Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_6.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_6.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_6.htm on line 2


п»ї
Эл менен эсептешпей коюуга болбойт
(Башталышы 5-бетте)
Конституциянын жаңы редакциясында бийликти өткөрүп берүүнүн механизми бар. Аны менен бирге 2010-жылдын 27-июнунда "Кыргыз Республикасынын Конституциясын ишке киргизүү жөнүндө" Мыйзам кабыл алынган. Ошону менен убактылуу президент болуунун жана бийликти жаңы Конституция боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Президентине өткөрүп берүүнүн шарттары алдын ала каралган эле. Биз бийликти легитимдүү кылыш үчүн өткөөл мезгилдин зарылдыгын, ошондой эле бул мезгил үчүн, өлкөнү кайра өзгөртүүнүн ийгилиги үчүн толук саясий жоопкерчиликтин боло турганын билгенбиз. Биринчи жолу референдум бийликти узурпациялоо үчүн эмес, ачык жана таза парламенттик жана президенттик шайлоолорду камсыз кылуу үчүн колдонулду. Анын натыйжасында түрдүү саясий күчтөр мамлекетти коллективдүү башкарууга элден мандат алышты.
Татаал кырдаалда өлкөнүн бардык саясий күчтөрүнө бирдей шарт түзүп, демократиялык парламенттик шайлоону өткөрө алдык. Кыргызстандын тарыхында, жалпы эле Борбордук Азия аймагында биринчи жолу бийликке келген саясатчылар андан өз ыктыяры менен баш тартышты. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү башка саясий партиялардын лидерлери менен бирдей шартта шайлоого барышты. Ушундай кадам менен алар шайлоо процессинин таза жана калыс болушун камсыз кылышып, жаңы саясий маданияттын пайдубалын түптөштү.
Бийликти тынчтык жолу менен өткөрүү Кыргызстан эли тарабынан 2010-жылдын июнунда жалпы элдик референдумда, былтыркы Жогорку Кеңешти шайлап жатканда жана быйылкы Президентти шайлоодо үч баскыч менен эл тарабынан ишке ашырылганын баса көрсөтүү зарыл.
Ошентип өлкө этап-этабы менен жаңы укуктук талаага кирди. Бирок шайлоонун жыйынтыгы бийликти легитимдештирүү процессин аягына чыгарбайт, ал болгону иштин башталышы. Бийлик өзүнүн легитимдүү экенин күн сайын далилдеп туруш керек - ал элине жеткиликтүү болууга тийиш. Кыргызстандыктардын Ат-Башыдан тартып Баткенге чейин митингге чыгуу жагынан жигердүү болушу өлкөдөгү маанилүү маселелерди тактоого жана чечим кабыл алууга катыша албай калгандыгына байланыштуу. Кыргызстан калкы аз жана территориясынын чакан экенин эске алуу, мамлекеттик аппаратты орчундуу кыскартуу зарыл. Бийликти децентрализациялоо, жергиликтүү өз алдынча башкарууну бышыктоо, бардык деңгээлде демократиялык структураларды киргизүү жана бекемдөө аркылуу анын легитимдүүлүгүнө жана туруктуулугуна жетүүгө мүмкүн.
Так ушул себептен Коомдук байкоо кеңеши сыяктуу натыйжалуу күч болгон, тармактык ведомстволордо жана министрликтерде көмүскө жана бүдөмүк башкаруу механизмдерине бөгөт боло турган жарандык коомдун институттарынын ишин улантуу зарыл. "Коомдук байкоо кеңештери жана башка коомдук көзөмөл органдары жөнүндө" Мыйзам парламент тарабынан кабыл алынат жана коомдук байкоо кеңештери мамлекеттик башкаруунун айкын болушуна өз салымын кошот деген үмүттөмүн.
Көз каранды эмес, буйрук же тукуруу менен иштебеген коомдук түзүлүштөр гана чыныгы элдик бийликтин өкүлдөрү боло алышат. Акыркы бир жарым жылда коомдук зор күчкө айланганын далилдеп көрсөтө алышкан жарандык коом жана эркин маалымдоо каражаттары коллективдүү процессти конструктивдүү нукка салууга жөндөмдүү, алар жаңы социалдык мейкиндиктин негиздерин калыптандырып жатышат. Бул демократияны өнүктүрүүдөгү биздин орчундуу жетишкендигибиз.
Урматтуу мекендештер!
Укук талаасынан чыгып кетти деп революцияга кине коюлуп жатат. Ал укук талаасы деги биздин өлкөдө болду беле? Кесилип, жамаачыланган Конституция, номиналдуу жана бир беткей мыйзамдардын жыйнагы аз гана топтун кызыкчылыктарын тейлеп, коомдун калган бөлүгүнө карата укуктук эмес, жазалоочу функцияларды аткарып келген. Коом мыйзамдан тышкары жашап калган. Революция - бул саясий жана экономикалык монополияны бекемдеп турган калыс эмес укуктук системаны талкалоого карата күч-аракети. Кырдаалды толугу менен баштапкы абалга алып келүү менен гана биз жаңы келишимге, чындап келсе биздин өлкөдө биринчи жолу ишке ашкан коомдук келишимди түзүүгө мүмкүн болду.
Бирок бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү - бул укуктук мейкиндиктеги биринчи эле кадам. Мурдагыдай номиналдуу эмес, реалдуу коомдук келишимге негизделген кадам. Биз азыр өз ара сүйлөшүүлөрдүн процессиндебиз. Ошол себептен улам инерциялык процесстер дагы эле күчтүү.
Мыйзамдар аткарылбай жатат, бирок ошол эле мезгилде көп күч кайра эле мыйзам чыгарууга жумшалууда. Эски мыйзамдардын ордуна жаңы мыйзамдарды ойлоп чыгаруу тынбай жүрүп жатат. Алар дагы, булар дагы иштебейт. Мыйзамдарга карата мындай мамиленин себептерин төмөнкүчө түшүндүрөт элем:
1. Мамлекеттик органдар тарабынан мыйзамдар аткарылбайт. Мындай жагдай укук коргоо жана фискалдык органдардын, прокуратуранын жана жалпы сот бийлигинин корруп-
цияга малынганынан жана компетенциясы жетишпегендигинен болот. Мыйзам алдында баары бирдей деп биздин бардык Конституцияларда жазылган, бирок ал эч качан аткарылган эмес.
2. Натыйжада - нааразы болуу, мамлекеттик бийлик органдарына, анын ичинде сот органдарына калктын ишениминин кетиши.
Айтылгандарга байланыштуу бүгүнкү болуп жаткан сот-укук реформасы чоң мааниге ээ. Ал болуп жаткан демократиялык өзгөрүүлөрдүн пайдубалын бекемдейт. Жалпы жана жеке адамдын коопсуздугу сот системасынын калыстыгына жараша болот.
Ачыгын айтсак, акыркы окуялар жана фактылар сот реформасы ордунан жылбай туруп калганын көрсөтүп турат. Реформа аракети көптөгөн карама-каршылыктарды жана көйгөйлүү маселелерди ачып көрсөттү. Ичинен чирип калган сот системасынын артында бардыгы мурдагыдай кала беришин абдан көксөгөн кишилер турат деп ачык эле айтат элем. Бирок, аларга караганда өзгөрүүлөргө даяр кишилердин саны кадыресе көптүк кылат, андыктан мен өлкөбүздө жаңы, таза сот корпусу түзүлө турганына ишенем.
Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо боюнча кеңеши сыяктуу маанилүү органга өзгөчө токтолуп кетүүгө туура келет. Ал сот системасын реформалоодогу негизги звено болуп саналат. Тилекке каршы азыркы мезгилде анын ишин мыйзам чегинде камсыз кылууда мүчүлүштүктөр байкалды, ошондой эле айрым саясий күчтөр сотторду эмгиче өз колунда кармап, пайдалангысы келгени айкын болду. Ошондой эле бул кеңештин кай бир мүчөлөрү да ар кандай азгырыктарга туруштук бере албай калганы, алардын добуш берүү жыйынтыгы сырткы таасирдин натыйжасы экендиги айкын көрүнүп калды. Биз Сотторду тандоо боюнча кеңешинин курамын жаңылоо, Кыргыз Республикасынын бардык сотторуна талапкерлерди сынактан өткөрүү процессин улантуубуз керек. Толук кандуу сот-укук реформасын жүргүзүү үчүн көп убакыт, айрым адистердин пикири боюнча бир топ жыл талап кылынат. Өткөөл мезгилдин Президенти катары менде анча убакыт болгон жок. Бирок мен бул маселенин келечекте оң чечилишине чоң үмүт артамын.
Тилекке каршы ар түрдүү себептер менен коомдун көңүлүнүн борборунда турган бир катар сот иштери аягына чыккан жок. 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча сот процесси ага катышуучулардын саны көп болгонунан, алардын коопсуздугун сактоо зарылдыгына байланыштуу узакка созулуп кеткенин моюнга алуу керек. Бирок бул процессти мыйзамдуу жана адилет аягына чыгаруу керек.
Акырында, сот-укук реформасы жеке гана сотторду реформалоону билдирбейт. Укуктук тартипти сактоо системасын дагы реформалоо зарыл, анткени соттор анын ишинин натыйжасын карашат. Андыктан укук сактоо органдарынын ишин бүгүнкү турмушка жараша, адам укугун коргоону эске алуу менен түп тамырынан бери өзгөртүү зарыл.
Элдин ишенимин кайтаруу менен гана мыйзамдын аброюн калыбына келтирүү мүмкүн. Бул бир жактуу процесс эмес. Кайсы гана мыйзам болбосун ал коомдук келишим акты болуп саналат. Анын авторлору болсо биз болобуз, мамлекеттик чиновниктен баштап дыйканга чейин биригип бир коомчулукту - элди түзөбүз. Өз ара сүйлөшүп келишимге келүү зарыл. Эл менен бийликтин ортосунда сыпаа мамиле болгон салтты калыптандыруу керек. Мында ар ким өз укуктарын жана милдеттерин так аткаруусу маанилүү. Өзүбүздүн укуктук салтыбыз өзүбүздүн тарыхый тажрыйбабыз аркылуу гана калыптанат.
Бул демократиялык процесс ыкчам жана кыйналуусуз болбойт, муну туура түшүнүшүбүз керек. Күткөн нерселердин болбой калышы дагы коомдогу ишенимдин кризисине алып келет, ушундан улам жаңы түзүлүп келе жаткан системаны натыйжасыз деген тыянак да чыгышы ыктымал. Бизде ишенимди актоого жана эл күткөндөй иш жасоого убакыт абдан тар. Биз тиги же бул саясий лагерде болгонубуз менен баарыбыз биригип бир коом экенибизди, өнүгүүнүн азыркы тарыхый этабы үчүн жоопкерчиликти көтөрө турган саясий элита экенибизди түшүнүүгө мезгил жетти. Биз элдин бир бөлүгүбүз, негизги максаттарга жетүүдө бирдиктүү болууга милдеттүүбүз. Бизде саясий маданияттын эң жогорку деңгээли болбосо демократиялык система кыйроого туш келет. Саясий маданияттын ичине жогорку бийлик эшалонунун өкүлдөрүнүн жеке саясий жүрүм-туруму да сөзсүз кирүүгө тийиш.
Коомдо бийликтегилердин бардыгына ишенбөөчүлүк мамиле калыптанып калган, айрыкча президенттик кызматка келгендерге карата. Биринчиден, президент болгон киши өз жакындарын мамлекеттик кызматтарга дайындабай турганына ишенишкен жок. Экинчиден, алар президент кызматындагы адам бул кызматта өзүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөбөйт дегенге ишенбеди. Үчүнчүдөн, президент болгон киши бул кызматтан ыктыярдуу кетет жана эл шайлаган адамга бийликти өткөрүп берет дегенге ишенген эмес.
Кийинки президенттердин милдети Конституцияда белгиленген талаптарды так аткаруу жана ыйгарым укуктары бүткөн мөөнөттө элге андан кийинки президент ким болоорун тандап алуу мүмкүнчүлүгүн берүү.
Өзүнүн эки президентин кууп чыгып, алты референдумду жана Конституциянын сегиз өзгөртүүсүн, ошондой эле эки революцияны жана түштүктө этностор аралык кагылышууга түрткөн чагымчылдыкты башынан өткөргөн Кыргызстан өз алдынча башкаруунун рецепттерин иштеп чыга алды:
1. Кыргызстан эли менен эсептешпей
коюуга болбойт, анткени ал реалдуу күч.
2. Эч кимдин бийликти жеке ээлеп алууга (узурпациялоого) акысы жок. Бийлик аны кыянаттык менен пайдаланууга мүмкүн болбой тургандай болуп түзүлүүгө тийиш.
3. Өлкөнүн лидерлери элге берген убадаларын так аткарышы абзел.
4. Саясатчылар коркутуудан жана күч колдонуудан алыс болуусу керек, анткени ар кандай күчкө каршы турган күч дагы табылат.
Урматтуу мекендештер!
Конституция бийликтин ар бир бутагынын ыйгарым укуктарынын чегин бекитти. Жаңы саясий системанын туруктуу болушунун жана жаңы саясий маданияттын калыптанышынын принципиалдуу шарты болуп иштеп жаткан Конституцияга өзгөртүүлөрдү 2020-жылга чейин киргизүүгө болбойт деген жобону аткаруу саналат.
Бийликтин натыйжалуулугу дагы зор мааниге ээ. Анын бир дагы бутагы, бир дагы институту өзүн мамлекеттик башкаруунун башкы күчү катары карай албайт жана андай болууга тийиш эмес. Бирок азыркы мезгилде көп саясатчылардын жеке дымагы күч экендиги, ал эми бийлик бутактарынын арасында болсо чечимдерди кабыл алууда өз таасирин күчөтүү аракеттери болуп жаткандыгы байкалууда. Биз эле биринчи болуп мындай катачылык кетирип жаткан жокпуз. Бийликтин эң жакшы формасы дагы иш жүзүндө эң жаман башкарууга алып келе турганына адамзат тарыхында мисалдар көп. Мындай жагдай тандап алган жолдон тайып кетүүгө себеп боло албайт. Башкарууну туура уюштуруу зарыл. Жаңы Конституцияда Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат. Мамлекет башчысынын бул өзгөчө жана негизги ролу жаңыдан турмушка аша баштады. Бул миссияны ишке ашыруунун механизмдерин бирдиктүү аракет менен иштеп чыгуу керек. Бийликтин бардык бутактары өз ыйгарым укуктарынын чегинде иштөөгө милдеттүү, мунун баары мыйзамдар менен тескелип жөнгө салынууга тийиш. Конституциялык нормалардын чегинде ыйгарым укуктарды аныктап, алардын чегин тактоо зарыл. Мыйзам чыгаруу бийлиги аткаруу, же болбосо сот бийлигинин ишине кийлигишпеши зарыл, ошондой эле тескерисинче. Бийлик монополиясына далалат кылуу саясий кризиске гана алып келиши мүмкүн. Дайыма ушуну эстен чыгарбоо керек. Бири-бирине тыкыс аракетте болуу, атаандаштык жана жоопкерчиликтүү шериктештик гана мамлекетти башкаруунун натыйжалуулугун арттырат. Бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын так бөлүп аныктоо аларды бири бирине карама-каршы койбойт, тескерисинче бириктирет, мамлекеттик башкаруунун бирдиктүү механизмине айлантат.
Урматтуу мекендештер!
Дүйнөдөгү тоталитардык режимдер үчүн кыйын мезгил келди. Калктын кеңири катмарына маалыматтын жетиши, окуяларга реалдуу убакытта байкоо жүргүзүү, социалдык мобилизация үчүн байланыштын электрондук каражаттарын колдонуу азыркы замандын жаңы белгилери болуп калды. Араб мамлекеттери Ливия, Тунис, Сирия, Йемен, Египетти революция толкундары жана элдик козголоңдор каптап өттү. Бирок "араб жазы" аталган көрүнүш азырынча оң натыйжага алып келе элек. Бул өлкөлөрдө саясий тирешүү уланып, бейкүнөө адамдар каза болууда, убактылуу өкмөттөр кризисти токтото албай, шайлоолорду уюштура албай жатышат. Кырдаалдын этнос аралык жаңжалга байланыштуу татаалдашканына карабастан Кыргызстан саясий кризистен тез чыгып, абалдын стабилдүүлүгүн калыбына келтире алды. Биз кырдаалды укуктук жана конструктивдүү нукка бура алдык. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхынын жаңы барагы ачылды.
Кыргызстандагы парламентаризм идеялары кыйрайт деп бир топ адам көзү ачыктык кылган. Бирок эч нерсеге карабастан коалициялык өкмөт бир жылдан бери ийгиликтүү иштеп жатат. Мугалимдердин, медиктердин эмгек акысы бир нече эсе жогорулатылды, пенсиялар жана жөлөк пулдар өсүп жатат, экономика өнүгүүдө. Парламенттик демократия да чыңдалууда. Азыркы саясий кырдаалда парламенттик көпчүлүктүн жаңы коалициясынын кайра түзүлүшү деле кадыресе эле көрүнүш, мыйзам ченемдүү процесс. Башка парламенттик өлкөлөрдө деле ушундай нерселер байма-бай болуп эле жатат. Бул болгону бизде коомдук макулдашуунун конструкциясы өркүндөп жатканынан кабар берет.
Кыргызстан артка кайтпас чектен өттү деп ишенем. Биз алга карай барып, башталган иштерди аяктоого милдеттүүбүз.
Биз өлкөбүздүн жакшы аброюн калыбына келтире алдык, дүйнөнүн саясий картасында кадырлуу ордубузду таптык. Демократияны чыңдоодо, тынчтык жана биримдикти орнотууда жигердүү колдоого алгандыгы, бизге көрсөткөн жардамы үчүн дүйнөлүк коомчулукка ыраазыбыз. Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатында стратегиялык шериктештери менен, ошондой эле кошуна мамлекеттер менен тең укуктуу жана жемиштүү кызматташууну улан-
таарына ишенемин.
Урматтуу депутаттар!
Кымбаттуу мекендештер!
Тынчтык жолу менен Конституциянын чегинде бийликти өткөрүп берүү аземи эртең болот,
Мен өз милдетимди так аткардым деген сезим менен бардык жоопкерчиликти жана үмүттү мыйзамдуу шайланган парламент менен президентке артып кетип жатам.
Мен Кыргызстан элинин баатырлыгына жана көсөмдүгүнө таазим кылып, кан төгүүнү болтурбай токтотуп кала албаганым үчүн кайгыруу сезими менен дагы бир жолу кечирим сурайм!
Ошол эле мезгилде өлкөнүн бүтүндүгү жана элибиздин биримдиги сакталып калгандыгы үчүн сыймыктанам!
Мен өз күчүм жеткен иштерди турмушка ашырдым. Элдин алдында абийирим таза! Калганын тарых таразалайт.
Көңүл бурганыңыздарга ыракмат!






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
2-декабрь, 2011-ж.:










??.??