Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1111_4.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1111_4.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/1111_4.htm on line 2


п»ї
  ШКУнун алкагында

Ортолук банк ири долбоорлорду каржылайт
7-ноябрда Санкт-Петербург шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити өттү. Анда ШКУ алдында ири масштабдагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну тереңдетүүдө мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары ортолук банк ачып, ири долбоорлорду каржылоо маселеси чечилди. Натыйжада Кыргызстандан Чыгыш Азияга чыга турган "CASA-1000" электр линиясын жана Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу ишке ашканы турат.

Саммитте уюмдун катышуучулары Кыргызстандагы президенттик шайлоо демократиялык жол менен өткөндүгүнө баа беришип, саясий өзгөрүүлөр менен куттукташты.
Өкмөт жетекчилери талкууда негизинен экономикалык байланыштарга токтолушту. Дүйнөлүк экономикалык өнүгүүсүнүн басаңдашы ШКУнун аймагына анча деле таасир бербей, туруктуулук сакталып жаткандыгы айтылды. Бул жыйында транспорт, телекоммуникация, илим жана технология, инновация, энергетика, айыл чарба, соода, туризм жана башка тармактар боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Негизгилерден болуп аймактык коопсуздук, террорчулукка, сепаратизмге, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери талкууланды. "Биргелешкен аракеттер менен биз Шанхай кызматташтык уюмун сапаттуу жана жаңы деңгээлге көтөрө алабыз. Бул демилгени шарттаган документти жактырып, кыска мөөнөттүн ичинде кол коюуну сунуштайм. Уюмга мүчө өлкөлөр жана биздин өнөктөштөр кирген энергетикалык клубду түзүү боюнча демилгени колдойм. Бул боюнча маселе жакынкы күндөрү Москвада өткөн жогорку деңгээлдеги жолугушууда сөз болгон", - деди Владимир Путин.
Өзгөчө ишкерлер кеңешинин ролуна оң баа берилди. Бул тармакты күчөтүү үчүн жыйындын катышуучулары ШКУнун атайын өнүгүү банкын түзүү керектигине токтолушту. Өнүгүү банкы аркылуу уюмдун карамагындагы долбоорлорду каржылоого кенен жол ачылат. Ал боюнча программаны мамлекет жетекчилери Кытайда өтө турган саммитке чейин иштеп чыгуу тапшырмасын беришти.
"Кыргызстан соода-экономикалык байланышка өтө көңүл бурат. Мындан улам бул маселени биз аймактык жактан жакын өлкөлөр менен чечүү маанилүү. Экономикалык алаканы бекемдөө үчүн Кытай тараптан Шанхай кызматташтык уюмунун өнүгүү банкын түзүү демилгесин дагы колдойбуз. Ал экономикалык ири долбоорлорду ишке ашырууга жардам берет", - деген Өмүрбек Бабанов өнүгүү банкынын ачылышы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун жана "CASA-1000" электр жеткирүүчү түйүндөрүн каржылоого көмөк көрсөтөрүн билдирди. Андан сырткары Премьер-министрдин милдетин аткаруучу энергетикалык коопсуздук боюнча клуб түзүүнү сунуштады. "Энергетикалык коопсуздук клубун түзүүнү колдойбуз. Ал эми "CASA-1000" долбоорун каржылоону дүйнөлүк банк дагы колдоого алды. Ал эми Россия тарап болсо 500 миллион доллар бөлүүгө даяр", - деди Владимир Путин.
Жыйындын аягында өкмөт жетекчилери Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу уюмдун 2012-жылкы бюджети, каржылык отчёту сыяктуу бир катар иш кагаздарына кол коюшту. Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн жана дүйнө экономикасынын абалына карата бирдиктүү кайрылуу кабыл алынды. Мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кезектеги, 2012-жылдагы саммити Кыргызстанда өтө турган болду.
Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу"








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
11-ноябрь, 2011-ж.:










??.??