Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_11.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_11.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1202_11.htm on line 2


п»ї
Жолду издеген табат
Ооба, жолду издегендер гана табат. Ал - бирден бир туура жол. Аны табуу оңой эмес. Ал оордун оору, татаал жана тайгак. Жеке кызыкчылыгыңды эмес, адамдардын,
коомдун алдындагы өз милдетиңди түшү-нүүнүн ак жолу... Бул тууралуу байыркы кытай даанышманы Мэн-Цзы мындай накылын калтырыптыр: "Көсөм жетекчи көпчүлүктүн алдындагы милдетин ойлойт, көкүрөгү сокуру өз пайдасын гана көздөйт".

Алмазбек Шаршенович Атам-баев табиятынан мүнөзү жумшак, ички дүйнөсү менен сырткы турум мамилеси эч айырмаланбаган, оюндагыны айткан, айтканын аткарган, та-
бияттын өзүндөй даркандыгы бешенесинен көрүнгөн, ошонусу дайыма ичтен нурданып, демденип, кимди болбосун өзүнө тартып турган, адамгерчилиги бүт турпатынан көрүнгөн, башкаларга жакшылык кылууну, жардам берүүнү адамдык парзым деген азамат инсандардын бири. Муну ал иш жүзүндө көп эле жолу далилдеген. Алмазбек Шаршеновичтин өнө-боюна бүткөн табиятын, турмушка көз карашын, максат-күрөшүн аккан сууга, тоо аралаган жолго салыштырса болчудай. Суу дүйнөнүн каны-жаны болуп токтобой агат, тоскооолдук болсо толуп-ташып, тосмодон ашып жолун кайра улайт. Ошентип, табиятка жан киргизип талыкпай ага берет. Ал эми тоо жолу дайыма бийикке чыгарат. Дүйнөнү таанытат, анткени,
бийиктен баарын көрөсүң. Жамандык менен жакшылыкты ажыратасың, жашоонун баркын билесиң. Алмазбектин туткан жолу да ошол аккан суудай таза, элге-жерге кызмат кылуу, жакшылык жасоо, жамандык менен күрөшүү. Тоо жолу жөнүндө болсо, башкалар кенен дүйнөнү көрүшү үчүн алардын алдына жол, көпүрө болуп төшөлүү. Адилеттик жолунда ал өмүр бою күрөшүп келаткан ыйыктыктар мына ушулар, турмуштун өзүндөй жупуну да, нарктуу да, күчтүү да...
Алмазбек Шаршеновичтин
коомдогу ишмердигинен атуулдук милдет менен адамдын өз пайдасын гана көздөгөн жеке кызыкчылыгына байланышкан себепти талдоого алсак, анын бүт ишмердиги атуулдук милдеттин туундусу экенине чындап ынанабыз. Анын далили да Алмазбектин оош-кыйыш, ачуу-таттуу, кыйын-кезеңдүү эмгек жолунун, канча ийилсе да сынбаган өмүр чындыгынын өзөгүндө жатат. Өз турмушунун чордон-уюлу, уютку-маңызы, башкы багыты жөнүндө ал мындан көп жыл мурда мындай ойду айткан: "Саясатка аралашууга аргасызмын, анткени, биздин мыйзамдарыбыздын көпчүлүгү кагаз бетинде гана калууда. Турмушта болсо башаламандык, өзүм билемдик. Бүткүл эли-журту жакыр жашаган өлкө эч убакта бай болбойт. Мага социализм жакыныраак. Бирок, дээрлик баары жарды болгон СССРдеги социализм эмес, дээрлик баары бай болгон Швециядагы социализм. Албетте, коммунизм жөнүндөгү жомокко эч ким ишенбейт, бирок жапайы рыноктун да бизге кереги жок. Ал эми биз социализмден эмес, "сицилизмден" коркушубуз керек. Коррупция менен паракорлук ушинтип улам ашына берсе, республикабыз жакында экинчи Сицилияга айланат".
Дал ушундай оор абал, коррупция менен паракорчулуктун бийликтин төбөсү болгон Ак үйдөн тартып өлкөнүн келечеги бүгүнкү мектеп окуучуларына чейин жетиши, ал мамлекеттик саясаттагы кадыресе көрүнүшкө айлангандыгы Алмазбек Шаршеновичти ошол эки миңинчи жылдан кийин оппозиция жагына өтүшкө аргасыз кылган. Дагы бир жагы - ал ушул жугуштуу дартты таратуучулардын ана башы Ак үйдө отургандардын өздөрү экенин коомчулук алдында канчалык ачык айтып чыккан сайын аны куугунтуктоо катаал мүнөзгө өтүп, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн өмүрүн далай-далай коркунучтуу кырдаалдарга туш кылган. Ошондогу бир окуя эстен кеткис өкүнүч, жүрөктөгү так болуп кала берди. Токсон бешинчи жылы депутаттыкка
талапкер болуп жатканда телекөрсөтүүдөн аны каралаган, эл душманы дегенге чейин барган атайын төрт телеберүү уюштурулган. Аларды Алмазбек Шаршеновичтин энеси да көргөн экен. Илгери атасын "Эл душманы" деп репрессиялоодон жүрөгү үшүп калган байкуш эненин мээрман жүрөгү уулунун коогалуу тагдырына чыдай албай сыздап ооруптур. Акыры ошол себептен дүрбөлөңгө түшкөн эненин асыл жүрөгү бир айдын эле ичинде түбөлүккө токтоптур. Жаман сөз октон да жаман деген ушул.
Өлкөнүн өнө-боюна терең тамырлап алган коррупция чынында эле
коомдун жана бийликтин айыккыс оорусу болуп калды. Бийлик орду даражасына карата ачык эле сатыла баштаган. Ал сатылган соң кызыктар болгондор ага эмне үчүн келет? Албетте, бийликтин аркасы менен өзүнүн коррупциялык максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн. Ошондуктан ал эң алды менен эл алдындагы кызматтык милдети жөнүндө эмес, өз керт башынын гана пайдасын ойлоп, ошол үчүн иштеп калат. Байыркы кытай даанышманы Мэн-Цзы айткан пайда алдыга чыгып, милдет унутулган кездеги коомдун ыдырашы, жакшылыкты жамандыктын жеңе башташы, пейилдин бузулушу, ал гана эмес, мамлекеттин кыйрашы мына ушул коррупция илдетинин өтүшүп кеткенинин натыйжасы.
Алмазбек Шаршенович да 2005-жылдагы 24-март окуясына Кыргыз өлкөсүн ичтен жеп жаткан, коомдун бүт катмарын өзүнүн илдеттүү кучагына алып бараткан коррупцияны ооздуктоо, анын уюгуна айланган Ак үйдөгү үй-бүлөлүк башкаруунун тамырына балта чабыш үчүн активдүү катышкан. Бул тууралуу жакындагы эле бир
маегинде мындай оюн айтты: "Сөз жүйөсү мындай. Аскар Акаев бийлигинин 14 жылы ичинде өлкө бүт бойдон бир үй-бүлөгө иштеген система түзүлгөн. Анан, бир үй-бүлө мүлдө өлкөнү башкарган. Акаевдин убагында иштеген Премьер-министрлердин бирөө: "Биздин өлкөдө төрт президент бар" дегенин эшиткенбиз. Бирок, 24-марттагы көтөрүлүштөн кийин да бул система өзгөргөн жок, баары ошондой эле улана берди. Ошол себептүү мен мунун аягы жаман бүтөөрүн Бакиевге эскертип, отставкага кеттим.
Алмаз Шаршенович Бакиев заманында Премьер министрлик кызматта сегиз ай гана иштеди. Анын оппоненттери Атанбаевдин ошондой ишке баргандыгын ушул кезге чейин сындап келишүүдө, бийлик үчүн эле барды деген таризде.
Чынында өлкө ошондо коогалуу кыл көпүрөнүн үстүндө кылтылдап араң турган. Эмне кылуу керек? Жакшылыкка, ынтымакка, прогресске алып баруучу жолду кантип тапса болот? Бир гана изги жол бар. Ал - бардык кыйыкчылыкты ыкка келип сүйлөшүү, компромисттик жол менен чечүү. Элдин алдында алакандагыдай ачык, алар көрүп-билип ынанып тургандай калыс, таза саясатты жүргүзүү. Кандай кыйынчылык болсо да калктын кызыкчылыгын көздөгөн иштерди жасоо менен алардын ишеничине ээ болуу. Ал үчүн башкаруу бийлигине, колу, ою таза кадрларды тартуу, коррупциянын сазына баткан чиновниктерден кол үзүү, жеке бийликтен тамыр жайган үй-бүлөлүк башкаруунун тамырын кыркуу.
Премьердикке келүү менен өлкөнүн өсүшүнө өбөлгө болоор ой-максаттарын иш жүзүнө ашырууга, элдин көңүл-көкөйүндөгү маселелерди чечүүгө жол ачылат деп ойлогон. Ал үчүн каруусун казык кылып, бойдогу бүт жөндөмүн, күч-аракетин, акыл-эсин сарптоого даяр эле. Бирок, антүүгө Бакиевдин бийлик кланы жол бербеди. Үй-бүлөлүк башкаруунун темир тордуу уюгун бузуу түгүл, ага кирүүгө болбой турганына, мындай жол менен эки жээкти бириктирген көпүрө болуу да мүмкүн эмес экенине, акыйкаттыкты күрөш менен гана жеңип алуу керектигине ошондо биротоле ынанган.
Ошол күрөш 7-апрелге чейин токтободу. Элдик революциянын ошол даңазалуу да, азалуу да күнү Кыргызстанда тамырлап кеткен үй-бүлөлүк башкаруунун тамырын кырккан, уясын бузган улуу Күн катары тарыхка кирди.
Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлиги кулады. Бирок ал мурдагы президенттей болуп жөн эле качып кеткен жок. "Ак үйдү" автомат менен коргойм" деп бир убакта өзү айткандай, куралсыз элге ок жаадырып, токсонго жакын азаматты курмандыкка чалып, миңдеген бейкүнөө жаранды жаралантып, бийлигин бергиси келбей жанталашты. Элди экиге бөлүп, түштүк жерине дүрбөлөң салып, ал аймакта бийлигин орнотуп, күч топтоп, Убактылуу өкмөттү кулатып, бийликке кайра келүү үчүн жан үрөдү.
Маевкадагы окуя да, Ош коогалаңы да бакиевчилердин элди бөлүп-жарган чагымынан чыкты. Кыргыздардын жаатташып бөлүнүшү сепара-
тисттик күчтөрдүн баш көтөрүшүнүн себепкери болду. Май-июнь айларындагы трагедия, этникалык жаңжал эгемендигибизди, ал түгүл мамлекетибизди жоготуп алуу коркунучуна тушуктурган. Ага Кадыржан Батыров өңдүү улутчул сепаратисттер гана эмес, үчүнчү күчтөрдүн да кызыкдар экендиги анык болчу.
"Болуу же жок болуунун" кыл көпүрөсүндө турган ушундай оор кырдаалда Убактылуу Өкмөткө жетекчилик кылган Роза Отунбаева менен анын биринчи орунбасары Алмазбек Атамбаев ат көтөргүс оор жүктү аркалап, кыйын-кезеңдүү ашуудан ашып кыргыз мамлекетин бөлүнүп-жары-луудан сактап калды.
Ал Премьер-министр болуп тогуз ай гана иштеди. Өлкө эң оор абалда турган кезде аткаруу бийлигин жетектеди. Ошондон улам, илелүү болуп кетсе да бюджеттин чоң жыртыгын бүтөй албайт, мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин айлыгын эч убакта көтөрө албайт, антем-минтем дегени кургак эле убада деген түкшүмөл сындар көп эле айтылды. Иш жүзүндө болсо алардын көзү ачыктык кылган ушак-айыңдары суу кечпей калды. Жалпысынан алганда ички дүң продукция алты пайызга чейин өстү. Киреше 30-35 пайызга жетти. Ал эми бюджеттеги кызматкерлердин эмгек маяналары үч, үч жарым эсеге көбөйдү. Бул - нака чындык. Премьер-министрдин камкор аракетинин үзүрү. Калыстык үчүн айтсак, өлкөнүн бардык тармагында алга жылуулар, өзгөрүүлөр, жаңылануулар болууда. Эгемендиктин 20 жылынын ичинде козголбой жаткан актык менен акыйкаттыктын, ачыктыктын, аруу-тазалыктын дыңын жаңылануунун сокосу аңтарып, буза баштады. Ушул жыйырма жылдын ичинде Казакстандын Президенти Н.Назарбаев дүйнө жүзүн таңдандырган даңазалуу шаар курду. Кыргызстандын эки президенти ушул жылдардын аралыгында элдин шыбагасын энчилеп алгандан башка, алардын эсебинен байыгандан башка, өлкөнү коррупциянын сазына батыргандан башка, ошонусу менен калайык-калктын нааразылык митингилерге чыгууга мажбурлагандан башка эмне кылды?
Апрелдеги окуянын орчундуу жыйынтыгынын бири - өлкөнүн
коомчулугунун өзүн-өзү таанышы жана саясий маданиятынын, мезгилге мамилесинин бир сөөмгө өскөндүгү жана өзгөргөндүгү болду. "Дүйнөнү өзгөртүш үчүн ириде өзүбүз өзгөрүшүбүз керек" деген экен убагында индус элинин улуу жол башчысы Махатма Ганди. Апрелдин сабактарынан кийин ошол өзгөрүү Кыргызстандын саясий кыртышында да башталууда. Мындан саясий упай топтоп, жеке өзүнүн пайдасын көздөгөндөрдүн да элге жамынып алып, алардын атынан ооз көптүрө сүйлөгөндөрү, элдин таламын коргойбуз, өлкөнү оңдойбуз деп куру кыйкырык салгандары да, эл менен мамлекеттин бакубат келечегине жан-дилин төшөп, ага чындап камкордук кылгандардын аракети да ачык көрүнүп калды. Ал үчүн конкреттүү кандай кадамдардын жасалып жатканы Премьер-министр А.Атамбаевдин бүгүнкү ишинен көрүнүүдө.
Өзөгү элдик бийлик болгон демократиялык укуктук өлкөдө албетте, мыйзам чегиндеги митингилердин болушу реалдуу көрүнүш деп эсептейт А.Атамбаев. Бирок ошонун баары жеке амбицияны эмес, бир гана максатты - эл менен мамлекеттин кызыкчылыгын көздөшү керек. Бийлик да, оппозиция да патриот катары эл-жеринин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылганда гана, өздөрүнүкүнөн мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюп, бир максатка бириккенде гана өлкө өнүгөт.
Алмазбек Шаршенович адамдын ыйманы таза болушу керектигин дайыма айтат. Өмүрдөгү кымбат нерсе - атанын баласы деген атың. Байлык - мурас эмес. Байлыгың - адамдыгың, урпакка калтырар мурас-казынаң ошол - дейт ал. Ал эми эл башкаргандарчы? Аларды калайык-журт алакандагыдай көрүп турат. Жакшы жетекчинин жакшылыгын баалап, артыңан ээрчийт, өрнөгүн алып айтканын аткарат. Ошондо өлкө да өркүндөп өсөт. Эл башкарган адам ушуну, эли эмгегин баалаганын түшүнүшү керек. Элин ойлогон жетекчи дайыма эл арасында жүрөт, эли аны ошон үчүн сүйөт. Өз убагында Малайзиянын премьер-министри болгон Махаммат Махаткирди эли-журту ошондуктан ыйык тутуп урматтайт экен, калкымдын бактысы үчүн деп кара жанын карч уруп жүргөнүнөн улам...
Алмазбек Шаршеновичтин өзү жөнүндө агынан жарылып мындайча айтканы бар: "Мен кээде өздүк деломду карап отуруп, "Премьер-министрликте түз жүр, элдин сыны катуу, кыйшыгыңды көрүп коет" деп өзүмө өзүм кеңешем, ошондо элиме дайыма карыз экенимди эстейм. Анткени, саясатчынын күчү- жанындагы адамдардын, эли-журтунун ишеничинде. Эгерде эл мага ишенбесе, эски бийликтин мага чыгарган өкүмү менен мүмкүн мен түрмөдөн башым чыкпай калмакмын. Буга чейин мени элимдин батасы сактап жүрдү. Бул таймашка ак тилек менен элдин келечеги, биримдиги үчүн чыгып жатам. Президент эли-жери үчүн кул болуп иштеп бериши керек. Элимди уят кылбаганга аракет кылам. Мындан ары Кыргызстан башкача Кыргызстан болушу керек".
Алмазбек Шаршеновичтин көз карегиндей ыйык сактаган принциби - кыргыз элинин бүтүндүгү. Манас бабабыз кырк уруунун башын кошуп, уюткулуу журт кылган кыргыз элин бүгүн түндүк, түштүк деп бөлүү - жумшак айтканда, биримдик үчүн жанын кыйган аталар арбагын, өзүбүздүн кыргыз улуту экенибизди сыйлабагандык, жеке кызыкчылык үчүн ортого от жаккан, жарака салган жанкечтилик. Карапайым эл эч качан түндүк түштүк деп бөлүнгөн эмес, эл бөлүнбөйт да.
Манас заманында да элди бөлүп-жарган бийлик кумар Көзкаман, Көкчөкөз, Абыке, Көбөш өңдүү мансапкорлор болгон. Айкөл Манас ошондой эл бузарлар менен өмүр бою күрөшүп өткөн. "Кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган". Ынтымак, биримдиктин туусун көтөрүп, кыргыздын даңазасын кыйырга тааныткан. Мына азыр да эгемендүү Кыргыз мамлекети дүйнөгө таанылып жатат. Манас доорунан бери миңдеген жылдар өтүп, жаңы Кыргыз мамлекети биз жашаган заманда ыйык чамгарагын көтөрдү. Эгемендиктин жыйырма жылдык санжырга салтанатында айкөл бабабыздын, акылман Чыңгыз агабыздын айкелдери Ала-Тоо аянтынан орун алды. Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен тургузулган бул эстеликтердин кыргыз эли үчүн, эгемендүү Кыргызстан үчүн, дегеле адамзаты үчүн мухиттей терең, асмандай бийик, дүйнөдөй түпкүлүктүү мааниси бар. Анткени, Манас да, Чыңгыз да бойдогу күч-кубатын, акыл-эсин, бүт өмүрүн адам баласы үчүн ыйыктын ыйыгы болгон акыйкат, эркиндик, теңдик, адамгерчиликке - адам уулунун АДАМ болушуна арнаган.
Ошондон улам да бул борбордук аянт азыр зоболосу бийиктегендей, шаңдана түшкөндөй, сыймыгы оголе артылып кеткендей таасир калтырууда. Ушундан айкөлдүк менен улуулуктун керемет күчүн туйгандай болдум. Аянтта өзгөчө аура - айкөл Манас менен акылман Айтматовдун айкелдеринин жүрөктү толкутуп, канды дүргүткөн тулк-келбеттери ушундай зоболо көтөргөн ойго салды. Миңдеген жылдар аралыгынан бир мезгил мерчеминде жолугушуп, бет маңдайлаша ушул чексиз дүйнөгө карап, урпактарына, алар жашап жаткан заманга көз таштап: "Менин айкөл элим, ынтымактуу болгула, адамдык ак жолдо алдыда жүргүлө" деген осуятын айтып тургансыйт.
Ушул улуу осуятты ар бирибиз жүрөгүбүздөн, дилибизден, каны-жаныбыздан сезип-туйсак дейм. Анан да калкым деп кара жанын камчылаган, анын бактысы үчүн туура жолду талыкпай издеген, ал үчүн канчалаган жылдан бери күрөшүп келаткан Алмазбектей азамат уулдарын кадимден калыс мүнөз кыргыз калкым колдоп алаар дейм. Бабалар арбагын туу тутуп даңазалаган эрен уулун айкөл Манас менен акылман Чыңгыз аганын ыйык арбактары да колдосо экен дейм.
Бекбай АЛЫКУЛОВ,
жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
2-декабрь, 2011-ж.:










??.??