"Кыргыз туусу", 16.12.11 Техникалык жаңылоо
ГЭС кызматкерлерин ташууга - 17 автобус
Борбор калаабыздагы эски аянтта "Электр станциялары" ААКнын курамындагы ГЭСтерге отуз орундуу он жети автобустун ачкычы тапшырылды.

Аземде сүйлөгөн энергетика министри Аскарбек Шадиев кырк жылдан бери ГЭСтердин жумушчуларын ташыган автопарк жаңыланбагандыгын, эскилерин оңдоп иштетүүгө көп каражат жумшалып жаткандыктан, РСК банктан узак мөөнөттүү кредит алып, 17 автобус сатылып алынгандыгын билдирди. "Гидроэлектростанциялардын көпчүлүк жумушчулары, техникалык кызматкерлери станциялардан алыста жашашат. Аларды жумуштарына өз учурунда, ыңгайлуу шартта жеткирүүдө ташыган транспорт маселеси көйгөйлүү болуп келди. Буюрса, бул көйгөйдү беш-он жылга чейин чечтик. Энергетика кызматкерлери ыңгайлуу шарттагы жылуу автобустарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлдү", - дейт министр.
"Электр стнациялары" ААКнын башкы директору Аман Тентиев: "РСК банкынан ыңгайлуу, узак мөөнөттөгү кредит алып, тендер жарыялап жеңген "Русские автобусу - Группа ГАЗ", "АзияАвтоцентр" компанияларынан 28 млн. 978 миң сомго он жети автобус сатылып алынды. Анын алтоо Токтогул ГЭСине, Күрпсай, Үч-Коргон, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Камбар-Ата-2 ГЭСтерине экиден, Ат-Башы ГЭСине бирөө берилет. Бул техникаларды сатып алууда 130 миң долларды үнөмдөп калдык. Бул ыкманы
кийинки жылы да ишке ашырып, станциялардын атайын техникаларынын автопаркын, автокрандарды, самосвалдарды, экскаваторлорду сатып алууну пландаштыруудабыз", - деди.
Бөлүштүрүү боюнча автоунаалардын ачкычтары тапшырылды. Камбар-Ата-2 ГЭСинде төрт жылдан бери айдоочу болуп эмгектенген Авазбек Исаков тапшырылган автобусту от алдырып жатканда, жаңы автобус кандай экен деген суроо узаттык: "Бизге, Камбар-Ата-2ге экөө берилди. Кечээтен бери кабыл алып, жүргүзүп, техникалык абалын бүт карап чыктык. Техникалык жактан жаңыланып чыгарылган Россиянын автобустары экен. Эски автобустарды оңдой берип, эсибиз кетти эле, эми бул маселебиз чечилди деп кубанып жатабыз", - дейт айдоочу.
Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу".
Сүрөт автордуку




Кулак кагыш
"Унаа жок, сабактан кечигип жатабыз"
Бишкек мэриясынын алдындагы транспорт агенттигине
Бишкектеги курулуштагы архитектура жана менеджмент колледжи - өлкөбүз үчүн эң керектүү адистерди даярдап чыгарган бирден-бир окуу жайы. Окуу жайы борбор калаабыздын Лев Толстой жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен орун алган. Учурда анда 1100 студент билим алып, жүздөн ашык окутуучу жана башка кызматкерлер эмгектенишет. Аталган колледж курулуш үчүн техник-технологдорду, архитектор-дизайнерлерди, бухгалтерлерди, ошондой эле жер-мүлк мамилелери үчүн баалоочуларды даярдап чыгаруу менен элибиздин жашоо-турмушунда чоң мааниге ээ билим очогу экендиги баарыга белгилүү.

Окуу жайдын имараты 1930-жылы курулган. Бүгүнкү күндө жылытуу системаларындагы түтүкчөлөрү чирип, капиталдык оңдоого өтө муктаж. Аларды жаңыртууга каражаттын жоктугу кендирди кесип жаткандыгы жашыруун эмес. Ал эми окуу жайдагыларды бушайман кылган эң негизги чоң көйгөй - транспорт маселеси. Бул тууралуу аталган колледждин директору Максат Дюшебаев:
- Менин бул окуу жайга жетекчи болуп келгениме эки айга аяк басты. Көйгөйлөр көп экен. Сабак эртең мененки саат сегизде башталат. Студенттерибиздин көпчүлүгү шаардагы туугандарыныкына жатып окушат. Айрымдары Бишкектин чет жакаларындагы жаңы конуштардан унаадан унаа
которуп жатып, сабак-
ка кечигип кели-
шет. Окуу жайыбызга
чейин бир гана №28 автобус Маевкадан келет. Башка эч кандай маршрут келбегендиги өкүндүрөт. Бул тууралуу көп эле жерге кайрылдым. Ал тургай парламентке да кат жолдоп, окуу жайга чейин маршруттук кичиавтобустарды жүргүзүп, көйгөйүбүздү тез арада чечип берүүлөрүн сурандым. Эч кимисинен жооп да, жыйынтык да болгон жок. Акырында жардам сурап, гезит аркылуу кайрылууга мажбур болуп олтурабыз. Ошондуктан, ушул маселенин чечилишине жардам берсеңиздер, - деди биз менен баарлашканда.
Чындыгында сапаттуу билим алуу үчүн бардык сабактарга толук катышуу чоң мааниге ээ экендиги айдан-ачык. Андыктан, кечикпей келүү үчүн унаалардын жүргүзүлүшү талапка ылайык. Көпчүлүк студенттер менен окутуучулар сабакка жетишүү үчүн Москва - Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен өйдө карай, же Горький көчөсүнөн төмөн көздөй, ошондой эле Совет көчөсүнөн бери карай окуу жайга чейин жөө чуркап келишерин да жашырышкан жок. "Жок дегенде №214 маршрутту Бөкөнбаев көчөсүнөн биздин окуу жайга чейин чоюп коюшса жакшы болот эле. Бул алар үчүн оор деле иш эмес", - деген өтүнүчтөрүн айтып, тиешелүү жерлерге кулак кагыш кылып коюубузду суранышты.
Бул окуу жайына катарлаш жайгашкан жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгерлери менен оорулуулар да ушул эле көйгөй менен көптөн бери жапа чегип келатканы белгилүү. Айрыкча, ооруканада жаткан жакындарына ба-рууда көпчүлүк жарандарыбыз дал ушул транспорт маселесинин чечилишин көптөн-көп күтүп келишкенин айтып жатышат.
Айтылган өтүнүчтөрдү эске алуу менен, бул маселеге тиешеси бар уюмдар жыйынтык чыгарып берет деген ойдобуз.
Айша АЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"