Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1115_2.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1115_2.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1115_2.htm on line 2


п»ї

 Китепкана

Сизге ийгилик,
элиңизге тынчтык каалайбыз
Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов Алмазбек Атамбаевди Президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.
Куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылган: "Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоодо шайлоочулардын Сизге көрсөткөн ишенимине байланыштуу куттук-тоомду кабыл алыңыз.
Мында биз биринчи кезекте сиздин туруктуулукту, улуттар аралык жана жарандардын тил табышуусун камсыз кылчу программаңыздын салымын көрүп турабыз. Ошондой эле анда өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүшү, жакынкы жана ыраакы коңшулар менен салттуу достук байланыштарды чыңдоо боюнча кечиктирилгис чаралар баса белгиленген.
Сизге бул жолуңузда туруктуулукту жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын элине тынчтык менен жыргалчылыкты каалап кетмекчимин".
ЁЁЁ
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Алмазбек Атамбаевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.
Куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылат: "Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына шайлангандыгыңызга байланыштуу менин чын жүрөктөн куттуктоомду кабыл алыңыз.
Сизге бекем ден соолук, турмуштук шыктанууну жана ийгиликтерди каалап кетким келет".
ЁЁЁ
Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад Алмазбек Атамбаевди Кыргызстандын президенттик шайлоосундагы жеңиши менен куттуктады. Куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылган: "Ассаламу алейкум.
Сизди Кыргыз Ресепубликасынын президенттик кызматына шайлангандыгыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы саясий процесстерге колдоо көрсөтүүсү жана Кыргыз Республикасынын жаңы өкмөтүнүн өз ара кызыкчылыгы эки өлкөнүн ортосундагы достук байланыштарды бекемдеп, бардык тармактарда өз ара мамилелерди кеңейтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берди.
Учурдан пайдаланып, Сизге бекем ден соолук жана ишиңизге ийгиликтерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын татыктуу боордош элине жыргалчылыкты жана бакты-таалайды Кудайдан тилейм".
ЁЁЁ
Украина Республикасынын Премьер-министри Николай Азаров Алмазбек Атамбаевди 2011-жылдын 30-октябрында болуп өткөн шайлоодо КРнын Президенти болуп шайланышы менен куттуктады.
Куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылган: "Кыргыз Республикасынын Президентин шай-лоодогу жеңишиңиз менен чын жүрөктөн куттуктоону кабыл алып коюңуз.
Бүгүнкү Кыргызстан үчүн оңой эмес мезгилде Сиздин энергияңыз жана турмуштук бай тажрыйбаңыз ички саясий кырдаалдын тезирээк калыбына келишин жана Кыргыз Республикасынын экономика-
лык мүмкүнчүлүгүн натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыз кылат деп ишенем.
Учурдан пайдаланып, Сизге жаңы турмуштук багытта ийгиликтерди, чың ден соолук жана Сиздин мамлекеттик маанилүү ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын элине - тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалаймын".





  Өкмөттө

Энергетикада эмне кеп, элиңе айтып тур
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Алмазбек Атамбаев өлкөбүздүн энергетика министри Аскарбек Шадиев менен болгон жолугушуу учурунда керектөөчүлөрдү электр менен жабдуунун сапатын жана ишенимдүүлүгүн жакшыртуу боюнча бардык чараларды көрүүнү сунуш кылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр электр энергиясынын тез-тезинен өчүп жаткандыгына жана электр менен жабдуу кызматынын сапатынын канааттандырарлык эместигине байланыштуу жарандардан көп сандаган арыздардын түшүп жаткандыгы белгиленди.
Энергетика министринин маалыматы боюнча электр бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялардын ишинде кетирилип жаткан кемчиликтер жарандардын арызданууларына түрткү болууда. Министр керектөөчүлөр тарабынан электр энергиясын керектөөнүн көбөйгөндүгүн жана жабдуулардын эскирип кеткендигин белгиледи. Мисалы, эгерде өткөн жылы өлкөнүн калкы суткасына 35 млн. кВт. саат электр энергиясын керектесе, үстүбүздөгү жылда керектөө 45 млн. кВт. саатка чейин өскөн. Мына ушул жагдай да ишке терс таасирин тийгизүүдө. Азыркы мезгилде энергетиктер эскирип кеткен жабдууларды ыкчам алмаштыруу боюнча иш-чараларды көрүшүүдө.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Премьер-министр энергетика министри А.Шадиевге керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен тейлөөнүн сапатын жана ишенимдүүлүгүн жакшыртуу, ремонт-авариялык жана энергия компанияларынын диспетчердик кызматтарынын потенциалын күчөтүү, ошондой эле мүмкүн болгон ава-риялык электр энергиясын өчүрүү жөнүндө калкка өз учурунда билдирүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.
Н.ЖЭЭНБЕКОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
15-ноябрь, 2011-ж.:










??.??