Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_3.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_3.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_3.htm on line 2


п»ї
Экс-президент эмне дейт?
Отунбаева өз фондун түзүп, жардыларга жардам берет
Кыргызстанда алгачкы ирет президенттик пост тынчтык жолу менен өткөрүлүп берилди. Шейшемби күнү Роза Отунбаева "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президенттик кызматындагы акыркы сааттардан иштеп жатып, журна-листтердин суроолоруна жооп берди. Акыркы бир-бир жыл сегиз айдын ичинде элибиздин башынан өтө оор, трагедиялуу окуялар өттү. Өлкө тагдыры жардын башында, бычак мизинде турганда аял жетекчи башкарды.

2010-жылдагы Кыргызстандагы болгон окуяларга эл аралык коомчулук, айрыкча БУУнун Р.Отун-
баева катышкан эки сессиясында өтө орчундуу баа берилди. Быйылкы жылы Чыгыш араб өлкөлөрүндө, Түндүк Африка мамлекеттеринде да биздеги окуялар уланып, басыла албай жатат. Кеп дүйнөдөгү мындай толкундоолордун чыгуу табиятынын окшоштугунда. Бүгүнкү күндө Тунис, Египет, Ливия, Сирия ж.б. өлкөлөр али тынч эмес... Жакында эле Египетте Израилге жана Иорданияга кеткен газ түтүгү жардырылып, аймак коркунучта турат. Дүйнөнү каптаган окшош окуялар менен социалдык жарылууларды элибиз баштан өткөрүп, артка таштап, жаңы кадамга бет алдык. "Бир жыл сегиз айдын ичинде биз бардык бийлик институттарын кайра калыбына келтирүүгө жетиштик. Сиздерге жагабы же жакпайбы, бүгүнкү күндө коомубуздун күзгүсү болгон парламент иштеп жатат.
Учурда өлкө коопсуздугун сактап, баарыбызга маяна төлөп берип жаткан Өкмөт да өз кызматын аткарууда. Республика эли азыркы президентти 62 пайыз добуш менен шайлап алып, шайлоо өнөктүгү тынч өткөнүнө биз гана эмес, дүйнө коомчулугу карап турду. 1 жыл 8 айдын ичинде референдумду, парламенттик жана президенттик шай-лоолорду - ушул үч саясий өнөктүктү тынч, ийгиликтүү өткөргөнүбүз өтө зор иш болду. Бул шайлоолорду эл аралык коомчулук жарандарыбыздын алгачкы жолу таза, ачык, транспаренттүү эрки менен өткөрүлгөндүгүн айтышпадыбы. 10-20 жылда жасабаган ишти кыска мөөнөттө аткара алдык", - деди Роза Отунбаева.
Р.Отунбаеванын президенттик кызмат мөөнөтүнүн чектелүү болгондугуна байланыштуу ал алдына койгон бир топ иштерди аткарууга үлгүрбөй калды. Кыргызстанда сот реформасы аягына чыгарыла элек. Кандуу окуялар боюнча сот иштери алигүнчө бүткөрүлгөн жок. Бирок, жүргүзүлгөн иштер токтобошу керек.
Роза Отунбаева президенттик постту тапшыргандын эртеси кайсы кызматка бара тургандыгына журналисттер коомчулугу бери жагы жарым жылдан бери кызыгып келишкен. Маалымат жыйынында ал өз максатын ачык жарыялады. Айталы, Роза Исаковна бир эле Тышкы иштер министри кызматында төрт жолу иштептир. Учурда министр боло турган жаш кадрлар жетиштүү экендигин айтты. Эми экс-президент өзү фонд түзүп, агартуу, маданият тармактарына жана жалпы эле элдин социалдык жагдайларына жардам берүүнү көздөөдө. Анын өткөөл доордогу кыйын кезеңде мамлекетти туруктуу башкара билген жетекчи, мыкты дипломат, тажрыйбалуу саясатчы катары эл аралык коомчулуктагы аброюна кызыккан мамлекеттер аз эмес.
"15-декабрда мен Варшавада болушум керек. Европалык кеңеш "Европанын күндөрү" деген жыйынды өткөргөнү жатат. Ал жерде дүйнөнүн көп мамлекеттеринен өлкө башчылары, өкмөт жетекчилери катышып, ааламдагы азыркы абал тууралуу сөз болот. Менден алар Кыргызстандагы абалдан чыгуунун ийгиликтерин, тажрыйбаларын айтып берсеңиз деп суранып жатышат. Ошондой эле Нью-Йоркко, Австрияга чакыруулар бар. Биздин өлкөнүн саясий кыйын
кырдаалдан кантип чыкканы көп өлкөлөрдү кызыктырып, суктандырууда. Улуу Британия жана Германия сыяктуу өлкөлөр дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуяларга өздөрүн жооптуу деп эсептеп алышкан. Ошондуктан биздеги окуялар кандай өңүттө өнүгүп, кандай жыйынтык чыкканы тууралуу эл аралык коомчулукка төрт-беш тилде дайыма жеткирип турушубуз керек" - деди Р.Отунбаева.
"Мен деле велосипедге отурам"
Ал эми экс-президент катары кандай жеңилдиктерди ала тургандыгы тууралуу айта кетти. Ушул кезге чейин машина айдап көрбөгөндүктөн, элибиз ага автомобиль бөлүүгө каршы чыкпаса ыраазы болоорун, эгерде машина ыйгарылбаса жөө деле жүрө бере тургандыгын айта кетти. "Даниянын премьер-министри азыр деле велосипед менен жүрөт экен. Мен деле велосипедге отурамын", - деп тамашалады. - Учурда Америкада, Рос-сияда, Францияда экс-президенттердин борборлору бар. Биз деле экс-президенттердин салттуу борборун түптөп алсак. Кымындай болсо да бөлмө берилсе дейм. Менин 1 кв. метр да отура турган бөлмөм жок болгондуктан, 2-декабрдан баштап эч жерден таба албайсыңар. Уюштура турган фонд аркылуу жеке өзүм үчүн байлык топтоюн деп жаткан жокмун. Ал аркылуу студенттерге же турмуш шарты начар жарандарга жардам берейин деген тилегим бар" - деди. Ушул эле жыйында Роза эже "11.11.2011-жылы" биринчи неберелүү болгонун айтты.
"Манас" аэропортундагы АКШнын транзиттик авиабазасы тууралуу Отунбаева төмөндөгүдөй билдире кетти. Американын Өкмөтү менен түзүлгөн эки тараптын келишими боюнча алар 2014-жылга
чейин иштеп кала берет. Бул база геосаясий амбициясы үчүн гана жайгашып турган жок. Азыр деле Афганистандагы кырдаал биротоло тынчый элек. Транзиттик авиабаза аркылуу апта сайын 2000ге жакын самолёт өтө көп көлөмдөгү жүк ташып учуп конот.
Ар бир мамлекеттин арыла албай жаткан көйгөй кыйынчылыктары бар. 2008-жылы күлкүдөн жүзү жаркыган Барак Обаманын бүгүн көзүнүн алды шишик тартып, убайым жеген кейипте жүрөт. Европадагы финансылык кризис Американы каптап барат. Эли президентин аёосуз сындашууда. Американы экономикалык кризис каптап бара жатканы, эли аскердик чыгымдарды азайтууну талап кылууда. Бүгүнкү күндө Афганистандан ташылып жаткан баңгизат трафиги Кыргызстанга реалдуу коркунуч туудуруп келе жатканын эле айтсак жетиштүү эмеспи.
Экс-президент апрель окуясы боюнча сот процесстери али аягына чыга албай жатканына өкүнгөнүн билдирди. "Биз элдин мүлкүн уурдагандарды жазалайбыз дедик эле. Ошол жагынан аксап жатабыз. Мамлекеттин мүлкүнө кол салгандардын неченин жаңы бийлик таап берди эле, алар кайра акталып чыгып жатат. Бул сот органдарынын, прокуратуранын иштөө деңгээлинин өтө начардыгын көрсөтүп турат", - деди Роза Отунбаева.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
2-декабрь, 2011-ж.:










??.??