"Кыргыз туусу", 16.12.11 Жакшынын жарыгы өчпөйт
Докдурбек Кыдыров республикадагы финансы жана салык кызматы адистиги боюнча кесипкөй, мыкты жетекчилеринин бири болчу. Алдыда далай жакшы тилектер, үмүттөр, чоң максаттар бар эле... Аттиң, кокусунан сынган камчынын сабындай мезгилсиз ааламдан эрте өтүп кетти...

Жигит өлбөс болсочу...
нын алгачкы эмгек жолу 1976-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң райондук финансы бөлүмүнүн ага инспекторлугунан башталган. Андан кийин 1977-80-жылдары ошол эле райондо РДЭСУнун башкы бухгалтери болуп эмгектенди. 1981-жылы Ысык-Көл облустук финансы бөлүмүнүн ага экономисти болуп 7 жылдан ашык иштеди. Андан облагроөндүрүштүк комитетте кредиттөө боюнча башкы адистикке которулган. 1988-жылдан 1991-жылга чейин облустук финансы башкармалыгынын башчысынын орун басары, төрт жылга жакын Балыкчы шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы болду. Ал эми 1994-жылдан 2003-жылга чейин Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош облустарында мамлекеттик салык инспекциясын жетектеп жүрдү. Кийин Каракол шаарынын мэри, Ысык-Көл облусунун администрациясынын башчысы-губернатордун орун басары болуп, 2006-жылдан баштап облустук финансы башкармалыгын жетектеп келген. 2010-жылдан баштап финансы тармагында коомдук жана жеке ишкердик менен иш жүргүзгөн.
Ал өмүрүн өзү сүйгөн кесиби финансы жана салык кызматынын өсүп-өнүгүшүнө арнаган. Кайсыл аймагында жүрсө дагы ишке так, талбаган эмгекчилдиги, бийик адамгерчилиги менен аты таанымал болгон. Финансы системасында Докдурбек Кыдыровичтин тажрыйбасы бай эле. Базар экономикасынын шартындагы далай кыйынчылыктарды сезимтал жүрөгүнөн өткөрүп, заманбап түзүлүштөрдү иштеп чыгып, жолго койгон ийгиликтери арбын. Ал иштеп турган мезгилде финансы-экономикалык тармак бюджетти толтурууда эбегейсиз ийгиликтерди жараткан. Социалдык жактан да иштери талапка ылайык жүргүзүлүп, калкты тейлөө, эмгек акылардын өз маалында берилиши шартташтырылган. Анын жетекчилиги менен социалдык-экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрү жогору болуп келечектүү программалардын иш-чаралары иштелип турган. Анын иштеген жеринде жараткан ийгиликтери үчүн эмгеги бааланып алган Ардак баракчалардын катары иш кагаздарынын өздүк архивинде урмат менен сакталуу турат. Тактап айтканда Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин, мамлекеттик салык инспекциясынын жана облустардын мамлекеттик администрация жетекчиликтеринин Ардак баракчалары сөзүбүзгө күбө болот.
Өкүнүчтүүсү Докдурбек Кыдыровичке жогорудагыдай мыкты жетекчилик тагдырды бергени менен, Кудай өмүрдү өтө аз берген экен. Же "Жакшы адамдын өмүрү аз" деген ушул бекен деген кейиштүү ой туулат. Ал эми гана эр ортону деген 57 жашка караган курагында ааламдан өткөнү арман болду. Бул куракты элде жигит деп эле айтат эмеспи. Улуу акын Токтогулдун "Өмүр" деген ырындагы "Кыз кубарбас болсочу, жигит өлбөс болсочу, жигит менен кыз өлсө, жерге көмбөс болсочу" деген саптар эске келип, кейиштен жүрөгүң ооруйт... Бул ыр өзүнүн да сүйгөн ыры болгондуктан "Ат арыбас болсочу, жаш карыбас болсочу, жаратканы чын болсо, жай-жайына койсочу, ай!" деген саптарын ар дайым обон созуп калчу тура. Докдурбек Кыдыровичтин алтын өмүрдөн өз мезгилинен эрте кетиши арман эмей эмне?! Бул анын үй-бүлөсүнө жакын санаалаштарга, дегеле финансы жана салык кызматы тармагындагы орду толгус жоготуу.
Ал атанын уулу эле, балдар үчүн камкор ата, жубайына асыл жар, бир туугандарга таянар тоо, досторго жүрөгүнөн берилген сырдашы, дегеле улууну урматтаган, кичүүнү ызаттаган кыргыздын мыкты мырзаларынан эле.
Докдурбек Кыдырович тууралуу жакын адамдарына суроо салганыбызда төмөнкүдөй эскеришти:
Персоналдык пенсионер,
коомдук ишмер, устаты Жаныш Жээнбаев:
- Докдурбек Кыдыров деген кыргыздын мыкты мырза жигиттеринен эле. Бул жигитти мен 1977-жылы таанышып, ошондон бери жакшы мамиледе болуп келдим. Биринчи эле таанышканымда жакшы пикир калтырган. Себеби ошол жылдары мен Ысык-Көл облустук финансы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп жаткам. Докдурбек Тоң районундагы финансы бөлүмүндө иштеп жаткан экен, бизге отчетко келип калды. Негизи бардык райондордон келип отчет тапшырышып жатышкан. Ошолордун ичинен иши так, сапаттуу болгондуктан тез эле тапшырып кетти. Ошондо менде бир ой пайда болуп "бул жигитти жогорку тепкичке көтөрүп, иштетсе болот экен" деп калдым. Анан облфинге алып келдик, өзүн мыкты кадр катары көрсөтүп жакшы иштеди.
1988-жылдары Нарын, Ысык-Көл облустары бириктирилип, облфинге бөлүм башчы кылып дайындадык. Камчы салдырбай иштеп кетти. 1990-жылы салык инспекциясы уюштурулуп, мен ага кызматка кеттим да, ордума Докдурбекти сунуштап, ал иштеп калды. Бир жылдан кийин облустар кайра бөлүндү. Докдурбек Балыкчы шаарына финансы бөлүмүнүн башчысы болду. 1994-жылы мен финансы министринин орун басары кызматына кетип, дагы ордума Докдурбекти облустук салык инспекциясынын жетекчисине сунуш кылып, ал анда иштеп калды. Кийин адистиги боюнча Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош облустарына которулуп, жетекчи кызматтарда иштеп жүрдү. Жакшы кадрды каякта болсун иштеткиси келишет эмеспи. 2002-жылы Каракол шаарына мэр болду.
Революциядан кийин 2006-жылы мен Ысык-Көл облфин башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп жүрүп, анан пенсияга чыкканда үчүнчү жолу Докдурбекти өзүмдүн ордума сунуш кылып, элге алынып, жакшы иштеп жүрдү.
Докдурбек ишке өтө сабаттуу, түшүнүгү кең, билими терең жигит эле. Адамдар менен байланышы көп болчу. Республикадагы финансы жана салык кызматы тармагынын көрүнүктүү жетекчилеринин бири эле. Жаңыга умтулуусу күчтүү эле, элге жакшылык кылсам деп турчу. Экөөбүз ага-ини болуп бир туугандай сезим менен үй-бүлөбүз да жакшы катышып турчубуз. Кош, Доку! Жайың жаннатта болсун!
Рашид Жолдошалиев,
жакын досу
- Адамдын өмүрүндө достор көп эле жолугат экен. Бирок дос деген сөзгө татыктуусу аз болот тура. Менин чыныгы досум Докдурбек болчу. Ал экөөбүз кызмат аркылуу таанышып, акыры мамилебиз достукка айланып кеткен. 1981-жылы ал Тоң районунан облустук финансы бөлүмүнө ага инспектор болуп келип чогуу иштеп калдык. Ишке тыкыр эле. Бир иши бүтмөйүнчө кечки саат сегиз, кээде онго чейин олтура берчү. Ал турсун ишемби күнү дагы иштечү. Ишке өтө тың, айтканын берчү эмес. Анткени ошончолук так билчү. Ошон үчүн өзүнө ишенимдүү карачу. Кээде текшерүүчүлөр келип калганда "Эмне кылсаң ошо кыл, бирок, ишти так чыгарып, жыйынтыктап бер, мен баарына жетише албайм, өзүң такта" деп алдына керектүү кагаз иштерин
жайып таштачу. Көрсө, иши так болгону үчүн, коркок билиштиги жок, өзүнө абдан ишенчү экен.
1996-жылдары Ж.Сааданбеков Ысык-Көл облусунун губернатору болчу. "Кум-Төрдө" катуу текшерүү болуп, Докдурбекти иштен четтетип
коюшту.
- Эми эмне болот, ишиң таза экенин далилдеп, аракет кылбайсыңбы? - дедим.
- Мен эбак эле ишимдин тактыгын далилдеп, Премьер-министрге кат жиберип койгом, - деди. Анда Апас Жумагулов Премьер-министр эле. Ишти текшеришип, Докдурбек күнөөсүз экендиги далилденип, чын эле ошондо Премьер-министрдин токтому менен кайра өз ордуна олтурган. Мындай окуя буга чейин Кыргызстандын финансы тармагынын тарыхында мурун болгон эмес.
Ушундай эле көрүнүш 1999-жылы дагы кайталанды. Анткени аны Ысык-Көл облустук мамлекеттик салык инспекциясында начальник болуп иштеп жатканда себепсиз эле Таласка которуп жиберишкен. Ал учурда Амангелди Мура-
лиев Премьер-министр болуп туруп, ишти адилеттүү талдап карап, финансы министрине Кыдыровду кайра ордуна алып келүүгө тапшырма берген. Мындан эмнени билүүгө болот? Демек, мыкты билимдүү кадр кандай учурда болсо дагы өзүн мыйзамдуу түрдө далилдей алат. Докдурбекте ушундай мыкты сапат бар эле.
Адам катары абдан бийиктигин гана билем. Улуу, кичүүнү бирдей карачу. Бой көтөрчү да эмес. Жамаатта жамандык, жакшылык болуп калганда өзү тикесинен тик туруп кызмат кылчу.
Жан дүйнөсү жаратылышка жакын эле. Бакты аралап жөө басканды жакшы көрчү. Таза аба, суунун шылдыры, чөптүн жытынан бери суктанып, "Үйдө эле жата бербей, таза абага чыкпайсыңбы" деп мени тамашалап калчу. Ички дүйнөсүнүн тазалыгы артыкча тура.
Балдарын ушунчалык ичи элжиреп кеп кылуучу эле. Кыдыкбегим, Алмазбегим, Чынаркүлүм, Жыпаркүлүм, Акылбегим деп турчу. Балдары менин көз алдымда чоңоюшту. Биз үй-бүлөдө дагы ынак болуп, жакшы катташтык. Досум достой болсочу десем да жарашат. Алдыда сырдашкан көп пландары бар эле. Канча жакшы иштерди жаратмак... Арман дүйнө деген ушул тура, асылган оору алып кетти. Эми өмүрүн балдарына берсин дегенден башка колдон келер нерсе жок. Докдурбек досумдун элеси менде өмүр бою жашайт. Кош досум, топурагың торко болсун!
Рашид Жолдошалиевдин бул айтканы чындык. Андай жакшы адам ар качан элдин жүрөгүндө жашайт. "Жакшынын жарыгы өчпөйт" деген сөз бар эмеспи. Докдурбек Кыдыровдун жарыгы - ошо элине калтырган эмгеги менен балдары. Азамат уулдарды, ай жаркын кыздарды тарбиялаган жакшы атанын жарыгын алар эч качан өчүрбөйт. Калган өмүрүн сүйүктүү балдарына берсин, арты кайырдуу болсун деген сөздү айткандан башка ылаажы жок. Тирүүлүктүн парзы болгон эстеп жүрүүнү унутпайлы.
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"