Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_5.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_5.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_5.htm on line 2


п»ї
Эл менен эсептешпей коюуга болбойт
Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаеванын 30-ноябрда
Жогорку Кеңештин атайын жыйынында жасаган кайрылуусу
Урматтуу Төрага! Урматтуу депутаттар!
Кымбаттуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Президенти катары менин ишмердигим аяктады. Кыргызстан калкынын басымдуу көпчүлүгүнүн добуш берүүдөгү эркин жетекчиликке алуу менен өз туюмума жана ыктыярыма ылайык бийликти жаңы шайланган Президент Алмазбек Шаршенович Атамбаевге өткөрүп берип жатам.
Урматтуу депутаттар!
Ушул бийик трибунадан Сиздерге, ошону менен бирге өлкөбүздөгү бардык саясий ишмерлерге, партияларга жана интеллектуалдык элитага кайрылгым келет. Мекен үчүн жеке
жоопкерчиликти сезген ар бир жаранга кайрыламын.
Эгемендик жылдарында биринчи жолу Конституциянын чегинде ыктыярдуу, тынчтык жол менен, демократиялык шайлоо аркылуу бийликти өткөрүп берүү наркын жасоодобуз. Ошентип биздин эл улуттук лидерди тандоо укугун гана эмес, өлкөнүн өнүгүү багытын аныктоо укугун да өзүнө кайтарып алды.
2010-жылдагы Элдик революция жана Референдум мага тапшырган миссиянын өтөөсүнө чыктым. Орчундуу, бирок Конституция аркылуу чектелген мөөнөткө ишеним алган Парламент жана Президент бийликтин мезгил-мезгили менен алмашуу тартибин кыйшаюусуз сактоого милдеттүү. Өнүккөн өлкөлөрдө эчактан бери калыптанып келген бул принципти колго алууга тийишпиз. Биздин учурдагы тажрыйбабыз туруктуу эрежеге айланышы максатка ылайык. Ушундай жоопкерчилик элдин алдында гана эмес, бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун алдында да биздин мойнубузда. Баштаган ишибиздин масштабын жана маанисин терең түшүнүүгө милдеттүүбүз.
Кыргызстандын өсүп өнүгүшүнө, анын ички абалынын туруктуулугуна карай жол - өз ара сүйлөшүү, макулдашуу, ар кандай кызыкчылыктарды эске алуу жолу экендиги бүгүн бардык саясий күчтөргө айкын болду. Өлкөнү башкаруунун парламенттик маданияты бул жолдун натыйжалуу механизми болуп эсептелет. Башка жолдорду, тактап айтканда авторитардык- кландык башкаруу жолдорун биз башыбыздан өткөрдүк, аларды кайта кайталоонун зарылчылыгы жок. Өлкөнү коллективдүү башкаруу
боюнча элдик салттарды кайра жаратып, ынтымак жана коомдук келишим аркылуу ырааттуу жана кыйшаюусуз алга баруу зарыл. Ошондо гана бийлик мурда жоготкон элдин ишенимине кайрадан ээ болот. Ансыз саясий, со-
циалдык жана экономикалык реформалар биз күткөн натыйжаны бербейт.
Урматтуу мекендештер!
Кыргызстандын соңку жаңы тарыхынын 20 жылы биздин тандоо эркибизди уурдоонун,
аны акырындык менен басып алуунун тары-
хы болуп калды. Мамлекеттик башкарууга таасир бере турган легитимдүү аспаптарды элден тартып алып, аны укук талаасынан сүрүп чыгарып, бардык бийликти бир колго топтоо менен биринчи президент дагы, экинчи президент дагы адамдарды өз укуктары үчүн күрөштүн жападан жалгыз, конституциялык эмес жолу - бийликти күч менен тартып алууга мажбур
кылды.
Биринчи революция сабак болгон жок, биз мурдагыдан да катаал авторитардык режимге туш болдук. Бардык ресурстарды ээлеп алуу, саясий киши өлтүрүү, акырында келип бийликти атадан-балага мураска калтыруу принцибин орнотуу аракеттери элдин чыдамын чыңап, акыры барып жарылууга алып келди.
Ооба, биздин жүзгө жакын мекендештерибиздин каны менен акыйкаттык орноду. Бирок революциялардын күңгөйү да, тескейи да бар. Анткени мындай жагдай эрежеге айланып, бийликти күч менен алмаштыруудан башка жолду билбеген муун өсүп келе жатат.
Мамлекеттин иммунитети азыр начар. Инсандарды бийликтен кулатуу жылма эле өтпөйт, аны менен кошо бийлик институттарынын туруктуулугуна жана легитимдүү болушуна доо кетет. Бул президенттик институтка гана эмес, жалпы мамлекеттик системага тиешелүү. Ички саясий процесстерге тышкы күчтөрдүн таасиринин күчөшү да ушул жагдайга -дүйнөлүк жана регионалдык шериктештердин Кыргызстандын мамлекет катары жашап кетишинен күнөм санашына байланыштуу болгон.
Биз укуктук жактан өзүбүздү өзүбүз тескей ала турганыбызды жана бийликти цивилизациялуу алмаштырууга жөндөмдүү экенибизди дүйнө жүзүнө, ошондой эле өзүбүзгө дагы далилдешибиз керек болчу. Антпесек биз өлкөнү жоготуп алмакпыз. Эсеп күн эмес, мүнөттөр менен саналып жаткан. Июнь окуялары мезгилинде кайгы менен коркунучка, мамлекеттик башкаруунун алсыздыгына, саясий оппоненттердин катаал каршылыгына жана скептиктердин чыккынчыдай болгон кайдыгерлигине карабастан биз Референдум жарыяладык. Ошондо эл өзгөрүүлөрдү жана реформаларды колдоду, өз добушун берди.
Реформалар жаңы эрежелерди бекитүүдөн башталат. Кыргызстан эли парламенттик башкарууга, мамлекеттик башкаруунун өзүнө тааныш эмес, мурда сынактан өтпөгөн түрүнө ишеним көрсөттү, ушул формат бизге ылайыктуу деп тапты. Анткени, ал саясий процесстердин катышуучуларынын бирине дагы башкаларга үстөмдүк кылууга мүмкүндүк бербейт. Парламенттик системага кескин өтүү туура болду. Антпесек деспотиянын тереңдеп кеткен тамырын жулуп салуу мүмкүн эмес эле. Тарыхый калпыс тажрыйбага, саясатчылардын мурда калыптанган авторитардык ойлонуусуна, тыш жактан болгон кысымга каршы прецедент түзүү керек болучу.
Референдумдун жыйынтыгы Кыргызстандын тарыхынын жаңы барагын ачты, парламенттик жана президенттик шайлоолордун мөөнөтүн принципиалдуу жаңы шарттарда аныктады. Коом мага бул процесстердин медиатору жана уюштуруучусу, өткөөл мезгилдин өзүнчө бир кризис-менеджери катары ишеним көрсөттү. Мен муну түшүндүм жана толук бийлик катары эмес, эл алдында жана тарых алдында толук саясий жана моралдык жоопкерчилик катары кабыл алдым.
Урматтуу мекендештер!
Биз саясий күрөштүн, жарандык жоопкерчиликтин, моралдык тазалыктын жана өз элине ак кызмат кылуунун олуттуу мектебинен өттүк. Эл кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктан, кландардын жана топтордун кызыкчылыктарынан жогору коюу бүгүн бийликтин бардык бутактары үчүн эң бийик парз болууга тийиш. Так ушундай императивди сезүү биздин тарыхыбыздагы баатыр каармандарга, улуттун атасы, энеси болгон улуу инсандарга мүнөздүү. Алар эл үчүн, анын бакубат турмушу үчүн өз өмүрлөрүн дагы аяшкан эмес. Биз ушуну эстен чыгарбоого тийишпиз.
Элитанын кескин түрдө алмашуусу жөнүндө айта турган болсок биз былтыр люстрация идеясынан баш тарттык. Бул үчүн бизге революциянын идеяларын, анын каармандарын жана курмандыктарын сатып кетти деген да күнөө коюлду. Эмне үчүн биз люстрация идеясынан баш тарттык? Анткени биз жаңы төңкөрүштөрдүн себепкери болгубуз келбеди. Ачыгын айтуу керек, элитанын орчундуу бөлүгү эки авторитардык режимге тең аралашып иштешкен эле. Алар бул үчүн моралдык да, керек болсо бир тобу кылмыш жаза жоопкерчилигин да тартышы керек. Бирок, саясий атаандашуунун легитимдүү талаасынан сүрүп чыгаруу менен биз аларды көмүскө күрөшкө мажбур кылмак элек. Азыр отурушмак да бычактарын кайрап.
2010-жылы болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгын, ошондой эле жакында болгон президенттик шайлоонун жыйынтыгын эл аныктады. Элдин тандоосуна ылайык азыркы парламентте саясий кызыкчылыктардын, саясий күчтөрдүн өкүлчүлүгү түзүлдү.
Бүгүн парламентте түрдүү күчтөрдүн болушу жана алардын ортосундагы карама-каршылыктар өлкөдөгү саясий ар түрдүүлүктү туура жана дээрлик толук чагылдырып турат. Бул кандай гана принципиалдуу коомдук-саясий тирешүү болбосун аны парламенттин алкагында чечүүгө мүмкүндүк берет. Азырынча парламенттин ишмердиги коомдо бир топ сын пикирлерди жаратууда. Элде "биз бир ажыдаарды жеңдик, бирок көптөгөн кичине ажыдаарларга туш болдук" деген сөз бар. Ачыгын айтсак, парламенттик башкаруунун президенттик башкаруудан айырмасын - мурда "ашка" бир киши ээлик кылса, азыр барыбыз бөлүп жейбиз деп түшүнгөндөр да жок эмес. Элитанын коллегиалдуу башкарууга жана жоопкерчиликти алууга даяр эместиги эки себеп менен түшүндүрүлөт: Биринчиден, элитабыз өзгөргөн жок, анын ичинен куулуп кеткен эки президент чыккан. Бул элитанын да 20 жыл ичинде болгон иштерге жоопкерчилиги бар; Экинчиден, биз бийликтин жаңы формуласын эми араң өздөштүрүп жатабыз. Аны биз ойлоп чыгарган жокпуз, ал сыналган, ага ылайык көптөгөн демократиялык мамлекеттер жашап жатышат. Бирок өзүбүздүн улуттук тажрыйба, жоопкерчилик жана жаңы саясий маданият дароо эле пайда боло койбойт. Аларды парламенттик башкаруунун реалдуу практикасы аркылуу өзүбүз жаратуубуз зарыл.
Атаандаш өткөн президенттик шайлоо элдин тандоо укугун ишке ашырууга шарт түздү. Бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнүн бирден бир шарты - жеңилген талапкерлер жана алардын жактоочулары шайлоонун жыйынтыгын таанып макул болгону, же болбосо аны укуктук алкакта гана талашуусу болот. Мындай шарт бардык саясий күчтөр жалпы фундаменталдуу баалуулуктарды тааный турганын билдирет. Президент кызматына талапкерлердин бардыгына саясий жоопкерчиликти жана жетиктикти көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Мен Кыргызстан элине зор ыраазычылык айтат элем. Анткени, түндүк-түштүккө, аймак-аймакка бөлүнүп, улуттар арасындагы карама-каршылыктарды жеңе алышпайт деген жоромолдорду жокко чыгарып, 30-октябрь күнү бүт дүйнөгө биз бир эл, бир өлкө экенибизди таасын көрсөтө алдык.
Шайлоо атаандаштыгында жеңип чыккан инсан коомдун бардык катмарынын каалоосун чагылдырбайт, бирок көпчүлүктүн тандоосу менен аныкталат. Мындан калыс болгон шайлоо системасын эч ким ойлоп таба элек. Бирок дүйнөдө бийлик бутактарынын тең салмак системасы, өз ара кармануу жана токтотуу механизмдери иштелип чыккан. Ыйгарым укуктары бир кыйла кыскарган Президент менен тең салмактуу болууга парламент дагы, коалициялык өкмөт дагы, жакын арада реформа боло турган сот бийлиги дагы аракеттенет. Алардын атаандаштыгы жана өз ара келишүүгө жөндөмдүүлүгү жалпы коомдун, анын ичинде көпчүлүк менен азчылыктын кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылууга тийиш.
Президенттик кызматка талапкерлердин жарымынан көбү ушул шайлоодогу өздөрүнүн программалык билдирүүлөрүндө Конститу-
цияга оңдоолор киргизүү, атүгүл аны толук өзгөртүп президенттин ыйгарым укуктарын көбөйтүү ойлорун айтышкан. Негизинен эки аргумент айтылууда: биринчиден, "бийликтин вертикалы гана мамлекетти күч-кубаттуу кы-лууга жөндөмдүү" дешет. Бул тезисте логика бар, бирок Кыргызстандын жана башка көп өлкөлөрдүн тажрыйбасы бийликтин катаал вертикалы көп учурда авторитардуу режимге айланып жана бир адамдын, же бир нече адамдын кызыкчылыгына кызмат кылып калаарын көп ирээт далилдеген. Парламенттик башкаруу идеалдуу эмес, бирок анын президенттик бийликтен бир артыкчылыгы бар - ал бийликтин бир колго топтолбой тургандыгына кепилдик берет.
Экинчи тезис: "президенттердин терс ролу президенттик башкаруудан баш тартканга алып келбеш керек" дешет. Муну адилет, кайрымдуу падыша жөнүндө жомок десек болот. Биз иш жүзүндө жеке бийлик эртели кечпи "өтө ыймандуу жана билимдүү инсанды" дагы туура жолдон чыгара турганын көрбөдүкпү. Бул боюнча XX кылымдын белгилүү философу жана экономисти Фридрих Август фон Хайектин "эгерде биз бийликти чектөөгө даяр боло албасак, анда бийликти кыянаттык менен пайдаланууну токтото албайбыз" деп айткан сөздөрү эстен кетпейт.
Эл оозунан эмдигиче түшпөй келген 93-жылкы Конституция бийлик бутактарынын теңдештигин, күчтүү президент - күчтүү парламент дегенди камтыган. Ал эмне үчүн иштебей калды? Биринчи эле чуулгандуу иш - Швейцарияга алтын ташып чыгаруу чатагы 1994-жылы парламенттин өзүн өзү таркатышы менен бүттү. Чынын айтсак, президенттин түрткүсү менен эле Конституцияда көрсөтүлгөн көзөмөл функциясын аткарууга кылган парламенттин аракеттери үчүн таркаган. Андан соң президент эки палаталуу парламент түзүү жөнүндө референдум өткөрдү. Анын максаты парламентти экиге бөлүү аркылуу анын ыйгарым укуктарын жасалма жол менен азайтуу болгон. Ошентип президенттин ыйгарым укуктары жалпысынан парламенттин ыйгарым укуктарынан көбүрөөк болуп, президенттик ишмердиктин чексиз кеңейишине жол ачылган. Ошол эле референдум аркылуу президентке импичмент жарыялоо процедурасы мурдагыдан татаалдаштырылган. Кийинчерээк ошондой эле референдум аркылуу президент парламенттен аткаруу бийлигин - министрлер кабинетин түзүү боюнча ыйгарым укуктарын тартып алды. Жогорку Кеңешке бир гана премьер-министрди дайындоого макулдук берүү ыйгарым укугун калтырды.
2005-жылдагы революциядан кийин жаңы шайланган президент Конституциялык кеңештин төрагасынын ыйгарым укугуна ээ болгон соң жарандык коомдун жана парламенттин ишенимине кыянаттык кылып, акырында бардык реформатордук демилгелерди басууга жетишти. 2006-2007-жылдардагы саясий тирешүүлөрдүн натыйжасында оппозиция талкаланып, референдум аркылуу президенттин кеңири ыйгарым укуктарын бекиткен Конституция кабыл алынды. Үй-бүлөлүк диктатуранын акыркы кыймылы президенттик бийликти шайлоо аркылуу эмес, мураска калтыруу үчүн уюштурулган Президенттик Кеңешмени ишке киргизүү болду.
Президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү үчүн бардыгы болуп 5 референдум өттү, Конституция 8 жолу ревизия болду. Мунун баары президентке референдум дайындаганга Конституциялык укук берилгенине байланыштуу болду. Референдум жалпы элдик мааниге ээ чечимдерди кабыл алуудагы акыркы, өзгөчө механизм катары ойлонуп табылган. Бирок ал маани бурмаланып, такыр тескери жагына айланган, эл ишеними кыянаттык менен пайдаланылып жеке адамдын кызыкчылыгын көздөгөн чечимдер кабыл алынган. Азыркы Конституцияда биз мындай мүмкүнчүлүктү жокко чыгардык.
"2010-жылдагы референдумчу? " деген калыс суроо пайда болот. Ал "өзгөчө учур" деген түшүнүккө дал келеби? Албетте, дал келет. Апрель Элдик революциясынын натыйжасында абийири төгүлгөн бардык бийлик бутактары кулатылды. Бул шарттарда жалпы элдик референдум гана мамлекеттик бийликтин ишке жарактуу легитимдүү институту болуп калды. Кимдир бирөө бул өзгөчө механизмди кыймылга келтириши керек эле. Бириккен Элдик кыймылга бириккен оппозицияны өлкөнүн тагдыры үчүн саясий жоопкерчиликти өзүнө алды, өткөн замандын оор жүгүн көтөрүү менен бул процесстин уюштуруучусу болду. Оппозиция лидерлери жетектеген Убактылуу Өкмөт укук талаасынан тышкары чыгууга, декреттердин негизинде иштөөгө мажбур болду. Ачыгын айтсак ошол мезгилде Бириккен Элдик кыймыл криминалдык режимге каршы туруп, элди бириктире ала турган, реваншисттерге каршы сокку урууга жараган бирден бир уюшкан күч эле. "Акжолдун" парламенти жана мурдагы бийликтин айтканын кылып турган Конституциялык сот таркатылды. Анткени аларды үй-бүлө режиминин жактоочулары бийликти кайтарып алуунун механизмдери катары пайдалангысы келишкен, бул чындык.
Бийликти тезирээк легитимдештирүү зарылчылыгын түшүнүү менен биз өзүбүздүн мандатты - Убактылуу Өкмөт жана өткөөл мезгилдин Президенти деп так аныктадык, бийликти укуктук алкакка кайра алып келүү мөөнөтүн ачык айттык.
(Уландысы 6-бетте)







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
2-декабрь, 2011-ж.:










??.??