кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
2-декабрь, 2011-ж.:



Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын
Президентинин кызматына киришти
Тизелеп жашаганча,
тике туруп өлгөн артык!

Алмазбек АТАМБАЕВдин Кыргыз Республикасынын
Президентинин кызматына киришип жатып сүйлөгөн сөзү

Урматтуу мекендештерим!
Мага ишеним көрсөткөнүңүздөр үчүн чоң ыраазычылык билдиргим келет. "Түгөнгөн сайын түтөгөн, кыйналган сайын күчөгөн" деп "Манаста" айтылгандай, акылман элибиз тынчтыкты, туруктуулукту, жерибиздин бүтүндүгүн, журтубуздун биримдигин тандады.
Урматтуу коноктор!
Мамлекет жана өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү! Сиздерге өзүмдүн жана мекендештеримдин атынан бүгүнкү салтанатка келип катышканыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем.
Айымдар жана мырзалар!
Бүгүн мен урматтуу Роза Исаковна Отунбаевага өткөөл мезгилдеги каармандыгы, элибизге ак дилден өтөп берген кызматы жана айкөлдүгү, саясий акылмандыгы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем.

* * *
Кыргызстан 30-октябрда чоң сыноодон өттү. Ар ким өз саясий көз карашына жараша добуш берди. Бирок бизди, бардыгыбызды көздүн карегиндей болгон мекенибиз - Кыргызстан бириктирип турат.
(Уландысы 8-бетте)




Роза Отунбаева:
"Өлкөбүздүн бүтүндүгүн,
элибиздин биримдигин
сактап калдык"
Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаеванын
Кыргыз Республикасынын шайланган Президенти А.Атамбаевдин
кызматка расмий киришүү аземинде сүйлөгөн сөзү

"Урматтуу мекендештер!
Кымбаттуу меймандар!
Биз Кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин тарыхындагы эң маанилүү учурдун күбөсү болуп жатабыз - бүгүн Кыргыз Республикасынын шайланган Президентинин кызматка расмий киришүү аземи өтүп жатат. Бир нече минутадан кийин салтанаттуу кырдаалда Ант берүү менен Алмазбек Шаршенович Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президенти катары ыйгарым укуктарга ээ болот.
Бир жарым жылдык өткөөл мезгил менен кошо мамлекет башчысы катары менин ишмердигим да аягына чыкты. Биз дүйнөлүк коомчулукка өз жолубузду өзүбүз тандап, өз тагдырыбызга өзүбүз жооп бере ала турган, өз эркиндигин жогору баалаган уюткулуу эл экендигибизди көрсөттүк. Эң башкысы өлкөбүздүн бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин сактап калдык. Ушул тапта президенттик бийликти тынчтык жолу менен, ачык жана демократиялык мүнөздө өткөн жалпы элдик шайлоонун жыйынтыгына ылайык өткөрүп берүүнүн жаңы наркын калыптандырып, жаңы саясий маданиятка жол салдык. Бул күн биз үчүн өтө кымбат! Анткени биз өлкөбүздүн келечеги үчүн чоң сабак, саясий үлгү көрсөттүк. Ушул саясий салт мындан ары да улана берет деген терең ишенимдемин.
Мамлекет башчысынын кызмат ордун, ошону менен бирге Кыргыз Республикасы жана анын элинин тагдыры үчүн бийик жоопкерчиликти өткөрүп берип жатып Алмазбек Шаршенович Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президенти катары өлкөнүн өсүп-өнүгүшү үчүн бардык күчүн, билимин жана тажрыйбасын жумшай турганына, адилет, калыс жана таза жетекчи болоруна толук ишенеримди билдирем.
Жолуңуз шыдыр болсун, урматтуу Алмазбек Шаршенович, жолдошуңуз Кыдыр болсун!"







меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Яндекс.Метрика