Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_4.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_4.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_4.htm on line 2


п»ї
Ант берүү аземи
"Биз ушул өлкөдө гана бактылуу жашай алабыз"
Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоо өнөктүгү учурундагы жолугушууларда жүрүп, Кемин районуна келгенде бир дарбазада жазылып турган жогорудагыдай сөздү окуганын айтып эскерди. Муну ал ант берүү аземиндеги сөзүндө келтиргенде залдагы эл кол чаап жиберди... Бир миллионго жакын элибиз көр оокаттын айынан дүйнө кезип, эмгекке жарамдуу жаштар калтырган элеттик аймактар аны абдан толгонтуп жүргөн...

Кечээ Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу президенттик бийликти тынчтык жолу менен расмий өткөрүү аземи аткарылды. Кыргызстан эли 24-март, 7-апрель окуяларынын, тарыхта кара так болуп калуучу июнь коогалаңдарынын эбегейсиз азабын тартып, мамлекеттин мүлкү эки качкын президенттин чет элдик "кеңешчилеринин", досторунун акылы менен калчанып, жакындарынын колуна өтүп экчелип турганына элибиз чыдабай эки ирет революция жасады. Коррупциялашкан эки бийликти ааламга дүң түшүрүп жатып кетирүү жумурай журттун көкөйүнө көк таштай тийиптир. Ал эми болгону бир жыл сегиз айга гана созулган өткөөл доордун Президенти болгон Роза Отунбаева ушул кыска мөөнөттүү бийлигине каниет кылып, болгондо да өтө оор кырдаалда башкарып, өлкөнү саясий туруктуу жолго салып өткөрүп берди.
А.Атамбаевдин улуттук филармониядагы кечээги расмий ант берүү аземине Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, губернаторлор гана эмес, карапайым калк да, чет элдик дипломатиялык корпустардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, атамекендик жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары катышты. Президенттик шайлоо өткөн бир айдан бери А.Атамбаевдин расмий шайланышын дүйнөнүн көптөгөн мамлекет башчылары, өкмөт жетекчилери куттуктаганы белгилүү. Ал эми анын ант берүү аземине Түркиянын президенти Абдуллах Гүл, Грузиянын президенти Михаил Саакашвили, Казакстандын премьер-министри Карим Масимов, Тажикстандын өкмөт башчысы Аким Акилов, Белоруссиянын улуттук кеңешинин төрагасы Анатолий Рубинов, Түркмөнстан парламентинин төрагасынын орун басары Касымгули Бабаев, Кытай Эл Республикасынын Бүткүлкытай элдик жыйынынын вице-спикери Исмаил Тилвалди, РФнын Бажы кызматынын төрагасы жана кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Андрей Бельянинов ж.б. көптөгөн алыскы-жакынкы мамлекеттердин бийлик өкүлдөрү, эл аралык абройлуу уюмдардын өкүлдөрү катышып отурушту. Чет мамлекеттерден келген расмий меймандардын саны 200дөн ашты.
Бишкектиктер менен шаар меймандары Кыргызстандын расмий бийлигинин демократиялуу, цивилдүү жол менен өткөрүү аземинин салтанатына кызыгып, башкы аянттан, филармониянын тегерегинен кетишкен жок. Ноябрь айы дээрлик жаан-кар аралашып көз ачырбай турду эле, бул күнү Күн да чайыттай тийип жылуу болуп берди. Роза Отунбаеванын Ак үйдөн чыгып, Улуттук гвардиянын жоокерлерине акыркы ыраазычылыгын расмий билдиришин, анын кортежинин филармония тарапка бет алышын, Атамбаев менен расмий жолугушуусун эл бир дем менен күтүп турду. Кыргызстанда ушундай бийлик алмашуу мындан ары ылайым өнөкөткө айланса экен деген гана тилектер...
Кыргыз Республикасынын Туусу, Президенттин Штандарты алынып келинип, КРнын Президентинин күбөлүгү, төш белгиси Алмазбек Атамбаевге тапшырылып, БШКнын төрагасы Т.Абдраимов президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча токтомдорду окуду.
"Мамлекет башчысынын кызмат ордун, Кыргыз Республикасы жана анын элинин тагдыры үчүн бийик жоопкерчиликти өткөрүп берип жатып, Алмазбек Атамбаев КРнын Президенти катары өлкөнүн өнүгүшү үчүн бардык күчүн, билимин жана тажрыйбасын жумшай турганына, адилет, калыс жана таза жетекчи болоруна толук ишенеримди билдирем", - деген Р.Отунбаева ага жолунун шыдыр, жолдошунун Кыдыр болушун каалады.
Кылымдарды карыткан кыргыз салты боюнча улуу ишке, алыскы жолго чыгаарда ак сакалдуу аталардын бата бермек салты бар. Бул ирет да Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Республикасынын үч Баатыры: залкар акындар Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев жана заманыбыздын таланттуу драматургу Бексултан Жакиев алакан жайып, ак батасын беришти.
* * *
Президенттин ант берүү аземине өлкөнүн чар тарабынан келген мекендештерибизге диктофон сундук.

Рахманали ТУЙГУНОВ, Кадамжай району, Айдаркен шаарчасы:
- Президент Атамбаевдин ант берүү аземине катышалы деп алыскы Баткен жергесинен келдик. Акыркы жыйырма жылдан бери Атамбаевдин КСДП партиясы да, анын саясий командасы да элдин сыноосунан өттү. Бир жарым жылда ал жетектеген өкмөт реалдуу иштей ала турганын көрсөттү. Ошол үчүн ага элдин 62 пайыздан ашыгы добуш беришти. Экономика көтөрүлөт, мен иштеген сымап комбинатына жаңы жабдуулар келет деп үмүт артам. Ал эми акыркы бир жылдан бери комбинатыбызга Өкмөт, райакимчилик жакшы жардамдарды берип жатат. Жаңы Президент А.Атамбаев бийлик бутактарын бириктирүүгө жан үрөгөн жетекчи болот го деп ойлойм.

А.КАЙНАЗАРОВ, Баткен облусу:
- Биздин үй-бүлөдө төрт дарыгер бар. Чейрек кылымдан бери жубайым өкөөбүз өмүр сакчылыгында иштеп жүргөнүбүзгө карабай болгону 5000 сомдун тегерегиндеги маяна алчубуз. А.Атамбаев эмгек акыбызды көбөйткөндөн бери 10000 сомдон ашып, келинчегим экөөбүздүкү бириккенде эле 20000 сомго барды. Нечен ак халатчандар акчасынын аздыгынан чет мамлекеттерге агылбадыбы. Алмазбек Шаршеновичтин убадасында турган эр жигиттиги үчүн элибиз добуш берди. Эми элибиз үчүн акжолтой Президент болсо эле болду.

Таласбек ИБРАЕВ, Жети-Өгүз району, жеке ишкер:
- Бир жыл жети айдын ичинде Атамбаев жетектеген өкмөт коррупцияга каршы күрөшүүнүн жаңы моделдерин таап жатат. Грузияда уюшулган кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөшүү тажрыйбаларын үйрөнүүгө, ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга катуу киришишти. Ишкерлер коррупциянын кескин кыскарышын дагы эле күтөт. Эгерде мамлекет башчысы саясий туруктуулукту камсыз кылган жетекчи болсо, бизнес коомчулугу да экономиканы көтөрүүгө, жумушчу орундарды түзүүгө бар күчүбүздү аябайбыз. Ант берген жаңы Президентибиздин мурдагыдай эле убадасы бек болсун демекчимин.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
2-декабрь, 2011-ж.:










??.??