"Кыргыз туусу", 04.11.11
 6-ноябрь - Курман айт

Кайрымдуулук менен мамиле кылуу - ыйык милдетибиз
Кымбаттуу мекендештер! Урматтуу мусулмандар!
Сиздерди мусулмандардын ыйык майрамы Курман айт менен чын дилимден куттуктаймын!
Ыйык Курман айт майрамын бүткүл жер жүзүнүн мусулмандары аруу сезим, келечекке болгон илгери үмүт менен тосуп алышат. Бул майрам элдерди ырайымдуулукка жана боорукерликке, ынтымакка жана сабырдуулукка үндөп, алардын жан дүйнөсүнө жаңы үмүттөрдүн шооласын чачат.
Курман айт күнү жалпы журтубуз биримдикти, ынтымакты бекемдеп, бири-бирибизди сый-урматка үндөгөн сезимдерди өрчүтүп, мекендештерибизге кайрымдуулук менен мамиле кылуу биздин инсан катары, мусулман катары ыйык милдетибиз.
Мусулмандык улуу парзын аткаруу максатында ыйык Меккеге аттанышкан мекендештерибиздин, бир туугандарыбыздын ажылыктары кабыл болуп, аманчылыкта кайтып келишсин, ойлогон ыйык максаттары ишке ашуусуна тилектешпиз!
Ушул ыйык күндөрдө баарыңыздардын бийик жана таза тилектериңиздер, ойлогон ой-максаттарыңыздар орундалсын. Ар бир үй-бүлөнүн аруу ниеттен жасаган иш-аракеттери кабыл болсун.
Ушул ыйык күнү сиздерге, чың ден-соолук, мөлтүр булактай тунук өмүр, бакубат жашоо каалаймын!
Элибизде ынтымак, молчулук жана тынчтык болсун!
Роза ОТУНБАЕВА,
Кыргыз Республикасынын Президенти




Тирүүлүк менен түтүмдүүлүк майрамы
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын атынан баардык мекендештеримди алдыда келе жаткан
Курман айт майрамы менен куттуктайм.
Бул майрам - тирүүлүк менен түтүмдүүлүк, ынтымак менен ырашкерлик, кайрымдуулук менен карамдуулук күнү. Анын түпкү маани-маңызы ар адамдын келечекке илгери үмүт менен карап жашоосуна түрткү берүү болуп саналат.
Ал көзү өткөн жакындарыбыздын да ысымын унутта калтырбай, алардын арбагына арнап куран түшүрүү жөрөлгөсүн башкы милдет катары карайт. Аны көзү өткөндөр менен тирүүлөрдүн ниетин жалгаштырып турган майрам катары белгилейбиз.
Кыргызстанды эл биримдиги менен журт бүтүндүгүнөн эгерим айырбасын деп тилейли. Ал ар бирибиздин биргелешкен аракетибизге жараша болору бышык.
Жараткан Курман айтта, андан кийин да Кыргызстан калкынын ар бүлөсүнө бакубат турмуш алып келишин, өлкөдө бири-бирин түшүнүүчүлүктүн орношун каалайм.
Айтыңыздар маарек болсун! Каалаган тилегиңиздерге жетиңиздер. Ылайым, бири-бирибизге кайрымдуу, бири-бирибизге карамдуу журт бололу.
Ахматбек КЕЛДИБЕКОВ,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы


Курман айт сый-урмат сезимдерин өрчүтөт
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди, элибиз үчүн ыйык болуп эсептелген Курман айт майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Курман айт майрамын бүткүл жер жүзүнүн мусулмандары кубануу сезими менен чын ыкластан тосуп алышат.
Бул майрам адамдарды ыймандуулукка, ырайымдуулукка, боорукерликке, кайрымдуулукка чакырып, адамдарды кудайга жакын болуунун зарылдыгын ачык-айкын далилдеп турат.
Курман айт күнү өлкөбүздүн бардык мусулмандары бир туугандык, достук мамилелерин бекемдеп, бири-бирине болгон сый-урмат сезимдерин өрчүтөт жана кедей-кембагалдарга, жетим-жесирлерге кайрымдуулук менен мамиле кылып, кудай тарабынан буйрулган милдеттерин аткарышып, колдон келген жардамдардын аянбай беришет.
Мусулмандык милдетин аткаруу максатында ыйык Меккеге аттанышкан миңдеген жарандарыбыздын ажылыгы кабыл болуп, жергебизге аман-эсен кайтып келишин кудайдан тилейбиз.
Ушул ыйык күндөрдө баарыңыздардын каалоо-тилектериңиздер кабыл болуп, ойлогон ой-максаттарыңыздар ишке ашсын.
Сиздерге жана жакындарыңыздарга чын ден-соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалаймын!
Өмүрбек БАБАНОВ,
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
милдетин аткаруучу