Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1111_7.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1111_7.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1111_7.htm on line 2


п»ї
  Кеңеш ордо

Жусуп Мамай - сейрек кездешүүчү зор талант
Кыргыз элинин улуу мурасы "Манас" жөнүндө сөз болгондо бул улуу акыл казынасын сактап, өнүктүрүп, азыркы муундарга жеткирген Сагымбай, Саякбай сыяктуу залкар манасчылар менен бир катарда кытайлык манасчы Жусуп Мамайдын да ысымы сөзсүз кошо аталат. Анткени, таланттуу бул инсан "Манастын" өзгөчө вариантын гана жаратпастан, байытып, сегиз муунга чейин жеткирген.
Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунда болуп өткөн тегерек үстөлдө манастаануу боюнча белгилүү илимпоздор кытайлык Манасчынын дал ошол новатордук жактары,
сейрек кездешүүчү сапаттары тууралуу сөз кылышты.

Кеңеш ЖУСУПОВ,
кыргыз эл жазуучусу:
"Көзү тирүүсүндө
ардактап алалы"
- Союз кезинде Жусуп Мамайды Кыргызстанга чакыруу боюнча маселени Чыңгыз Төрөкулович болуп чогуу чечкенбиз. Кытайда Жусуп Мамай деген чоң манасчы бар, чакырбайлыбы деп сунуш кылсам Айтматов макул болуп, анан төраганын атынан чакыруу жибергенбиз. Ал киши келген соң мен Таласты, Нарынды кыдырткам.
Биздин кээ бир окумуштуулар Жусуп Мамайды жазган манасчы экен деп атышпайбы. Ал таланттуу манасчы, мурун эпосту жатка айткан, кийин шартка жараша жазып калган. Өзүнүн чебер устаттары болгон. Кытайдан отуз-кырктай, балким андан да көп манасчылар чыккан. Биздин Сагынбай барган бир убакта, аны менен айтышкан манасчылар болгон. Жусуп Мамай ошолордон үйрөнүп таалим алган, азыркы замандагы эң залкар, кадыр-барктуу манасчылардын бири. Жусуп Мамай жөнүндө китептерди чыгарып, киного тартышыбыз керек. Учурунда "Манас" орденин бериш керек деп маселе көтөрдүк эле аны алды окшойт. Айтор, биз кыргыз жазуучулары, окумуштуулар ал кишини көзү тирүүсүндө ардактап, сыйлап алышыбыз керек.
Р.КАДЫРБАЕВА,
КРнын Улуттук илимдер академиясынын
мүчө-корреспонденти, филология
илимдеринин доктору, профессор:
- Эгерде биз улуу Сагымбай,
Саякбай баштаган манасчылардын көркөм мурасына таянсак, кытайлык окумуштуулар улуу чыгармачыл инсан Жусуп Мамай баштаган айтуучуларга таянышат. 1984-1995-жылдардын аралыгында Жусуп Мамайдын вариантынын 18 томдугу жарык көргөн. Мына ушул варианттын негизинде Кыргызстандын окурмандары үчүн атайы кириллицага түшүрүлүп, Шинжаң эл басмасы тарабынан 2004-жылы 1780 беттен турган бир томдугун жарыкка чыгарышкан. Ооба, бул катардагы окуя эмес экени талашсыз чындык.
Кеп бул жерде сырткы көлөмүндө гана эмес, маселенин маңызы Жусуп Мамай өзү "жазып", өзү "кагазга түшүрүп" жараткан эпостун варианты классикалык сюжеттин жана мотивдердин негизин сактаганына карабастан мазмуну боюнча, бөтөнчө көркөмдүк түзүлүш өзгөчөлүктөрү боюнча Сагымбайдын, Саякбайдын варианттарынан айырмаланып турат. Башкасын айтпаганда деле, улуу эпостун "Кененим", "Сейит", "Асылбача-Бекбача", "Сомбилек", "Чигитей" сыяктанып андан ары узарып, "циклизацияланышын" айырмаланган белги катары караса болот.
"Манас" эпосунун мындайча узарыш себептерин жаралыш булактарын аныктоо үчүн атайын этнографиялык, тарыхый, тилдик, фольклордук изилдөө иштерин талап этери белгилүү. Айтор, кандай болсо да Сагымбай, Саякбай же болбосо Тоголок Молдо, Ыбрайым Абдрахмановдон кескин айырмаланып, Жусуп Мамай башка тарыхый-со-
циалдык шарттарда башкача поэтикалык дүйнөдө жаралып, жашагандыктан бул манасчы улуу эпостун өзүнчө, өз алдынча бөлүнүп турган көп тармактуу, көп салаалуу ва-
риантын жараткан деп айтышка толук негиз бар.
К.ЖУМАЛИЕВ,
К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы:
- Кытай Эл Республикасына караштуу кыргыздардын арасынан чыккан жазгыч манасчылардын эң көрүнүктүүсү - Жусуп МАМАЙ. Жусуп Мамай 1918-жылы 4-майда азыркы Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун Ак-Чий ооданына караштуу Кара-Булак айылынын Мерген деген жериндеги Ат-Жайлоо кошунунда малчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Кичинекей кезинен эле ал ар нерсеге жөндөмдүү, ырга шыктуу, ышкыбоз бала болгон. Ал бала чагынан эле куйма кулак карылардын сөздөрүн, элдик ырларды, уламыштарды, дастандарды кулагына кыт куюп, аларды сиңирип алуу менен кайрадан иштеп чыккан.
Жусуп Мамай эң алгачкы жолу "Манасты" агасы Балбайдан угуп, андан үлгү алган. Балбай Мамай (1896-1937) өз кезинде Какшаалдын баш-аягына таанымал билимдүү адам болуп, ал ары коомдук ишмер, ары көркөм өнөрпоз, ары манасчы болгон. Эл дайыма Балбайды үйүнө чакырып, мал союп, "Манас" айттырып, коомдогу жаңылыктардан кеп салдырып, элдик көркөм чыгармаларды айттырып турушкан. Күндөрдүн биринде агасы Балбай кара булгаары кайыш куржунду алып келип: "Мына, сегиз урпак - "Манас". Мындан мурун сага бирден китеп берип жүрдүм эле. Бүгүн сага толук берейин. Жакып (Балбайдын чоң баласы, Кара-Чийде окуп жаткан) бул китептерди кур алатчылык деп кадырлабайт. Анткени, ал жаңы окушка окуп калды. Ал бул китептерди улгайган мезгилде окубаса, азыр окубайт. Калган балдар кичик", - деп ага берип, кол жазмаларды кантип, кандай жол менен жыйнагандыгы тууралуу: "1916-жылкы чоң качкында келген элдерден угуп, ар кандай киши "Манасты" канча билем десе, ошончо жазып алдым. Кээ биринде кол жазма бар экен, аны сатып алдым", - деген.
Эң алгачкы жолу "Манасты" Жусуп өзүнүн агасы жана устаты Балбайдын кол жазмалары аркылуу таанышып, эпосту айтуу ыкмаларын, кырааттарын, кыймыл-аракеттерди, кол жаңсоолорду, мимикаларды ж.б. үйрөнөт. Башка манасчылардай эле Жусуп Мамай да "Манасты" айтып калуусун түш көрүү жолу менен байланыштырат. Жусуп Мамай отуз жашка чыкканга чейин көзү үргүлөп кетсе эле, "Манас" айтып чыкчу болот. Эң алгачкы жолу Жусуп Манасты түшүндө он жашында көргөн экен.
1931-жылы Кытай тарапка Ат-Башыдан Абдылда, Кулчун башында турган кишилер качып барышат. Алардан Жусуп Мамай славян жазуусун, эсеп-чотту үйрөнөт. 1934-жылдары айыл арасында мектеп курула баштаганда, Жусуп Мамай да сабатсыздардын арасына кошулуп, кат жазууну толук өздөштүрүп чыгат. Жусуп он сегиз жашында алгач ирет айтканда "Алмамбеттин арманынан" баштап, жети күн айтып, Манас баатырдын өлүмүнө чейин айтат. Элдин баары дүрбөп, "Манас" угабыз деп ар күнү түндөсү уктабай тыңшашат. Жусупту баары бирдей: "Бул бала ушул жашында ушундай айтса, келечекте чоң манасчы болчудай" дешет. Бул Жусуптун тунгуч ирет эл трабынан "манасчы" деген улуу атакты алышы эле. Агасы Балбайдан алган таасиринен улам Жусуп Мамай "Манасты" толук жазып чыккан. Тилекке каршы, анын жазган кол жазмалары жоголуп кеткен.
1978-жылы декабрь айында Жусуп Мамай Пекинге чакырылып, андан "Манасты" кагаз бетине түшүрүү иши колго алына баштайт. Себеби, 1964-жылы андан жазылган кол жазмалардын ичинен "Семетей" бөлүгүнөн башкасын дайынсыз жоголуп кеткендигине байланыштуу, ал "Манасты" жана анын урпактарын кайрадан айтып берип жаздырат.
Ушул учурда "Сомбилетен" 12000 сап, сегизинчи урпак "Чигитейден" 12000 сап айтып, Сакен Өмүр кагазга түшүрөт. Жусуп Мамай мурда айткан "Манастын" сегиз урпагын алымчалап-кошумчалап жаңыртат. Унутулуп эстен чыгып кеткен жерлерин кайрадан кагаз бетине толуктап түшүргөн. Анын маңдай теринин акыбети кайтып, 1984-жылы анын айткан "Манас" эпосунун варианты басмадан басылып чыгып, окурмандарга тартууланган.
К.АБАКИРОВ,
Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти, ф.и.к., кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы:
- Жусуп Мамай аксакалдын жазуусу менен жарык көргөн "Манас" аттуу эпосу кыргыз манасиядасында татыктуу орду бар өзгөчө бараандуу көрүнүш экендиги шексиз. Ал эми аны жазгыч манасчы деп атоо анын аброюна шек келтиргендикке жатпайт да, болгону бул жерде Саякбай жана Сагымбайдан жандуу аткаруу процессинде жазылып алынган "Манас" менен жеке автор өңдүү ойлонуп, оңдоп-түзөп дегендей мүнөздө кагаз бетине түшүрүлгөн "Манасты" айырмалоо максаты көздөлөт. Буга дейре Т.Молдо, кийин У.Мамбеталиев, Д.Сыдыков ж.б. эпостун кийинки бөлүмдөрүн өзүлөрүнүн жазуусу менен тапшырышканын эл билет. Бирок, кантсе да аткарылып жатканда жазылып алынган "Манас" менен аткаруучу өзү жазган "Манастын" ортосунда айырмачылык кааласаң да, каалабасаң да болбой койбойт. Бул эми терең жана кеңири караштырууну талап эткен маселе.
Ж.Мамайдын биздин колубуздагы "Манасы" чын-чынына келгенде жазгыч манасчынын варианты болуп эсептелет. Ал сөзсүз түрдө оңдоо-түзөөлөргө дуушар болгон. Андай оңдоп-түзөөлөр чыгарманын өзөктүү эпикалык формулаларына олуттуу таасир бербегени менен жалпы камкордук, идеялык түзүмүнө из калтырбай койбойт. Аксакал манасчы муну эң сонун түшүнөт деп ойлойм. Жусуп Мамай эпосту эркин аткарчу экен. Бирок, кептин баары ошол эркин, оозеки аткарылган "Манас" эмес, манасчы өз колу менен жайбаракат отуруп алып жазып берген "Манас" эл колуна тийгендигинде болуп жатат. Ал кишинин билимдүүлүгү (коом, саясат, дүйнө ж.б. жөнүндө) бул ишке өз таасирин анча-мынча болсо да тийгизген эмес деп айта албайбыз. Сагымбай деле эпоско замбирек, тапанча, телефонго чейин киргизип жибергени белгилүү.
Кептин баары ошол жазма ва-риант салттуу "Манаска" канчалык туура келет деген маселеге барып такалат. Варианттар эч убакта бири-бирине 100 пайыз дал келбейт. Бул табигый көрүнүш. Бирок элде Сагымбай, Саякбай, Шаабай, Шапак, Багыш (Тыныбек, Чоюкелерди айтпаган күндө да) сыяктуу залкар манасчылардын айткан "Манастары" кабылданып, салттуу мүнөзгө ээ болуп калганын эске алуубуз зарыл. Ошондуктан Ж.Мамайдын жазма варианты Ала-Тоодо кылымдап айтылып, салттуу болуп калган "Манас" канчалык шайкеш келет. Ал ошол эле чыгармабы же олуттуу өзгөчөлүктөрү барбы? - деген маселе атайын өзүнчө иликтөөнү талап кылат.
Менимче, бул маселени кечиктирбей изилдөө зарыл. Анткени, Ж.Мамайдын "Манасына" көз жумду мамиле кылууга болбойт. Ошондой эле эпостун Ж.Мамайдын жазуусундагы кийинки бөлүмдөрү ("Семетей", "Сейтек" ж.б. сегиз муун) да терең иликтениши керек.
С.ДЮШЕМБИЕВ,
И.Арабаев атындагы
КМУнун доценти:
- Кытайлык манасчы Жусуп Мамай "Мен "Манасты" кандай айтып калдым?" аттуу макаласында: Мен айткан бул "Манас" агам Балбайдын ар кайсы варианттарды улап жазганы. Кол жазмасын ата-энеме дайыма окуп берип жана өзүм кызыгып окуп көкүрөккө кат кылып калган экем. 1978-жылдан бери карай улам унуткан жеримди эстеп,толуктап отуруп бүгүнкү күндө сегиз урпак "Манасты" алгачкы иретте кагаз бетине түшүрүп болдум", - дейт. Өзү белгилеп тургандай, учурунда Жусубакун, Эшмат, Ыбрайым (кытайлык манасчылар) Тыныбек, Сагымбай, Чоюке сыяктуу залкар манасчылардан жазып алышкан "Манасын" өздөштүрүп, өзүнүн вариантын жаратууга аракет кылган. Жазгыч манасчылар адатта эпостун жалпы сюжеттик өзөгү менен мурдатан таанышып, өздөштүрүп
кийин өздөрү вариант түзө башташканда эпостун кайсы жерине кандай окуя, кандай эпизод, кандай
каарман киргизээрин алдын-ала ойлонушуп, ага аң-сезимдүү мамиле жасашат.
Эпосто элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, анын жүрөгүнөн түнөк алган, эч нерсеге алмаштырып, аларга чаң жуктурбаган каармандары бар. Кандай гана шарт болбосун алардын образдары журт атасы, эл баатыры катары каралып, аларга өзгөчө ишеним артылып, көңүлүндө көкөлөтүп алып жүрүшөт.
Негизинен эле Кытайдагы манастаануу илими башка багытта өнүгөт. Алар "Манас" эпосун эпикалык эмес, тарыхый чыгарма катары карашат. Ошондон улам эпикалык салт, эпикалык образ, эпикалык борбор деген түшүнүктөргө башкача түшүндүрмө берилет. Кыргыздар кытайларга каршы күрөшүп, Чет, Орто, Түп Бээжинге казатка чыгышкан эмес. Алар кара кытайларга ж.б. каршы күрөшкөн, Бээжин кыргыздар биз билген Бээжин эмес, Бенш Балык ж.б. деп түшүндүрүүгө аракет жасашып, илимий эмгектеринде да ошондой иликтөө жүргүзүшөт.
Биз жогоруда белгилегендей эки мамлекеттин манастаануу илими эки башка багытта өнүгөт. Кыргыз манастаануу илимий жалпы дүйнөлүк фольклористка илиминин жетишкендиктерине таянат. Ал эми коңшу мамлекеттин илминин өзүнүн тандап алган жолу бар, аны өздөрү жакшы билишет. Ошондуктан, эки жактын илимий жетишкениктерин өз алдынча карап, аларды чабыштыруунун, бирине-бирин карама-каршы коюп, бири туура, бири туура эмес деп жыйынтык чыгаруунун, талап кылуунун өзү илимий чөйрөдө алдын көрө албаган, абдан олдоксон көрүнүш.
М.МУКАСОВ,
филология илиминин
кандидаты:
- Жунгодогу кыргыздар "Манас" эпосуна акыркы учурларда абдан маани берип, аларды жыйноо, бастырып чыгаруу иштерин жигердүүлүк менен ишке ашырып жатышат.
(Уландысы 11-бетте)









кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
11-ноябрь, 2011-ж.:










??.??