"Кыргыз туусу", 22.11.11 Шайлоо оюн эмес,
"баланча утту, түкүнчө утулду" дегендей
2011-жылдын 1-ноябрына
карата Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча
шаарлар жана региондор аралык шайлоонун жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду.

Бүгүнкү шайлоонун жүрүшүндөгү процесстерден жана таблицадагы сандык жыйынтыктардан өткөн мезгилдердеги шайлоолордун жыйынтыктарына, салыштырмалуу коомдук пикир, аң-сезим, көз караштардын өнүгүү белгилери, кетирилген кемчиликтердин айрымдары, мүмкүн орчундуулары да көрүнүп калды.
Шайлоо таза өттү деш чындыкка жатпайт
Шайлоонун жыйынтыгы өзгөчө коомдук аң-сезимдин кыйла өскөнүн далилдеп жатат. Ооба, артка кылчайып карасак ал шайлоо көрсөткөн өсүү-өнүгүү оңой-олтоң эле келе калган жок.
Албетте, ал өнүгүү процесси адам
өмүрүн кыйган революциялардан соң, саясий көз караштардын кагылышуусунан, социалдык абалдын төмөндөшүнөн, жеке бийликти кулатып, элдик бийликти орноткондон кийин, азыркы ачык-айкын шайлоолор ишке ашкандан кийин келип чыкты. Бул тарыхый окуялар, фактылар дайыма эсте калышы керек... Биз таза шайлоого ушундайча жеттик. Бирок, шайлоо абсолюттук таза өттү деш чындыкка жатпайт. Канчалык таза болсо да, кемчилик болбой койбойт. Биздин милдет - болочок шайлоолордо азыркы кемчиликти кайра кайталабай, ушул кемчиликтердин үстүндө иштөө. Келечекте шайлоо кодексине кайрадан көз жүгүртүү жана кодекстеги милдеттерди аткаруунун механизмдеринин мобилдүүлүгүн анализдөөдө турат деп ойлойм.
Кыргызстандагы бул жеңишке өткөн мезгилдеги саясий-экономикалык кризистин пайда болушу, жеке бийликтин өкүм сүрүшү, революциялык кырдаалдын түзүлүшү шарттады, ал көз караштардын жетилгендиги, ошол биз самаган бурулушка алып барды. Бул бурулуш тарыхый-диалектикалык мыйзам ченемдүүлүк эле. Башка жол калбай калган.
"Өткөндү эстебегендин жүрөгү жок, артка кайрылууну эңсегендин башы жок"
Бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгын, келечекти ойлогондо кубанычтуу, албетте, өткөн күндөрдү эстегенде өкүнүчтүү. А, артка жол жок. Алга гана кетишибиз керек. В. Путиндин айткан сөзү бар "өткөндү эстебегендин жүрөгү жок, артка кайрылууну эңсегендин башы жок" деген.
Эми шайлоонун жыйынтыгына көз сал-
сак:
1. Республика боюнча айрым облустарда (Ош, Жалал-Абад облустары, Ош шаары) жалпы катышуу 50%дан төмөн болуп калган. Анын башкы себеби - түштүк региондогу элдердин социалдык абалынын төмөндөшү, ички жана тышкы эмгек миграциянын тийгизген таасири. Таблица кыйыр түрдө түштүктөгү элдин жумушсуздугун, жалпы эле карапайым элдин социалдык абалын да мүнөздөдү. Июнь (2010-ж. апрель, июнь) окуялары эч кимдин эсинен чыга элек, кандайдыр бир деңгээлде качып кеткен президенттерден улам, азыркы талапкерлерге да ишенүүгө көкүрөгү, акылдары ынанбай турган кез. Албетте, бул маселе Президентти келечекте ойго салбай койбойт деп ойлойм.
2. Шайлоочулардын регионго бөлүнүүчүлүгү, жердешчилик-тууганчылык салыштырмалуу азайып бара жатканын А.Атамбаевдин, К.Ташиевдин, Т.Асанбековдун, Ө.Суваналиевдин, А.Мадумаровдун пайыздык көрсөткүчтөрү далилдеп турат. Маселен, Атамбаев түштүктөн салыштырмалуу жаман добуш алган жок, ал натыйжа талыкпас эмгектин, демократия, элдик бийлик үчүн, үзгүлтүксүз саясий күрөштөрдүн үзүрү. Ал адамдын ким экенин, шайлоочулардын ушул сапардагы симпатиясын, ишеничин кандайдыр бир дең-
гээлде айгинелейт. А.Атамбаевге түндүктөн келген талапкер дебестен эле таблица көрсөткөндөй, мезгилге шайкеш канааттанды-раарлык добуш беришти. Албетте, регионализм бар, бирок, табигый мыйзам чегинде. Ошол эле мезгилде А.Мадумаров, К.Ташиев түндүктөн жарытылуу добуш ала албай калышты. Бирок, ал абсолюттук регионализм маселеси экенин билдирбейт. Арийне, регионализм да кандайдыр бир деңгээлде бардыр, бирок, басымдуу көп эмес экендигин, эл менен баарлашканда, калк өздөрү айтып жатышат. Арийне, Бишкекте, Чүйдө бир топ эле (пайыздык катышта айта албайм) түштүктүк туугандарыбыз жашашат, бирок алар да тең салмактап отуруп А.Атамбаевге добуш берди көрүнөт. Менин жеке баамымда мезгил өткөн сайын өзгөчө азыркы шайлоодо регионализм артта калып бараткандай, бул өңүттөн караганда коомдук көз караш өзгөрүп, жылыш бар десек болот.
Акча алса деле ойлонуп добуш берерин айтышат
Эл акчага алданат, сөзгө жетеленип кетет деген кептин да салыштырмалуу экенин таблица да, турмуш да далилдеп берди.
Албетте, жок эмес, болсо да элетте, ал
эми көпчүлүгү акча алса деле, ойлонуп добуш берээрин айтып эле жүрүшөт. Адамдардын шайлоо менен байланышкан жеке кызыкчылыгы бар, ал мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы менен түз байланышта б.а. ал саясий туруктуулук, эл биримдиги. Ошондуктан шайлоочулар бул жолу жеке инсанга добуш берген жок. Ар бир шайлоочу өзүнүн жана адамзаттын келечек тагдыры, мамлекеттин гүлдөп-өнүгүшү үчүн добуш беришти деп түшүнүүгө акылуубуз. Мындай түшүнүгү бар шайлоочу акчага, регионализмге өзүн алдатпайт.
3. Басымдуу көпчүлүк талапкерлер практика жүзүндө, сөз менен иштин айырмасын далилдешти, а шайлоочулардын түшүнүшкөнү белгилүү болду.
4. Өткөн шайлоолордо (1995-2010-ж.ж.) ач кыйкырыкты салган, "Обон" атка конгон отряд пайда болуп, жалган фактылар менен өз жакынын, жактоочусунун ырын ырдап, мамлекетти алыска таанытып, элдин тынчын алышкан. Ал ач-кыйкырыктар бир канча айга созулчу. Алардын дээрлик көпчүлүгү чындыкты издөө эмес, талапкердин берген акчасын гана актоо, алардын көңүлүн алымыш этүү болгон. Азыркы шайлоонун жыйынтыгында анчалык деңгээлде кайталанган жок. Албетте, жер-жерлерде азыраак убакытка кайталанды, бирок, тез эле тынччылыкка айланды. Жалпысынан элдин шайлоо маданияты жана шайлоо процессин туура түшүнүшү мыйзам ченемдүү болуп баратканын аныктайт. Бул да коомдун өнүгүшү, талапкерлердин да маданияттуулугун далилдеп жатат.
Ким шайлоого оюн катары мамиле кылса, анда ал өз тагдырына өзү балта чабат
Шайлоо деген оюн эмес, "баланча утту, түкүнчө утулду" дегендей. Оюнга айландыргандар, анын түпкү тегин аңдап, ички маңызына маани бербегендер, жеткиликтүү түшүнбөгөндөр.
Үгүт убагында талапкерлерди жаман-
доо менен терс пикирлерди таратуу, илинген көрнөк-жарнактарды айруу, жулуп кетүү, акча сунуш этүү ж.б. ушуларды шайтан оюндар деп айтса мүмкүн. Ошол оюндарды уюштургандарды шайтан-оюнчулар деп айтсак жарашмак. Ал эми шайлоону накта оюн катары кабыл алыш натуура түшүнүк. Ата-Журтка кызмат кылууну оюн көргөндөр, ага тайкы маани бергендерди гана, ошентип
айтса ылайык. Ким шайлоого оюн катары мамиле кылса, анда ал өз тагдырына өзү балта чапкандан кем эмес. Ал адам бүгүнкү бешбармактын гана кулу. Шайлоо деген талапкердин өткөн чактагы талыкпаган күрөшү, күжүрмөн эмгегинин натыйжасы, интеллектуалдык деңгээли, ички маданияты, адамга кам көрүү, аны менен карым-катнаш түзүүсү, калкын, ата-журтун жан дилден сүйүүсү, кызмат кылуусу.
Шайлоонун жыйынтыгынан соң айрым талапкерлер, аны жактоочулар нааразы да болушту. Мындай кырдаалда ким болсо да кызууланат, бирок, бардык талапкерлер эл тагдыры, Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшү үчүн жеке кызыкчылыктан эл биримдигин, бейкуттук, бакубат жашоону бийик коюп, сабырдуулуктарын, акыл-эстүүлүктөрүн көрсөтүшүп, чыны Президенттикке татыктуу талапкерлер экенин эл алдында далилдей алышты. Теле аркылуу К.Ташиев, Т.Асанбеков баш болгон талапкерлер шайлоочуларга кайрылып, элди тынчтыкка, биримдикке чакырышты. Акырында бул шайлоонун жыйынтыгы, талапкерлердин коомдук кырдаалды туура түшүнүүсү өлкөдө туруктуулукту, бүтүндүктү түптөй алды десем чындык болоор. Ушу сапардагы талапкерлердин мамлекеттин, элдин акыбалын туура баалай алышы, ички маданиятынын бийиктиги эмеспи.
Жашоо бүгүнкү шайлоо менен эле бүтүп калбайт. Дагы алдыда белестер, ашуулар бар. Аларды багындырып, тажрыйба топтоо маанилүү. Бул жолку шайлоо айрым талапкерлер үчүн сыноо, келечекке даярдануунун башаты болуп калмакчы. Андан көрө азыртан келечектеги шайлоого, ушул кемчиликтерди анализдеп камынуу, даярдануу ылайыктуу деп ойлойм.
Дүйшөн СУЛТАНКУЛОВ,
Бишкек шаары