"Кыргыз туусу", 16.12.11 Айтматов Айтматов
аалам элинин жүрөгүндө
Ошол театрдан Ч.Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" ("И дольше века длится день") романы боюнча коюлуучу спектаклге музыка жа-
зууга мага өтүнүч түшкөнү, мен үчүн жакшы кабар болду. Биринчиден, Ч.Айтматовдун чыгармаларына музыка жазсам деген кыялым орундалды. Себеби оюмда болгон менен ага даабай жүргөм. Экинчиден, ал кезде орустардын арасынан суурулуп чыгуу абдан кыйын болчу. Анын үстүнө, ошол улутум кыргыз болгону дагы жакшы болду көрүнөт. Кийинчерээк ошол эле темага, солисттер, хор, көркөм окуучу жана симфониялык оркестр жана он алты аспапка көлөмдүү драматория жаздым.
Кийин казактын белгилүү театр режиссеру Азербайджан Мамбетов, Алматыда, анан Москвада ошол эле чыгарманын казакча вариантын койду. Ошол аркылуу, Айтматовдун чыгармачылык дүйнөсүнө аралашуум башталды.
Менимче, жазуучунун прозасы - поэзиядай кооз, анын каармандары ЖАШОО деген эбегейсиз зор оркестрдеги түркүн аспаптын үнү менен турмуштагы ордун, арман-үмүтүн айтып, ааламга жар салганы - музыкалуу, ал эми музыкага тилмечтин кереги жок…
Непаада, Айтматов жазуучу болбой калса, сөзсүз улуу композитор болмокпу деген ой кетет!
… 90-жылдардын башында, режиссер Б.Карагуловдун өтүнүчү боюнча, Айтматовдун "Бетме-бет" повестинин негизинде "Кыргызфильм" киностудиясында тартылган "Плач перелётной птицы" көркөм фильмине музыка жаздым.
Адатта жазында кыркаар тартып "кый-куулап" учуп келе жаткан каркыраларды көрүп, алар менен кошо кандайдыр бир жакшылыктын жышааны келгенсип кубанып каршы алып, күзүндө кайтып бараткан куштарды кусалык менен карап, "кайра айланып аларды көрөөрбүз?!" деген үмүт менен узатып калабыз.
Демек, өмүрдүн бир үзүмүндө өзүбүзгө өзүбүз "эмне жасадым, дагы эмне күтөт?!" деген өңдүү суроо коюп, асманды үнсүз тиктеп, жашоого биз дагы бир келген "келгин" экенибизди мойнубузга алабыз…
Кийинчирээк, ошол эле режиссердун "Буранный полустанок", "Млечный путь" көркөм фильмдерине, андан тышкары, Айтматов, казак акыны Мухтар Шаханов экөө биргелешип жазган "Ночь воспоминаний о Сократе" жана "Ак кеме" спектаклдерине да музыка жазылды. Бири Т. Абдумомунов атындагы кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын, экинчиси Алматынын ТЮЗунун репертуарынан түшпөй келет.
1997-жылы Францияда жүргөн учурда, камералык оркестр, фольклордук ансамбль, хор жана солист үчүн "Гимн Творцу" ("Теңирге таазим" же "Жаратканга гимн") аттуу чыгарма ошол эле жылдын жай айларында, Айтматовдун демилгеси менен өтө турган экинчи Ысык-Көл форумунун ачылышына карата жазылды. Ага М. Горбачев, С. Демирель жана Нобель сыйлыгынын алты лауреаты баштаган белгилүү адамдар аталган чыгармага жакшы баа беришкени мен үчүн чоң сыймык болду.
Чыгарманын кыскача маанисин айта турган болсом: мен, сен, аалам - бир бүтүн нерсе. Тагыраак айтканда - Сенин ааламдагы ордуң. Творецти - жаратуучу дейбизби, жараткан дейбизби - эки мааниде түшүнсө болот. Биринчи - акылынан, колунан жаралган чыгармалары убакыт мейкиндигинде жашай турган - Сүрөткер - Художник, экинчиси - Кудай. Демек, жалпы эле Айтматовго окшогон Сүрөткерге жана аларды жарык дүйнөгө таберик кылган Жаратканга таазим катары даңаза гимн тартуулаган элем.
Союз учурунда чыгармачыл уюмдардын мүчөлөрүнө жакшы шарт түзүлчү. Москва алдында жайланышкан Руза, Переделкино, Иванового окшогон белгилүү кыштактардагы бардык шарты бар дачаларга жазуучулар, акындар, композиторлор өкмөттүн камкордугу астында таза аба, бейкутчулуктун курчоосунда өз чыгармаларын жаратууга мүмкүнчүлүк алчу.
Переделкино кыштагында Чыңгыз байке, ага жанаша жайланышкан дачада, бир жарым жылга чейин кошуна туруп, ага-инидей болуп калган жайыбыз бар. Ошол күндөр мен үчүн унутулгус да, түбөлүктүү да!
Мен, таңдан кечке жети нотадан миң кайрыктарды токусам, байкенин каармандары дүйнөлүк маселелерди чечкенге аттанып чыкчу. Жазуучунун баа жеткис чыгармалары, анын акылынан жаралып, оозунан чыгаары менен кагазга түшүргөн жубайы - Мария эженин дагы эмгегин айта кетүү абзел.
Күн бою эмгектенген мээни сергитүү үчүн, Чыңгыз байке экөөбүз, жайкысын жашыл көйнөгү желбиреген, кышкысын аппак тону булайган карт дарактардын казалын тыңшап, кызарып баткан күндүн ордун агарган ай ээлегенче, же жылдыздар көктөн жабырагыча сейилдөөнү адат кылаар элек.
Орустун атактуу акын-жазуучулары Пастернак, Ахматова ж.б. түбөлүк жай тапкан көрүстөндөрдү аралап баратып, алар дагы бир кезде бизге окшоп ойлонуп, толгонуп, изденип - тирүү жүргөн адамдар болгонун эстеп, унчукпай өтөбүз.
Кардын тереңдиги тизеден. Мен: "жаш эмесминби, алдыга түшүп жол салайын. Сиз чарчабай менин изим менен басыңыз?!" десем, Чыкем: "жок, сен менин изим менен бас, менин изим чоңураак эмеспи?!" дейт.
Айтматовдун "изи" тууралуу сөзүн эки мааниде түшүнүп өзүмчө жылмаям. Чын эле ал кишинин салган изи менен бассам жаман болмок беле… Акылыңызга ырахмат агатай! - деп ичимден кайрыйм.
Андан кийин Чыңгыз Төрөкулович Горбачевдун чечими менен Батыш Европада жайланышкан, жарым миллионго жакын калкы бар, Улуу Люксембург Герцогствосундагы Советтер Союзунун элчилигинде иштөөгө жөнөп кетти.
Таңы салкын, кечи бейкут ошол кыштактарда өнөрдүн өтөсүнө чыкчудай болуп, өжөрлөнө иштедим. Ошол арада, камералык оркестр үчүн "Ностальгия" баш болгон бир нече чыгармаларымды ЮНЕСКО тарабынан жарыяланган конкурска, Германиянын Маданий Борборунун жана Италия өлкөсү тарабынан уюшулган конкурстарга коюп, үчөөнөн тең жеңишке татыктуу болгонум - Переделкинодогу эмгегимдин текке кетпегенин далилдейт.
Ошол конкурстардын жыйынтыгы менен а дегенде Парижге, кийин Кельнго жолдомо алдым. Парижде бир топ убакыт болдум, ал жерден ноталарым басылып чыкты. Атактуу музыкант Булездин чыгармачылыгы менен таанышып, электрондук аспаптар боюнча маалымат алдым. Бирок Парижде жашоо кыйла кымбатка турат экен. Билермандардын кеңеши боюнча, тажрыйба топтоомду Германияда улантмай болдум, себеби ансыз деле төрт-беш айдан кийин андагы Маданий Борбордо стажировкам башталмак.
Алыста жүргөн ал күндөрдө, чыгышта калган кичинекей тоолуу өлкөмдү сагынып, элдик ырлардан баштап, кошок, Атай, Муса,
Боогачынын "күйгөндөрү", Токтогулдун тогуз кайрыгы, Карамолдо, Ыбырайдын куюндай сапырылган күүлөрү… дегеле менин жүрөгүмө эмне жакын болсо, ошонун баарын импровизациялап ойноп, тоңдоосунураак европалыктардын "кулагынын кужурун" алам, балким жаккандары да болгондур…
"Кайрык", "Манас-соната", "Манас" симфониясы ж.б. көлөмдүү чыгармаларым ошол касиеттүү Кёлн храмында жаралды. Германияда "West - оркестрдин" дирижеру
М.Юровский деген бар. Ал Москвада жүргөндө менин дипломдук иштеримдин биринчи аткаруучусу болгон. Кийин Германияга кетип ал жерде биротоло калып калды. Эң сонун дирижер. Михаил менин "Помпейдин акыркы күнү" жана да бир катар чыгармаларымдын партитурасын алып, өз репертуарына кошуп аткарып, Германияда концерт берип жаттым.
Келгениме сегиз ай чамалап калган. Зенона Польшага кетип, өзүм иштеп отурсам, телефон шыңгырап калды. Телефонду дайыма Зенона ала турган, мен тил үйрөнбөй калбадымбы. Айла жок, трубканы алып, немисче жаттап алган сөздөрүмдү колдонуп, ким экенин сурадым. Кыскасы, бир нерсе дедим окшойм. Бир аз буйдала түшүп:
- Ээ, Мурат, сенсиңби?! - шашпай кыргызча сүйлөгөн, маңыздуу үн абдан тааныш угулду.
- Мени тааныбай турасыңбы?! - деп күлгөндө анан, үндүн ээси… Чыкем экенин билип, сүйүнүп кеттим. Адегенде толкундангандыктан эмне дээримди билбей:
- Сиз дагы бул жактасызбы, качан келдиңиз? - дептирмин.
- Качан келдиң дегени эмнеси, менин Люксембургда элчиликте иштегениме канча болду?! Өзүңдүн Германияга келгениңе эле жарым жылдан ашыптыр, "агама барып учурашып коеюн" деген оюңа келген жокпу?! - Чыңгыз байке далайга таарыныч кылды.
Мен күнөөмдү мойнума алып, "урушса мейли - дагы көбүрөөк сүйлөсө экен" деп жыргап угуп тура бердим. Туулган жердин топурагы көздөн учуп, толкуган көлдүн шоокуму, тоолору түшүмө кирип, кусалык карегимден куюлган чак эле да.
Канча айдан бери, кыргыз эмес орустун үнүн угууга зар болгон кезде, кыргыздын сөзүн болгондо да Чыңгыз байкеден угуп жатканым кызык болбодубу!
Үйүнө конокко чакырды. Паспортумда чек арадан өтүүгө уруксат белги жоктугун айтсам, "Триер деген шаарга кел, өзүм тосуп алам" деди. Буйдала турган деле жумушум жок болчу, дароо экспресс поездге отуруп, бир жарым сааттан кийин айткан жерине барып күтүп калдым.
Аз убакыт өтпөй эле, СССРдин жана Улуу Люксембург Герцогствосунун желектери тагылган ак, кара "Мерседестер" акырын биринин артынан бири жылып келип, төмөн жакка токтоду. Бир топтон кийин, айдоочусу эшигин ачканда анан, калдайып Чыңгыз байке машинадан шашпай чыгып, адегенде шымын оңдонуп, күн ысык эле, костюмун чечип, анысын сол колунун каруусуна салып, оң колун маңдайына алып барып, айлананы серепчилеп карап калды, кыязы, мени издеп жатат болуш керек.
(Уландысы бар)