"Кыргыз туусу", 16.12.11 Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Валентин ВЛАСОВ:
"Россия өз жардамын эч качан үзбөйт"
Кара-Суу районунун Шарк айылына караштуу Л.Толстой атындагы түп орду менен өрттөнгөн өзбек мектебинин урандылары июнь окуясынын элесин берип турчу.
Өткөн жылы барганыбызда бул жерден автоматчан солдаттарды, көзүнөн коркунучу кете элек чатырларда окуган балдарды көргөн болсок, азыр заманбап үлгүдөгү жаңы салынган эки кабаттуу мектеп тургузулган. Чынын айтуу керек, Ош шаарындагы кээ бир мектептерде чагымчылдык жагдайлар кайра пайда болгону тууралуу интернеттен өткөн аптадагы кабарды окугандан кийин жүрөктө кооптонуу болгон. Анын үстүнө мындай маалымат парламенттин трибунасынан таратылган болчу.

Бул мектепке Россиянын жардамы менен окуу китептери, эмеректер, башталгыч класстарга окуу куралдары сыяктуу колдоо көрсөтүлдү. Өзүнүн жеке каражаты менен Россиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов мектептин китепканасына баалуу китептерди тапшырды. Бул мектептен кыргызча, өзбекче улуттук бийлерди бийлеп, эки-үч тилде ырды жатка айтып, бейкапар ойноок, окуучулардын достук аракетин гана байкай алдым. БУУнун ар түрдүү программаларынын алкагында бир нече донор өлкөлөр Кыргызстанга өз жардамдарын берип келет.

2011-жылдын эсебинен алып карасак бир эле Россия мамлекети
1 млн. доллардык жардам берген. Мына ушуга байланыштуу БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасынын, ЮНИСЕФдин аткарган иштери, өлкөбүздүн түштүк аймагында алар тарабынан көрүлүп жаткан камкордуктар тууралуу чагылдыруу үчүн Бишкектен журналисттер тобу барганбыз. Бул мектепте жагымдуу бир жагдайга туш болдум. 11-класстын өзбек улутундагы Абдуллах Рашид уулу деп кыргызча фамилия алган окуучусу мамлекеттик тилде таптак ыр окуганы, "Кылымдарды карыткан тарыхы, тили бар, дили таза, эр жүрөк баатыр мүнөз кыргыз элимден ысык салам!" - деп меймандар менен учурашкан Руслан Баёглинин балалык баёо үнүнө уккан кулак сүйүндү…
Андан кийин Ош шаарынын Панфилов атындагы мектебинде болдук. Жалпы аймак боюнча былтыркы
окуялардан кийин жогорудагы эл аралык уюмдар билим берүү, саламаттыкты сактоо жана балдарды коргоо ж.б. программалар боюнча иш алып баруусун улантышууда. Россиянын жардамы менен быйылкы жылы 150 миңден ашык окуу китептери Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын мектептерине таратылган. Бардыгы жаңы программадагы кыргызстандык авторлордуку.
Айталы, 3-класстар үчүн кыргыз тилиндеги математика, 4-класстарга арналган Мекен таануу, өзбек тилиндеги 6-класс үчүн математика, 6-7-класстар үчүн биология массалык нускада басып таратылган. Былтыркы жылдагы коогалаңдарга байланыштуу китеп басып чыгарууга мамлекет бюджеттен каражат бөлө алган эмес. Үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттен 1 млн. сом, өзгөчө кырдаалдар фонду-нан 2 млн. сом окуу куралдарын басып чыгарууга багышталган болчу.
Тилекке каршы, бул акча 27-июлда гана бөлүнгөндүктөн, аны билим берүү жана илим министрлиги толугу менен өздөштүрүүгө үлгүрбөй жатат. Себеби, тендер өткөрүү деген жасалма тоскоолдугу бар иш-чаранын айынан иш кечеңдөөдө. Өлкөдө мектептерди китептер менен камсыз кылуу болгону 40 пайыз гана камсыз кылынганын эске салсак, тендер өткөрүүнүн бул иште пайдасынан зыяны көп экендиги да козголду. Ошого карабай ишенимден да куру эмеспиз.
"Келерки жылдын жаңы окуу жылына карата өлкө мектептери 100гө жакын аталыштагы окуу китептери менен камсыз боло алышат", - деди билим берүү жана илим министринин орун басары Г.Сооронкулов. Китеп маселеси тууралуу талкуу Оштогу мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу институтунун бөлүмүндө жергиликтүү бийликтин, ОБСЕнин расмий өкүлчүлүгүнүн катышуусунда өткөрүлдү.
Оштогу Талдык айыл өкмөтүнө караган Машрап-Сай кыштагындагы көпүрөнүн бүткөрүлүшүнө да Россиянын салымы чоң. Мындай долбоорлор каналдарды калыбына келтирүү, токой массивдерин коргоо, айыл чарба иштерине, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттеринин алдын алууга, жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу сыяктуу коомдук иштерге жергиликтүү жаштарды тартуу долбоорлору өз натыйжаларын берип жатыптыр.
Ушул эле күнү социалдык жактан аз камсыз болгон аймактын элине БУУнун жогоруда аталган программасынын алкагында элчи В.Власовдун катышуусунда бир мүшөктөн ун, өсүмдүк майы таратылып берилип жатты. Республиканын дээрлик бардык облустарына Россия Федерациясынан ташылып келинген унду
таратуу жүргүзүлүп келет. Элчи
В.Власов Талдыктагы мына ушун-
дай азык-түлүк таратылып жаткан жерге келип эл менен жолугушту.
Калктын социалдык жактан аз корголгон бөлүгүн колдоо иретинде учурда Бишкек менен Ош шаарларында эки ири кампа бар. Бүгүнкү күндө Оштогу кампада Россиянын каржылык колдоосуна келген түштүк аймактагы үч облуска жете тургандай ун бар экендигине күбө болдук. Ун мүшөктөрүнө шыкалган зор кампада 6000 тонна буудай уну жана 500 тонна өсүмдүк майы сакталып турат. Көрүп көз тойгон бул жагдайга: "Ачка калбайт экенбиз ээ? - деп жайдары күлгөн элчи Валентин Власов, - Россия түбөлүк өнөктөшү болгон Кыргызстанга жардам берүүсүн эч качан үзбөйт", - деп кошумчалап койду.
Республиканын түштүк аймактарында акыркы жылдары балдар мекемелеринде санитардык нормалар абдан начарлап кеткен. Мектептердеги, бала бакчалардагы дааратканалар көп жылдардан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Ош, Жалал-Абад шаарларындагы мектептерде дааратканалар окуучулардын санына карата аз, өтө начар абалга жетип калган. Андан чыккан жыт-жыбыр бир нече жугуштуу дарттарды жаратуу коркунучунда. Ал түгүл бир да даараткананын жанына колду жууй турган кран орнотулбаптыр.
ЮНИСЕФдин иликтөөлөрү көрсөткөндөй, республиканын түштүк аймагындагы медициналык мекемелердин да санитардык абалы авариялык кырдаалда экендигин тастыктаган маалыматтарды берген. Ош облусуна караган 12 мектебинде жаңысы курулуп, суу системасы орнотулган. Ал эми Ош облусунда 8, Баткен аймагында 2 оорукананын санитардык-техникалык абалы жакшыртылган. Окуучуларга тазалыкты сактоо боюнча тренингдер да өткөрүлүп турат. Ош шаарындагы балдардын инфекциялык ооруканасына донордук жардамдар өз натыйжасын берип жатканына күбө болдук.
Нарынкүл
НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"
Бишкек - Ош - Бишкек.
Сүрөтү автордуку