"Кыргыз туусу", 06.12.11
  Жетимишинчи ашуу

Кылымга тете жол
Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүккө жеткенден берки учурда Топчубек Тургуналиев деген ысым аттын кашкасындай өтө таанымал болду. Сереп салып көрсөк, 1991-жылы 4-февралда КДКнын 1-курултайы өткөн күнү КДКнын теңтөрагасы Топчубек Тургуналиевдинн демилгеси менен "Эркин Кыргызстан" демократиялык партиясы түзүлүп, анын төрагалыгына депутат, коомдук-саясий ишмер Ө.Текебаев, орунбасарлыгына Эркинбек Шернияз уулу жана Турсунбек Акун шайланышкан. Ал эми 1991-жылы 4-октябрда "ЭрК" демпартиясы саясий партиялардын ичинен биринчи болуп, Юстиция министрлиги тарабынан катталып, 29-октябрда өткөн партиянын 2-курултайында партиянын Аткаруу комитетинин төрагалыгына Т.Тургуналиев шайланган. "Өмүр көчү" аттуу жүрүштө "ЭрК" партиясынын Топчуке баш болгон бир топ мүчөсү Сокулук районунун Асылбаш айылынан Кытай Эл республикасынын чек арасы - Торугартка чейинки жолду жөө басып өтүшкөн. Ушул улуу жолдо 1916-жылы орус империясынын баскынчылык кыргынына учураган адамдардын арбактарына бир нече жолу арналып куран окулган. "ЭрК" партиясы латын арибине өтүү идеясын да көтөрүп келатат. Бул "ЭрК" партиясы жасаган негизги иштердин айрымдары. Топчуке 2010-жыл, "Манас" киноэпопея эл аралык уюму түзүлүп, анын төрагасы болду.

"Кашка жолдон башка жолго" өтүү
Эми журналисттер жазгандай, Топчукенин "кашка жолдон башка жолго кантип түшкөнү" тууралуу эске салсак, Топчукенин кече коммунист болуп турган кездеги докладдарынан:
1. "Социализм дүйнөлүк системага, азыркы доордун башкы жана жеңилбес күчүнө айланды".
2. "Эртедир-кечтир бул жолго (социализм жолуна - ред.) жер жүзүндөгү бардык өлкөлөр түшөт. Ошондуктан интернационалдаштыруу глобалдык процесс болуп саналат". Эми Топчукенин бүгүн демократ болуп турган кезде айткан сөздөрүнөн бир-эки үзүндү:
1. "Коммунисттик система элдерди кыргынга гана учуратпастан, руханий жакырчылыкка алып келген, адамдарын манкуртка айланткан. Алардын ичинде айрыкча аз сандуу элдер улуттук тилин, каада - салтын, уникалдуу өзгөчөлүгүн жана өз алдынчалыгын жоготуу чегинде турушкан".
2. "Коммунисттик тоталитаризм менен күрөшүү - жашоомдун маңызы. Бул системаны жөндөөгө болбойт. Аны жок кылуу менен гана биз дүйнөлүк цивилизацияынын чөйрөсүнө аралашабыз".
Бул шилтемелерди биз ошол кездеги "Кыргыз маданиятына" жазган Ж.Зарлыкбеков менен М.Шайбектин макаласынан алдык.
Бул эки журналисттин макаласында Топчуке тууралу "ак" сөз да, "көк" сөз да айтылган. Менин баамымда, макалада Топчукеге кыйыр караган мамиле, бир аз мыскыл сыяктанган көз караш үстөмдүк кылгансыйт? Макала жазылгандан бери бир топ жылдар өттү. Мезгил кимдин ким экенин, ошонун ичинде Топчукенин да ким экенин көрсөттү. Бир кезде козу карындай жер жайнап жүргөн демократтардын ичинен азыр дагы деле Топчуке күрөштү улантып келатканын эске алсак, көп нерсе өзүнөн өзү ордуна келет.
"Мен интернационалистмин" деп сыймык менен айтышчу совет заманындагы интеллигенттер. Бул сөздүн мааниси "мен улутсузмун" дегенди билдирерин азыр түшүнүп жатабыз. Азыр эми ойлоп отурсам - бул сөз манкурт жана тексиз адамдар айтчу сөз экен. Жакшы менен жамандын айырмасын салыштырып билесиң. СССР жабык өлкө болгондуктан биз башка өлкөлөр кандай жашап жатканын жана алардын улуттук аң-сезиминин деңгээли канчалык экени менен кабарыбыз жок эле.
Ошондуктан ал кезде биз баарыбыз кандай болсок, Топчуке деле ошондой адам болчу. Дүйнө ачылгандан кийин көп нерсе биз ойлогондой эмес экенин көрдүк. Көбүбүздүн көз карашыбыз кескин өзгөрдү. Тарыхый шарттан пайдаланып, улуттук мамлекет түзүү үчүн күрөшкө жапырт аттандык. Албетте, анын жыйынтыгы кандай болууда - ал башка маселе. Ошондуктан демократ Топчукеден дагы деле "партократ" Топчукени издеп, жаманатты кылуу негизсиз. Анан да ушул убакка чейин демократиянын идеалдары үчүн талыкпай күрөшкөн Топчукеден артык демократты али көрө элекпиз.
Албетте, бул демократиянын идеалдары үчүн болгон күрөш токтоду дегенди билдирбейт. Күрөш өзүнүн формасын өзгөрттү. Эл бийлиги үчүн болгон күрөш азыр да уланып, ал Курултай институту аркылуу чечилүү алдында турат. Биз чыныгы демократияга эми жакындап келдик. Бирок бул узун жолдун башында албетте Топчуке турат. Ошондуктан аны бир ооздон баары "демократиянын атасы" дешет.
Улутчулдук менен улуттун кызыкчылыгын коргоо эки башка нерсе
Турсунбек Акун өзүнүн бир маегинде: "ЭрК" партиясынын "Асаба" партиясынан айырмасы жок, ал улуттук партия болуп калып жатат" деп айтыптыр.
Сыягы Т.Акундун минтип айтышына Топчукенин төмөнкү маеги себеп болгон окшойт. Анда Топчуке, журналистин "адам укугу менен улут укугун карама-каршы коюлуп жатканы" тууралуу берген суроосуна минтип жооп берген экен: "Улут укугу - эң оболу мамлекеттик түзүлүштү аныктоо, негизги субъект болуу укугу. Улуттун эркиндиги, укугу үчүн күрөшүп, аны эгемендикке жеткирген адамдар улуттун укугу менен кошо жеке өзүнүн укугун, эркиндигин ишке ашырат эмеспи.
Улут деген кимдерден курулат? Улут - ал жеке адамдардын тобу. Бул жерде жеке укук да, жалпы улуттук укук да бар, алар ажырагыс. Улуттун укугу тепселип жаткан заманда эң оболу улут укугун коргоо негизги маселе.
Улутумдун укугу үчүн күрөшпөй, жеке өзүмдүн укугум үчүн гана кам көрүшүм акылга сыябы? Мен улут үчүн кан-жанын аябай күрөшкөндөрдү ыйык көрөм. Жок, бул улутчулдук эмес, бул улуттун кызыкчылыгын коргоо. Улутчулдук менен улуттун кызыкчылыгын коргоо - эки башка нерсе".
Ушул сөздөрдүн өзү - Топчуке эр киши, чыныгы кыргыз жана азамат атуул экенин далилдеп турат. Топчукенин айтканы боюнча азыр да "президенттин айланасындагы жетекчилер манкурттуктан арылбай жатат. Баш мыйзамды тоготпойт". Мамлекеттин эң башкы символу мамлекеттик тил экенин сыйлабайт. Желекти, гимнди жана гербди башка кылса болот. Бирок тилди ким башка кыла алат? Улутту жок кылуу - аны тилинен ажыратуу деген сөз. Тил менен кошо дил да кетет.
Андан нары оюн улантып: "Улуттук топтор өз тилин да, мамлекеттик тилди да өздөштүрүүгө милдеттүү" дейт. Кыргыз тили бардык чөйрөлөрдө мамлекеттик тилге айланганда гана ал Кыргызстанда улуттар аралык тил болуп калат. Андан эл аралык тилдердин мааниси кемибейт.
Топчуке үчүн улуттун кызыкчылыгын коргоо - ал эң башкы максаттардын бири. Ал: "мекенчилдик; өз улутунун өсүшү, келечеги, дүйнө элдеринин арасында татыктуу орунду ээлөө; башка улуттарга сый мамиле кылуу, алар менен ынтымакта жашоо" деген сөз.
Топчукенин демилгеси менен түзүлгөн "Генефонд" коому, "Ата мурас" комитети, "Ата журт" программасы жана 2010-жылы түзүлгөн "Манас" киноэпопея эл аралык уюмдары баары - улуттук кызыкчылыкты коргоого негизделген. Ырасында, Топчуке жөн эле бир абстракттуу түшүнүктөгү демократия үчүн эмес Кыргыз менталитетине ылайык келген "чыныгы демократия" үчүн күрөшкөн адам.
Анын бүт аракети күч-кубаттуу улуттук мамлекетти түзүүгө багытталган. Бул албетте, бир эле Топчукеге эмес, баарыбызга бирдей милдет. "ЭрКтин" алдында түзүлгөн жогорку улуттук уюмдар да, аттары эле айтып тургандай Кыргыз элин сактап калуу жана өстүрүү максаттарын көздөйт.
Топчукенин
адамдык бейнеси
Топчукенин сүрөтүн ар ким ар кандай тартат. Жолдошбек Зарлыкбековдун
жазганы боюнча
"Топчубек - топ жаргыч.
...Топ жыйынды көргөндө толкуп турат дейт. Сүрөөндөн сүр басып, калтаарып койбойт экен. Сүйлөгөндө автомат биякта калат. Анын үстүнө театр адамы да. Артист да. Акын. Котормочу. Музыкант. Айтор көп кырдуу талант...
...Бир атылчу мылтык дешет. Бир гана тарс этет, житкен окту аткан ок табат болот. Бир нерсени көздөп алса, ошонун түбүнө жетмейинче түптүз жиреп кете берет. Эки жагын, артын, үстүн карап, кылчактап отуруш деген болбойт. Алды жагын гана карайт..."
Бул эми замандаш журналисттин жазганы. Башкалардын жазгандары деле ушуга жакын болушу мүмкүн. Демек, негизинен Топчукенин мүнөзү ушундай: "топ жаргыч", тилинен чаң чыккан чечен, идея үчүн талыкпай күрөшкөн адам. Чыныгы көк жал! Бул эпитет демократтардын ичинен Топчукеге гана ылайыктуу.
Демейде демократтардын аялдары күйөөлөрү тууралуу мактоо сөздү аз эле айтышат. Анткени, жыргалына караганда 20 жылдан бери демократиянын кууралы көп бо-
лууда.
"Өтө шайыр" дейт жеңе журналистке берген маегинде. "Тамашакөй... Аябай тыкан. Абдан ишке берилген адам, өзүн унутуп калат. Анан эми слуху укмуш. Радиодон уккан обонду ошол замат жаттап алат. Өзүнүн жаш кезинде жазган төрт-беш обону бар. Укмуш багбан дагы. Көчөт тигип, бактарды кайчылаштырып, алманын жаңы сортторун алып, ушинтеле берет. Анан өзү чындык үчүн жанын сайган адам."
Анан дагы сөзүн минтип улантат: "1989-жылдан бери ыйлап эле келатам. Телефон чалып: "Топчубек сени өлтүрөбүз" дегендер да болду. Балдар үчүн коркот экен киши... Кой десем - болбоду, дайым чындыкты көздөп жүрөт. Бирок кыйын эле экен. Кыргыздын сөзү бар го: "Босогодо калп турса, төрдө чындык сүйлөбөйт" деген. Азыр ошондой заман болуп жатат да...".
Албетте, Топчуке бир макалага батпайт, ал жөнүндө бир китеп жазыш керек. Анын баскан жолун изилдөө менен биз өз өлкөбүздүн кийинки 20 жылдык тарыхына талдоо жүргүзөбүз. Ал эми 20 жыл ичинде Топчуке кылымга тете жолду басты. Ошондуктан мындай эмгек катарлаш бараткан замандаштары - биз үчүн да, саясатка аралашкысы келген жаштар үчүн да өтө керек. Анткени Топчукенин жетишкен ийгиликтери саясатчылар үчүн кандай баалуу болсо, мындан нары өлкөнүн жолун түздөө үчүн анын кетирген кемчиликтери да дал ошондой эле баалуу.
Байас ТУРАЛ