Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_13.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_13.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_13.htm on line 2


п»ї
Кыргыз өкмөтүнө караштуу мамлекеттик финансы кызматындагы коомдук байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары, Бишкектеги "Элнур" жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директору Эркинбай Сарбашев менен маек.

Коррупцияны укуктук
реформа гана жеңилдетет
- Эркинбай Маманович, Кыргызстандагы бүгүнкү саясий экономикалык солгундуктун себептерин эмнеден көрөсүз? Деги биздин өлкөнүн өсүүсүн муунткан коррупциядан арылчу мезгил келеби?
- Мен Кыргызстанда коррупцияны кескин солгундатууга толук мүмкүнчүлүк бар экенине ишенем. Анткени Кыргызстандын эли айрым кошуна жана дүйнөлүк башка мамлекеттерге салыштырмалуу билимдүү, айкындуулукту туу туткан, адилеттик үчүн күрөшө билген жана ыйман ариетти, мыйзамдуулукту сыйлаган эл жана өлкө катары белгилүү. Корруп-цияны ушундай белгилери бар өлкөлөр гана жеңет жана азайтат деп илимий аныктамаларда белгиленип жүрөт.
- 2009-жылы мамлекетибиздеги коррупция менен күрөшүү боюнча улуттук кеңештин төрагасынын орун басары милдетин аткардыңыз эле. Анда эмне үчүн ошол мезгилде Сиз
айткандай ийгиликтер жаралган эмес?
- Ырас, 2009-жылы биздин мамлекетте коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттик бар эле. Анын жамааты элүү адамдан туруп, агенттиктин юридикалык укуктарында эч кандай жазалоочу санкциялар жок болчу. Аты айтып тургандай, ал мониторинг жүргүзүү менен социологиялык деңгээлден көтөрүлбөгөн ишкана болчу. Ошентсе да анын комиссары баш болуп чакан жамаат бүтүндөй коомчулукту коррупция менен күрөшүүгө үндөп жатышты. Ал эми кыргыз элине "Адилет" деген телекөрсөтүүсү менен таанылган тележурналист Нышанбек Кочкоровдун бул агенттик менен бирдикте коррупция темасындагы "Комиссар эскертет" деген ар бир көрсөтүүсү укуктук саясаттагы революция болгон.
Ошентсе да, мен өлкөдөгү коррупция менен күрөшүүчү улуттук кеңештин төрагасынын орун басары катары бир нече иштерди жасап калдык деп айта алам. Мисалы, мамлекеттик сатып алууларды ирээтке келтирүүдө жана Кыргызстандагы ишкерликтин багыттарын укуктук негиздер менен бекемдөөдө саамалыктуу иштерди жараттык. Алгачкы ирет мамлекеттин эл менен болгон сатып алуу иштерин электрондук көзөмөлгө өткөрүү демилгесин койдук. Бул аракетти бүгүн да жандандыруунун зарылдыктары турат.
Коррупция менен күрөшүүчү улуттук кеңеште иштеп калган тажрыйбамдан улам Кыргызстанда коррупциянын деңгээлин укуктук реформалар менен кескин солгундатууга көзүм толук жетет. Бул үчүн болгону жүрөктө мекенчил сезим, көөдөндө кесипкөйлүк билим жетиштүү болот.
- Өлкөдөгү бүгүнкү коррупциянын деңгээлин айта аласызбы?
- Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча дүйнө жүзүндөгү 184 өлкөнүн ичинде 164-орунда турат. Бул аябай эле өкүнүчтүү жагдай. Коррупция деген - бул мамлекеттик кызматтык кылмыштын аныктамасы. Коррупция болгон жерде кызматтык кылмыштар жаралып, пара алуу жана пара берүү гүлдөйт. Аз гана адамдар байып, мамлекет экономикалык кризиске кептелет. Кыргызстан акыркы жыйырма жылда бул кеселден арыла албай жатат.
Мен Алмазбек Атамбаевге биринчи кезекте дал ушу коррупция темасын колго алып, аны менен күрөшүүнү жандандыруусун суранат элем. Элге ушул гана керек. Атамбаев коррупция жөнүндө кооз сүйлөгөн адамдар менен эмес, коррупцияга кабылып, анын азап-тозогун тартып келе жаткандар менен бирдикте күрөш жүргүзсө дейм. Албетте, өлкөбүздөгү бардык жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинде улуттук биринчи телерадио каналы буга өзгөчө басым жасаш керек деп ойлойм.
- Мурдагы бийликтин мезгилинде финансы полициясы өзү коррупциянын башындагы тармактын бири болуп келген. Бүгүн бул багытта өзгөрүүлөр барбы?
- Сөзсүз бар. Акыркы мезгилде мамлекеттик органдардын, министрликтердин башында атайын байкоочу кеңештер уюштурулган. Албетте, байкоочу кеңештер
коомдо кажетсиз иштеп жатышат деген пикирлерди айткандар болгону менен булардын таасиринде бир катар жакшы саамалыктар болуп жатат десек болот. Мисалы, мамлекеттик финансы полиция кызматкерлерине карата бүгүнкү мезгилде көптөгөн нааразычылыктар азайды. Финансы полициясынын кызматы жөнүндөгү коомдук байкоочу кеңештин атайын жобосу иштелип чыгып, ал жобо бул тармакты толугу менен көзөмөлгө алуунун деңгээлинде иш алып барууда.
- Байкоочу кеңештин мүчөлөрү финансы полиция кызматынын кемчиликтерин териштирүүгө кудурети жетеби?
-Абдан кызыктуу суроо узаттыңыз. Байкоочу кеңештин мүчөсү Парменов Денис Александрович өзү "INFOX*1200" маалыматтык борборунун башкы директору болуп иштейт. Анын жардамы менен биз атайын финансы полициясынын кызматын көзөмөлдөгөн түз байланыш ачканбыз. Коомчулук үчүн "ыкчам байланыш" 0312 90-12-00 телефону күнү-түнү мамлекеттик финансы кызматынын маселелери боюнча маалыматтарды автоматтык түрдө кабыл алат.
Акыркы мезгилде финансы полициясынын айрым кызматкерлери Талас шаарында ишкердин мыйзам ченемдүү дүкөнүнө ашыкча кысым көрсөткөндүгү үчүн байкоочу кеңеш Талас облусундагы финансы полициясынын айрым кызматкерлерин катуу кызматтык жоопкерчиликке чакырды.
Ушундай эле факты Бишкек шаарындагы №64-мектеп-гимназиясынан байкалды. Мектептин директору Жакыпбекованын үстүнөн финансы кызматына чоң ызы-чуулуу арыз түшкөн. Аны текшерип жаткан Октябрь районундагы финансы полициясынын кызматкери Алмаз Турсуновдун аракетине карата мектептин жамаатынын атынан да бизге арыз түшкөн. Текшерүүдө Алмаз Турсунов жалган фамилиялар менен жазылган анонимдүү арызды текшерип жаткандыгы белгилүү болду. Мектеп жамаатынын талабы менен Алмаз Турсуновдун аракетиндеги ашыкча текшерүүлөр ордуна келтирилди.
- Финансы полиция кызматынын төрагасынын жана орун басарларынын жоопкерчилиги жөнүндөгү маселелер каралдыбы?
- Финансы полициясы кызматынын төрагасы Мурат Жакыпбаевдин атайын буйругу жана көрсөтмөсү менен байкоочу кеңештин ар бир мүчөсү полиция кызматкерлеринин кабинеттерине кирип жана анын тиешелүү документтери менен таанышууга укуктуу. Ал эми ар бир байкоочу кеңештин кеңешмесине төрага жана анын орун басарлары чакырылып, кетирилип жаткан кемчилдиктерди четтетүү маселеси ыкчам чечилип турат. Мына ушунун өзү мамлекеттик орган менен коомдук уюмдун бири-бирине берген жардамын жана көзөмөлүн көрсөтүп келет. Бул багытта эч кандай бут тосуулар же жаап жашыруу жок.
- Сизди бүгүнкү финансы полициясынын кызматы жаратып жаткан иштер канааттандырабы?
- Мындай суроого мактанычтуу жооп айтуу туура эмес деп ойлойм. Ошентсе да акыркы бир жылда бул тармакта бир катар орчундуу иштер жүргүзүлдү. Анын негизгиси эле бул багыттагы кызматкерлерге карата штаттык кыскартуулардын мыйзам ченемдүү жүрүшү десек болот. Финансы полициясынын кызматынын төрагасы Мурат Жакыпбаевдин жигердүү жана кесипкөйлүк аракети менен бул тармактанфинполициядагы 500гө жакын кызматкерлердин 30 пайызы же 175 кызматкер кыскартууга дуушар болду.
- Эркинбай Маманович, "Элнур" ишканасы "Улуттун саламаттыгы үчүн" деген чакырыкты колдоп келет. Себеби эмнеде?
- "Элнур" ун азыктарын чыгаруучу комбинат. Демек, ал биринчи кезекте элге нан азыктарын берет. Андыктан бул комбинаттын чакырыгы "улуттун саламаттыгы үчүн" гана болуш керек деп ойлойм. Комбинат жылына мамлекеттин казынасына эле 100 миллион сомдун тегерегинде салык төгөт. Ал элге баалуу ун азыктарын гана бербестен, казына толтурууда да бараандуу салым кошуп жатат. Акыркы бир жылда эле бул комбинат өзүнүн сапаттуу иш аракети үчүн үч жолу эл аралык сыйлыкты жеңип алды.
- Ушул пикириңизден улам бир суроо: Кыргызстандагы ишкерликтин аракетине кандай баа бересиз?
- Мен өткөн жылы "Кыргызстандагы ишкерликтин абалы" деген темада юридикалык илимий ишимди даярдап, атайын китеп чыгардым. Китебим орусча "Предпринимательская деятельность в Кыргызстане" деп аталат. Кандидаттык диссертация катары даярдалган бул эмгекте 1990-жылдан 2010-жылдарга чейин мезгилдеги Кыргызстандын атуулдарынын ишкердик аракеттери мыйзам чегинде кандай жүргүзүлгөндүгү, мамлекет кандай шарттарды түздү жана ишкерлер кайсыл мыйзамдарга таянып, кандай чектерге жеткендиги изилденди. Жыйынтыктап айтканда, Кыргыз Республикасындагы ишкерликтин абалы илимий жагынан алганда алкоого татырлык жана аёосуз сынга алчу кемчилдиктери да арбын.
- Кандидаттык диссертацияңызды качан жактайсыз?
- Буюрса, жакынкы күндөрдө. Алдын ала жактоо ишим бүткөн. Илимий жетекчим юридика илимдеринин кандидаты, профессор Сүйөркул Косаков бул илимий иш Кыргызстандын укуктук саясатында гана эмес, экономикасында да чоң натыйжа жаратат деп баа берип жатат.
- Укук саясаты менен экономиканын багытын бир караган адам катары айтыңызчы, биздин мамлекетте бүгүн алдыга жылбай турган сот реформасынын абалына кандай баа бересиз? Деги бул иш алдыга жылабы?
- Чынын айтсам, быйыл Жогорку Кеңеш тарабынан өлкөбүздөгү сот системасын реформалоого чечкиндүү кадамдар башталган эле. Мен жогоруда айтпадымбы, саясий коррупция деген чоң балакет бар. Ал укуктук реформанын жүрүшүн каалабады. Ошондуктан бүгүн Конституциялык палата, Жогорку Сот, айтор сот системасы кыймылдабай турат.
Жашоодогу бир чындыкка тике карашыбыз керек. Бийлик сот системасындагы реформаны каалабаса да эл бүгүн бул аракеттин ишке ашышын самап турат. Анткени паракорлукка жана эки жүздүү кошоматчылыкка боёлгон сот системасы элдин эркиндикте жашап, экономикалык жактан өсүшүнө тоскоолдук болуп жатат. Сот системасына мекенчил сезимдеги жаңы муун келиши коомдук зарылдык.
Мен буга чейин эле бул багытта иштеп, аракеттенип келе жатам. Ким бул жашоодо адал эмгектенип, түз жашап, адилеттикти туу тутса ал адам ошол тагдыры менен коррупцияны жеңүүгө салым кошот. Бийликти эле кечке сындай бербестен, эл өзү да өзгөрүлүүсү, оңолуусу керек.
Сот кандай гана укуктук талаш-тартыштардын түрү болбосун, ал адилеттүүлүктүн акыркы чеги болгондуктан анын кылмыш жана жарандык иштерди кароо мезгилиндеги аракет видео көзөмөлгө алынып, бул аракет айкындуулуктун принциптери менен бекемделип турушу зарыл. Ансыз деле бүгүн Жогорку соттун атайын электрондук сайты бар. Эмне үчүн ошол сайтка видео байкоону орнотуп койбойбуз. Мындан ким кааласа видео байкоого кирип, каалагандай суроолорго жооп алса бо-
лот. Мен ошол Жогорку соттун
атайын иш караган бөлмөлөрүнө бүгүнкү заманбап видео байкоолорду орнотуп, аны атайын техникалары менен жабдып берүүгө ишкер катары даяр экенимди билдирем. Эгер бул сунушум турмушка ашса телерадио каналдарында укуктук программалар кошумча жаралып, кыргыз элин укуктук жактан тарбиялоого чоң өбөлгө болор эле.
Бурмакан САТЫБАЛДИЕВА,
"Кыргыз Туусу".
Сүрөтү автордуку








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
2-декабрь, 2011-ж.:










??.??