"Кыргыз туусу", 15.11.11 Кыргыз Республикасынын эл артисти,
таланттуу композитор Түгөлбай КАЗАКОВ - 60 жашта
Күн күркүрөп, жамгыр төктү, ошол күндөр кайда кетти?..
Элегиянын султаны
Төгүлөт жамгыр, жамгыр,
көчөдө жаз,
Негедир мен жамгырды
жакшы көрөм.
Жамгырды жашка окшотуп
маанайым пас,
Негедир сени эстесем
жашый берем.
Көңүлдү дирилдетип, өткөн өмүрдү эске салган бул саптар акын Калчоро Көкүловдун калемине таандык. Ошонун көркүн ачып, кемелине келтирип обонго салып оболоткон композитордун күчү эмеспи. Бул ырды кимдер гана билбейт, элге терең сиңип кетүү ар кимдин эле өмүр шыбагасына туура келбесе керек. Ал эми Түгөлбай Казаков эбак элдин жүрөгүнө сиңип, элдик болуп калган. Эл аны жакшы көрөт, сүйөт. Анткени ал нукура талант, мекенчил атуул.
Түгөлбай Казаков кыргыз улуттук музыка өнөрүнө 70-жылдарда ак башат булактай агып кирген эле. Аны күйөрмандары көбүнчө "Элегиянын султаны" деп аташат. Не жамгыр жөнүндөбү, не "Насыйкатпы", не балалыккабы, не сүйүү сезимине арналганбы, кусалыкка толгон, аруу сезимге оронгон, жүрөгүн жарып чыккан ырлары көккө оболоп барып миңдеген жүрөктөргө конуп, аялуу түнөк тапканы качан. Ошол үчүн аны сүйүп уккандардын катары сансыз. Анткени анын ырлары тазалыкка жуурулган, жеңил-желпиликтен алда канча бийикте турган, жасалмасыз жашоону сүйүүнүн, адамды сүйүүнүн, ааламды сүйүүнүн ырлары. Ал ошондой жаратылыш берген көрөңгө менен таза талант болуп төрөлгөндөрдөн. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, ал жалаң гана обон эмес, керемет ырларды жараткан акындыгы да бар. Башкалардай чыгармаларынын санына эмес, сапаттык баасына басым койгон, өзүн-өзү кайталап жоготуп албаган, калыбын сактап калган калкагар тоодой залкар тагдырдын ээси.
Турмушта да анын жаратылышы жасалма мүнөздөн, жылма саясаттан алыс. Башкаларга окшобогон тамашасы да өмүрдү узартчу таза күлкү тартуу кылат. Мекенчил жүрөгү менен учурда "Улутман" телекөрсөтүүсү аркылуу атуулдарга улуттук ар-намыстын жемин таштап, эртеңдердин ары жагына ой ыргытып, көңүлдү өйүткөн көрүнүштөрдүн көшөгөсүн ачып, бетке айтып, жүзүн таанытат.
Кыргыздын мына ушундай керемет уулу билинбей 60 жашка кол берип калыптыр. Алтын өмүрдү элине арнаган залкар таланттын "кечеги кыялдарына" кылчайып, окурмандарга айта олтурганыбыз оңдур.
Дыңгыр-дыңгыр "Маш ботой"...
Кичинесинде жайлоодо чоңойду. Жан-дүйнөсүнүн кыялкеч дүйнөгө жетеленгенине ушул жайлоонун керемет кооздугу таасир бергендей туюлат. Ар күнү таң супасынан ойгонуп, күндүн чыгып келе жатканын тосууну ата-энесинен калган тарбиянын башаты катары азыркыга чейин көкүрөгүндө аяр сактаганга көнгөн. Эрте турган адамга Кудай жакшылыктын шыбагаларын, ырыс-кешик, бак-дөөлөт берет дешчү. Болочок залкар таланттын ошондогу кичинекей жүрөгү бул сөзгө ишенчү эле. Жүгүрүп барып булактан суу иччү. Ар бир таң ушинтип башталчу. Андан кийин уйлар саалып, сүткө толгон чакаларды кайтарып турат, анан курсакты тойгузуп алып, кечке ойномой. Анан балык кармайт.
Бир күнү балыкты кайырмак менен кубалап жүрүп ылдыйкы айылга түшүп кеткенин өзү да сезбей калды. Кечки маал. Жээкте баратса беш- алты киши отурат. Арасында бир калпакчан, арык киши комуз чертип жатыптыр. Ага чейин комузду угуп, аябай кызыгып калган жайы бар эле. Бирок, үйүндө комуз жок болчу. Жөн эле чыбыкты алып чертчү. "Маш ботойду" "дыңгыр-дыңгыр, дыңгыр-дың" деп кадимкидей оозу менен келтирип черткенин далай көрүшчү айылдаштары. Ошондо тигилердин жанына барып караса, бирөө комузду шумдук черткен киши экен. Анан ал күн батканча "Карагул ботомду" айтып берейин дегенин укту. Аны деле өмүрүндө уккан эмес. Ал Карагул баласын атып өлтүргөнүнө чейин айтты, тиги кишинин тегерегиндегилер жашып алышты, ал кишинин үнүндө да кандайдыр бир сыйкырдуу касиет бар экен. Аны угуп отуруп өзүн да унутту. Анан тигилер кеч кирип кетти деп турушканда, ал чымылдаган бойдон кайра өз айылына келди. Аңгыча караңгы кирип калды. Айылда болсо аны сууга агып кетти деп көрүнгөн жерде издеп жүрүшүптүр. Келатса бир уйчу бар эле, калпагын мурдунун үстүнө кийген, ошол ышкырып калды:
- Эй, "Машботой" деген бойдон сууга агып кеткен экен десе бар белең, - деп. Ал болсо "Карагул ботомдун" таасиринен чыга албай келе жатып, тиги кишиден кайра:
- Карагул ботомду билесизби? - деп сурап жатпайбы.
- Кайсы?
- Аны атасы атып салыптыр, - деди.
- Ок, качан?
- Билбейм качан экенин, төмөн жакта бир калпакчан киши айтып жатат.
- Эй, Карагулдун атасы жок да, - дейт.
- Атасы бар экен, атып салыптыр, башын кучактап алып сайды жаңыртып ырдаптыр.
- Эмне дейт бул, - деп күлүп калган. Анан эртеси күнү ал Түгөлбайдын апасына келип:
- Ай жеңе, могу балаңды молдого алып барсаңчы. Ар кайсыны айтып дөөдүрөп калыптыр, - деп айтат. Көрсө ошо чий калпакчан Асылбек Эшмамбетов деген улуу комузчу экен. Аны ошондо алты жашында көргөн тура. Таластын эң башындагы Каракол деген айылда, мурун өзүнүн аты Көпүрө-Базар болчу. Колхоз болгондо ошондой аталып калган. Бул айыл өзү жайлоо сыяктуу, деңиз деңгээлинен 2000 метр бийикте турат, суусу таза, абасы таза. Алардын жайлоосуна чейин 65 чакырым, ошол өзөндүн ичи бүт жайлоо. Кооз жерлер көп, арчалар көп. Эмнелер гана өсчү эмес, ышкын, кымыздык, конок, чие дегенди терип жешчү. Чиени азыркы балдар көрөбү, көрбөйбү айтуу кыйын. Түгөлбай чемирчек казып жечү. Айтор шумдук, ал жайлоонун чөбү күчтүү болоор эле дешет. Кымызын ичкендер тамшанып эле жатчу экен. Мал көбөйүп кеткенде жайлоо тыкыр болуп кетип, анан мал жоголгондо жайлоо эс алып, азыр кайра калыбына келип калды дешет ал жердегилер. Анын ышкысын козгогон ошол жайкалган жашыл төрлүү жайлоолордун көркү тура.
Алгачкы обону - "Алтын балалык"
Кыргыздын кыйырына тараган бул обонду ал 8-класста чыгарган. Ошону элге алып чыкты. Ал обон Казаковду алып чыкты. Сөзү Жапаркул Алыбаевдики. Буга
чейин бул сөзгө Жакып Таштана-лиев деген Таластагы таланттуу обончу киши дагы обон чыгарган эмеспи. Аны мектепте Казаков өзү ырдап жүрчү. Кийин ЖОЖдо окуп жүргөндө ушу "Балалыкка" башкача обон чыгыш керек деп жүрүп, акыры чыгарды. Эмне үчүн өзү ырдап жүргөн обондуу ырга жаңы обон жараткандыгы же ушул бир сөзгө жазылган эки обондун айырмасын сурай калганда ал өзүндөгү улуу жөнөкөйлүгү менен мындайча айтат:
- Жылдар өтүп менин жашым өйдөлөгөндөн кийин түшүндүм, Жакып Таштаналиевдин обону меникине караганда Кыргыздын нукура каада-салтын сактап, элдик мүнөздөгү мыкты обон экен. Меникине караганда алда канча жакшы обон. Азыр ушундай баа берем. Ал ырды кээде ал кишинин небереси Кундуз Таштаналиева ырдап калат. Жолугуп сиздики мыкты деп айтайын деп айылына чейин издеп баргам. Анда кудага кетип калыптыр. Кийин бир кезде интервью берип, ошону айтып калдым. Экөөнүн кайсынысын ырдайсың десе Ж. Таштаналиевдикин тандамакмын. Өзүмдүкү жаш кезде жакшы көрүнчү. Улутчул болуп калганыман улам меникинде улуттук өзгөчөлүктүн жоктугун байкайм. Ал кезде эстрада жаңы эле башталып, ошонун таасири болсо керек.
Жазуучу болом деп жүрүп...
Чынында ал, ырды обондон биринчи баштаган. Анан обонго баш -оту менен кирип кетип, анын баары калып калган. Башында филфакка келип окуп, жазуучу болсом деп ойлогон. Агасы белгилүү акын Аман Токтогулов ал кезде акын-жазуучулардын журтуна кошулуп, чыгармачылыкка аралашып калган кези эле. Анан ал "Экөөбүз бирибиз жазып, бирибиз сындап, адабият майданында чабышып жүрмөк белек, сен башка жерге окууга бар" дегенинен, политехке кетип калган. Бир күнү биринчи курсту бүтөөрдө искусство институтунда бир таанышына келе калам деп, бала кезинде уктап калган "чымындарынын" баары ойгонуп кетип, ошону менен кайра музыканы көздөй качты. Ошондон улам музыкага аралашып калган. Бул тууралуу өзү кадимки кашкөйлүгүнө салып: "Болбосо тоо-кен факультетин бүтүп, эмгиче "Кыргыз Алтында" иштеп, алтын уурдап камалып, эчак атылып кетмек белем. Же башкаларга окшоп катар-катар үйлөрдү салып жүрөт белем, билбейм", - деп күлүп калат.
Ошо бала кезде алтынчы класстан баштап райондук гезитке макала
жазды. Ошондон мектепти бүткөнгө
чейин жазды. А журналистикага өнөрдүн баарынан биринчи аралашкан. Журналист болсом, жазуучу
болсом деп ойлоп жүрчү. Агасы Аман "Дүйнөнү эстетикалык кабыл алууда бир киши бир нече багытта иштеши мүмкүн", - деп илгерки Ибн Сина, Леонардо да Винчини айтып, мисал келтирчү эле. "Алар бир нече өнөрдү катары менен алып кеткен. Мен катарынан баарын жаркырата алып кетпесем дагы токтотуп, бирине өтсөм мага эч ким тыюу салбайт го", - деп койчу экен. Ошол жолдун жашыл жарыгы обон дүйнөсүнө жетелеген экен. Кыргыздын көркөм дөөлөттөрүнүн төрүндө Түгөлбай Казаков деген кымбат ысым өз ордун тапты. Минтип пайгамбар жашына жетердин алдындагы карылыктын жаштыгын тоскон курагында улуттук маданиятта чоң абройлуу тарыхый тагдырдын ээси болуп олтурат. Баса, ошол жазуучулук өнөрдүн ышкысы да андан биротоло кете калган жок. Ал алтымыш жашка отчет берүүдө жалаң гана ыр менен эмес, кара сөздүн да каймагын калпый келип, жаңы китебин элге тар-тууламакчы. Ал тууралуу сураганыбызда мындай жооп узатты:
- Китебим - эскерүүлөр. Бала кезимен берки көргөн, билген, эсимде калган кызыктуу окуялар, кызыктуу кишилер, айылдагы турмуш, окууга өтүп обончулукту баштап калышым менен бүтөт. Экинчи китепте болсо окууну бүтүп, Көлгө барып иштеп калган кезимен ушу күнгө чейинки мезгилди жазсамбы дегем.
Түкөңдүн чөнтөк дептеринен,
ат жалында
айтылган
кептеринен
ЁЁЁ
- Менин жаш кезимдин көп убактысы бошко кетти деп ойлойм. Себеби, биринчиден, ал кезде убакытты пайдаланып, текке кетирбей иштеп калайын деген өтө эле өжөрлөнгөн ой жок эле. Бир идея келип, анан ал ичиңде бышып жетилип обон болуп чыкмайынча жүрө берчүмүн.
ЁЁЁ
Өзүмдү-өзүм кыйнаган жокмун. Ушуну жазайынчы деп көшөрүп отурган жокмун. Андай бир гана жолу болду, 91-жылы путч болгондо Дооронбек Садырбаев агайыбыз "Кайран эл" деген фильмди тартып жаткан. Анан 37-жылы репрессияланган элдердин ырын чыгарасың деп, сөзүн Шайлообек бир, эки саатта жазыптыр, мен обон чыгардым. Ушундай шашылыш деген өмүрүмдө бир эле жолу болду.
ЁЁЁ
"Жыйырманчы жаз" 20-25 мүнөттүн ичинде жарыкка чыккан обон. Андай темалар ичимде жаралып, бышып жүрө берчү.
ЁЁЁ
Жаш кезде фантазия жакшы болот да. Ал эми жаш өткөн сайын киши турмуштан тажрыйба ала баштайт экен, көп урунуп, иргелип калат экен. Кексе боло баштайт экенсиң. Жандүйнөң кирдей баштайт экен. Проблема көбөйөт. Ушунун баары акырындап өнөрүңдү түртүп чыгарат ко деп ойлойм.
ЁЁЁ
Акыл менен талант өзү оңой менен бир жерде жашай албай турган нерселер экен. Кишиге акыл кирет экен. Акыл талантка тоскоолдук кылат экен. Абай айткандай: "Көөдөнүм толо башым бош, көрүнгөндүн баары дос", - деген сыяктуу.
ЁЁЁ
Жазам десең, жазасың. Тиги, бул эмне дейт дебейсиң. А жаш жогорулаган сайын анын баарын ойлойт экенсиң. Жанагы китепти эчак эле баштагам. Жаш кезим болсо басмага эчак эле берип салмакмын. Кайра-кайра оңдойм.
ЁЁЁ
Кыргыздар маңкурт болбой өзүнүн тарыхын, өз дөөлөттөрүн билип жүрүшү керек. Биздин "Улутмандын" да максаты ошол болчу. Биз Орто Азиядагы эң байыркы элбиз. Ошонубузду далилдейин дегем. Экинчиден, кыргыздар бащкалардын алдында басына турган эл эмес. Ал башын бийик көтөрүп жүрө турган эл. Ошол бизге кыйынсынган элдердин "Манасы" барбы, Айтматову барбы, Миңжылкыеви барбы? Жок. Бир жарым миллиард сандуу кытайда булардын бири да жок.
ЁЁЁ
Түшүндө оозуна бир кум кирип кетсе эле эртеси күнү миндеген саптарды айтып калган феномен кыргызга буйруган. Бул Теңир менен кыргыздын ортосундагы байланыш дегенди билдирип турат. Ушундай улуу касиеттери бар кыргыздар башкалардын алдында чүнчүп, башка бир улуттун өкүлдөрүндө кул болуп жүргөнү намыска тиет да.
ЁЁЁ
Мен обончулукту 90-жылдары токтотком. Бирок ошого чейин чыгарылган ырларым жарык көрбөй калган. Быйыл эгерде юбилейге жетишсем, ошол обондуу ырлардын сөзүн жаздырып, ырчыларга берип алып чыксам деген оюм бар. Телевиде-ниеде жүргөн адамдын чыгармачылыгы - тележурналистика. Азыр өзүмдүн программам менен алышып жүрөм. Андан тышкары бир, эки чакан китеп жазгым келип жүрөт. Алардын бири Замир Иманалиев деген жакшы комузчу, обончунун сунуштаган идеясы боюнча залкар комузчу, обончуларга арналат. Тээ илгеркилерден баштап маалыматтарды архивден болсо да жыйнап берели, анан ошону жазсаң деп жатышат. Ал китептердин негизги максаты окуу куралы катары балдарга берсек. Мисалы, Ибрагим, Мураталы десе азыркы балдар билбейт. Алар менин тилиме ишенип жатышса керек. Колумдан келсе ошону жазсам дейм.
ЁЁЁ
"Улутманда" ушу кыргыз миң жылдан бери жоголбой келаткан феномени, касиети кайсы, башка элдерге кошулуп эмне үчүн сиңип кеткен жокпуз, ушундай кереметтүү жерибизге эмнеге ээ болуп калдык... Саны канчалаган көп мамлекеттер басып алган күндөр болду, бирок, алардын баары кетти.
ЁЁЁ
Кыргыздар Теңир сүйгөн эл. Негизги маселе бүгүнкү күндө ушу Теңирдин сүйүүсүн булгап, кирдетип алган жокпузбу? Калыгул олуя айткан экен, "Кыргыздар сооданы баштаганда, акыр заман башталат" - деп. Мен акыр заман деп бүт дүйнөнү топон-суу каптагандай элестетип жүрүптүрмүн. Көрсө ал киши кыргыздын өзүнүн акыр-заманын айткан экен. Азыр 50 тыйын үчүн бири-биринин кекиртегин чайнап сала турган кишилерге улутун айтасыңбы, тарыхын айтасыңбы, адабиятын айтасыңбы эскирбейт. Анын көз алдында чүпүрөк, акча, бүттү.
ЁЁЁ
Биз капитализм келгенде материалдык мүдөөнү биринчи орунга алып чыктык. Бирок ал кыргыздарды өнүктүрүп кетет деп ойлобойм. Кыргыздарды нечен жылдардан бери сактап келген руханий дүйнө болчу, көсөмдүгү. А материалдык байлык менен кыргыз сакталып калбайт. Кыргыз башка руханий дөөлөтү жок элдердин катарына кирет, андан нары аны эмне күтүп турганын кудай билет.
ЁЁЁ
Биздин кыргыздан дагы да болсо Теңирдин сүйүүсү кайта элек. Анткени ушу катаал заманда бизге кыл кыякчыларды берип жатат. Кыл кыяк менен азыр эч ким жан бага албайт да. Бирок эмне үчүн кыл кыякчылар, комузчулар чыгып жатат? Чолпон-Атада өткөн Ысык-Көл фестивалында фольклор эстрадага караганда алда канча күчтүү болуп чыкты. Комузду, кыл кыякты укмуш ойногон кыздар келди. Муну жанагы массалык маданиятка каршы турушу үчүн, өз маданиятын сактап калышы үчүн берип жатат. Болбосо көр оокаттын артынан баары эле кирип кетсе каяктагы кыл кыяк, каяктагы комуз. Азыр манасчы балдар чыгып жатат.
ЁЁЁ
Теңирдин көңүлү бир аз бизден калып турат го дейм. Себеби, биз биздин улутка мүнөздүү эмес нерселердин көбүн жасап жибердик. Ошон үчүн менин программамдан кийин куру дегенде беш кишинин сезими ойгонсо, улуттук аң-сезимин ойготсом жакшы эле болот.
ЁЁЁ
Эң негизгиси - кыргыздардын түндүк, түштүк болуп урууларга бөлүнүшү жоюлуп, улут болуп куттай уюшу керек. Ошондой бир мезгил келиш керек. Мисалы, Баткенде бир баланын башына күн түшсө Ысык-Көлдүк балдар чырылдап ийгендей болушу керек. Ушул күнгө жетишибиз керек деп ойлойм.
ЁЁЁ
Биз ар бирибиз уруунун өкүлү эмес, улуттун өкүлү болушубуз керек. Ошого жанталашып жете албай атпайбызбы. Мени сындагандар көп, сен ушул "Улутманда" кыргыздарды калп эле мактай бересиң, кемчилигин эмнеге айтпайсың деп. Алар еврейлердин жашоо эрежесине таянып айтып жатышат. Алар катуу сындап, тилдеп отуруп киши кылат балдарын, жаштарын. Бирок ага чейин сен акылдуусуң, сенден өтөөр эч ким жок деп отуруп чоңойтот. А биздики бир жылда баланы баштан ары бир коюп, анан жумушу жок жүрүп эле "Сен качан эл элең, улут элең" деп басынтып жүрүп, элдер чүнчүп калган. Кыргызды тилдеп киши кыла албайт эч ким. Кыргызды маңдайынан сылап, көңүлүн көтөргөндө гана эл болот.
ЁЁЁ
Быйыл алтымышка чыккандан кийин пенсияга чыгам го десем дагы үч жыл бар экен. Бирок жалпы эмгек стажыма 40 жыл болуптур. Ошол боюнча чыксам болот экен. Ошого сүйүнүп, документтеримди чогултуп жатам, шашып жатам. Пенсияга чыгып китептеримди жазсам, каалаган жагыма эркин барып, он, он беш күн идея менен отурсам деген ойлорум бар. Экинчи жагынан телевидениеде жаш курак келгенде кетиш керек. Орунду жаштарга бериш керек.
Эмгек элге жараса,
Эл пикири тараза
Макелек Өмүрбай,
филология илиминин
доктору, профессор:
- Түгөлбай Казак деген Кыргызстанда кандай атагы чыккан талант болуп таанылса, биздин Кызыл-Суудагы кыргыздарда да так ошондой жакшы билишет. Күйөрмандары аябай көп. Кыргыздын көркөм өнөрүнүн үлкөн инсаны. Чыгармалары азыркы кыргыз көркөм өнөрүнүн чамгарагынын ууктарынын бирин сайып калган азамат катары баалайбыз.
Бейшенбек
Мамбетакунов,
Кыргыз
Республикасынын
эл артисти:
- Айрым таланттар жоопкерчиликке көңүл бурушпайт. Түгөлбай Казаковдо чыгармачылыкка чоң жоопкерчилик мамиле бар экенин билем. Анткени, кайсы бир жылдары мен режиссёр катары ал тууралуу теле көрсөтүү тартып калдым. Ошондо кайра-кайра кайталап ырдатып тартып жатсак дагы бир кейип койгон жок. Ал турсун "Мен туура түшүнөм, кайталап ырдата бергиле, эң негизгиси элге жакшы чыгыш керек", - деп айтканда абдан ыраазы болгом. Ошон үчүн ал талантын бага билген таза инсан.
Жамал Сейдакматова,
Кыргыз
Республикасынын
эл артисти:
- Түгөлбай кыргыздын мыкты таланты, анан мыкты уулу. Анын ырлары жүрөктөн чыгып, жүрөккө жеткен касиетке ээ. Атуулдук ар-намысы да күчтүү, кыргызга күйгөн мекенчилдиги артык. Түз жүрүп, түз сүйлөгөн чыгаан жигит. Кыргыздын мындай уулдары көп болсо кандай жакшы бо-лоор эле.
Турсунбай Адашбаев,
Өзбекстандык жазуучу,
Ташкент шаары:
- Түгөлбайдын ырлары сагынычты козгоп, жүрөгүңдү толкутат. Мен көп жылдардан бери Ташкентте турам. Кээде Кыргызстанды сагынасың. Сагынычты жаза турган эле ыр деп ойлойм. Ырдын күчүнө тең келе турган асылдыктар аз го. Түгөлбайдын ырлары таза жүрөктөн кайнап чыккан ырлар.
Акылбек Абдыкалыков,
Кыргыз
Республикасынын
эл артисти:
- Түкөнүн сандан сапатка бийик караган жагы мыкты. Анын эң мыкты жагы өзүн-өзү кайталабаганга жеткендиги. Ар бир ыры өзүнчө мукамдуулукта өзгөчөлүгү бар. Демек, залкарлыгы ушунда.
Мирзохалим Каримов,
тажик жазуучусу:
- Казаков искусствого сиңирген эмгегинен дагы акыркы жылдарда журналистикага көп эмгек сиңирди деп айтаар элем. Телевидениеде "Улутман" программасы менен чоң маселелерди көтөрүп, глобалдуу талкууларды уюштуруп жатат. Жакында эле дин маселеси боюнча сонун көрсөтүүнү алып чыкканын көрдүм. Адам катары да мен аны мыкты жигит катары сезем. Эч жерде ашыкча сүйлөгөнүн укпадым, өзүн ар дайым маданияттуу алып жүрөт, жигитчилиги чоң болсо керек.
Алмагүл Беки кызы,
кытайлык кыргыздардын ырчы кызы:
Ырдасаң булбул таңшык
агатайым,
Уккан эл тартылышып
барган сайын.
Кыргыздын үнүн көккө
оболотуп,
Өнөрүн өргө сүрөп турган
дайым.


Улутка жүрөгүнөн күйүп
турган,
Айрым бир манкурттукту
күйүт кылган.
Жаштарды тарбиялап
улутманга,
Жетелеп маңдайынан
сүйүп турган.


Өмүрдө баскан жолу
болуп нуска,
Кол берип турган экен
алтымышка.
Кымбаттуу агасындай
кеңеш берип,
Кытайдан келген мендей
кыргыз кызга.


Агатай алтымыштан дагы
бирди,
Жашаңыз, узак берсин
бул өмүрдү.
Сиз менен сыймыктанат
кыргыз эли,
Куттуктайм сиз туулган
ушул күндү.
Даярдаган
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"