"Кыргыз туусу", 02.12.11 Тизелеп жашаганча,
тике туруп өлгөн артык!
Алмазбек АТАМБАЕВдин Кыргыз Республикасынын
Президентинин кызматына киришип жатып сүйлөгөн сөзү

(Башталышы 1-бетте)
Эми шайлоо артта калды. Алдыда - Кыргызстандын келечеги. Келечектеги гүлдөгөн Кыргызстанды куруу үчүн бардыгыбыз биригип, болгон күч-аракетибизди бир багытка бурушубуз керек. Бул өлкөбүздүн баардык саясий күчтөрүнүн элибиздин алдындагы түздөн-түз парзы!
Кымбаттуу агайын-туугандар!
Кыргыз эли ким? Кыргыз эли - көчмөндөр цивилизациясын түптөп, анын башында турган, салт-санжырасы, тарых-таржымалы бай эл. "Курама жыйып журт кылдым" деп "Манаста" айтылгандай, башка улуттар менен ширелишип турмуш куруп, достуктан тайбаган, ынтымакка данакер, айкөл, жүрөгү таза эл. Ким бизге кара ниеттик кылам десе, аны Кудайым өзү жазалап келген. Кимдин ниети ак болсо, ага элибиз кучагын кенен жайган.
* * *
Кыргызстан - көк тиреген тоолордун, эркиндикти жанынан да артык көргөн элдин мекени. Элибиз эч качан бийлик алдында чөгөлөп көргөн эмес. Кыргыз эли эзелтен азаттык үчүн башын сайып, жанын курмандыкка чалган байыркы, баатыр эл. Кыргыздар керек болсо эркиндик жана адилеттик үчүн өзүнүн өмүрүн бергенге даяр. Былтыр 7-апрелде буга бүт дүйнө күбө болду.
* * *
Бүгүн биргелешип жаңы тарыхты баштап олтурабыз. Бул - жаңы Президенттин тарыхы эмес, бул - жаңы Кыргызстандын тарыхы. Ар бир жараныбыз кайда болбосун, ким болбосун, "Мен - кыргызстандыкмын!" деп сыймыктанар өлкөнү курууга жол алдык. Кудай ушул жолубузду ачып берсин! Бул жолду бирдикте гана басып өтө алабыз!
* * *
Көптөн бери "Кыргызстан - жакыр өлкө" деп биздин кулагыбызга кумдай куюп келишти. Бул чындыкка жатпайт. Кыргыздын жери да алтын, эли да алтын. Алтын жерибизде эч ким жакыр жашабашы керек. Бул уят. Бакубат жашоого жетүү үчүн бизде бардыгы бар: асыл жерибиз, касиеттүү Ала-Тообуз, ыйык көлүбүз, акылман, айкөл, эмгекчил элибиз. Анда бизге эмне жетпейт? Бизге ыймандуу бийлик гана жетишпей турат. Демек, эң негизги милдетибиз - ыймандуу бийликти түптөө!
* * *
Акыркы учурда бийлик бутактары биринен бири бийлик талашканы жаман адатка айланды. Биз мындан арылышыбыз керек. Болбосо бул көрүнүш бийликти шал кылып таштайт. Конституциябыздын 60-беренесинде жазылгандай, Президент мамлекет башчысы. Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат. Президент катары менин негизги милдетим - баардык бийлик бутактарынын иш аракетин элдин үмүтүн актоого багыттоо.
Бийликтин ар бир бутагы өлкө алдындагы жоопкерчилигин так, даана аңдап, түшүнүшү зарыл. Алдыга карай өнүгүү бийликтин бардык бутактарынын бирдиктүү ишинин натыйжасында гана болот. Муну мыйзам чыгаруу да, аткаруу да, сот бийлиги да жакшы билиши керек. Элибиз - соттор адилеттүү болсун, депутаттар өздөрү мыйзам чегинен чыкпасын, Өкмөт таза иштесин деп талап коюп жатат. Мындай болбогон күндө бизди эл кечирбейт. Эгер бардык бийлик бутактары белгиленген шартты аткара албаса, Президент катары мен элге түз кайрылуу укугумду пайдаланууга аргасыз болом. Бийликтин жалгыз булагы - Эл! Бардыгына Эл тараза!
* * *
Биз ар бир жараныбыз эч нерседен коркпой жашагандай, ал эми шылуундар, паракорлор жана канкорлор коомдон куулуп калгандай өлкөнү курушубуз керек! Уюшкан кылмыштуулукка алгачкы сокку быйыл урулду. Криминалдуу топторго тийешеси бар кылмышкерлердин көбү бүгүн кармалып, жазасын алышты, чет жакка качкандары да эртеби-кечпи колго түшүп, жазаланат. Кийинки кадамыбыз - элибиздин башында кара булут болуп турган коррупция менен күрөшүү. Бизди ичибизден курутуп жаткан бул кесепетти эмитен жойбосок, келечегибиз күмөн. Ошондуктан мен бул күрөштө өлкө башчысынын укуктарын толук бойдон колдоном. Сот болобу, депутат же министр болобу - мыйзам алдында баарыбыз бирдей жооптуубуз.
Жетекчилерге болсо алдын ала бабалардын ыйык сөзүн эскертким келет: "Ыймандуу бийде - тууган жок! Туугандуу бийде - ыйман жок!". Муну унутпагыла!
Урматтуу мекендештерим!
Эл аралык чөйрөдө Кыргызстан татыктуу орун ээлеши керек. Өлкөбүздүн тышкы саясаты Кыргызстан элинин гана кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлүшү зарыл. Кыргызстан бардык өлкөлөр, эл аралык уюмдар менен өз кызматташуусун мындан ары дагы өнүктүрүүгө даяр. Албетте, биздин негизги стратегиялык өнөгүбүз - бул Россия. Бажы союзуна мүчө болсок деп ниеттенип жатабыз. Бул кадам биздин өнөр жайыбызды жандандырат, өлкөбүздүн коопсуздугун бекемдейт, коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы чек араларды ачат, элибиздин жашоо шартын оңойт деп ишенем. Россия жана коңшу өлкөлөр менен биздин тарых да, келечегибиз да бир!
* * *
Кыйын кезде бизге жардам көрсөткөн өлкөлөргө бүгүн ыраазычылык айтып кетким келет. Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана башка өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын жардамын элибиз унутпайт. Башынан көптү кечирген Кыргызстан да келечекте күчтүү мамлекетке айланып, кезеги келгенде муктаж өлкөлөргө колунан келген жардамын аябайт деп ишенем.
Кымбаттуу агайын-туугандар!
Акыркы эки жылда кандай сыноолордон өтсөк да, өлкөнүн экономикасы кыйрап калышына жол берген жокпуз. Бирок, азыркы учурда деле кыйналып турганыбыз чын, элибиздин жашоо-турмушу оор. Муну ар бир карапайым адам өз жашоосунда сезип, көрүп - билүүдө. Биздин өлкөдө карыларга, майыптарга камкордук, энелерге мээримдүү мамиле жасалып, балдарга ыймандуу тарбия жана билим берүү керек! Ар бир иштейм деген адамга, өзгөчө жаштарга, иш тапканга мүмкүнчүлүк түзүш керек!
* * *
Бул максатка жетүү үчүн Өкмөт бир катар улуттук долбоорлорду жүзөгө ашырууга милдеттүү. Биринчи кезекте өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек. Эмдиги жылы Датка - Кемин линиясын, ага удаа Совет доорунда эле пландаштырылган 2-3 ГЭСтин долбоорлорун жүзөгө ашыра баштоо зарыл. Мамлекет үчүн жол менен каналдар адамдын кан тамырларына барабар. Төрт дубалдын ортосунда кыпчылгансыбай, транзит өлкө болушубуз абзел. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп, аны менен кошо Кыргызстандын түндүк-түштүгүн бириктирген дагы бир трасса салынат. Райондордун көпчүлүгүндө кичи асфальт заводдору болушу керек. Суу каналдардын курулушу болсо миңдеген гектар сугат жерлерин пайда кылат.
Мындан тышкары дыйкандарга арзан кредиттер, техника лизингге берилиши керек. Кен байлыктарыбызды да карап олтура бербей, иштетүү зарыл. Завод, фабрикаларды жандандыруу үчүн ишкерлерге шарт түзүү абзел. Кыргызстан ишкерлер менен инвесторлор үчүн бейиштин төрүндөй көрүнүшү керек. Текшерүү органдарынын саны азайып, ишкерлерге тоскоолдук кылгандар жазаланууга тийиш. Натыйжада бул иш чаралар өлкөбүздө жүздөгөн жаңы ишканаларды, миңдеген жаңы иш орундарын жаратат. Иштейм дегендин баарына иш табуу мүмкүнчүлүгү болушу керек. Мекенинде иш таппай, башка мамлекеттерде иштеп жаткан жарандарыбызга да камкордук көрүүбүз зарыл.
Урматтуу мекендештерим!
Эң башкысы - өлкөбүзгө тынчтык жана бейпилдик керек. Бул ар бир үй-бүлөдөн, ар бир жамааттан башталат. Биз бир эл экенибизди жазбай түшүнүшүбүз керек. Бирдиктүү болгондо гана өнүккөн жана туруктуу, бакубат Кыргызстанды кура алабыз. Улут аралык ынтымакты көздүн карегиндей сактоого ар бир жаран милдеттүү. Ынтымаксыз Кыргызстандын келечеги жок. "Ырыс алды - ынтымак!",- деп бабаларыбыз бекеринен айткан эмес. Былтыркы июнь окуяларында элибиз чоң жоготууларга учурады. Биз мындай трагедиянын өлкөбүздө кайталанышына эч качан жол бербөөгө тийишпиз.
Уважаемые соотечественники!
Во время выборов, проезжая по Кеминскому району, я увидел на заборе надпись: "Мы можем быть счастливы только в этой стране". Меня поразили эти пронзительные слова. Ведь так оно и есть! Сколько русских уехало из Кыргызстана за 20 лет. Но в России их зовут киргизами. Этнические узбеки уезжают в Узбекистан, но потом снова возвращаются, не найдя себя там. А как тоскуют по Родине сотни и тысячи наших трудовых мигрантов. Потому, что мы можем быть счастливы только там, где мы родились, где мы выросли, где похоронены наши предки. Поэтому мы должны беречь и вместе бороться за процветание нашей единственной Родины, имя которой - Кыргызстан! И добиться этого можно только вместе! Только вместе мы - Кыргызстан! И те, кто пытается разделить людей по нациям, по регионам - это враги страны! И пора уже не уговаривать их, как в басне Крылова, а жестко применять соответствующие статьи Уголовного Кодекса!
Уважаемые соотечественники!
Нельзя ожидать, чтобы человек уже в зрелом или пожилом возрасте выучил еще один язык. Поэтому изучение государственного языка надо начинать в обязательном порядке с детского сада, с первого класса каждой школы. А государству следует создать для этого все необходимые условия, в первую очередь обеспечить понятными и доступными учебниками на государственном языке.
В то же время важно создавать условия для развития культур и языков всех национальностей единого народа Кыргызстана. Я уверен, по примеру США, мы должны в нашем паспорте, вместо графы о национальности написать только одно: гражданин Кыргызстана!
Урматтуу мекендештерим!
Азыр тайгак кечүүдөн өтүп бараткан убагыбыз. Кытай элинин улуу акылманы Дэн Сяопинь айткандай: "тайгак кечүүдөн суунун түбү көрүнбөйт, таш да, аң да болушу мүмкүн". Ушу тайгак кечүүдөн тайгаланбай, аңга түшпөй өтүш үчүн шашпоо керек. Ошондуктан мен Сиздерди сабырдуулукка чакырам. Элибизди бөлүп - жарган айрым саясатчыларды ээрчибей, эртең эле жыргал заманды курабыз деген алдамчыларга ишенбей, сабыр этелик. Кудайга шүгүр дейлик. Көч бара-бара түзөлөт! Өлкөбүзгө, элибизге тынччылык, ынтымак керек. Башаламандыкка, митингдерге тойдук. Иштей турган заман келди. Сабырдын түбү - сары алтын.
3-4 жылда өлкө жакшы жакка өзгөрөт, элдин үмүтү акталат. Мен буга толук ишенем!
* * *
Айкөл Манас Атабыз эли, жери үчүн "Калайык-калкка жан курман" деп өмүрүн арнаган. Мен да бүгүн элим, жерим үчүн керек болсо "жаным курман" деп айткым келет! Касиеттүү журтубузду Кудай колдосун! Айкөл Манас атабыздын арбагы колдосун!
Айланайын мекендештерим!
Кудай-таала дагы бир жолу элибизге жол ачып, кут берип жатат, ошону сактап калалы!
Элибиздин биримдигин сактап калалы!
Жерибиздин бүтүндүгүн сактап калалы!
Мекенибиздин эгемендүүлүгүн сактап калалы!
Кайсы бир күчтөрдүн, өлкөлөрдүн акчаларына алданып, көр оокатка азгырылып, кыйынчылыктан коркуп, өлкөбүздүн азаттыгын жоготуп албайлы! Анда бизди Кудай да, ата-бабалардын арбактары да, урпактар да кечирбейт!
Тизелеп жашаганча, тике туруп өлгөн артык! Биз эч качан кул болбойбуз! Жашасын Эгемендүү Кыргызстан!