деген продюсерибиз мага келип: "Зарыл-сан, сиз бир жерге кийимдериңизди, керек нерселериңизди алып, ашык-кеми жок эки мүнөт бийлеп берсеңиз", - деп суранып калды. Мен макул болдум да, айткан убагында даяр болуп калдым. Барган стадион абдан чоң экен. Жолдо өтүп баратам. Сумочулар даңкайган, 2 метрден ашкан дөөлөр экен. Мен аларга салыштырмалуу койтоңдоп кетип бара жатам. Көрсө чемпионаттын уюштуруучусу иш-чараны Кыргызстандан келген күрөшчүлөр ачат деп, мени чакыртыптыр. Бүткүл дүйнөдөн келген сумочулар топтолуп, уй мүйүз болуп тегеректеп калышты. Аңгыча эле менин музыкам башталып, бийлей баштадым. Баягы сумочулар каткырышат. Алардын жоон үнү менен зоңкулдап күлгөнү да өзүнчө бир кызык. Далыман чаап, көтөрүп койду бирөө. Мени узатышып, колума конверт беришти. Аны мен 20-30 доллар беришти го деп ойлогон элем. Таксиде кыялданып келе жатып, чыдабай ачып жибердим. Ачсам 500 доллар! Бир жагынан кыргыз бийим жакшы кабыл алынып, кубанычка батып келе жаткам, экинчи жагынан ошондой акчаны бир кармаганыма жетине албай келе жаттым. Бийлердин тагдыры адамдын тагдырындай Бир жолу Индияда кон-церт коюп жүргөнбүз, анда Алла Пугачева ырдап, биз артында бийлеп турабыз. Эс алып, экскурсияга барып калдык. Бир шаркыратмага алып барышты. Анын бийиктиги 50 метр. Ал шаркыратмага баратканда бир шаманы бар аралчанын жанынан өтүш керек экен. Ошону айланып өтүп бара жатып, тыйын ыргытмай шарты бар дешти. Мен да эл катары ыргыттым. Шаман ыргытылган тыйынды эч качан кайра ыргытчу эмес экен. Бирок, кандай болгонун билбейм, ыргытылган тыйындардын бирөө кайра менин колума түштү. Ээ, бул да Кудайдын буйругу деп койдум. Бизди коштогон тилмеч да таң калды. "Канча адамды алып келем, бирок шамандын кайра акча ыргытканын көргөн эмесмин", - дейт. Ошондон бир аз өтпөй, баягы шаркыратманын коргондогон жери бар экен. Мен өзүм жаным жай албаган немемин да, ал жерден ашып өтүп, таштан ташка секире калбаймынбы, уюштуруучулардын бири да көрбөйт. Мен болсо шаркыратманын жанындагы таштарга тайый түшүп, токтоп калдым. Бир көз ирмемдин ичинде шаркыратмага аралашып кете бермек экенмин. Артка куладым да акырын артка жылдым. Ошол учурда баягы шаман ыргыткан тыйынды эстедим. Бул мага сыр болуп берилген тыйын экен деп, жакшылыкка жорудум. Мына ошондон кийин "Шаман" деген бийди коюп калышым ошондон го деп ойлойм. Мен өзгөчө бир бий койсом деп жүрдүм эле. "Талма бий", "Жинди бий" бар деп укчумун. Бактыма жараша айтылуу Мелис Убукеев деген режиссер менен таанышып калдым. Ал Манас боюнча фильм тартып жатыптыр. "Зарылбек, мен сага уникалдуу, эч ким көрө элек бий түшүрүлгөн тасманы көрсөтөйүн. Бул бий Каркырадагы жарманкеде бийленген бий. Сен да ушундай бийди коюп көр" деп калды. Ал 30 секундга жетпеген тасма экен. Мен тасмадагы бийди кошуп, өзүм да ойлонуп "Талма бий" чыгардым. Бирок, ал кезде бийдин тагдырын чече тургандардан эч кими мени түшүнүшкөн жок. Кызыгы: "Сен чет мамлекеттин бийин бийлеп жатасың. Бул брейк-данстай болгон бий" дешкен. Кийин Майкл Джексондун бийин көргөндөн кийин "ии, кыргыздын бийине окшош экен" деп калышты. "Саймалуу таш" деген балет коюп, театр ачкым келген. Ал өзүнчө дүйнө болмок. Анын ичинде так теке бийи, аркарлар бийи, карышкыр бийи, бугу бийи, илбирс бийи болмок. Саймалуу таштагы сүрөттөрдү бийлемекмин. Жаштыктын деми менен либреттосун жазып койгон экенмин. Ой-кыялым чабыттап, оргуштап, уктай албай чыкчумун. Колу-бутумдун, башымдын кыймылын иретке келтирип, толкундап чыкчумун. Тогуз-Торонун тоолорунан 5-6 теке атып келип, терилерин алып келген элем. Анын баарын катырып, беткап жасаган элем. Бир сөз менен айтканда ыр дүйнөсү мени толугу менен арбап алды. Кыргыздын ою-чийүүсүн да бийге салган элем. Кореяга барсам иероглифтерден эле бий коюшат экен. Мен да намысыма келип, келгенде үйдөгү шырдактарды жайдым. Карасам эле шырдактын бетинде сонун кыймылдар, бий жатат. Колду кыймылдатса эле ак куунун үнү, кыймылы чыгат экен. Бийге салдым да кыздарга көрсөттүм. Ошентип, "Оюу" деген бий жаралып калды. Японияга барганда да жактырышып, уникалдуу бий деп баа беришти. Көрсө анын обону да жумшак, бийи да назик болуп, кулакка, көзгө жагымдуу экен. Менин чийген оюуларымды бийчилер бийлеп жатканда экрандан көрсөтүштү. Ошондо сахнанын баары шырдак болуп эле калды. Бул бий кызыктуу болуп, бийлеген кыздарды азыркыга чейин көп сынактарда жеңүүчүлүк орунга жеткирүүдө. "Дабыш-добуш" бийимди айтсам, чүкөлөрдү тешип, шарактаган үн чыгаргандай кылдым да, ырын да ошого жараша койдум. Бул да коюлган бий. Ар бир бийдин өзүнүн жолу, тагдыры бар эмеспи. Бийдин келип чыгыш себеби, максаты, жарайбы же жарабайбы ошол каралышы керек. Бийсиз жашай албай калдым, жа-шоонун өзү бий тура. Адам канчалык кыймылдаса ошончолук ден соолукта болот, көп жашайт экен. Келечекке жаркын көз карашта болот. Мен бардык агымдагы бийчилердин башын бириктирген ассо-циация же союзун ачкым келет. Ошонун ичине классика, фольклор, учурдагы бийлерди бийлеген бийчилерди топтогум келет. Ошондо бий өнөрүнүн өсүп-өнүгүүсүнө чоң түрткү болмок. Бул мисалга чет мамлекеттен келишип: "Улуттук бийиңер кайсы?" десе, кээ бирлер чыгыш бийин же башка бийди көрсөтүп коюшат. Мына ушундай болбошу үчүн кыргыз бийин коюучуларга өзүнүн кеп-кеңешин берип, жолун кеңейте турган бир уюм болгону жакшы. Жаштардын заманбап бийи болсо бир башка багыт, чыгыш бийи болсо башкача багыт болушу керектигин эске алыш керек. "Кыргызча бийлөө ыкмалары" деген чакан китеп чыгарайын деп жатам. Буга бүткүл дүйнөнүн, чыгыштын жана кыргыздын бийи жөнүндө түшүнүк берген маалыматтар камтылышы керек. Азыр бул темага китептер такыр жок. СССР маалында китептер келип турушчу. Роберт Орозгелдиев деген гана профессорубуз бар. Ошол киши үч китеп жазып кеткен экен. Мен кара, иним сары жөжө болгондо Кичинемде Жумгал районунда окуп жүргөнүмдө бий окуусуна бараар барбасым али дайын эмес эле. Ал да апамдын зиректигинен болду. Мектепте майрам уюштурулуп калат. Ошондо апам уюштуруучуга: "Менин балам өтө эле шок. Бир нерселерди эле аткара берет, уулума өзүн көрсөткөнгө бир номер бергилечи. Ырды жатка айттырасыңарбы же дагы бир нерсе кылдырасыңарбы?" - дептир. Мугалимдер апама өзү даярдасын деп суранышыптыр. Менин жан-жаныбарларга жакын болчумун. Себеби, мен үйгө козу, короз алып келишсе, аларга ат коюп, үй бүлөнүн мүчөсүндөй жылуу мамиле кылчумун. Ошону көңүлгө алып, кечинде апам мага: "Бир өнөрүңдү мага көрсөт, эгер мага жакса башкаларга да көрсөтөсүң", - деп калды. Мен ойлонуп отуруп, биздин күрп тоокту эстедим. Жайында ал жөжө басаар эле. Жөжөлөрү чыккандан кийин эрчитип алып аларга жем чукуп берет. Алардын ичинде өзгөчөлөнгөн эки жөжө бар. Бири сары жөжө иним болду, кара жөжөсүн мен аткармай болдум. Анан баарын мен уюштуруп жатам. Апамдын сары халаты болчу эле. Ошону иниме кийгизип, өзүм атамдын кара ичигин кийип отуруп басабыз. Музыкасын болсо атам да коштоп ойноп турат. Апам бүт туугандарды, кошуналарды чакырып тизип отургузду. Эжем болсо эшиктин пардасын сахнадай кылып жаап, алдына туруп: "Азыр сиздерге Зарылбек, Замирбек "Жөжөлөрүм" деген номерди көрсөтөт", - деп жарыя кылды. Биринчи болуп эле мен - кара жөжө чыктым. Мен үчүн кара деген чоң, күчтүү деген маанини туюндурчу. Биздин жөжөлөрдүн карасы так ошондой эле. Сары жөжөнүн тапканын чукуп жеп алчу, кууп да жиберчү. Мен ошонун кылыгын туурап жаттым. Айланып келип жер чукуп калам, жапыз стул бар эле. Ошонун үстүнө секирип чыгып түшөм деп жаза басып алып кулап, башым менен да тийдим. Башым ооруксунуп калганын да элес алган жокмун. Мындайча айтканда искусство үчүн алгачкы курмандыгым болду. Ал эми иним жоош, ага жиним келет, кыймылдабайбы деп улам кодулайм. Ошондо ал да жини келип кеттиби, чапчып жиберди. Анан чыркырап эле кызыл чеке болуп кырылышып эле жатып калдык. Апам чуркап келип сооротуп, экөөбүздү бөлүп жатат, атам да музыкасын таштаган. "Ким чокуду, ким чапты" - болуп эле сүрүштүрүш. Бирок башкы идеясы жакшы эле да. Апам да уюштуруучуга бий жасайбыз деп ишендирип койгондугуна байланыштуу бийди коюш керек. Ошондуктан мектептен бир кызды тапмай болушту. Кимди жакшы көрөсүң деп сураса анда сулуу дегенди жакшы окуган деп түшүнчү элем, жакшы окуган кызды тандадым. Ал кызды атайын даярдап, кийимин тиктиришип, музыкасын жаздырып келишти. Ошентип, жакшы номер жасап, алгачкы ту-шоом кесилген. Жоголгон куртканын жоругу Мен анда Фрунзеде бий окуу жайынын 2-классында окуп жүргөм. Каникул, жума сайын үйгө барганда баары бири-биринен бекитип да, көрүнө да акча беришет. Кийимдерден кийинтишет. Бир жолу барсам жакшы кымбат куртка кийгизишти. Көгүш, өзгөчө куртка эле. Интернатка келгенде ашканага барып, столдун артына илип коюп, кетип калыпмын. Эстеп алып чуркап барсам эле баягы куртка жок. Мен ата-энемден коркуп жатам. Айтпай-дебей бир жума барбай койдум. Бир күнү апам колуна курут, даамдарын алып келиптир. Курткамды жоготконумду айта албай жүрөм. Башка баланын курткасын кийип алганмын. Куртканы сураганда эле ыйлап жибердим. Апам урушкан жок. Кайра: "Балам, мындай куртканын далайын кийесиң. Окууң жакшыбы?" - деди. Мен күндөлүгүмдөгү бааларымды көрсөттүм эле, ыраазы болуп калды. "Курткаңды жоготконуңду атаң билбесин. Сага ошондой куртка издейин", - деп кетти. Атам мындай нерселерге катаал болчу. "Балдар дүйнөсү" дүкөнүнө, текчеден сырт саткандарга барып, базалардын баарына чалыптыр. Бир жума бою ишке барат, иштен кийин күндө менин курткамды издептир. Меники көгүш эле, табылганы жашыл. Апам ишемби күнү эртең менен мага келип куртканы кийгизип, кечинде үйгө кел деди. Түштөн кийин эч нерсе болбогонсуп жетип бардым. Атам болсо: "Мына, тыпыйып курткаңды кийип жүрөсүңбү", - деп коёт. Ошентип, апам экөөбүздүн сырыбыз жашыруун бойдон калды. ЁЁЁ Каарманыбыз жакында эле республиканын маданият ишмерлеринин ассамблеясы тарабынан Нурдин Түгөлов атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты болду. Бул сыйга "Кыз кыял", "Солтон сары", "Так теке", "Манастын урпактары" жана башка бийлерди, "Күмүш камчы" балетин жогорку чеберчиликте койгондугу үчүн татыктуу болду. Бүбү ТОКОЕВА, "Кыргыз Туусу"
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||