"Кыргыз туусу", 11.11.11
  Инсан

"Сиз баатырсыз, Топчуке!"
Коомчулукта "Кыргыз демократиясынын
атасы" деген атка татыктуу болгон Топчубек Тургуналиев жетимиш жашка чыкты. Ушуга байланыштуу Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Кыргыз Републикасынын азыркы саясий тарыхы. Саясат жана инсандар. Топчубек Тургуналиев" аттуу республикалык конференция өтүп, замандаштары Топчукенин эгемен мамлекетибиздин телчигип бутка турушуна кошкон салымын, коммунисттик режимге жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөшүүдөгү ролун белгилешти.

Төлөбек
АБДЫРАХМАНОВ,
И.Арабаев атындагы КМУнун ректору:
- Биздин университетте окуп, иштеп, жамааттын катарынан кайнап чыккан инсандардын бири - Топчубек Тургуналиев. Бизде 1964-жылдан 1994-жылга чейин иштептир. Ал аралыкта бул киши опера жана балет театрынын, музыкалык педагогикалык окуу жайдын директору болуп да иштеди. Москвадан аспирантураны бүтүрүп, кандидаттык диссертациясын коргоп келген.
Биз материалдарды карасак, МГУнун марксисттик-лениндик философия тарыхы кафедрасынын башчысы Косалаповдун докторлук диссертациясын бүтүрүп, монографиясын тапшырып, докторантуранын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу Кыргызстанга кайра кетти деген мүнөздөмөсү бар экен. Демек, бул киши докторлук диссертациясын да бүткөн. Бирок андан кийин коомдук жана саясий иштерге өтүп кеткендигине байланыштуу мүмкүн жактай албай калса керек.
Кыргызстандын өткөөл мезгилдеги тарыхы баарыбыз билгендей Топчукенин тагдыры менен байланыштуу. Кыргызстан жыйырма жылда эмнени башынан өткөрсө, бул киши да ошону башынан өткөрдү. Кечээ биздин университеттин окумуштуулар кеңешинин чечими менен бул кишиге университеттин "Ардактуу профессору" наамын бердик. Буюрса, биздин университетке профессор болуп кайтып келмей болду.
Азимбек БЕКНАЗАРОВ, экс-депутат:
- Топчукенин басып өткөн жолу Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан берки саясий тагдырына окшош деп айтсам жаңылбайм. Токсонунчу жылы Союз ыдырап, жаштар көчөгө чыгып, митинг өткөрүп атканда биз, студенттер, Топчуке философия кафедрасында лекция окуп жаткан жеринен суранып, аянтка алып чыктык эле. Мына ошол күндөн бери Топчукенин иниси, жердеши катары жанаша жүрүп келатам. Эгемендүүлүк жылдары баатырдык наамды абдан көптөрү алды. Мен чыныгы баатыр Топчуке деп эсептейм.
Төкөмдүн (Т.Касымбеков) "Сынган кылычында" Нүсүп атабызды баатыр дейт. Себеби, Шералыны алып келип, Кокон ханын алмаштырган. Эгерде ошондой салышты-
рып айта турган болсок, Топчуке жыйырма жылдын ичинде үч ханды алмаштырды. Апсамат Масалиевди ачкачылык жарыялап отуруп кетирди. 1990-жылы Аскар Акаевичти алып келди. 2005-жылы Курманбек Бакиевди алып келди. Ал 2010-жылы 7-апрелде кандай болуп кеткенин өзүңүздөр билесиздер. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы, жагабы, жакпайбы - бул ачуу чындык. Апрель революциясында Топчукенин ролу абдан чоң.
2006-жылы мен Конституциялык реформа боюнча жумушчу топтун башчысы болуп калдым. Июнь айында үч Конституциянын дол-
боорун Президентке тапшыралы деп 7-кабатка кирдик. Ошол жерде Топчуке президент экөө кайым айтыша түшүштү. Президент коё турбайсызбы деп колун жаңсаса Топчукең "эмнеге мага колуңду шилтейсиң", - деп ордунан ыргып турду. Азыркы премьер-министрдин милдетин атка-руучу Өмүрбек Бабанов да жумушчу топтун мүчөсү эле. Эшикке чыкканда айтат: "Ай, Азике, Топчуке илгерки эле бойдон турбайбы. Мен качан чаап иет экен деп коркуп кеттим", - дейт. Бул Топчубек Тургуналиевге гана таандык сапат. Эмне үчүн Топчуке бир да бийликке жаккан жок? Себеби, ошол бетке чабарлыгы, өзүнүн позициясын коё бербегендиги, көк беттиги менен. Ибрагим Жунусов 1184 күн түрмөдө болду деп айтып кетти.
Мен юрист катары, бул кишинин коргоочусу катары айтайын, Топчуке жалпы 28 жылга соттолду. Түрмөлөрдүн бардык режиминен өттү. Жанагы Аркадагы ал колония-поселение. Эң акырында катуу режимде, Ново-Покровкада өтөдү. Ошол жерде отурган жеринен 2000-жылы Аскар Акаевич БУУнун талабы менен чыгарууга аргасыз болду. Анда мен депутат элем, аксылыктардын өтүнүчү менен Топчукеге барып, Акаев чыгарган жатат, кечирим сурайм деп эки ооз кайрылуу жазып бериңиз десем, "жок, кечирим сурабайм, менин күнөөм жок, кандай кааласа ошондой чыгарсын", - деп койду. Арга жок мен депутат катары аксылыктардын атынан өтүнмө жазып, түрмөдөн чыгардык. Бирок акталган жок.
2005-жылы 24-марттан кийин мен Башкы прокурордун милдетин аткарып калдым. Топчуке, өтүнүч келтириңиз, Жогорку сот аркылуу сизди актаталы десем дагы эле "кандай кылып камасаңар ошондой кылып актагыла", - деди. Биз билген Топчуке мына ушундай. Апрель революциясынан кийин гана Топчуке өзүнүн ордун кичине болсо да таап атат деп эсептейм. Өткөөл мезгилдин президентине ырахмат, биринчи даражадагы "Манас" орденин ыйгарды.
Исмаил ИСАКОВ,
ЖК депутаты:
- Топчубек Тургуналиев жаңы Кыргызстандын тарыхында эркиндиктин, демократиялык институттардын калыптанышына өтө чоң салым кошкон улуу инсандардын бири. Мен бул айткан сөзүмдү бир мисал менен далилдегенге аракет кылайын. Кечээ жакында бүткүл дүйнө көрдү, Ливиянын жетекчиси Каддафини эл кармап, тепкилеп жок кылышты. Эмне үчүн? Ал жер коммунизм орногон өлкө болчу. Жашоо-турмуш жакшы, баалар арзан, билим берүү, саламаттыкты сактоо бекер.
Жаштар баш кошсо чоң суммада жардам көрсөтүлчү. Бирок ошого карабастан Каддафини жок кылышты. Себеби, бир нерсе - адамдардын эркиндиги жетишчү эмес. Адамдар өз оюн эркин айта алчу эмес. Мына ушундан улам эл ошондой кадамга барды. Эмне үчүн биздин эки президентибиз тең качып кетти? Алар дагы Каддафинин жолуна түшүп, эркиндикти басабыз дешкен. Бирок эл ага жол берген жок. Бул да болсо Топчукенин салымы. Биз ушундай адамдардын кошкон салымын ар бир жаранга, мектептеги балдарга, студенттерге түшүндүрүшүбүз керек. Мына ошондо өзүбүздүн мамлекетибизди, саясий, идеологиялык коопсуздукту сактап, өлкөбүздү өнүктүрүүгө чоң салым кошкон болобуз.
Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ,
ЖК депутаты:
- Мен Топчубек Тургуналиевичти 1990-жылдардан тартып билем. 90-жыл Кыргызстандын тарыхындагы бурулуш жылдардан болгон. Көз карандысыздык үчүн болгон күрөштү Топчубек Тургуналиевсиз элестетүү мүмкүн эмес. Мен 90-жылдарды Советтик империядан, Советтик монополдук идеологиядан эркиндикке чыгуу мезгили катары карайм. Бирок ал эркиндикке чыгууга кыргыз эли күрөшүп, аракет кылган эмес. Бийликте отурган элита да аракет кылган эмес. Ал бизге тарыхтын белеги болду. Бирок Кыргызстанда баары эле кол куушуруп отурган эмес.
Топчуке баштаган бир топ адамдар Кыргызстан демократиялык кыймылын түзүп, көз карандысыздыкка чыгуунун зарылдыгын компартияга да, карапайым элге да түшүндүргөнгө аракет кылышкан.1990-жылы декабрда Кыргызстандын көз каранды эместиги деген мамлекеттин эң негизги документин даярдоого түздөн-түз аралашып, көптөгөн сунуштарды киргизген. Мына ошол декларация 1993-жылкы Конституцияга негиз болуп, көз карандысыздыкты аныктаган негизги мыйзам болуп калды.
Токсон үчүнчү жылдагы Конституциянын кабыл алынышына да Топчубек Тургуналиевдин түздөн-түз тиешеси бар. Андан кийинки жылдары Кыргызстанда үй-бүлөлүк жеке бийликти орнотуу аракеттери башталганда ага каршы күрөштүн башында да Топчубек Тургуналиевич турду.
Топчукенин коомдук, саясий институттардын түзүлүшүнө да чоң салымы бар. Кыргызстандагы эң алгачкы "Эркин Кыргызстан" партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. "Эркин Кыргызстан" деп атты да бекеринен тандабаса керек. Эгерде биз 1991-жылы көз каранды эмес мамлекетти куруп, комму-
нисттик монополиядан эркиндикке чыктык десек, 2010-жылы үй-бүлөлүк диктатурадан, коркуудан эркиндикке чыктык. Мына ошонун негизги каармандарын бири - Топчубек Тургуналиевич.
Топчуке жыйырма жыл тынбай күрөшүп, саясаттан кетпей жүрөт. Мен да саясаттан кетпей жүрөм. Себеби, парламенттик бийликте жүрөм.Топчуке бийликте болбой туруп, жыйырма жыл саясатка таасир этип, өлкөнү өзгөртүп берип аткан феноменалдуу, жападан-жалгыз киши. Калгандары келет, кетет , бар болот, жок болот. Топчуке болсо тынымсыз келип отурат. Ал үчүн өзгөчө курч мүнөз керек. Үй-бүлөсү колдошу керек. Үй-бүлө колдобосо атырылып чыга албайт. Сабыркүл жеңебиз да Топчукени ар дайым колдойт.
Айгүлгө (менин аялыма) мындай деп айтып бериптир. Жеңеме белгисиз бирөөлөр телефон чалып, "күйөөңдү кой деп кой. Өлтүрүп коёбуз" дешет. Анда жеңебиз: "өлтүрсөңөр канализацияга тыгып койбой үйгө жакыныраак жерге таштагыла, мен оңоюраак тапкандай болоюн" деп айткан экен, ошол бойдон телефон чалбай калышыптыр. Бизге да ар кандай коркуткан телефон чалуулар көп болот да. Мен ошондон кийин кутулдум деп жеңебиз Айгүлгө акыл үйрөтүптүр.
Ташполот БАЛТАБАЕВ, ЖК депутаты:
- Мен саясатта эки кишини өзүмдүн кумирим деп эсептейм. Коомдук жаңы көз карашты калыптандырууга, кыргызга жаңы дух берүүгө өз салымын кошуп, кыргыздын тарыхында аттын кашкасындай бөлүнүп турган эки инсан бар. Алар: ыраматылык Дооронбек Садырбаев жана Топчубек Тургуна-лиев. 2005-жылы 24-мартта Ала-Тоо аянтында бул киши дирижер болуп, баарына сөз берип, микрофонду кармап турду.
Мен бу кишинин артында турам. Бир маалда ак кепкачандардын чабуулу башталып калды. Таш тим эле мөндүрдөй жаап атат, элдин баары качып, аянт беш эле мүнөттүн ичинде таптаза болуп калды. Бул кишини карасам акырына чейин качпай турду. Бул Топчукенин табиятынан болгон ички көз карандысыздыгы, кажыбас кайраты, энергиясы, эр жүрөктүүлүгү. Үч ханды кетирди, эми эс алганга даярданып турат дедиңиздер. Жок, бул киши эч убакта эс албайт. Бул кишинин ички энергиясы, адилеттүүлүк үчүн күн-түн дебей күрөшкөн маанайы эч убакта токтобойт. Сиз баатырсыз Топчуке, дайым баатыр болуп элдин эсинде каласыз.
Кусеин ИСАЕВ,
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин
профессору:
- Топчубек Тургуналиев XX кылымдын аягында, XXI кылымдын башында кыргыздын багына жаралган кайталангыс инсан. Мында акыл да бар, чечкиндүүлүк, баатырлык да бар. Токсонунчу жылдарда нагыз улуттук демократиянын кыймылы башталгандан бери ошонун башында турат. Бул өзү демократияны колдоо, коргоо боюнча, жайылтуу боюнча абсолюттук баатыр.
Алгачкы кыргыз демократиялык кыймылы уюшулганда ошолордун арасында жүрүп, анын идеологу болгон. "Майдан" деген гезит чыкчу. Гезиттин редакциясында жолугуп, Батыштын демократиясын биз эч убакта кабыл ала албайбыз, кыргыздын байыртадан бери келаткан көчмөндүк ачык демократиясы бар. Бул демократия ички, сырткы маданиятка, адептүүлүккө, калыстыкка, чынчылдыкка негизделген. Мына ушул демократияны биз мүмкүн болушунча кеңири түшүндүрүшүбүз керек деп сүйлөшчү элек.
Коммунисттик партиянын бийлигин кулатууда дагы кыймылдын башында туруп, ачкачылык жарыялагандардын арасында болгон. Эси ооп жатып калса дагы туруштук берген. Акаевдин башына калпак кийгизип, кийин биринчилерден болуп каяша айткандардын арасында болгон. 2005-жылдагы элдик ынкылаптын жеңишине дагы чоң салым кошту. Каркыра казакка кетип атканда каршы чыккандардын бири да ушул Топчуке. Эми жетимиш жаш деген Топчуке үчүн жигиттик курак. Бул кишиде кубат бар.
Элизбек
АЛЫПСАТАРОВ:
- Биз бул киши менен бир камерада чогуу жатып калдык. Дайыма саат алтыда турат да бир чака муздак сууну баштан ылдый куят. Балдардын баарына ушундай тарбия берди. Ошол жерде отурган, камалып атканда олку-солку болгон отуз тогуз бала чыкканда эркиндикти сүйгөн чыныгы революционер болуп чыгышты. Бийликтен элге куугунтук болсо чыгаан аксакалдар чыгат. Ошондой аксакалдардын бири - Топчуке. Мындай кишилер менен сыймыктаныш керек. Өкмөт ар кандай себептер менен баалабашы ыктымал, бирок эл баалайт.
Малабек
ТОКТОБОЛОТОВ:
- Топчуке менен биз бир айылда, бир сууну ичип чоңойгонбуз. Топчукенин көк жалдыгын жана башка мүнөздөрүн айттыңыздар. 20 жылдан бери туугандар өзүбүзчө отуруп сүйлөшкөндө, жолугушуп калганда жеңебиз акеңерге айтпайсыңарбы деп эле келатат. Айткан-деген менен акебиз өзү билет дейбиз биз. 20 жылдын ичинде бул кишини бир топ сындашты, ар кандай иштер башынан өттү. 70 жылдык өмүрүндө 28 жылга соттолот деген эмне шумдук! Аябай куугунтуктоо болгонун баарыбыз билебиз.
Топчуке биздин айылдан биринчилерден болуп борборго окууга келип, иштегендердин бири. Москвада да биздин айылдан биринчилерден болуп окуду. Атасы убагында башкарма болуп иштеген. Кийин жашы келгенде жылкы кармады.
Саяпкер. Топчуке да Тургунаалы
таекебиздин жолун жолдоп, саяпкерчилик кылып жүрөт. Бул кишинин азыр аттары, тайгандары бар. Андан башка Топчукем чөптөрдүн да дарылык касиеттерин билет. Авлетим тоосунун башында өзүңөр билесиңер, өтө көп чөп өсөт, ошо чөп бышкан маалда барып, эң керектүү тамырларын топтоп жүрөт. Ошон үчүн дале жапжаш.
Мамат САБЫРОВ,
"Кыргыз Туусу"