"Кыргыз туусу", 11.11.11
  Мамлекетти түптөгөндөрдүн гүлбагында

Абды Сүйөркуловдун
айкели ачылды
Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абды Сүйөркуловдун кыргыз мамлекетин түптөгөн замандаштарынын "Эркиндик" гүлбагындагы катарында айкел-эстелиги ачылды. Бул салтанатка Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева катышып, сөз сүйлөдү.

Президент айкелдин ачылышында Абды Сүйөркуловдун өз мекенине, элине берилген таза жүрөгү менен жараткан ийгиликтери өз учурунда Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө баалуу салым кошкондугун айтты. Атап айтканда 1950-58-жылдарда Кыргызстандагы бир нече жогорку окуу жайлардын, театрлардын ачылышы, илимий мекемелер, суу сактагычтардын курулушу, өлкөбүздүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген данакер Бишкек-Ош жолунун курулушуна эбегейсиз эмгегин жумшаганына сыймыктануу менен токтолду. Ошол кездеги мамлекет башчысы Исхак Раззаков менен биргелешкен максаттарды ишке ашырууда Кыргыз ССР Министрлер Советинин председатели болуп турган Абды Сүйөркулов жараткан ийгиликтер бүгүнкү күндүн муундарына чейин кызмат кылып жаткандыгы теңдешсиз эмгек экендигин баса белгиледи.
Роза Отунбаева сөзүндө Абды Сүйөркуловдун чыгармачыл инсандарга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурган камкордугуна да далилдүү мисалдарды келтирди.
- Бул бульвардын чакан булуңу биздин мамлекетибиздин көрөңгөсүн түзгөн ыйык аянты, акыл ордосу, руханий уюткусу болуп калды. Абды Сүйөркуловдун да айкелин тургузуу менен бүткүл өмүрүн элге, өлкөсүнө арнаган, болочоктун пайдубалын тургузган инсандарга таазим кылып жатабыз. Жана да бул окуя республикабыздын тарыхынын алдында жоопкерчиликти тереңирээк сезүүгө түрткү болууда, - деди Роза Отунбаева.
Ал эми Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ибрагим Жунусов өз сөзүндө Абды Сүйөркуловдой кыргыздын чыгаан уулдарын улуу окумуштуулардын бири " Монголстандын арстандары" деп атаганын сыймыктануу менен мисалга келтирди. "Образдуу айтканда биз ошол арстандай агаларыбыздын аллеясында чогулуп, таазим этип олтурабыз. Абды Сүйөркулович Исхак Раззаков менен үзөңгүлөш болуп иштеп, Кыргызстанды көтөргөн кишилер. Алар иштеп турганда экономика гана эмес, социалдык чөйрө дагы өскөн. Тирүүлөрдүн парзы, карызы экен, өткөндөргө ызаат көрсөтө албасак, келечек дагы бизге ызаат көрсөтпөйт. Өткөн чак, учур чак, келер чак бар, ушул үч чакты бирдей карап, өткөн чакка баа берип, учур чакты барктай албасак, келер чак дагы бизди барктабайт",- деди Ибрагим Жунусов.
Эстеликтин ачылыш салтанатында замандаштарынын атынан академик Иса Бекбоев Абды Сүйөркуловдун мамлекеттик ишмер катары дагы, адамдык бийик сапаты тууралуу дагы астейдил эскерүү сүйлөдү. Ал эми Абды Сүйөркуловдун жердештеринин атынан "Кетмен-Төбө-Биримдик" коомдук уюмунун жетекчиси, генерал-лейтенант Калмурат Садиев кыргыз мамлекетин түптөгөн мамлекеттик ишмерлердин катарына Абды Сүйөркуловдун эстелигинин тургузулушу үчүн Кетмен-Төбө элинин атынан мамлекет жетекчилигине ыраазылык билдирди, ошондой эле көптөн берки элдин мүдөө, тилегине ылайык өз учурундагы кыргыз элине калтырган залкар эмгеги үчүн Бишкек-Ош жолуна Абды Сүйөркуловдун ысымын берүүнү мамлекет жетекчилиги эске алуусун өтүндү.
Салтанаттын акырында Абды Сүйөркуловдун уулу Энвер Сүйөркулов, небереси Нурлан Сүйөркулов Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жетекчилигине, Өкмөтүнө ыраазылык билдиришти.
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"




Биринчи байлык - ден соолук
Жаңы төрөлгөн 100 баланын
22си чарчап калууда
Эки жыл ичинде энелердин зыянга учурашы
36 пайызга, ал эми ымыркайлардын өлүмү 28 пайызга кыскарды.
Ошондой болсо да,
Кыргызстан "Миң
жылдыктын чакырыктары программасынын эне жана бала өлүмүн кыскартуу боюнча талаптарын" аткара албай келатат.
Тактап айтканда,
энелердин өлүмү
2016-жылга чейин үч эсе, ымыркайлардын өлүмү эки эсеге төмөндөшү керек болчу.

Мындай маалыматты Балдардын жана энелердин ден соолугун коргоо улуттук борборунун 50 жылдык мааракесине арналган жыйында аталган борбордун директору Камчыбек Узакбаев билдирди.
К.Узакбаев жыл сайын төрөттөн 10 миң аялдын 55и каза табаарын айтты. "Жаңы төрөлгөн миң баланын жыйырма экиси чарчап калууда. Бул темп менен биз Миң жылдыктын чакырыктарынын талаптарын аткара албайбыз", - деди ал.
Мындан сырткары, жыйында К.Узакбаев балдардын жана аялдардын анемия менен көп жабыркап жаткандыгын кошумчалады.
Ал эми аталган борбордун 50 жылдык мааракесине катышкан КРнын Президенти Роза Отунбаева Кыргызстандагы ар бир жетинчи бала өсүү жагынан артта калып жатканына, эки жашка чейинки ар бир экинчи бала аз кандуулукка чалдыккандар экендигине токтолду.
Ошондой эле Президент жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылып, эне-балага кам көрүү маселесине активдүү катышып, чагылдырууга чакырды. "Биздин коомчулукка эне менен баланын саламаттыгын камсыздоо, ага кам көрүү канчалык зарыл экендигин айтышыбыз керек", - деди Р.Отунбаева.
Мындан сырткары Президент биздин мамлекеттин көз карандысыздыкка ээ болгондон тарта, эң биринчи милдети - мыйзамдуу саламаттыкты сактоо базасын түзүү болгондугун белгиледи. Анын айтымында, 2009-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан "Балдарды эмчек сүтү менен тамактандыруу жана жасалма тамак даярдоо ишин жөнгө салуу" мыйзамы кабыл алынган. Ал эми бүгүнкү күндө "Элдин ден соолугун жакшыртуу" улуттук программасы, "Жаны муун" жана "Кыргызстан жаштары" мамлекеттик программалары, кыргыз-немец финансылык кызматташуусунун алкагында "Кыргыз Республикасында жардам берүүнү жакшыртуу" программасы иштеп жатат.
Ошондой эле Президент саламаттыкты сактоо ишине бүт өмүрүн арнап келе жаткан, өзгөчө алыскы аймактарда, кыйын шарттарга карабай иштеп жатышкан дарыгерлерге терең ыраазычылык билдирди. "Биз алдыга гана кете беребиз. Жаңы ооруканаларды курабыз. Иштеп жаткан ооруканалардын материалдык-техникалык абалын жакшыртабыз. Сиздер, баарыңыздар, өлкөнүн патриотторусуздар, элибиздин саламаттыгы сиздердин башкы сыйлыгыңыздар!" - деди мамлекет башчысы.
Аталган жыйынга саламаттыкты сактоо кызматкерлеринен сырткары, ЖКнын депутаттары, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана АКШ менен Германиянын жетектөөчү адистери катышты.
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"