газета "Кыргыз туусу" на кыргызском языке • №88, 15.11.11. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча... •






Алмазбек Атамбаев -
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын референдумдарды жана шайлоолорду өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыгы боюнча токтом чыгарды.
Анда шайлоонун болгонун таануу жөнүндө жана шайлоочулардын 62,52 пайызы добушун, башкача айтканда, шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добушунун жарымынан көбүн алган Атамбаев Алмазбек Шаршенович Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланды деп эсептелсин деген чечим кабыл алды.
Президенттикке талапкерлигин койгон А.Мадумаров шайлоочулардын 14,78 пайыз, Камчыбек Ташиев 14,32 пайыз добушун алган. Калган 13 талапкер бардыгы биригип 8,38 пайызга ээ болушкан. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын жалпы саны - 3 032 666 шайлоочуну түздү. Шайлоого добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны - 1 858 632, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын 61,28 пайызын түзөт.
Ошондой эле токтомдо Атамбаев Алмазбек Шаршенович Кыргыз Республикасынын Президенти болуп катталсын жана кызматына киришүүдө Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайлангандыгы жөнүндө күбөлүк, айырмалоо белгиси - Кыргыз Республикасынын Президентинин төш белгиси жана Штандарты (желеги) тапшырылсын деп белгиленген.
БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова шайлоого байланыштуу келип түшкөн бардык арыздар каралып бүткөндүгүн маалымдады. Мындан ары да шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча доосу бар адамдар болсо, алар сотко кайрылышы керек.
Кечээ Алмазбек Атамбаев КР Премьер-министри кызматын аткарууга киришти. Ал Премьер-министрлик кызматты КР Президентинин инаугурациясы өткөрүлгөнчө аткарат.
Назарбек БАЙЖИГИТОВ,
"Кыргыз Туусу"