Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_9.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_9.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_9.htm on line 2


п»ї
Дүйнөнү дүңгүрөткөн
"Кыргыз көчү" кайда барат?
Эгер моюн сунуп бергенде, Кыргызстан дагы башка КМШ өлкөлөрүндөй болуп, чексиз бийликтин "тебелендисинде" калмак жана ар кандай жолдорду пайдалануу менен бийлик династиялык же кландык негизде мураска кала бермек. Албетте, андай болгондо кыргызстандыктар эгалитардык барчылыкта, консервативдик туруктуулукта жана патерналисттик бейкутчулукта жашамак. Бирок, алар мындай келечектен чечкиндүүлүк менен баш тартып, эркин жана демократиялуу коомду куруунун түйшүктүү жолун өз ыктыярлары менен тандап алышты. Кылымдарды карытып, деспотиялык империялардын кыйласын жана классикалык авторитардык бийликтердин далайын жаратып келген Азиянын кучагынан суурулуп чыгып, коомдук турмуш менен коомдук аң-сезимдин башка түрүн жаратууга болгон Кыргызстандын аракети мамлекеттик гана эмес, жалпы цивилизациялык маанидеги маселе.

"Кыргыз көчүнүн" улут алдындагы миссиясы
Албетте, жыйырма
жылдык эгемендүүлүк доорунда Кыргызстан "азиячылдыктын" кедерги кесепеттеринен бошонууга канчалык аракет кылганы менен андан биротоло бошонуп, евроатлантикалык цивилизацияны карай толук кадам таштай албай келе жатат.
Анткени, биринчиден, евроатлантикалык цивилизациянын өзү бара-бара ХХI кылымдын талаптарына жооп бере албай көөнөрүп, буюгуп, келечеги туңгуюктап баратат. Экинчиден, Кыргызстан канткен күндө да Чыгыш цивилизациясынын туундусу. Демек, Кыргызстан саясий жана социалдык-экономикалык жактан канчалык евроатлантизм цивилизациясына ыңгайлашып-ыктаганы менен аны азиячылыктын миңдеген башка тамырлары оңой менен коё бербейт. Нечендеген кылымдарды карытып, учурунда "Улуу кыргыз дөөлөтүн" курган, ал эми бир мезгилде мамлекет эле эмес, эл катары жок болуп кетүү коркунучуна туш болгон евразиядагы эң байыркы жана эң бай тарыхты жаратып келген кыргыз деми, рухун жана менталитетин эле алып көрөлүчү. Аларды дароо эле жана биротоло чанып-танып коюп, таптакыр эле "батышчылыкка" өтүп кетүү мүмкүн эмес. Мисал катары Кыргызстандын бийлик системасын, анын вертикалдык жана горизонталдык бутактарын "батышча" бөлүп, аны ишке киргизүүгө кеткен жыйырма жылдык убарачылыктарды эле алып көрөлүчү. "Батышчыл" Конституция менен мыйзамдарга, "батышчыл" саясий маданият менен "батыштык" аң-сезимге жана "батыштык" менталитетке негизделген "вестернизациялоо" аракеттеринин Кыргызстандын пассионардуу коомуна туура келбей турган жактары арбын болсо дагы, зордук менен жыйырма жыл таңууланып келбедиби. Бизде дал ошонун айынан революциялар болуп өттү, өлкөнүн мамлекеттүүлүгү жана анын саясий системасы бир нече ирет кайра түптөлсө дагы, пассионардуу коом дале тынчый албай чайпалып турат. Себеби Кыргызстандын
"азиячылыкка" жана салтчылыкка кылымдар бою сугарылып келген "социалдык организми" "батышчыл" академик А. Акаевден бери таңууланып келе жаткан ашкере "батышчыл" сая-
сий системаны дароо эле кабыл ала албай, өгөйлөп келе жатат. "Батыштын" өкүлчүлүк (представительная) демократиясына негизделген Кыргызстандын расмий бийлик системасына тикелей (прямая) демократиянын айрым элементтеринен турган коомдук көзөмөлдүн зарылчылыгы бардай. Албетте, бул үчүн, биринчиден, тикелей, демек элдик демократиянын өзү мүмкүн болушунча традиционализм менен архаизмден арылып, модернизацияланып, азыркы доор талабына ыңгайланышы абзел. Экинчиден, элдик демократиянын кийлигишүүсүнөн өлкөнүн саясий бийлиги чочулабай, аны жээрип, чанбай, ага сыртын салбай, тескерисинче, аңдап-түшүнүп, мүмкүн болсо алдын алуу аракеттери менен аны туура нукка салып өөрчүтүп, кызматташып кетиши абзел. Моюнга алуу керек, бул багыттарда айрым аракеттер мурунку жана азыркы бийлик менен коомчулук тарабынан жасалууда. Алсак, мурунку бийлик түзгөн Коомдук палата менен учурдагы бийликтин демилгеси боюнча иштеп жаткан Коомдук байкоочу кеңештерди рас-
мий бийликтин коомчулукту бийликке кененирээк аралаштыруу же бийликти коомчулукка көзөмөлдөтүү аракеттери десек болот. Ал эми коомчулуктун бийликке кийлигишүү жана бийликти көзөмөлдөө аракеттерин ар кандай вариацияда сунушталып жаткан "Элдик курултай" феноменинен көрүүгө болот.
Кыргызстанда мамлекеттик же административдик бийликтин үстөмдүгү сакталып,
коомчулуктун ага болгон таасири солгун мүнөздө болгон. Ошондуктан, саресеп салып байкаган адамга ХХI кылымда цивилизациялык өнүгүүнүн өзүнчө чыйырын салып бара жаткан Кыргызстанга кедерги болгон, коомду революциялык кырдаалдарга байма-бай дуушар кылган фундаменталдык проблемаларды башкаруунун формасын тек гана президенттик, президенттик-парламенттик, же парламенттик кылып, анан ошого жараша "батышчыл" конституцияларды кабыл алуу жолу менен "вестернизациялап" чечип коюу жетишсиз экендиги талашсыз болуп калды.
Бир нече кылымдарда калыптанып, шайлоо аркылуу бийликтин ырааттуу алмашып туруусуна жана либералдуу рынок экономикасына негизделген Батыштын коомдук-саясий системасына ыкчам жана оптималдуу шартта өткөнгө кыргыз коомчулугу социалдык жана экономикалык жактан кандайдыр бир деңгээлде бышып жетилгени менен саясий жана менталдык жактан ага али даяр боло албай аксап жатат. Өзгөчө, мамлекеттин мажирөө саясий бийлиги, анын мажес саясий институттары, саясий элитанын өп-чап саясий маданияты жана коррупцияланганы мындай процесске кедерги, тоскоол болуп, бул тоскоолдуктарды жоюу үчүн коом революциялык кадамдарга барууга мажбур болууда. Бул өңүттөн алганда, өтө маанилүү жана кечиктирилгис чече турган маселе катары бийликтин коомду бир багытта жана чапчаң "жетелеп" кете турган мамлекеттик идеологиясынын жоктугун айтсак болот. Кыргызстандын расмий бийлиги мамлекетти натыйжалуу башкаруу жана мамлекетти мамлекет катары сактап туруу үчүн аткара турган өзүнүн социалдык, экономикалык, коргонуу, тышкы саясат, билим берүү, укук коргоо, саламаттыкты сактоо сыяктуу негизги милдеттеринин катарында мамлекеттик идеологияны жаратуу милдетинин дагы бар экенине, керек болсо ал баарынан орчундуу маселе экенине жеткиликтүү маани бербей келген. Натыйжада, расмий бийлик мамлекетти башкаруудагы өзүнүн эң негизги жана фундаменталдуу милдетин - өлкөнү, коомду стратегиялык маанидеги максат-мүдөөлөрдү чечүүгө багыттоону,
коомду алдыга үңдөөнү аткара албай келди. Тескерисинче, өлкөдөгү перманенттик революциялык кырдаал жана революциялар, коомдук аң-сезимдин өсүшү, элдин менталитетинин өзгөрүүсү, айрыкча рыноктук социалдык-экономикалык процесстер мамлекеттик бийлик коомду эмес, коом мамлекеттик бийликти алдыга жетелеп, айрым учурда артынан түрткүлөп дагы келе жатканын айгинелейт.
Бирок, ошого карабастан кыргызстандыктар духу менен эркинин, аң сезими менен туюмунун жетишинче аракет кылып, "Чыгыш-Батыш" системаларынын синтезине Кыргызстандын реалдуулугу кошулуп, ХХI кылымдын глобалдык цивилизациясына ылайык келген үчүнчү нерсени жаратчудай. Ал үчүн улуттук кайра жаралуу процессин башынан кечирип, эбегейсиз зор кыйынчылыктар менен алдыга умтулууда.
Пассионардуу Кыргызстандын цивилизациялык миссиясы
Эмне болгон күндө дагы пост-советтик жыйырма жыл ара-лыгында Кыргызстанда орун ал-ган коомдук-саясий жана со-циалдык-экономикалык процесс-тер мамлекеттик гана эмес, цивилизациялык мааниге ээ.
Эгерде Биринчи дүйнөлүк согуштан
кийин "Керзондун линиясы", же Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин У. Черчилль "чийген" Штеттин-Триест "темир көшөгөсү" дүйнөлүк эки саясий системанын - социализм менен капитализмдин чеги болуп келсе, "Кансыз согуш" деп аталган "үчүнчү" дүйнөлүк согуштан кийинки Кыргызстан Чыгыш-Батыш цивилизацияларынын дипломатиялык, соода-экономикалык, геосаясаттык, гуманитардык, идеологиялык таймашынын линиясына айланып, С.Хантингтон айткан "цивилизациялар кагылышынын" алгачкы майданы болуп калды.
Ошол эле учурда, регионалдык жана дүйнөлүк айрым күчтөрдүн идеологиялык-
маалыматтык терроруна, коңшу-"боордош" өлкөлөрдүн экономикалык блокадаларына,
маалыматтык диверсияларына карабастан,
коомдук өнүгүүнүн жаңы жолун жаратып бара жаткан дал ушул Кыргызстанда Чыгыш-Батыш цивилизацияларынын ХХI кылымдагы глобалдык биримдигинин жана кызматташуусунун, гуманитардык-руханий жана идеологиялык жакындашуусунун чордон-башаты жаралчудай болуп турат. Ал эле эмес, эгер ХХ кылымдын экинчи жарымындагы кризистен улам Чыгыш-Батыш цивилизацияларынын синтезинен жаралган Түштүк Чыгыш Азия цивилизациясынын жаңы өнүгүү моделин Япония, Түштүк Корея, Тайвань, Гонконг, Индонезия сыяктуу өлкөлөр жаратышса, глобалдашып, чиеленишкен ХХI кылымга ылайык боло турган коомдук-цивилизациялык өнүгүүнүн көөнөрүп бүткөн моделинин ордуна Чыгыш менен Батыш цивилиза-цияларынын айкалышынан жаралган жаңы моделди Кыргызстан жаратчудай.
Бул нерсе дүйнөдөгү эң күчтүү чалгындоо-аналитикалык кызматы бар Россиянын өкмөт башчысы мойнуна албаса деле белгилүү болчу. Бир гана нерсе - В.Путин кичине тарыраак карап, "Кыргыз көчүнүн" "араб жазындагы" ролу менен эле чектелип жатат. Чындыгында, Кыргызстандан башталган бул процесс мыйзам ченемдүү жана глобалдуу көрүнүш. Муну дүйнөлүк маанидеги идеологиялык платформалардын жана аларга негизделген коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүү моделдеринин биринен сала бири алмашып турган мыйзам ченемдүүлүк менен түшүндүрсө болот.
Кыргызстанда тутанган социалдык жана саясий нааразычылыктын оту Жакынкы Чыгыш менен Африканын бай жана кедей өлкөлөрүн козгоп, андан Европа, Америка жана Түштүк Чыгыш Азияга жайылуу менен "Финансылык үстөмдүккө жана социал-дык теңсиздикке каршы" деген эл аралык кый-
мылга айланып, "Оккупируй Уоллт-стрит", "Оккупируй Торонто", "Оккупируй Лондон", "Оккупируй Токио" сыяктуу ураан алдында Франция, Италия, Испания, Голландия, Швейцария, Бельгия, Мексика, Коста-Рика, Колумбия, Корея, Тайвань, Гонконг сыяктуу бардык континенттердин өлкөлөрүн каптады. Албетте, Кыргызстандын цивилизациялык маанидеги кийинки кадамы нааразычылык акциясынан жаратмандыкка өтүп, ХХI кылымдын социалдык-саясий гармониялуу коомунун үлгүсүн негиздөө болмокчу.
Ошентип, үстүртөн караганда ырыс кыркаар саясатчылары майнапсыз интригалар менен, карапайым калкы күнүмдүк көроокат, же көрпенделик митингдер, шайлоонун шайтан оюндары менен алданып-алек болуп жаткандай көрүнгөн кыргызстандыктар цивилизациялык маанидеги чоң маселелердин жаратманы болчудай.
Казакстандын академиги, Бүткүл дүйнөлүк түрк элдеринин ассамблеясынын президенти Ерментай Султанмурат 2010-жылы Астанада өткөн Түрк элдеринин Бүткүл дүйнөлүк Ассамблеясындагы "Кыргызский путь общественного развития или большой шанс маленькой страны изменить себя и представить свою модель развития миру" деген докладында мындай дейт: "Когда свершилась народная революция в Кыргызстане, мы, лидеры Всемирной ассамблеи тюркских народов (ВАТН), пришли к выводу, что у братского кыргызского народа появился "уникальный шанс" для построения демократического общества, соответствующего нынешнему состоянию мировой цивилизации, способного стать образцом для многих народов далеко за пределами Туркестана. Вспомнилось так же то, что несколько лет тому назад Р.Отунбаева заявляла, что "мы не стоим в очереди за счастьем, а боремся за него". Теперь настал час реализации сказанного… Бул ойго кошулуп, "Казакстандын "Деловая не-
деля" жумалыгынын редактору М.Ауэзов: "Путь, на который встал Кыргызстан, по сути, есть экзамен, который кыргызстанцы сдают за всех остальных жителей Центральной Азии. Экзамен призванный ответить на единственный, но главный вопрос: может ли наш менталитет соответствовать демократическим принципам или нет? В этом отношении миссия Кыргызстана вдвойне почетна, ведь ее пример может стать настоящим сигналом для политической активности граждан всех государств региона, сравнимый по силе импульса с падением СССР", - дейт. Борбордук Азияга, анын ичинен Кыргызстанга карата болгон ушундай ишенимин кырк жыл дүйнө кезип, дүйнөлүк цивилизациянын азыркы абалын өз көзү менен көрүп, жүрөгү аркылуу сезип, акылына салып калчап, анын келечегинин күрөө тамырын колуна кармап келе жаткан япон ойчул-монахы Дзюнсей Терасава дагы Украинадан чыккан "Глобальное пробуждение" деген эмгегинде айткан. Россиянын окумуштуусу, Карнеги фондунун эксперти А.Малашенко болсо өз оюн: "крохотный Кыргызстан. А рядом большой Казахстан, сильный Узбекистан. Так почему же тогда столь пристальное внимание всего мира приковано именно к вашей стране? Географическое положение? Мол, это международный перекресток, мост. Да так про какую угодно страну можно сказать - про Польшу, Россию, Монголию. Просто кыргызы уникальная нация, а страна хоть и маленькая, но очень влиятельная" - деп билдирген.
Айтор, кыргызстандыктар көөнөрбөс тарыхындагы дагы бир чоң сыноодон өтүп, мүңкүрөгөн абалдан Батыш жана Чыгыш цивилизацияларынын синтезинен жаралган цивилиза-циялык өнүгүүнүн жаңы моделин билип-билбей жаратуу менен чыга турган. Муну менен Кыргызстан улам барган сайын кылымдар тогошоордо боло берип, (ХVIII-ХIХ, ХIХ-ХХ, ХХ-ХХI кк.) тарыхий мыйзам ченемдүүлүккө айланган мүлдө цивилизациянын кезектеги кризисин көрө билген жана аны чече турган цивилизациялык жаңы чыйыр салчу феномен болчудай.
Төлөбек АБДРАХМАНОВ,
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору









кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
2-декабрь, 2011-ж.:










??.??