"Кыргыз туусу", 11.11.11
  Бир суроо - көп жооп

Роза Отунбаева президенттик
милдетин аткара алдыбы?
Кыргызстандын Президенти Роза Отунбаева өзүнүн милдетин жаңы мамлекет башчысына өткөрүп берүүгө даярданууда. Бул окуя өлкөдө өткөөл мезгилдин аяктагандыгын билдирет. Республиканын тарыхында бул биринчи жолу тынчтык жолу менен болуп өтөт. Жарандык активисттер ал турмак акция өткөрүшүп, Ак үйдүн тосмосунун жанына ондогон роза гүлдөрү менен "Ыракмат, Роза!" деп жазышып, ыраазычылыктарын билдиришти. Бул республика үчүн оор мезгилде туруктуулукту сактагандыгы үчүн Роза Исаковнага ыраазычылык билдирүү иш-чарасынан болуп калды.
"Кыргыз Туусу" гезитинин кабарчылары Роза Отунбаеванын өткөөл мезгилдин президентинин милдеттерин кандайча орундаткандыгы тууралуу өлкөнүн жарандарына суроо узатышкан.

Эркектер жасабаган
жакшы иш жасады
Адегенде Роза Отунбаеванын ишине алымсынбай жүрчү элем. Акыркы учурларда саясий жагдай шартка баа берип, тең салмакта кармап, шайлоону таза, эч кандай административдик ресурстарды пайдаландырбай, калыс өткөргөнүнө аябай ыраазы болдум. Ал киши эркектер жасабаган жакшы иш жасады. Роза Исаковнанын оппозицияда жүргөн эмгеги да чоң, мамлекет башчысы катары да зор иштерди жасады, ушул эмгектерине ыраазы болуу менен ишин толук, так, таза аткарды, тегерегине бир туугандарын, жакындарын аралаштырбай иштеди деп Кыргыз Республикасынын Баатыры деген сыйлыкты ыйгаруу керек. Р.Отунбаеванын эмгегине эл ыраазы, эл ичинде мен да ыраазымын.
Сыртбай МУСАЕВ,
филология илимдеринин доктору, профессор


Тарыхтагы орду зор
Өлкө тагдыры кырдын кырында турган учурда эр азаматтар көтөрө албаган жүктү аялзаты болсо да көтөрүп кетти. Өткөн жылдын 27-июнундагы референдумда аны эл президент кылып өзү шайлады. Эженин мамлекетти башкаруу учурунда өтө оор таймаш менен былтыркы парламенттик, быйылкы президенттик шайлоолор тынч өткөндүгүндө ролу абдан зор. Быйыл Курманжан датканын 200, Уркуя Салиеванын 100 жылдыктары белгиленди. Бул абдан символикалуу көрүнүш. Мен жогорудагы эки аялзатынын тарыхтагы орду кандай болсо Роза Отунбаеванын кыргыз тарыхындагы ролу ошондой деп баалайм.
Ыргал КАДЫРАЛИЕВА,
ЖКнын депутаты


Өлкөгө туруктуулук
орното алды
- Ооба, анткени кыйын учурда бийлик башында туруп, апрель революциясынан кийинки баш аламандыктарды жеңип, өлкөгө туруктуулук орнотуп, канчалык татаал болсо да өзүнүн тарыхый миссиясын аткарды. Мен кыргыз эли ага ыраазы деп ойлойм. Ошондуктан Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү өткөн жылдагы революциядан кийин аны лидерликке туура тандап алышкан деп эсептейм.
Тайырбек САРПАШЕВ,
коомдук ишмер,
парламенттин экс-депутаты.


"Ата-Бейиттеги"
антын аткарды
1,5 жыл мурда Роза Отунбаева "Ата-Бейитте" 7-апрелдеги окко учкан эр азаматтардын кабырында туруп, мамлекетке ак кызмат кыла тургандыгын айтып, ант берген. Ошол антын аткарды. Анын республикадагы кен-байлыктардын же бир мамлекеттин мүлкүнө көзүн артып, колун салганын уккан жокпуз. Ички-тышкы саясатта тажрыйбалуу дипломат экендигин дагы бир ирет тастыктады. Эженин мамлекеттик башкаруу иштериндеги тажрыйбасын мындан ары да пайдаланышыбыз керек.
Курманбек ДЫЙКАНБАЕВ,
ЖКнын депутаты


Өзүн алгачкы карлыгач катары көрсөттү
Роза Отунбаева президенттик милдетин өтө кыйын кырдаалда, кыска мөөнөттө ак ниет, калыс аткарды. Ошону менен катар эле Р.Отунбаева өзүн Орто Азиянын тарыхында биринчи жолу бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берген Президенттердин алгачкы карлыгачы катары жана саясатта туура жолду тандап алган дүйнөлүк саясатчы катары көрсөтө алды.
Кален СЫДЫКОВА,
публицист, коомдук ишмер


Тарыхта калат
- Эң биринчи жолу Орто Азияда өз эрки менен постун өткөрүп бергендиги жана 7-апрелдеги революциядан кийин эч коркпой туруп өлкө башчысы катары чоң жоопкерчиликти мойнуна алганы менен тарыхта кала турган Президент болду. Ал эми ишине толук канааттана алган жокмун. Ушул эле кыска мөөнөттө бир топ укмуштуудай иштерди жасай алат болчу. Буга жетише албай калганынын ар кандай себептери болуп калды деп ойлойм. Мисалы, бийликке өзүнүн командасы жана даярдыгы жок, күтүүсүз келип калгандыгы.
Жумадин КАДЫРОВ,
"Бийиктик" басмасынын директору


Эл аралык коомчулукка таанылганы
аброй алып келди
- Абдан жакшы аткарды. Кыйынчылыкка моюн бербей, өлкөнү туруктуу өнүгүү жолуна багыттай алды. Албетте, апрель революциясынан кийин бийликке келишкен лидерлердин башкалары деле бул вазийпаны аткара алмактыр. Бирок, алардын ичинен эл аралык коомчулукка таанылганы, чет мамлекеттер эл аралык уюмдар менен сүйлөшө алганы Роза Отунбаева болуп жатпайбы! Өткөөл мезгилде мамлекет башында турган Р.Отунбаеванын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын баалоодо мына ушуну да эске алуу керек.
Марат КАЗАКПАЕВ,
саясат таануучу


Баягы айга-күнгө
теңегендер...
- Мурда Левитин деген жөөт кыргыздардын башын айлантып, Конституциясын каалагандай калчап өзгөрткөн болсо, эми "дубананын чапанындай" конституцияны Текебаев баш болгон Убактылуу Өкмөттүн он төрт мүчөсү элдин эмес, өздөрүнүн кызыкчылыгында кабыл алышты. Референдумда өткөөл мезгилдин президенти деп Отунбаеванын фамилиясы жазылбады. Атайын президенттик шайлоо болуп, эл шайлаган эмес.
Отунбаеваны жалпы эл шайлабагандан кийин экс-президент деген статусту берүүгө болбойт. Акаев, Бакиевди айга, күнгө теңеп келген жасакерлер дагы эле эл баатыры, экс-президент кылабыз деп жатышат. Ал "өткөөл мезгилди тынч жол менен өткөрүп берем" дегени менен өз ордун СДПКнын лидери Атамбаевге иштеп берди. Отунбаева да СДПКдан депутат болгону белгилүү. Өткөөл мезгилдин гана президенти катары тарыхта калыш керек. Албетте, Роза Отунбаеванын кыргыз саясатында өз орду бар экенин эч ким тана албайт.
Бекен НАЗАРАЛИЕВ,
"Жаңы Ордо" гезитинин
башкы редактору