"Кыргыз туусу", 04.11.11
  Шайлоодон кийинки ой

Көзүм, көкүрөгүм ачылды
Томолок алтынды ичке катып алгандай...
Шайлоо өттү. Шайлоонун расмий байкоочусу катары көргөнүмдү, байкаганымды сиз менен бөлүшкүм келди, окурман.
Жалпысынан республикабызда коомдук - саясий аң-сезимдин болуп көрбөгөндөй өскөнү кубантты. Кай жердеги шайлоо участкасына барбаңыз жык-жыйма эл. Эки жагын элеңдеп, ишенимсиз кайсалактаганы жок. Көпчүлүк шайлоочулардын маанайы ачык, айрымдары томолок алтынды ичине катып алгандай болушуп, күдүңдөп, бачымыраак добуш берсек экен деп, шашылып турушту. Ошентип, эртеңки күнгө болгон үзүлбөгөн үмүттүн шооласын жашыра албай, кезек күтүп жатышты.
Эмнеге мынча көп талапкер президенттикке коёт деп, эл арасында нааразы болгондордун сөздөрү алыстан угулат. Ал эмес теледен да талапкерлердин санынын көптүгү боюнча каймана сын-пикир айткан (камчы өргөн чоң ата, тоокко жем чачкан чоң эне жана небере жөнүндө) видео ролик да тынымсыз берилип турду. Бул кырдаал, демократиялык процесстин өнүгүү эволюциясынын алгачкы жаңы башатын, эски көнүмүш көз караштын чанып, жактырбай турушу эле. Койсун, ар кимдин талапкер болушка конституциялык укуктары бар. А бирок ал татыктуу талапкерби, өлкө жүгүн көтөрө алабы, бул башка сөз. Бул ойду, суроону талапкерлерге бериш керек эле. Аларды мезгил өз ордуна коёт. Биз чыныгы демократиялык процессти баштан кечирип жатпайбызбы. Коомдук процесстерди адам баштан кечирмейин, көпчүлүгү алдын ала сын көз менен карап, ынанбайт, эч кимге айтпаганыбыз менен ар кимибиз өзүбүздү баарын билгендей жогору сезебиз. Өзгөчө кыргыз бир окуя, факт жөнүндө сөз болгондо өз көзү менен көрмөйүн күмөндөр болуп, ишенбейт.

Эмне үчүн шайлоо ачык-айкын өттү?
Бул сапар шайлообуз адилет, таза, ачык-айкын өткөнүнө баарыбыз күбө болдук, бир жагы баштан өтпөгөндүктөн, чындык асмандан эле түшкөндөй айран-таң калтырды. Мындай көрүнүштүн пайда болушунун кандай себептери бар, алар кайсылар?
1.Жогорку Кеңеште шайлоо боюнча мыйзамдын, мыйзам актыларынын негизинен туура иштелгендиги жана алардын аткарылышындагы көзөмөлдөрдүн ишке кириши.
2.Президенттин, аткаруу бийлигинин калыстыгы, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту сактоо боюнча көрсөтмөлөрү, кайрылуулары жана системалуу көзөмөлдөрүнүн аткарылышы.
3.Президенттин патриоттуулугу, эл алдындагы адилеттүүлүгүнүн ченеми, эл үчүн ниетинин тазалыгы, көсөмдүгү, көкүрөгүнүн ачыктыгы, Кыргызстан мен үчүн бардыгынан ыйык деген эс-тутумдун жүрөктө сакталышы.
4.Коомдук аң-сезимдин өнүгүп, саясий, социалдык-экономикалык өзгөрүштөрдү туура талдай алышы, илимий көз караштын эволюциясы.
5.Мамлекеттин өнүгүү жолунда демократиялуулук, укуктук мыйзамдуулуктун зарылдыгынын пайда болушу.
6.Кыргызстанда улуттук элитанын бар экендиги жана алардын деңгээли.
7.Демилгелүү, ойчул, илимий көз карашы бар, патриот жаштардын катарынын өсүп баратышы.
Шайлоонун адилеттүү, ачык- айкын мыйзам чегинде өтүшүнүн башкы себептеринин алгачкысы катарында Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жана мыйзамдуулук боюнча комитетине, анын башында турган Ө.Текебаевге жана
жаңы конституцияны парламенттик башкаруу системасына ылайыктап жазууда Текебаев менен бирге-
ликте чоң салым кошкон Д.Нарынбаевдин теориялык эмгектеринин негизи практика жүзүндө ишке ашты десем ашык болбос. Теке-
баевдин көсөмдүгү тынчтык, биримдик, демократиялык процесс, Кыргызстандын келечеги үчүн президенттикке талапкерликтен өзүн алып салышы, жалаң эле жигитчилик эмес, андан кыйла бийик болгон өлкө тагдыры тураарын эсинен чыгарган жок.
Р.Отунбаева Кыргыз тарыхында Курманжан, Уркуя энелерибизден кийинки эле апаат күндөрдө калк жүгүн моюнга алып, тайманбай демократиянын татаал-тайгак жолун басып, таза, демократиялуулуктун чегинде шайлоолорду өткөрүп, элин ишенимдүү ээрчите алды. Р.Отунбаеванын өтө адамдык бийик сапаттары, калыстыгы, өлкө кызыкчылыгы бардык кызыкчылыктардан
бийик тураарын даңазалоосу, коом өнүгүшү жөнүндө жана дипломатия боюнча терең билими менен элин туңгуюктан алып чыгып барат.
Бакиев, Акаевдердин жүрүм-
турумдары элди жакырдантып революцияга мажбурлады, албетте, кыйынчылыкка да такады, а бирок, калк ак-караны ажыратып, башкаруунун президенттик системасынан кутулбасак, элди шор басаарына, башка Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен эртерээк түшүнүштү жана түшүнүүгө жашоо да, алардын үй-бүлөлүк башкаруусу шарттап койду. Коомдук революциялар адамдардын аң-сезимин көтөрүп, ой жүгүртүүсүн өстүрүп, көз караштарын кеңейтти. Ошентип, мамлекетти башкаруунун парламенттик системасын тандоо табигый нерсеге айланды. Бул тандоо үй-бүлөлүк башкаруунун маңызын түшүнгөн соң, элдин ички кызыкчылыгынан келип чыкты, б.а. Ата-мекенчилер, СДПК, "Республика" ж.б. партияларынын лидерлеринин каалоосу эмес эле, ал табигый мыйзамга айланып калган. Эл аны түшүнүп, ал партиялардын идеяларын колдоп, чечкиндүү кадам шилтөөгө барышкан. Тарыхый окуялар (март - 2005, апрель, июнь - 2010) калктын аналитикалык деңгээлин көтөрүп, кайдыгерликти азайтып, демилгелүүлүктү көтөрүп койду. Коомдук аң-сезим кыйла өсүп кетти. Бүгүнкү демократиялык шайлоонун өзөгү ошол жакта жатат. Албетте, темирдей тартипти, авторитардык бийликти колдогон, реваншисттерди, жердешчиликти, тууганчылыкты туу туткандар да бар, а да табияттын мыйзам ченеми. Азыркы заманда коомдун өнүгүшү боюнча жеке көз караштан илимий көз карашка өтүү маанилүү болуп турат.
Менин байкашымча талапкерлердин жарнак-көрнөктөрүндө, программаларын айтып жатканда, жакшы жактары менен кошо аз болсо да мүчүлүштүктөр кетип да калды. Бирге ой жүгүртүп, көз салып көрөлү.

Талапкерлер таймашта өзүн кандай кармады?
Атамбаев шайлоочулар менен баарлашканда шашпай, жылмайып, кабакты бүркөбөй, жөнөкөй адамдын көңүлүн ача турган, жылуу маанай пайда кылчу сөздөр менен эл ортосунда психологиялык жагымдуу климат-контакт түзө алды.
Керектүү жерде көзүнүн көк экендигин да айтып, керек болсо айрым кемчиликтерин да белгилеп, кандайдыр бир деңгээлде көпчүлүктүн тилин таап, өзүнө тартып, аларды ынандырды. Анын үстүнө анын жасаган иштери да элге дайын, ал жагынан башка талапкерлерден чыны айырмасы да бар. Албетте, бул жагынан алардан өзгөчөлөнүп турат. Көрнөк-жарнактарындагы жөнөкөй жылмайып түшкөн сүрөттөрү, эл алдында, мисалы, "Кыргызстандын түндүк, түштүгү куштун эки канатындай бир болсо гана бийик максаттарга жетет. Андыктан, бөлүнүүгө биздин акыбыз жок, Кыргызстандыктар биз бир элбиз. Мен түндүктүк да, түштүктүк да эмесмин, мен кыргызмын" дейт. Беш жылда жаштардын ичинен Кыргызстандын жаңы элитасын даярдап, стабилдүү Кыргызстанды алардын колуна өткөрүп берем. Мен бул дүйнөдөн өткөндө, ушул адам Кыргызстанды гүлдөттү эле деген сөз калтырыш менин башкы максатым деген жүрөгүнөн чыккан, адамдын ички дүйнөсүн бушайманга салган, сөздөрдү уккан адамдар кантип ага добуш бербей койсун, калыс болсоң, окурман.
А. Мадумаров элден өзүн жогору койгондой, өзгөчө теледе сүйлөгөндө колун кезеп, ашыкча чечендик, акыл айтуу (нраво учение), тележурналисттер менен коркутуу маанисинде ороңдоп, теле көрүүчүлөрдүн антипатиясына ээ болгону эсимде калган, ошондой эле, терс тон менен мыйзамдуулукту орнотом, ууруларды жок кылам, президенттик башкаруу системасы бизге ылайыктуу деп ж.б. элден өзүн алыстатып алганы, менимче добуш бергенде тескери таасирин берди деп ойлом.
К.Ташиевдин ачуусу сыртына чыгып, теледе кайчы пикирди жаратчу суроолор бергени үчүн Динара Сүйналиеваны "будьте осторожны" деп оройлугу менен элден алыстап алды. "Ууру жазаланат, бийлик тазаланат" деген ураандар менен чиновниктердин добушунан кур калды деп ойлом. Бул ураан-чакырыктарды президенттик такка отурган соң жарыялап, андан соң талап кылуу керек эле да.
К.Байболов да Мадумаров, Ташиев кетирген айрым катачылыктарды кайталап койду бейм. Байболов жаратылыш берген чечендик сапатты, билимди, тажрыйбаны ички эмоцияга жетелетип жиберди.
Асанбеков Москвада жашаса да эл үчүн чынында күйүп-бышып турганын, ары жагында Ата-Журтка жаш кезимде кызмат кылып берсем деген ой-максатына ынанышты, эң башкысы элге кызууланган жок. Бирок Кыргызстандын бардык региондоруна толук дең-
гээлде маалымат жетпегендей сезилет. Асанбеков Темирбек экономиканы көтөрүү боюнча негиздүү стратегиялык программасына интеллектуалдуу гана чөйрөнү ынандыра алды.
Ошентип, алгачкы жолу эл ишеничине Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт ээ болду. Үмүттү үзбөй чындыкты самаган эл-журтка, эл мүдөөсүн актаган Президентке, Жогорку Кеңешке, Өкмөткө кандай алкоо кылсак да жарашат.
Кыргызстан таза, адилеттүү, демократиялуу шайлоо жолуна эми гана кадам шилтеп, түшүүдөбүз. Илгерки өткөн шайлоолор бир жагы элди кыжырданткан менен өз алдынча ой жүгүртүүгө, чечим чыгарууга чоң өбөлгө болуптур, б.а. эл өзүнчө эле бир чоң турмуштук окуудан өтүшүптүр. Бүгүнкү шайлоо, шайлоочулардын акылына акыл кошуп, көкүрөгүн ачты, көңүлүн көтөрдү. Келечекке башкача карап калдык. Бара-бара көч түзөлүп, оңолот деген ишенич чоң, ал үчүн ар бир инсандын коомдук аң-сезимдин өнүгүү процессине дайыма салым кошуусу зарыл.
Дүйшөн СУЛТАНКУЛОВ,
И.Раззаков атындагы
КМТУнун окутуучусу