Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_7.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_7.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_7.htm on line 2


п»ї
Эл-элек
Роза Отунбаева президенттик
милдетин кандай аткарды?
Калыстыгынан
жазбады
Белгилүү обончу Сыймык Бейшекеев "эгерде калыстыгы жок болсо энелердин, бүт дүйнө оодарылмак бир заматта" деп ырдагандай мамлекетибиздин башына кыйынчылык келип турган чакта, бактыбызга Роза Исаковнанын келип калгандыгына шүгүрчүлүк келтирели. Ал татаал кырдаалда аял катары, эне катары калыстыгынан жазбады. Өткөөл мезгилден кийин бийликти өткөрүп берем деген сөзүнөн тайган жок.
Роза Исаковнанын демилгеси менен Каныкейдей даанышман, Айчүрөктөй жөн билги, Кыз Сайкалдай эр мүнөз, кайраттуу аялзаттардын жөрөлгөсүн улап келген Курманжан датка, Уркуя Салиева сыяктуу улуу инсандарыбыздын мааракеси жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Анын ушул эмгеги элибиздин эсинен чыкпайт.
Алия Баймурзаева,
Ноокат районундагы
Төөлөс айыл округунун башчысы


Эрдикке тете, кийинкилерге
сабак иш
Жер каймактагандан бери эле адам баласы бийлик, байлык үчүн жанталашып келе жатат. Ал үчүн канчалардын каны төгүлүп, нечендердин башы кеткен. Менин оюмча, бийликтин даамын татып калган адамдын баары эле аны тынчтык жол менен өткөрүп берүүгө кудурети жетпейт. Эгер бийлик эркектердин колунда болсо ага барыш-барбашы күмөн нерсе болчу. Бир жолун таап, бийликти кайра өзүнө ыйгарып алышы да мүмкүн эле. Роза Отунбаеванын ага саясий эрки жетип, ага баргандыгы эрдикке тете, кийинкилерге сабак иш болду.
Пайтидин Гламидинов,
Кадамжай районундагы
Бирлик айылынын тургуну


Билгичтик менен жөнгө сала алды
Роза Отунбаева бийликке кыйын кезеңде келди. Андан кийинки мезгил деле оңой болгон жок. Жаңы бийлик бутуна туруп- тура электе эле кайгылуу Ош, Жалал-Абад окуялары чыкты. Канчалык кыйын болсо да, аны билгичтик менен жөнгө салып, өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калууга жетишти. Мына ушундай кыйын кырдаалдан чыгып кетүү бардык эле адамдын колунан келе бербейт болчу. А балким учурунда кызуу кандуулукка алдырып, анын бул эмгегин баалай албай жаткандырбыз. Бирок, мезгил келет, тарыхчылар Роза Отунбаеванын эмгегине калыс баасын беришет.
Эркинхан Доминова,
Араван районундагы
Төбө-Коргон айылынын тургуну


Кыргыз тарыхында аты калат
Өткөн жыйырма жыл ичинде эгемен кыргыз өлкөсүндө эмнелер гана болуп өтпөдү. Аны кары-жашы дебей саясатчы болуп кеткен элибиз эң жакшы билет. Өзгөчө аялзаты барыдан мурда эне катары, жүрөгү өтө назик адам катары өлкө башына Роза Отунбаеванын келгени, эр азаматтарыбыз "эртең эмне болуп кетебиз?" - деп олку-солку болуп турганда бардык жоопкерчиликти ноюбай көтөрүп, ал эмес бүткүл адамзатка кыргыздын ким экендигин таанытканына биз бүгүн сыймыктана алабыз.
Бар болуңуз, Роза Исаковна! Сиздин эл үчүн иштей турган эмгегиңиз али алдыда.
Айша ИСМАГУЛОВА,
Ысык-Көл облусу, Эңилчек айылынын аксакалдар сотунун төрайымы


Келечек
бардыгын тактайт
Өткөн жылдагы кандуу окуялар артта калганы менен ар бирибиздин жүрөгүбүздө кара так болуп сакталып калды. Кылдын кырында калган кыргыз мамлекетин кадимкидей кармап калууда, албетте, өлкө башчысы катарында Роза Отунбаеванын талыкпас, акылгөй, баатырдык эмгеги зор. Андан бери эки жылга аяк басты. Менин кейигеним, эмне себептен тентип дүйнө кыдырып жан багуунун айласын таппай бөтөн элге кор, кул болуп жүргөн кыргыздарды алигиче алып келе албай, бийлик талашып жүрөбүз?
Жолчубай ТЕМИРБАЕВ,
Тоң району, дыйкан-фермер




Эл кызы
(Роза Отунбаевага)
Эл айткан асыл макалдай,
"Өгөөгө бергис бүлөө бар".
"Эл ичи алтын казына,
Экөөгө бергис бирөө бар"

Эгерде келсе билгиңиз,
Элиңиз кандай-билдиңиз.
Эр жигит ишин аткарган,
Эл кызы Роза сиңдибиз.

Жар салып тынчтык келдиңиз,
Жаштарга кеңеш бердиңиз.
Жабыркап калбай душмандан,
Жаңыл Мырзадай жеңдиңиз.

Өлкөдө болгон урушту,
Өз, жат да карап турушту.
Купулга толуп, дүйнө эли,
Куттуктоо катын сунушту.

Энеде жоомарт колуңуз,
Байсалдуу болсун жолуңуз.
Салт менен ишти тапшырып,
Саламат, эсен болуңуз!
Калипа Какиева,
Бишкек шары




Мындай иш мурда болгон эмес
Хусейин Өскөнбаев, КРнын
Акыйкатчысынын Нарын облустук өкүлчүлүгүнүн башкы адиси:
- Роза Отунбаева тарыхый иш жасады. Кыйын мезгилде иштеп, мамлекетти туруктуулукта кармады. Албетте, апрелдеги окуядан кийин июнь окуялары болбой коймок эмес. Бирок андан кийинкисин өз-өз ордуна келтирди.

Турганбек Шайыков,
жергиликтүү журналист:
- Роза Отунбаеваны XXI кылымдын Курманжан даткасы десек болот. Эки жылга жетпеген убакта кылымдык ишти жасап кетти. Бир эле мисал шайлоолор менен Кыргызстан бүт дүйнөнү таң калдырды.

Мурат Бабаев, Нарын шаардык мэриянын кызматкери:
- Мезгилге жараша жоопкерчиликти көтөрдү. Ошон үчүн коомчулукта Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын берүү керек деген акыйкат пикирлер айтылып жатпайбы.

Айгүл Найманбетова,
Нарын облустук жарандык коомду колдоо борборунун деректири:
- Социалдык көйгөйлөрдү чечүү боюнча өкмөттүк эмес уюмдардын арасында сынактарды уюштурду. Ал үчүн бюджеттен атайын каражаттар каралды. Мындай иш эч качан мурда болгон эмес.

Эрлан Сапарбаев, "Ак-Шам"
саясий партиясынын лидери:
- Кеткен кишини жамандаган болбойт. Бирок 7-апрелдеги кырдаалга укуктук нукта толук баа берилбей калды. Экинчиси - Убактылуу Өкмөт, демек анын башында турган Роза Отунбаева элден июнь окуясы боюнча моралдык жактан кечирим сураш керек эле. Антүүгө эрктери жетпеди. Эң башкысы Роза Отунбаевага анык баа берүү эртерээк. Ал үчүн убакыт керек жана келечек тарых калыс жана өз баасын берет.

Эркин Асаналиев,
"Доор эли" коомдук кордун өкүлү:
- Р.Отунбаевага кандай мактоо айтса дагы жарашат. Албетте, түштүктө болгон окуялар боюнча кемчиликтер кетирилди. Бирок башка адам иштесе дагы, анын деле мүмкүнчүлүгү жетмек эмес.

Жакшылык Абдылдаев, Борбор
Азия университетинин Нарын
шаарындагы мектебинин жумушчусу:
- Президент болуп өзү иштеди. Үй-бүлөсү кошулган жок. Кайра бийлик талашпай өз ыктыяры менен кетти.




Биз сиз менен сыймыктанабыз, Роза эже!
Мындан көп жыл мурда 1975-76-жылдары биз КМУнун филфагында үчүнчү курста окуп жүргөнүбүздө Роза Отунбаева окууну жаңы бүтүп келген жапжаш кези болчу. Биздин курска диалектикалык материализмден сабак өтүп, айткан акыл-насааты менен берген тарбиясы түбөлүккө биздин эсибизде сакталып калды.

Роза эжебиздин сүйлөгөнүнө, жарашыктуу кийинип баскан-турганына жана билимине суктанып, идеал тутчубуз. Чогуу окуган курсташтарыбыз Роза эжени сөзгө алгылары келип, ар кандай суроолорду жаадырышчу. "Бизге Москвадагы күндөрүңүз жөнүндө, анан өзүңүз тууралуу көбүрөөк айтып берсеңиз"... - деп жымыңдашкан жигиттерге Роза эже татыктуу жоопторду айтканы дале эстен кетпейт: "Окусаңар боло, айланайындар. Мамлекеттен алган 40 сом стипендияңар менен ата-энеңердин берген 100 сому менен эмгегин актасаңар боло. Карагылачы, орус улутундагыларды, жан талашып жооп бергенге аракет кылышат. Силер болсо кайра мага тийишесиңер. Окуп, баарын билип айтып турсаңар, анан мен да өз жообумду берет элем да. Кыргыздар билимдүү болуп, дүйнөдөгү башка элдерге теңелүүгө аракет кылбайлыбы..." - деген акылдуу сөздөрү менен өзүнүн кыргыз эли үчүн тынчсызданганын билгизер эле. Көрсө, ошондо эле Роза эжебиз элибиздин келечеги үчүн күйүп-бышкан чыныгы патриот экен.
Көпчүлүк билгендей, жакында кыргыздын залкар ырчысы маркум Рыспай Абдыкадыровдун туулгандыгынын 70 жылдыгына карата филармонияда өткөрүлгөн гала-концертке Президент Роза Отунбаева да келип катышты. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырып жатып: "Биз Америкада элчи болуп жүргөндө Кыргызстанды сагынгандан Рыспайдын ырларын укканда шолоктоп ыйлачубуз. Өлкөбүзгө жете албай алыста жүргөндө Рыспайдын ырлары бизге дарыдай болуп сезилчү", - деп айтканы көрүүчүлөрдү ушунчалык толкундантып, узакка кол чаптырды.
Турган турпаты менен элим деп соккон жүрөгүнө алоолонгон ыйык, зор патриоттук сезимди батырган Роза эжебиздин колунан билим алып, тарбиясын көргөнүбүзгө бүт курсташтар сыймыктанабыз. "Өзгөчө элибиздин башына кыйын күндөр менен катаал учур келип турган чакта бала-бакырасын жетелеп, канатына калкалаган энедей болуп, Роза Отунбаева Убактылуу өкмөттү жетектеп, өзүнүн сабырдуулугу менен акылмандыгын көрсөтпөдүбү. Иш билгилиги, дипломатиянын сырларын жакшы түшүнгөндүгү аркылуу өлкөбүздү оор сыноодон алып чыкпадыбы", - дейт Ат-Башы районунун К.Карпеков жана А.Капаров атындагы орто мектептеринин ардагер мугалими, эл агартуунун отличниги, Роза Отунбаеванын бир кездеги студенти, курсташыбыз Асанбүбү Абдраимова.
Роза Исаковнага чың ден соолук жана узак өмүр каалайбыз. Эч качан арыбаңыз, биздин сүйүктүү Роза эжебиз!
1975-1976-жылдардагы
курсташтардын атынан:
Айша АЛИЕВА, "Кыргыз Туусу"






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
2-декабрь, 2011-ж.:










??.??