"Кыргыз туусу", 02.12.11 Баатыр кол баштайт
Манас кантип хан болгон?
Манас Жакып уулунун Кыргыз мамлекетинин башчылыгына шайланып такка отуруш (инаугурация) аземи бул макалада чагылдырылгандыгы учурда шайкеш келип кызыгууну жаратат.
Аталган илимий билдирүү Сагынбай Орозбаковдун айтуусу боюнча 1978-80 жылдары басмадан жарыкка чыккан 4 томдук "Манас" бөлүгүнүн негизинде даярдалды. Белгилүү болгондой, бул вариант 1920-жылдары Ибрай Абдрахманов тарабынан жазылып калтырылган, кийин Кыргыз улуттук илимдер академиясы элге тартуулаган.

Өткөн XX кылымда советтик түзүлүштүн доорунда СССР курамындагы элдердин байыркы мезгилдеги мамлекеттүүлүк проблемасы катуу кысымга алынган темалардан болгон. Мунун бирден-бир себеби, биздин өлкөдө коомдук илимдерди изилдеп үйрөнүүдө марк-систтик методология үстөмдүк кылып, мамлекет таптык тирешүүдөн жаралып, анын башкаруучулук куралы катары коомдун убактылуу институту деп эсептелгендиги. Андыктан, бул суроого көп маани берилбей, берилсе да өкүмдүк-буйрукчул көрсөтмөнүн тебелендисинде калган. Ушундай ахвалда кыргыз элинин байыркы мамлекеттүүлүгү жөнүндө сөз кылуунун өзү коркунучтуу эле. Буга бир гана мисал келтирели: Академик Болот Жунусалиев 1950-60 жылдары басылып чыккан "Манас" эпосунун жалпыланган вариантынын баш сөзүндөгү кээ бир түшүндүрмөлөрдү берип жатып "хан" деген титулдун мааниси даана бийлик башы эмес, эпитет сыяктуу айтылган сөз дегенге мажбур болгон. Ал эми ошол чабал жандуу мамлекеттүүлүгүбүздүн мезгилинде, Кыргыз ССРинин декларативдик укуктарын ачыктоого далалат жасагандыгы үчүн эле, кыргыз элинен чыккан алгачкы юриспруденция доктору, профессор Кубанычбек Нурбековду ачыктан-ачык куугунтуктап, түбүнө жетишкени баарыбызга маалым.
Академик Чыңгыз Айтматов "Манас" эпосунун Сагынбай Орозбак уулунун вариантынын баш сөзү катары берилген "Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу" деген кириш сөзүндө мындай деп баса белги-лейт: "Эпостун бүткүл көркөмдүк түзүлүшү, пафосу эң негизги идеяны баштан-аяк улап, өөрчүтүп-өнүктүрүп отурат, ал эркиндик идеясы, көз каранды эместиктин идеясы". Өзүңүздөр көрүп тургандай, бул идея элдин мамлекеттүүлүгүнүн эң негизги өзөгүн түзөт. Кыргыз эли эгемен болоору менен алгач көз каранды эместиги тууралуу Декларацияны кабыл алгандыгы мыйзам ченемдүү болуп, өз мамлекетин калыбына келтирүүдөгү эң негизги кадамы эле.
Демек, эпостогу эң негизги максат - бул кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүн кайрадан калыбына келтирип өнүктүрүү болуп эсептелет. "Манас" эпосунун Сагынбай бабабыздын вариантында муну даана байкаса болот. Мисалы: Манас эр жетип Жакып атасын куугунтуктап басынткан калмактардын бир далайын жок кылып, калганын сабап кубалагандан кийин: "кой балам, биздин абалыбыз кыйын, калмактарга көз карандыбыз", - деп
ал-жайды түшүндүрсө, бала ызаланып өз бабаларынын тегин сурайт. Ошондо Жакып:
"Оо балам, уругуң кыргыз -
түрк деп,
Өкмөт кылган бабабыз,
Кытайдын журтун
сүрүп - деп,
Айрылганбыз эл-журттан
Ар кайсыбыз ар жерде
Аким болуп жүрүп - деп.
Чоң атаң аты Ногой - деп,
Каратып турду Кашкарды.
Кара шаарга жеткенче
Хан атаң Ногой башкарды.
Санатын алган Сары-Колду,
Ага самаган душман
сап болду.
Ордо кылган Ополду,
Даң-дуң тоонун оюна.
Далай журтун көтөрдү.
Соонар көлдү бойлогон,
Балам, бабаң Ногой тушунда.
Согушкандар сойлогон,
Лоп жакасын жердеген,
Ойротко намыс бербеген.
(Манас. Т.1. 117-б.)

Ушундай бейкуттукка алдырып кытайдын Эсен канынын чабуулуна туруштук бере албай Багдатты көздөй эл качты. Азыр: "Балам, чачылган сенин тууганың", - деп хан Жакып сөзүн аяктайт.
Ошондо Манас тегерегин караса, көзүнө:

Кызыл байрак көтөргөн,
кырк киши чыга калганы.
Андан ары,
"көз жеткен жердин
баарында
көп-көк темир кийинген
көп аскер курчап туруптур.
Алтындуу таажы башында
Агала сакал бир - тур
Аскеринин кашында
Ак асаба, кызыл туу,
Айгайлаган ызы-чуу.
Көк асаба, кызыл туу,
Көк жаңырган улуу чуу.
(Манас. Т.1. 147-б.)

Манастын хан болушу да өзгөчө кызык, адегенде 84 жолдошу аны Чаркастандын оюнда ууда жүрүшүп Манасты хан кылып ак тердикке салып, хан көтөрүп алышат (241-б.). Манас дароо өзүнүн максатын айтат. Алтай жана башка жерлерди өзүбүзгө алабыз деп буйрук берип, мыйзам чыгарат. Каракчы, уурулардын, удуң-жудуңдардын азабын бермекке.

"Ара кокуп арага
Өкүматы тийиптир
Өткүр Манас балага."
Өкүм болбой өнүкпөйт,
Өзүнчө бу журт жөнүкпөйт,
башчысы болбой марыбайт,
Баш аламан жарыбайт.
Ханы болсо кор болбойт,
Жарактуу киши
зар болбойт."
(Манас.Т.1.264-б.)

"Тегерегиң баары жоо
Тепсесе душман жан койбойт.
Калкалайм десең жаныңды,
Көтөрүнөр ханыңды.
Хан көтөрбөй болбос деп,
Каптаса душман койбос деп,
Хандуу журт болуп калалык.
Канаба кылса капырлар,
Кайрат кылган бололук.
Бели катуу бирөөнө,
Бек көтөрүп коёлук.
Калкка кабар салалык,
Кайраты бар бирөөнү,
Хан көтөрүп алалык.
Капыр келип кол салса,
Каруу-жарак асынып,
Каршысына баралык", -
дейт бай Жакып.
(Манас. Т.1.265-б.)

Чогулган эл аны шаңдуу кубаттап үн катышты:
"Көтөрөлүк ханды - деп, -
Хан көтөргөн жанды! - деп,
Алты кулач ак кийиз
Астына алып салышты, -
Агала сакал Жакыпты
Акбалта менен Бердике
Жетелешип алышып,
Көпчүлүк аны сүйрөдү,
"Көтөрбөңдөр мени" - деп,
Көсөл Жакып сүйлөдү.
ЁЁЁ
Казак, кыргыз камалып,
Калмак, мангул жабылып,
Ак кийиздин үстүнө
Бай Жакыпты салганы.
Баласы Манас баатырды
Ак кийиздин үстүнө
Аны дагы биргелеш
Отургузуп алганы.
Көтөрүп көп журт алганы,
Жети кадам басканда
"Болду, балдар болду!" - деп,
Жеткелең Жакып карыя
Жерге түшүп калганы.
Жеке Манас баланы
Көтөрүп алып көпчүлүк,
Алиге турган жыйынды
Жети айланып барганы.
(Манас.Т.1.272-б.)

Хандуу журт болуп калдык деп,
Кабылан Манас баланы
Хан көтөрүп салдык деп,
Тогуз күндө той тарап,
Үй үйүнө кеткени.
Талапкердин баарысы,
Талабына жеткени.
(Манас.Т.1.273-б.)

Жаңы хандын атасы Жакып токсон бээни сойдуруп, тогуз күнү той берип ата-бабасынан келе жаткан кызыл тууну көтөрөт; ханга караган эл санын алуу башталат.
Кээ бир тарыхый маалыматтарда хан көтөрүүгө катышкандар хандын үстүндөгү мурунку көйнөгүнүн кесиндилеринен ырымдап ала кетишчү экен.
"Манас" эпосунда, мөөр, туу, асаба, байрак, желек
ж. б. мамлекеттүүлүктүн атрибуттарын кездештиребиз. Бир жерде: "Катчыга катын жаздырды, кандык мөөрүн бастырды" - деп, мөөр жөнүндө айтылса (Манас. С.Орозбаковдун варианты боюнча Т.2 1980. 78-б.) башка бир саптарда туу жөнүндө айтылат:
Кыргыздын
кыйла тобунан,
Алыс жерден
калган туу,
Башкы атасы
Бабырхан,
Андан калган ушул туу.
(Ошондо эле. - 28 б.)

Байыркы кыргыздарда кандык бийликтин болгону төмөнкү саптардан да көрүнүп турат:

Хан өкүмүн тийгизди,
Хан таажысы ушу деп,
Хан Манастын башына
Жыгалуу бөрктү кийгизди.
(Ошондо эле Т.1. 272-б.)

"Манас" эпосунун текстинде мамлекеттүүлүктүн атрибут - белгилери жөнүндө мол маалыматтар бар. Мисалы титулдар: "хан", "баатыр", "бек", "аким", "төрө", "мырза" сыяктуу. Булар жалпы эле түрк-монгол элдерине да таандык экендиги маалым. Ал эми "падыша" болсо орус калкынын таасири экени даана көрүнүп турат. Эң кейиштүүсү дагы бир "паша" деген титулдан советтик аша чапма идеологдор панисламизмдин ашкере ыргагын көрө коюшкандыгында болгон. Негизинде бул көрүнүш тек гана ошол "Манас" эпосун кагазга түшүрүү мезгилиндеги кыргыз элинин ичиндеги мусулманчылык-
тын жана Ататүрк жетектеген Түркияда күч алып жаткан "Жаш төрттөрдүн" идеяларынын Түркстанга жайылышынын чагылышы эле.
Жыйынтыктап айтканда "Манас" эпосун изилдөөдө кыргыздын мамлекеттүүлүгү жөнүндөгү тема эң бир орчундуу проблемалардан болуп, өзгөчө багытта изилдениши абзел жана бул тарапта көп кызыктуу ачылыштар бизди күтүп турат деген ишеничтемин.
Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВ,
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек
сиңирген кызматкер,
Кыргыз-Түрк "Манас"
университетинин
профессору