кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
6-декабрь, 2011-ж.:


п»ї


  Саясий саптар

Жаңы коалиция,
жаңы өкмөт, жаңы премьер:
кимдер?
Көпчүлүктү алдыдагы жаңы жыл майрамы менен кошо эле жаңы коалиция, демек, жаңы өкмөт жана анын башчысы кимдер боло тургандыгы кызыктырууда. Ошондуктан ал белгилүү болмоюнча азырынча ар кандай бири-бирине карама-каршылыктуу божомолдор гана үстөмдүк кылууда...

Парламенттеги кийинки окуялардан жана фракциялар ортосундагы жана ички фракциялык мамилелерден улам саясат таануучулар арасында президент коалиция түзүүнү кайсы фракцияга тапшыра тургандыгынан улам жаңы өкмөттүн курамынын конфигурациясы жана персоналы боюнча карама-каршылыктуу пикирлер айтыла баштады.
Талдоочулардын көпчүлүгү президент коалиция түзүү тапшырмасын алгач КСДП партиясына бере тургандыгын болжолдошууда. Ошол эле учурда бул жолу коалиция мурдагыдай 3 эмес, 4 партиядан туруп калышы мүмкүндүгүн болжолдошкондор да көп. "Ар-Намыс" фракциясынын ички оппозициялык тобунун мүчөсү Токон Мамытов жаңы коалицияга "Ар-Намыс", КСДП жана "Республика" партиялары киргени туура болмоктугун билдирет. Анткени, анын пикири боюнча, парламенттин буга чейинки ишмердүүлүгү убагында бул үч партиянын экономикалык программаларында көптөгөн окшоштуктар жана жалпылыктар бар экендиги белгилүү болгон. Анан да коалициянын бекемдигин камсыз кылуу үчүн дагы бир фракцияны кошуу туура болмоктугун айтат.
(Уландысы 3-бетте)

















??.??