Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_14.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_14.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_14.htm on line 2


п»ї
Зордук-зомбулукка - бөгөт!
Мамлекеттик
каражаттарды үнөмдөөбү же...
Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстанда зордук-зомбулукту четтетүү боюнча Улуттук борборду түзүү боюнча мыйзам долбоорун кайра кошумчалап иштеп чыгууга жөнөтүштү. Муну алар бир нече аргументтер менен - мамлекеттик бюджетте акчанын жетишсиздиги жана Акыйкатчынын аппаратынын ишин кайталап калуу мүмкүнчүлүгү менен түшүндүрүштү.

Зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун түзүлүшү жабык мекемелердин абалын жакшыртууга шарт түзмөкчү, - бул маселе менен толук же кыйыр түрдө алпурушкан бардык укук коргоо уюмдары мына ушинтип эсептешет. Улуттук алдын-ала сактоочу механизмдин киргизилиши биринчи кезекте биздин мамлекетибиздин кол коюлган эл аралык келишимдерди аткарууга даярдыгынын далили. Бул, демек, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча Факультативдик протоколго 2008-жылы кошулган Кыргызстан эл аралык укук нормаларын так жана кый-шаюусуз сактоого тийиш экендигин билдирет.
Пландаштырылган борборго ар түрдүү органдардын он бир өкүлү - Акыйкатчы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки депутаты жана жарандык коомдун сегиз өкүлү киришет. Аларга республиканын жабык мекемелерине - түрмөлөргө, СИЗОлорго, жатак-үйлөрүнө, психиатриалык клиникаларга мониторинг үчүн ээн-эркин кирүүгө ачык мүмкүнчүлүк түзүлөт. Зордук-зомбулукту аныктоо жана аны болтурбоо башкы милдет болуп калмакчы.
Адамдын укуктары тууралуу дайыма көп айтылат жана жазылат. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө адамдарды кыйнап жатышканын көргөндө биздин тынчыбыз кетет, биз демократиялык өнүгүү жолуна түшкөн башка өлкөлөрдү колдоого толук чечкиндүүбүз. Тилекке каршы, өзүбүздө болуп жаткандар - зордук-зомбулуктар, күнөөнү моюнга алдыруунун уруксат берилбеген ыкмаларын колдонуу жана адамдарды басынтуунун, адамдын ар-намысын тебелеп-тепсөөнүн катаал ыкмалары жөнүндө унутуп коюп жатабыз.
Азыр зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча Улуттук борборду түзүү жөнүндө сөз болгондо дароо ар кандай шылтоолор табылаары анык. "Биз мамлекеттик каражаттарды үнөмдөөгө тийишпиз", "эгерде мындай борборду ача турган болсок, анда ал Акыйкатчынын аппаратынын ишин кайталап калат", же "массалык зордук-зомбулук жөнүндө кеп кылуу үчүн бизде абал анчалык деле кейиштүү эмес, демек мындай борбордун бизге кереги жок" деген өңдүү каршы аргументтердин айтылаары бышык. Чындыгында эле мында кандайдыр бир чындыктын үлүшү жок эмес. Бирок, бул аргументти көңүл буруу менен кароого аракет кылып көрөлүчү.
Ошентип, каражаттарды үнөмдөө тууралуу кеп кылалы. Өлкөдө эң зарыл иштер үчүн - пенсия менен жөлөк пулдарды жогорулатуу, социалдык мекемелерге жана социалдык маанилүү долбоорлорго колдоо көрсөтүү үчүн каражаттардын чындап эле жетишпегендиги байкалат. Бирок, эгерде борбор түзүлө турган болсо, анда медициналык мекемелерге жардам сурап кайрылышкан адамдардын саны азайары анык. Зордук-зомбулук, басмырлоо жана уруп-согуу болбосо дарыгердин деле кереги болбойт эмеспи. Ошондо жабык мекемелерде жатышкан адамдар аларды эч ким басмырлабай тургандыгына толук ишенимде болушат. Психологдорду да чакыруунун кереги жок болуп калат, мамлекеттик бюджеттен каражаттар да коробойт. Өзүнүн өмүрүнө кол салган адамдар да болбойт. Кээ бир адамдардын зордук-зомбулукка чыдабай тургандыктары тууралуу көп эле мисалдарды угуп жүрөбүз.
Эксперттердин алдын алган баалоолору боюнча борборду түзүү үчүн 9 млн. сомдон ашуун акча каражаты жана жыл сайын бул борбордун натыйжалуу иштеши үчүн 9,5 млн. сом талап кылынат. "Колонияларда камактагылар козголоң чыгарышууда, бул чыр-чатактарды чыгарууда көптөгөн акчалар коромжу болууда. Мындан тышкары зордук-зомбулук жасаган адамдарды жоопкерчиликке тартууга кандайдыр бир суммадагы акча каражаттары жумшалууда. Бул кылмыш иштерин аныктоо үчүн тергөө органдары, прокуратура, сот органдары иш жүргүзүшөт. Түрмөдө камакта жаткандарга да акча каражаттары жумшалат эмеспи. Зарыл каражаттарды кылмыштын алдын алууга жумшоо ыңгайлуу эмеспи?", - деп эсептейт "Голос Свободы" фондунун директорунун орун басары Алмаз Эсенгелдиев.
Кийинки "каршы" аргумент - Акыйкатчынын аппаратынын иш-аракеттерин кайталоо. Мына ушундай пикир да бар. Эгерде бул Борбор Акыйкатчынын аппаратына кошулса, анда акча аппараттын ишине гана коротулуп, борбордун ишмерчилигин жууп кетиши мүмкүн. "Психикалык ден соолук жана коом" коомдук бирикмесинин укуктук программасынын координатору Айгүл Жунушалиеванын сөзү боюнча пациенттердин укуктарын коргоо кызматы менен дал ушундай окуя болгон. Психоневрологиялык мекемелерде жайгашкан бул кызматты Акыйкатчынын аппаратына кошуп коюшкан.
Азыркы учурда зарыл каражаттардын жетишпегендигинен бул кызматтын ишмерчилиги анчалык натыйжалуу жүрбөй жатат. Эгерде зордук-зомбулукту четтетүү боюнча Улуттук борборду Акыйкатчынын аппаратына кошо турган болсо анда жогорудагыдай окуянын кайталанышы мүмкүн. Бардык өлкөлөрдүн Акыйкатчысынын аппаратынын ишмерчилигинин көз карандысыздыгын аныктай турган Еврокеңештин алдындагы "Укук аркылуу демократия" Венециан комиссиясынын берген баасы боюнча Кыргызстандын Акыйкатчысынын аппаратынын ишмерчилиги көп жагынан бийликтин мыйзам чыгаруучу бутагына жараша болот, демек бул түзүмдүн толук көз карандысыздыгы тууралуу айтууга мүмкүн эмес.
Зордук-зомбулукту колдонуунун аныкталган учурлары же массалуулугу тууралуу айта турган болсок, мындай окуялардын болгондугу анык. Зордук-зомбулук фактылары боюнча бир катар кылмыш иштеринин ачылгандыгы белгилүү. Күнөөсүн зордук-зомбулук менен мойнуна алдырууга аракеттенишкен ички иштер министрлигинин кызматкерлерине жаза колдонулдубу, бул башка иш. Бул ички иштер министрлигинин жетекчилигине берилүүчү суроо.
Ошентип, бул борбор жарандык коом жабык мекемелердин ишмерчилигине көзөмөлдүк жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу жана бул жабык мекемелердин кызматкерлери тарабынан уруксат берилбеген ыкмаларды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн четтетүү үчүн өтө зарыл. Мындай борбор иштеп турса, анын кызматкерлери бардык убакта жабык мекемелердин ичине кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Демек, мындай учурда бул жабык мекемелерде жатышкан адамдарга зордук-зомбулук көрсөтүү мүмкүнчүлүгү болбой калат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары зордук-зомбулукту четтетүү боюнча Улуттук борборду түзүү жөнүндө мыйзам долбоорун кайра кошумчалап иштеп чыгууга жөнөтүштү. Алардын зордук-зомбулук жасашып, кыйнап күнөөнү моюнга алдырышкан органдардын кызматкерлеринин жоопкерчилигин караган Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексине түзөтүүлөрдү киргизгендигин жактырышкандыгын белгилеп кетүү керек.
Азыркы иштеп жаткан кылмыш мыйзамында мындай иш-чаралар каралган эмес. Эми биздин мыйзам чыгаруучулар Улуттук борборду түзүү жөнүндө мыйзам долбоорун кайрадан угуу учурунда кандай чечим кабыл алыша тургандыгын күтүү гана калат. Бийлик өкүлдөрү өздөрүнүн жарандарына зордук-зомбулукту көрсөтүп жатышса, мындай мамлекет өнүгө албай тургандыгы жөнүндө унутууга болбойт.
Диана БАРОВА










кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
2-декабрь, 2011-ж.:










??.??